СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Дүйнөлүк цивилизация

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Дүйнөлүк цивилизация»

ЦИВИЛИЗАЦИЯ ЖАНА РЕЛИГИЯНЫН ГЕОГРАФИЯСЫ 10т2.Нурбек кызы Жазми

ЦИВИЛИЗАЦИЯ ЖАНА РЕЛИГИЯНЫН ГЕОГРАФИЯСЫ

10т2.Нурбек кызы Жазми

ЦИВИЛИЗАЦИЯ Цивилизация – латынча civitas – «шаар, граждандык коом, мамлекет» деген түшүнүктөн тамыр алган. Алгач «цивилизация» термини француз тилинде XVIII кылымдын экинчи жарымында колдонула баштаган. Монтескье, Вольтер, Тюрго, Кондорсе өңдүү ойчулдардын эмгектеринде бул түшүнүк акыл-эске негизделген телегейи тегиз коомду, акыл-эске шайкеш келген мыйзамдуулук жана калыстыкты, нравалык жана интеллектуалдык бийиктикти туюндурган. XIX кылымдын башында Европада «цивилизациянын этнографиялык концепциясы» түзүлөт. Ал адамзат маданиятынын көп түрдүүлүгүнө маани берип, «ар бир элдин өз цивилизациясы бар» деп ырастайт. Бара-бара философияда цивилизациянын ар кыл теория, концепциялары жаралат.

ЦИВИЛИЗАЦИЯ

Цивилизация – латынча civitas – «шаар, граждандык коом, мамлекет» деген түшүнүктөн тамыр алган. Алгач «цивилизация» термини француз тилинде XVIII кылымдын экинчи жарымында колдонула баштаган. Монтескье, Вольтер, Тюрго, Кондорсе өңдүү ойчулдардын эмгектеринде бул түшүнүк акыл-эске негизделген телегейи тегиз коомду, акыл-эске шайкеш келген мыйзамдуулук жана калыстыкты, нравалык жана интеллектуалдык бийиктикти туюндурган. XIX кылымдын башында Европада «цивилизациянын этнографиялык концепциясы» түзүлөт. Ал адамзат маданиятынын көп түрдүүлүгүнө маани берип, «ар бир элдин өз цивилизациясы бар» деп ырастайт. Бара-бара философияда цивилизациянын ар кыл теория, концепциялары жаралат.

цививлизация Бара-бара философияда цивилизациянын ар кыл теория, концепциялары жаралат. Алардын негизгилерин мындайча ажыратсак болот: 1. Цивилизация – адамзат тарыхынын варварчылыктан кийинки баскычы. Ал таптардын, мамлекеттердин түзүлүшү, шаарлардын пайда болушу , жазуунун колдонулушу менен шартталат. 2. Цивилизация – маданиятка маанилеш. Экөө тең коомдун өсүп-өнүгүшүн, адам жараткан баалуулук, идеал, нормаларды, социалдык болмуштун жолун-ыгын туюндурат. 3. Цивилизация – коомдук турмуштун өзгөчө жагы, деңгээли. Ага «техникалык камсыздык», жашоо-турмуштун көңүлдөгүдөй шарты «каалаганың» табылганы мүнөздүү. 4. Цивилизация – адамзаттын биримдигин, көп кырлуу маданияттын бүтүндүгүн, жалпы адамзатка орток баалуулуктардын тутумун билдирет. 5. Цивилизация – ар кандай маданияттын аяккы, «карыган», «соолуп бара жаткан» этабы, убагы.

цививлизация

Бара-бара философияда цивилизациянын ар кыл теория, концепциялары жаралат. Алардын негизгилерин мындайча ажыратсак болот:

  • 1. Цивилизация – адамзат тарыхынын варварчылыктан кийинки баскычы. Ал таптардын, мамлекеттердин түзүлүшү, шаарлардын пайда болушу , жазуунун колдонулушу менен шартталат.
  • 2. Цивилизация – маданиятка маанилеш. Экөө тең коомдун өсүп-өнүгүшүн, адам жараткан баалуулук, идеал, нормаларды, социалдык болмуштун жолун-ыгын туюндурат.
  • 3. Цивилизация – коомдук турмуштун өзгөчө жагы, деңгээли. Ага «техникалык камсыздык», жашоо-турмуштун көңүлдөгүдөй шарты «каалаганың» табылганы мүнөздүү.
  • 4. Цивилизация – адамзаттын биримдигин, көп кырлуу маданияттын бүтүндүгүн, жалпы адамзатка орток баалуулуктардын тутумун билдирет.
  • 5. Цивилизация – ар кандай маданияттын аяккы, «карыган», «соолуп бара жаткан» этабы, убагы.
цивилизация

цивилизация

Маданият менен цивилизациянын айырмачылыгы эмнеде

  • «Маданият менен цивилизациянын айырмачылыктарын биринчи болуп көрсөтүп, аларга аныктама берип, ушул проблеманы чечүү үчүн зор салымын кошкон немис элинин атактуу философу, Иммануил Кант болуп эсептелинет. Мурда, Кантка чейин адам тарабынан жаралган бардык нерселерди маданият деп аташып, аны жаратылыш менен салыштырышчу. Мисалы, И.Г. Гердер бул маселени так ошол көз караш менен койчу. Бирок ошол эле кезде адам тарабынан жаралган кээ бир нерселери кынтыгы менен, көрксүз болуп кээ бир жасалган иштери болсо жаман гана эмес, коркунучтуу экени маалым болчу. Кийин жаңы көз караштар пайда болуп маданиятты кынтыксыз иштеген система катары жана кесиптик өнөр, чеберчилик катары карап башташты. Бирок алар бир нерсени эсепке алышкан эмес: чеберчилик менен айрымдар адамдарды да өлтүрүшү мүмкүн. Албетте андай көрүнүштү маданият деп атаганга болбойт. Бул маселени гениалдык жөнөкөйлүк менен Кант чечкен. Маданияттын өзөгү гумандуулукта, адамгерчиликте деп маданияттын адамдарга зыян тийгизбегендиги жөнүндө айткан. Адамгерчиликсиз чыныгы маданиятты элестеткенге болбойт.
Цивилизация жана маданият Маданияттын өз түшүнүгүнө таянып Кант «чеберчилик маданиятын» «адеп маданияты» менен салыштырган. Ал эми маданияттын сырткы көрүнүштөрүн, маданияттын «техникалык» түрүн цивилизация деп атаган. Көрөгөч ойчул цивилизациянын дүркүрөгөн өсүп-өнүгүүсүн алдын ала көрүп, аны кооптонуу менен кабыл алып, цивилизация менен маданияттын ортосундагы ажырымы жөнүндө минтип айткан: «Цивилизация алдыга жылганы менен маданият артта калып жатат». Бул айкын көрүнүп турган диспропорция дүйнө элдерине көптөгөн балээни, кырсыктарды алып келиши ыктымал: адамгерчиликсиз, руханий өлчөмү жок цивилизация адамзатты техника, технология аркылуу өзүн-өзү өлтүрүп жок кылуу коркунучуна алып келиши мүмкүн» .

Цивилизация жана маданият

  • Маданияттын өз түшүнүгүнө таянып Кант «чеберчилик маданиятын» «адеп маданияты» менен салыштырган. Ал эми маданияттын сырткы көрүнүштөрүн, маданияттын «техникалык» түрүн цивилизация деп атаган. Көрөгөч ойчул цивилизациянын дүркүрөгөн өсүп-өнүгүүсүн алдын ала көрүп, аны кооптонуу менен кабыл алып, цивилизация менен маданияттын ортосундагы ажырымы жөнүндө минтип айткан: «Цивилизация алдыга жылганы менен маданият артта калып жатат». Бул айкын көрүнүп турган диспропорция дүйнө элдерине көптөгөн балээни, кырсыктарды алып келиши ыктымал: адамгерчиликсиз, руханий өлчөмү жок цивилизация адамзатты техника, технология аркылуу өзүн-өзү өлтүрүп жок кылуу коркунучуна алып келиши мүмкүн» .
маданият Маданият – элдин тил, тарбия, адат-салт жана өнөр сыяктуу булактарынан агып чыгып, акырындык менен ошол элдин жашоо эрежесине айланган, ар бир бөлүгү зор мааниге ээ негиздердин топтому. Бул негиздерди көрмөксөнгө салуу сокурдук, коомду алардан оолактатууга аракет кылуу адашкандык болуп саналат. Маданият эл аралык карым-катыштын натыйжасында, бири-бирине оошу мүмкүн. Бирок, бул процессте элдик түшүнүк сакталып, башка элден өткөн маданият изилденип, иргелбесе, натыйжада маданий башаламандык келип чыгат.

маданият

  • Маданият – элдин тил, тарбия, адат-салт жана өнөр сыяктуу булактарынан агып чыгып, акырындык менен ошол элдин жашоо эрежесине айланган, ар бир бөлүгү зор мааниге ээ негиздердин топтому. Бул негиздерди көрмөксөнгө салуу сокурдук, коомду алардан оолактатууга аракет кылуу адашкандык болуп саналат.
  • Маданият эл аралык карым-катыштын натыйжасында, бири-бирине оошу мүмкүн. Бирок, бул процессте элдик түшүнүк сакталып, башка элден өткөн маданият изилденип, иргелбесе, натыйжада маданий башаламандык келип чыгат.
МАДАНИЯТ Өнүккөн маданият – руханий өнүккөн коомду; коом – бир улутту түзөт. Тилекке каршы, бүгүнкү ааламдашуу доорунда коомчулук маданиятты цивилизация жана дин түшүнүктөрү менен чаташтырып, чоӊ жаӊылыштык кетирип жатат. Өзүбүздүн маданиятыбызды өзүбүзгө жат көрүнүш катары баалагандар четтен чыгууда. Кийинки учурларда маданиятты шоу-бизнес менен алмаштырып да калышты. Маданияттын баркын түшүрүп, кунун кетирип жаткан чала-чыгармачыл, атак-даңкка тойбогондор бүгүн өздөрүнүн деңгээли менен маданиятты жерге чаап жатышат. Бул сын эмес, бул кадимки биз күнүгө күбө болуп жаткан көрүнүштөр.

МАДАНИЯТ

  • Өнүккөн маданият – руханий өнүккөн коомду; коом – бир улутту түзөт. Тилекке каршы, бүгүнкү ааламдашуу доорунда коомчулук маданиятты цивилизация жана дин түшүнүктөрү менен чаташтырып, чоӊ жаӊылыштык кетирип жатат. Өзүбүздүн маданиятыбызды өзүбүзгө жат көрүнүш катары баалагандар четтен чыгууда. Кийинки учурларда маданиятты шоу-бизнес менен алмаштырып да калышты.
  • Маданияттын баркын түшүрүп, кунун кетирип жаткан чала-чыгармачыл, атак-даңкка тойбогондор бүгүн өздөрүнүн деңгээли менен маданиятты жерге чаап жатышат. Бул сын эмес, бул кадимки биз күнүгө күбө болуп жаткан көрүнүштөр.