Менин эки кадамым…. Учунчу кадамды ким арыштайт?
Азыркы коомдо билим беруунун ролу
«Энеден тарбия башталат,эне тилден улут сакталат»
Билимдуулордон акыл чыгат,акылдуудан накыл чыгат.
Тарбия… Баарыбыз ушул создун башатын тээ байыркы мезгилден издеп келебиз. Ошол мезгилден алда нерсени тапчудай,карбаластап далбас урганыбыз урган. Бирок,биз издеген ошол «касиет» озубуздун эле энебизде экенибизди билбей жатпайбызбы. «Бейиш эненин таман астында», дешет карапайым калкым. Демек,бугунку кундо биздин дагы таманыбызда экен да. Бирок,кор тирилик деп журуп, ошол бейиш тарбиянын башаты экенин эчак унутуп калганбыз. Айтайын дегеним,тарбия кандай жакшы болсо, «бейиштин гулу» ошондой жайнап чыгат эмеспи.
Айтмакчы,эне десе эле баарыбыз озубуздун энебизди коз алдыбызга келтиребиз. Артка кылчайып,балалыктын бае кундорун,апанын жумшак колун,ысык нанын,мээримин,ал гана эмес анын урушканын жылмаюу менен эстеп алабыз. А бирок,… озубуз эне болгонубузду эстедикпи? Албетте жок,демек,балага тарбия берууну биз эчак эле унутуп койгонбуз. Балага жан уроп тарбия беруунун ордуна,мисалы,мугалимдер-башка бироонун баласын окутуп-тарбиялап,оз балдарыбызга кайдыгербиз, соодагерлер- «баланы тарбиялоо» деген тушунукту, акча табуу керек деген менен алмаштырып алганбыз. Ал гана эмес карапайым калкым дагы «тарбия мектептен берилет» деп оздорунун саясатын чыгарып алышкан. Ошондуктан,эч кимибиз бул нерсени мойнубузга алгыбыз келбейт. Демек,колдо бар алтындын баркынын кеткени ошо да.
Кээ бир убакта айрымдарыбыз тарбия десе эле,уруп-соккон ур-токмокту элестетебиз. Ошону тарбиянын эн мыкты жолу деп эсептейбиз. Бирок,бугунку коз караш менен эмес,эртенки коз караш менен айлананы карап королу,урматтуу энелер! Балдарыбыз ошол ур-токмокко чыдап жатабы же эн мыкты,улгулуу кыз,уулдардан чыга келдиби? Жок,бечелден жотол кетпей болуп жатабыз го. Демек, кечке эле балага сен жамансын деп тануулай бербей,анын жан дуйносуно келечектин жаркын жарыгын корсотуушубуз керек.
Албетте,энеден келген тарбия эч качан жаман болбойт. Эгер энеси тарбиялуу болсо… андыктан озубуздун келечек бутагыбызга озубуз балта чаппай турушубуз керек.
Эне балага эмне кылат? Мээрим тогот,эркелетет,ойноодон булганган кир кийимдерин тазалайт,курсагын тойгузат,уйкусу кансын деп ойготпойт, ушубосун деп жылуулап журкан оройт,кээ бир убакта мугалим болуп сабактарынды окуп берет. Карачы… мындан откон бакыт барбы? А биз болсо бул бакытты бир гана акча менен алмаштырып алганбыз.
Кыскасын айтканда, «эне»-биз учун тийип турган нур болсо,тарбия келечектеги жаман жолдон коргоочу озон катмары эмеспи. Андыктан экоо бири-бири менен тыгыз байланышта.
Ушул «эне» деген тушунукко улай эле улай эле «эне тил» деген тушунук жашап келет.
Тил…бугунку кундогу алыска кеткен чабарман кайтып келгис ондуу го. Ошол чабарманды кандай кутсок,тилибиздин онугушун ошондой кутуп келебиз. Башкаларды билбейм,мен тил учун тээ бала кезден куйуп-жанып келем. Себеби,окуучулук кундордо эле кыргыз тилинен берген Сагын эжейим «кыргыз тили жоголуп бара жаткан тилдердин катарына кошулду»-десе эле,ошондон бери ушул маселеге бушайманмын.
Чындыгында,мугалимдик коз караш менен карап келсем, тилибиз-балтасы,араасы курч адамдардан токой ондуу талкаланып келе жатыптыр. Демек,чытырман ондуу,чыкпай калчу токой эле тилибиз,чынар элек,чырпык болдук,куноолубуз кимибиз!
Билбейм, ушул мезгилде кимибиз куноону мойнубузга алабыз. Же Дзотко тошун тоскон Чолпонбайларыбыз жаралбай калганбы,билимдин изине тушкон Дуйшондорубуз чындап академик,профессор болуп кеткенби же жалан гана карапайым калкымдын ичинде Телибай тентектер калганбы деп да ойлоп кетем. Антейин десем, «тилди онуктуролу»-деп конгуроо кагып калган дабышты тээ алыстан угуп калам. Ошол дабыш анткен менен жер дунгуротуп,кара жерди как жарып кирип кеткенин корбойм же асмандын алты кабатына чыгып жаркырап жанганын корбойм. Эмне болсо дагы «алма быш,оозума туш» болуп отура бербей бир жакадан баш,бир женден кол чыгарсакпы дейм. Бирок,ошол биригип келип чыгарчу кенен жака,кенен жен жок болуп жатпайбы. Кайда барба Мамайдын кору болуп,бут эле орус тилдуу «киргиз» деген улутту коросун. Булар чукулда дал эле Шайлообек акындын Муриги болооруна шек жок.
«Балта которулгучо донгоч эс алат»-дегендей,жогору жактан бир нерсени умуттонуп отуруунун деле кажети жок. Эн негизгиси «тил учун куйгон инсандарды» биз,бугунку жаштар тарбиялап чыгышыбыз керек болуп калды. Сухомлинский: «балдарга кундун желесинен кийим тигип бериш керек»-деген экен,педагогдорго. Ошол кийимди биз нукура «кыргыз тилинен» «кыргыз уул-кызына» тигип беруубуз абзел.
Бугун мен эртенкиге эки кадам шилтедим. Биринчи кадамым тарбия башатын энеден баштасак,экинчи кадамым тилибиз учун куйуп-жансак. Эми учунчу кадамды ким улайт?.. албетте озубуз,педагогдор. М.Горький айткан экен: «сахнада илинип турган мылтык оюндун аягына чейин атылып туруш керек»-деп. Анын сынарындай,тил учун калем шилтеп,канат кактыктыкпы,бугун балапан болсок,эртен алгыр куш болушубуз керек.
Кээде туруп ойлоном,эмне учун эл аралык создорду кыргызча суйлото албайбыз. Кыргызча суйлотсок дагы,аны кунумдук турмушубузда колдонуудан уялабыз. Эгер командировка дегенден коро иш сапар десек байсалдуураак угулабы,ярмарка дегенден коро жайма базар десек корктуу корунобу,интернет деген коро дуйнолук тор десек пайдалуураак болобу,рюкзак дегенден коро жон баштык десек ичи толо азык болобу? Демек,билбейм, учунчу кадамды мени менен кошо ким арыштаарын. Балким сиз болуп журбонуз,урматту менин эч талыбаган педагог досум?.....
Автордук укук сакталган. Уландысы бар…..
Майрамбекова Бурул «Сон-Кол» орто мектеби Кочкор району Толок айылы