СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Экологиялык экспертиза

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Экологиялык экспертиза

Просмотр содержимого документа
«Экологиялык экспертиза»

Экологиялык экспертиза жөнүндө Ушул Мыйзам экологиялык экспертиза жаатындагы укуктук мамилелерди жөнгө салып, чарбалык жана башка иштерден келип чыгуучу экологиялык терс кесепеттердин алдын алуу менен жагымдуу жаратылыш айлана-чөйрөсүнө болгон жарандардын конституциялык укугун ишке ашырууга багытталат жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын тиешелүү жоболоруна,

Экологиялык экспертиза жөнүндө

Ушул Мыйзам экологиялык экспертиза жаатындагы укуктук мамилелерди жөнгө салып, чарбалык жана башка иштерден келип чыгуучу экологиялык терс кесепеттердин алдын алуу менен жагымдуу жаратылыш айлана-чөйрөсүнө болгон жарандардын конституциялык укугун ишке ашырууга багытталат жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын тиешелүү жоболоруна, "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана башка ага ылайык кабыл алынуучу ченемдик укук актыларына негизделет.

Айлана-чөйрө - адам байыр алган табигый чөйрө, адамдын жана башка жандуу организмдердин жашоосу үчүн шарт, каражат жана орун-жай катары кызмат кылган биосфера, кеңири мааниде өзүнө табигый экологиялык тутумдардын тутуму катары жаратылышты жана адамдын ишинин натыйжасында кайра түзүлгөн табигый чөйрөнүн бир бөлүгү катары айлана-чөйрөнү камтыйт. Айлана-чөйрөгө таасир тийгизүүгө баа берүү (АТББ) - белгиленген чарбалык жана башка таасир тийгизүүнү, ал тарабынан келтирилген айлана-чөйрөнүн өзгөрүшүн табуу, талдоо, ага баа берүү жана эсепке алуу.

Айлана-чөйрө

  • - адам байыр алган табигый чөйрө, адамдын жана башка жандуу организмдердин жашоосу үчүн шарт, каражат жана орун-жай катары кызмат кылган биосфера, кеңири мааниде өзүнө табигый экологиялык тутумдардын тутуму катары жаратылышты жана адамдын ишинин натыйжасында кайра түзүлгөн табигый чөйрөнүн бир бөлүгү катары айлана-чөйрөнү камтыйт.
  • Айлана-чөйрөгө таасир тийгизүүгө баа берүү (АТББ) - белгиленген чарбалык жана башка таасир тийгизүүнү, ал тарабынан келтирилген айлана-чөйрөнүн өзгөрүшүн табуу, талдоо, ага баа берүү жана эсепке алуу.
Жаратылышты коргоону долбоорлоо:    айлана-чөйрөгө таасир тийгизүүгө баа берүүнү (АТББ) иштеп чыгуу; долбоорлук-сметалык документтердин

Жаратылышты коргоону долбоорлоо:

  • айлана-чөйрөгө таасир тийгизүүгө баа берүүнү (АТББ) иштеп чыгуу;
  • долбоорлук-сметалык документтердин "Айлана-чөйрөнү коргоо" деген бөлүмүн иштеп чыгуу;
  • экологиялык паспортту иштеп чыгуу (жол берилүүчү абага чыгаруулардын, жол берилген сууларга агызуулардын ж.б. ченемдери);
  • экологиялык аудитти жүргүзүү.
Жаратылышты коргоону долборлоо Долбоор: план, ой-ниет; курулманын, жабдуунун иштелип чыккан планы; документтин алдын алган эң алгачкы тексти; чечимди даярдоонун тутумундагы элемент.

Жаратылышты коргоону долборлоо

  • Долбоор:
  • план, ой-ниет;
  • курулманын, жабдуунун иштелип чыккан планы;
  • документтин алдын алган эң алгачкы тексти;
  • чечимди даярдоонун тутумундагы элемент.
Экспертизанын объектин ишке ашыруу - өнөр жай жана башка объекттерди куруу, пайдалануу, жоюу, кызмат көрсөтүүлөр, буюмдар менен технологиялардын план алдындагы, долбоор алдындагы жана долбоорлук документтерде каралган чечимдерге ылайык чарбалык жүгүртүүгө түшүүсү боюнча иштердин башталышы жана жүрүшү, ошондой эле мыйзам актынын күчүнө кириши, экспертизанын объектисинин башкача реалдуу пайдаланылышы.

Экспертизанын объектин ишке ашыруу

  • - өнөр жай жана башка объекттерди куруу, пайдалануу, жоюу, кызмат көрсөтүүлөр, буюмдар менен технологиялардын план алдындагы, долбоор алдындагы жана долбоорлук документтерде каралган чечимдерге ылайык чарбалык жүгүртүүгө түшүүсү боюнча иштердин башталышы жана жүрүшү, ошондой эле мыйзам актынын күчүнө кириши, экспертизанын объектисинин башкача реалдуу пайдаланылышы.
Экологиялык коопсуздук - адамдын, коомдун жашоосунун шарты жана каражаты катары инсандын, коомдун, айлана-чөйрөнүн корголушу аларга антропогендик жана жаратылыш таасирлеринин айынан болчу коркунучтардан инсандын, коомдун турмуштук маанилүү таламдарынын корголгондугунун абалы.

Экологиялык коопсуздук

  • - адамдын, коомдун жашоосунун шарты жана каражаты катары инсандын, коомдун, айлана-чөйрөнүн корголушу аларга антропогендик жана жаратылыш таасирлеринин айынан болчу коркунучтардан инсандын, коомдун турмуштук маанилүү таламдарынын корголгондугунун абалы.
Экологиялык экспертиза - ишке ашырылышы жаратылыштык айлана-чөйрөнүн жана жаратылыш ресурстарынын абалына тике же кыйыр таасир этүүчү болжолдонуучу чечимдердин экологиялык тобокелдигинин жана коркунучунун деңгээлин аныктоо.

Экологиялык экспертиза - ишке ашырылышы

  • жаратылыштык айлана-чөйрөнүн жана жаратылыш ресурстарынын абалына тике же кыйыр таасир этүүчү болжолдонуучу чечимдердин экологиялык тобокелдигинин жана коркунучунун деңгээлин аныктоо.
Экологиялык экспертизанын максаты   Экологиялык экспертизанын максаттары: пландаштырылган башкаруучулук, чарбалык жана башка иш-аракеттин калктын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө терс таасир көрсөтүшү мүмкүн болгон кесепеттерин болтурбоо; пландаштырылган башкаруучулук, чарбалык, инвестициялык алуунун жана башка иш-аракеттерге аларды ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алуунун алдындагы стадияда, ошондой эле аларды куруунун жана ишке ашыруунун жүрүшүндө жаратылышты коргоо мыйзамдарына ылайык келүүсүнө баа берүү болуп саналат.

Экологиялык экспертизанын максаты

  • Экологиялык экспертизанын максаттары:
  • пландаштырылган башкаруучулук, чарбалык жана башка иш-аракеттин калктын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө терс таасир көрсөтүшү мүмкүн болгон кесепеттерин болтурбоо;
  • пландаштырылган башкаруучулук, чарбалык, инвестициялык алуунун жана башка иш-аракеттерге аларды ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алуунун алдындагы стадияда, ошондой эле аларды куруунун жана ишке ашыруунун жүрүшүндө жаратылышты коргоо мыйзамдарына ылайык келүүсүнө баа берүү болуп саналат.
Экологиялык экспертизанын принциптери   1.Экологиялык экспертиза: - экспертизанын объектин ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүүнүн милдеттүүлүгүнүн; - белгиленген ар кандай чарбалык иштин жана башка иштин экологиялык коркунуч келтириши мүмкүн экендигинин; - экспертиза жүргүзүлүп жаткан иштин айлана-чөйрөгө тийгизген таасирине жана кесепеттерине комплекстүү баа берүүнүн жана экологиялык коопсуздуктун талаптарынын эсебин алуунун;

Экологиялык экспертизанын принциптери

1.Экологиялык экспертиза:

  • - экспертизанын объектин ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүүнүн милдеттүүлүгүнүн;
  • - белгиленген ар кандай чарбалык иштин жана башка иштин экологиялык коркунуч келтириши мүмкүн экендигинин;
  • - экспертиза жүргүзүлүп жаткан иштин айлана-чөйрөгө тийгизген таасирине жана кесепеттерине комплекстүү баа берүүнүн жана экологиялык коопсуздуктун талаптарынын эсебин алуунун;
Экологиялык экспертизанын принциптери   - мамлекеттик экологиялык экспертизага берилүүчү маалыматтын ишенимдүүлүгүнүн; - экологиялык экспертиза тармагында өздөрүнүн ыйгарым укуктарын аткарууда эксперттик органдардын жана эксперттердин көз карандысыздыгынын; - айкындыктын; - коомдук пикирди эсепке алуунун; - таламдаш тараптардын экологиялык экспертизаны уюштуруу, жүргүзүү, анын сапаты, чечимдеринин ишке ашырылышы үчүн жоопкерчилигинин принциптерине негизделинет.

Экологиялык экспертизанын принциптери

  • - мамлекеттик экологиялык экспертизага берилүүчү маалыматтын ишенимдүүлүгүнүн;
  • - экологиялык экспертиза тармагында өздөрүнүн ыйгарым укуктарын
  • аткарууда эксперттик органдардын жана эксперттердин көз
  • карандысыздыгынын;
  • - айкындыктын;
  • - коомдук пикирди эсепке алуунун;
  • - таламдаш тараптардын экологиялык экспертизаны уюштуруу, жүргүзүү, анын сапаты, чечимдеринин ишке ашырылышы үчүн жоопкерчилигинин принциптерине негизделинет.
Экологиялык экспертизанын түрлөрү   Кыргыз Республикасында: - мамлекеттик экологиялык экспертиза; - коомдук экологиялык экспертиза жүзөгө ашырылат.

Экологиялык экспертизанын түрлөрү

  • Кыргыз Республикасында:
  • - мамлекеттик экологиялык экспертиза;
  • - коомдук экологиялык экспертиза жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик экологиялык экспертизаны жүргүзүү   Мамлекеттик экологиялык экспертиза экологиялык экспертиза боюнча атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан бекитилген тартипке ылайык жүргүзүлөт. Мамлекеттик экологиялык экспертизаны жүргүзүү үчүн долбоордун демилгечиси төмөнкү документацияны берүүгө милдеттүү: - чарбалык жана башка иш-аракеттин жаратылыш айлана-чөйрөсүнө тийгизген таасирине баа берүүнүн материалдарын; - тиешелүү атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик контролдоо органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын корутундуларын жана/же макулдашуу документтерин; - эгерде ал жүргүзүлсө, коомдук экологиялык экспертизанын корутундусун. (3-бөлүгү КР 2015-жылдын 4-майындагы № 92 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (КР 2015-жылдын 4-майындагы № 92 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Мамлекеттик экологиялык экспертизаны жүргүзүү

  • Мамлекеттик экологиялык экспертиза экологиялык экспертиза боюнча атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан бекитилген тартипке ылайык жүргүзүлөт.
  • Мамлекеттик экологиялык экспертизаны жүргүзүү үчүн долбоордун демилгечиси төмөнкү документацияны берүүгө милдеттүү:
  • - чарбалык жана башка иш-аракеттин жаратылыш айлана-чөйрөсүнө тийгизген таасирине баа берүүнүн материалдарын;
  • - тиешелүү атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик контролдоо органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын корутундуларын жана/же макулдашуу документтерин;
  • - эгерде ал жүргүзүлсө, коомдук экологиялык экспертизанын корутундусун.
  • (3-бөлүгү КР 2015-жылдын 4-майындагы № 92 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
  • (КР 2015-жылдын 4-майындагы № 92 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Мамлекеттик экологиялык экспертизанын эксперттик комиссиясы    Айкын объекттин мамлекеттик экологиялык экспертизасын экологиялык экспертиза боюнча атайын ыйгарым укук берилген орган түзгөн эксперттик комиссия жүргүзөт. Эксперттик комиссиянын курамына экологиялык экспертиза боюнча атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын штаттык кызматкерлери жана штаттан тышкаркы эксперттер, анын ичинде компетенциясына жаратылыш айлана-чөйрөсүн коргоонун маселелери кирген уюмдардын адистери киргизилет. Долбоордун демилгечисинин өкүлү же анын иштеп чыгуучусу мамлекеттик экологиялык экспертизанын эксперти боло албайт.

Мамлекеттик экологиялык экспертизанын эксперттик комиссиясы

  • Айкын объекттин мамлекеттик экологиялык экспертизасын экологиялык экспертиза боюнча атайын ыйгарым укук берилген орган түзгөн эксперттик комиссия жүргүзөт.
  • Эксперттик комиссиянын курамына экологиялык экспертиза боюнча атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын штаттык кызматкерлери жана штаттан тышкаркы эксперттер, анын ичинде компетенциясына жаратылыш айлана-чөйрөсүн коргоонун маселелери кирген уюмдардын адистери киргизилет.
  • Долбоордун демилгечисинин өкүлү же анын иштеп чыгуучусу мамлекеттик экологиялык экспертизанын эксперти боло албайт.
Мамлекеттик экологиялык экспертизаны жүргүзүүнүн мөөнөттөрү   Мамлекеттик экологиялык экспертизаны жүргүзүүнүн мөөнөтү экспертизанын объектинин татаалдыгы менен аныкталат, бирок ал зарыл материалдарды толук көлөмдө алган учурдан тартып үч айдан ашпоого тийиш

Мамлекеттик экологиялык экспертизаны жүргүзүүнүн мөөнөттөрү

  • Мамлекеттик экологиялык экспертизаны жүргүзүүнүн мөөнөтү экспертизанын объектинин татаалдыгы менен аныкталат, бирок ал зарыл материалдарды толук көлөмдө алган учурдан тартып үч айдан ашпоого тийиш
Коомдук экологиялык экспертизаны жүзөгө ашыруу   Коомдук экологиялык экспертиза Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте каттоодон өткөн жарандардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук бирикмелердин демилгеси боюнча уюштурулат жана жүргүзүлөт. Коомдук экологиялык экспертиза мамлекеттик экологиялык экспертизага көз карандысыз жүргүзүлүшү мүмкүн. Коомдук экологиялык экспертизаны жүргүзүүнүн демилгечилери коомдук экологиялык экспертизаны жүргүзүү жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына алдын ала кат түрүндө кабарлоого милдеттүү.

Коомдук экологиялык экспертизаны жүзөгө ашыруу

  • Коомдук экологиялык экспертиза Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте каттоодон өткөн жарандардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук бирикмелердин демилгеси боюнча уюштурулат жана жүргүзүлөт.
  • Коомдук экологиялык экспертиза мамлекеттик экологиялык экспертизага көз карандысыз жүргүзүлүшү мүмкүн.
  • Коомдук экологиялык экспертизаны жүргүзүүнүн демилгечилери коомдук экологиялык экспертизаны жүргүзүү жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына алдын ала кат түрүндө кабарлоого милдеттүү.