Просмотр содержимого документа
«Экология - организмдердин тиричилигини жашоо шарты катары»
Экология - организмдердин тиричилигинин жашоо шарты катары
Даярдаган: Нурманова Батма Арзыкуловна
Сабактын жүрүшүндө
1. Өсүмдүк биргелештиктеринин пайда болушу
2. Табигый биргелештиктердин калыптанышы жана анын баскычтары
3. Жер бетинде өсүмдүк биргелештигинин зоналуулугу жана алкактуулугу
4. Биргелештиктеги өзгөрүүлөр жана анын себептери тууралуу маалыматтарга ээ болосуңар
Экология - тирүү организмдердин өз ара жана курчап турган чөйрө менен болгон байланышын үйрөтүүчү илим
Экологиянын милдети
Курчап турган чөйрөнүн ар кандай шарттарынын тирүү организмдердин түзүлүшүнө, тиричилигине: көбөйүшүнө, өрчүшүнө, особдордун жашап кетишине, популяциянын түзүлүшүнө жана динамикасына тийгизген таасирин изилдейт
Экологиялык факторлор
Абиотикалык
( температура, жарык, нымдуулук, радиация ж.б.)
Биотикалык
( микроорганизмдер, өсүмдүктөр, жаныбарлар ж.б.)
Антропогендик
( адамдын айлана-чөйрөгө тийгизген таасири)
Жансыз жаратылыштын абиотикалык факторлору
Бергман эрежеси - суук жерде жашаган жылуу кандуу жаныбарлардын экватордо жашагандарга салыштырганда көлөмү чоң (май катмары калың) болот
Түндүк уюлда жашаган жаныбарлар
Аллен эрежеси - суук жерде жашаган организмдердин денесинин чыгып турган бөлүктөрү: кулагы, куйругу, буту ыссык жерде жашагандарга караганда көлөмү кичине, кыска, денеси салмактуу болот жана түштүктү карай чоңоёт. Мисалы, түлкүлөр Сахара чөлүндө, Европада жана Арктикада үч түрдүү болот.
Түлкүнүн жер бетинин климатына жараша түрлөрүнүн калыптанышы
Африкалык түр (фенек)
Европалык түр
Арктикалык түр
дене t-37•C,
(кадимки түлкү)
(песец)
чөйрө t-25•C
дене t-37•C,
дене t-37•C,
чөйрө t-12•C
чөйрө t-0•C
Жандуу жаратылыштын биотикалык факторлору
Бир түргө кирген организмдер арасындагы байланыш
Ар түрдүү түрлөр арасындагы
өз ара байланыш
- Антибиотикалык мамилелер
- Антибиотикалык мамилелер
2. Оң өз ара байланыш - симбиоз
3. Таасирлердин жоктугу - нейтрализм
- Антибиотикалык мамилелер:
- Антибиотикалык мамилелер:
- Атаандаштык - ар түрдүү түрлөрдүн ортосундагы (азык-затын, аймагын талашуу) жашоо үчүн күрөш

- Жырткычтык (- / +) - жыркыч түр өзүнүн жемине, экинчи бир түрдүн өкүлүнө кол салат. Жырткычтык жем болуучу жаныбардын каршылык көрсөтүүсү жана качышы менен байланышкан

- Каннибализм - өзүнүн түрүн же балдарын жеп коюушу. Өсүмдүктөрдө (венерика мухоловки), росянка, рафлезия ж.б. курт-кумурскаларды, чымындарды жалбырагы менен кармап, эритип сиңирет.

- Митечилик (+/-) - бир организдер башка организмдерди жашоо чеюөйрөсү катары гана эмес, азык-заттын булагы катары пайдаланып, зыян келтиришет. Мисалы, бүргө, бит жана кене сыяктуу мителер организмдин сыртында жашап митечилик кылгандыктан - сырткы эктомителер , ал эми аскарида, боор соргуч, эхинококк ички органдарда жашап митечилик кылгандыктан - ички эндомителер же гельминттер деп аталат. Мите өсүмдүктөрдө фотосинтез процесси жүрбөй, башка өсүмдүккө соруучу тамырлары аркылуу бекип жашашат. Мисалы, сары чырмоок

- Аменсализм (0/-) - бир организм экинчисине терс таасир келтирип, бирок өзү эч кандай пайда да зыян да көрбөйт. Мисалы, айрым өсүмдүктөр уулуу химиялык заттарды бөлүп чыгаргандыктан ага жакын өскөн өсүмдүктөр өлүп калышат

2. Симбиоз - эки түргө кирген организмдердин бири-бирине пайда келтирип, зыяны жок мамиледе жашашы. Натыйжада эки түр тең пайда көрөт
Симбиоздун формалары
Комменсализм (+ / 0)
Мутуализм (+ / +)
Кооперация
Симбиоздун формалары:
- Комменцализм (+ / 0) - бирөөсү пайда табат, экинчиси үчүн айырма жок. Бири-бирине зыяны жок жана эки особдун сөзсүз болушу шарт эмес. Океанда ири деңиз жаныбарларынын артынан, алардын жардамы менен күч сарптабай алдыга сүзүп, калдыктары менен тамактануу үчүн майда балыктар жүрөт. Гиендер, тарпчы канаттуулар арстандардан калган жемди жейт. Түрлөр ортосундагы мындай байланыш нахлебничество деп аталат. Ал эми бир түр экинчи бир түрдүн денесине жабышып, жашоо шарты катары пайдаланышы квартиранство деп аталат. Мисалы, ири медузарлардын тинтүүрлөрүндө майда балыктар жашап, душмандарынан коргонот. Өсүмдүктөрдөн дарактардын үстүндө өскөн эпифит өсүмдүктөр кирет.

- Мутуализм (+ /+) - эки организмдин бири-бирине ыкташып жашашы. Эки особдун сөзсүз болушу шарт. Таза абанын индикатору болгон эңилчектер козу карын менен балырдын симбиозунан пайда болот. Микориза - козу карын менен балырдын ортосундагы симбиоз. Түймөк бактериялары чанактуу өсүмдүктөрдүн (беде, бурчак, фасоль, жер жаңгак ж.б) симбиозу мутуализмге мисал боло алат.

- Кооперация - жырткычтардан коргонуу, балдарынын жашап кетиши үчүн особдордун бири-бирине камкордук көрсөтүшү. Эки особдун сөзсүз болушу талап кылынбайт. Рак менен актиниянын бирге жашашы. Бодо малдардын жүнүндөгү мителерди куштар терип жешет.
- Кооперация - жырткычтардан коргонуу, балдарынын жашап кетиши үчүн особдордун бири-бирине камкордук көрсөтүшү. Эки особдун сөзсүз болушу талап кылынбайт. Рак менен актиниянын бирге жашашы. Бодо малдардын жүнүндөгү мителерди куштар терип жешет.
3. Таасирлердин жоктугу - нейтрализм
Нейтрализм (0 / 0) - бир аймакта жашаган түрлөрдүн бири-бирине таасир этпеген өз ара катнаштын формасы
Токойдо жашаган бугу жана тыйын чычкан
Үйгө тапшырма:
#34. «Мен жашаган аймактын экологиялык факторлору» темасында эссе жазуу.
Экологиялык көйгөйлөр боюнча интернеттен маалымат издеп, чечүү жолдору тууралуу сунуштарды даярдоо.