СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Кыргыз адабияты
Сабактын темасы: Элдик оозеки чыгармачылыктан маалымат | ||||||
1. Сабакка чейинки этап | ||||||
Калыптанды-руучу компетенция-лар | 1-ЖК-курчап турган дүйнө жөнүндө илимий билимдердин бирдиктүү системасына ээ болот, адамдын жаратылыштагы, социумдагы ордун жана ролун, дүйнөнүн заманбап концепцияларын жана картинасын, көз караштар системасын түшүнөт, турмуштук жана маданий баалуулуктарга багыт алууга жөндөмдүү; 2-ИК- өзүнүн оозеки жана жазма кебин мамлекеттик жана расмий тилдерде логикалык жактан так, түшүнүктүү, аргументи менен түзүүгө жөндөмдүү; | |||||
Окутуунун натыйжасы | 1-ОН. Алган билимдерин, тажрыйбасын ар кандай илимдер менен айкалыштырып, интеграциялап кесиптик маселелерди чечүүдө колдоно алат жана турмуштун түрдүү кырдаалдарында өз оюн оозеки жана жазма формада (мамлекеттик, расмий жана чет тилинин биринде) түшүндүрө алат. 2-ОН. Топто, жамаатта кесиптик ишмердүүлүккө байланышкан маселелерди чечүүгө жана туура анализдөөгө жөндөмдүү болот жана этикалык баалуулуктарга ылайык жөндөмдүү иш жүргүзө алат | |||||
ДОН (РОд) | Жетиштүү деңгээлде мамлекеттик тилин билиши керек. Өзүнүн оозеки жана жазма кебин мамлекеттик жана расмий тилдерде логикалык жактан так, түшүнүктүү, аргументи менен түзө алышы керек. Мамлекеттик жана расмий тилдерде пикир алышуу маданиятынын көндүмдөрүнө ээ болууга тийиш. | |||||
Теманын окутуу натыйжалары (РОт) | Ооздон-оозго өтүп айтылып калышы, социалдык-турмуштук көрүнүштөргө байланышы, алардын мазмуну тууралуу билет. Оозеки сөз өнөрүнүн пайда болушун жана анын жаралуусуна себеп болгон жагдайларды талдай алат. Кыргыз элине таандык көркөм-эстетикалык дөөлөттөр жөнүндө ээ болот. | |||||
Лекссикалык минимум | эң алгачкы доор адабияты, ортоңку доор адабияты, кийинки доор адабияты, аңыздар (мифтер), уламыштар, жөө жомоктор, санжыралар, ыр түрүндөгү дастан, эпостор, эмгек ырлары, бекбекей, шырылдаң, ырым жана дарымдар, кошок, санат, терме, айтыш, | |||||
Сабактын жабдылышы | Көрмө тасма, кеңсе буюмдары, слайд, ж.б. | |||||
Сабактын тиби | Жаңы билимди өздөштүрүү | |||||
Сабактын усулу | «Тапкычтар» муз жаргычы, СОнун стратегиялары, топ менен иштөө,суроо-жооп | |||||
Убакыттын болжолдуу бөлүштүрү-лүшү | Уюштуруу – 1 мүнөт Жаңы тема: - багыттоо - 3 мүнөт - түшүнүү - 30 мүнөт - бышыктоо – 6 мүнөт Жыйынтыктоо- 2 мүнөт Баалоо - 2 мүнөт Кийинки сабакка даярданууга багыт берүү - 1 мүнөт | |||||
Баалоонун критерийлери | Ар бир студентти баалоо | упайы | баасы | |||
Тема боюнча так, түшүнүктүү сүйлөө үчүн тилдик каражаттардын кеңири спектрин жакшы пайдаланат. Алган билимин жогорку деңгээлде колдоно алат: дээрлик ката кетирбейт. Кептин темпи шар, табигый. Адабий тилдин орфоэпиялык нормаларын сактайт. Кеп маданияты жогору. | 7 | “5” | ||||
Тема боюнча так, түшүнүктүү сүйлөө үчүн тилдик каражаттардын кеңири спектрин жакшы пайдаланат. Алган билимин жогорку деңгээлде колдоно алат: одоно эмес 2-3 ката кетирет, аны кыйналбай оңдойт. Кептин темпи шар, табигыйлыкка жакын. Адабий тилдин орфоэпиялык нормаларын сактайт. Кеп маданияты жогору. | 5-6 | “4” | ||||
Тема боюнча так, түшүнүктүү сүйлөө үчүн тилдик каражаттардын спектрин жеткиликтүү пайдалана албайт. Алган билимин толук колдоно албайт: одоно эмес 4-5 ката кетирет, анын айрымдарын гана оңдойт. Кептин темпи жай, пауза байкаларлык. Адабий тилдин орфоэпиялык нормаларын толук сактай албайт. Кеп маданияты орто. | 2-4 | “3” | ||||
Тема боюнча так, түшүнүктүү сүйлөө үчүн тилдик каражаттарды толук пайдалана албайт. Алган билимин дээрлик колдоно албайт: одоно каталарды көп кетирет, анын айрымдарын гана оңдойт. Кептин темпи өтө жай, пауза байкаларлык. Адабий тилдин орфоэпиялык нормаларын толук сактай албайт. Кеп маданияты төмөн. | 0-1 | “2” | ||||
Топторду баалоо | ||||||
Стратегияны туура пайдаланышы | 1-5 | |||||
Материалдын толук берилиши | 1-5 | |||||
Материалды толук түшүндүрө алуусу | 1-5 | |||||
Иштин эстетикасы | 1-5 | |||||
Топтун активдүүлүгү | 1-5 | |||||
2-топту уга билүүсү | 1-5 | |||||
| 2. Сабактын этаптары | |||||
| Уюштуруу | Окутуучу тайпа менен саламдашып, сабактын максатын, ээ болуучу компетенциялар, натыйжага жетишүүчү иш-аракеттер тууралуу айтып, студенттердин түшүнбөгөн суроолоруна жооп берет. Баалоонун критерийлери тайпага тааныштырылып таркатылат. Акылдуу доскадагы жаңы сөздөр семантизацияланат. (№1 тиркеме) | ||||
| Багыттоо | “Тапкычтар” муз жаргычы Максаты: Аз убакыттын ичинде бат ой жүгүртүп, суроолорго так, орундуу жооп бере билүүгө машыктыруу, жаңы темага багыттоо. 1. Тасмадан кыргыз элдик оозеки чыгармачылыктан үзүндү көрсөтүлгөнгө чейин тайпага берилүүчү суроолор: - тасмадан кандай көрүнүштөрдү көрдүңөр? - бул чыгармалар тууралуу кандай маалыматтарды билесиңер? - өз пикириңди кандай аргументтер менен далилдей аласың? Окутуучу: Демек, бүгүн элдик озеки чыгармачылык тууралуу маалымат алабыз. | ||||
| Түшүнүү: | Лекциянын планы: 1.Оозеки сөз өнөрүнүн пайда болушу жана анын жаралуусу 2. Эл арасында айтылып, муундан-муунга келип жеткен айрым сөздөр, макал-лакаптар, ыр түрмөктөрү, майда аңгемелер, жөө жомоктор жана эпикалык чыгармалардын идеялык мазмуну Тиркелет. | ||||
| Бышыктоо: | Текшерүү үчүн суроолор: 1. Оозеки сөз өнөрүнүн пайда болушун жана анын жаралуусуна себеп болгон жагдайларды талдагыла 2. Ооздон-оозго өтүп айтылып калышы, социалдык-турмуштук көрүнүштөргө байланышы, алардын мазмуну тууралуу айткыла 3. Кыргыз элине таандык көркөм-эстетикалык дөөлөттөр жөнүндө айтып бергиле | ||||
| 3. Сабактан кийинки бөлүк | |||||
| Баалоо | Топтор, студенттер баалоонун критерийлери аркылуу бааланат |
2. Элдик оозеки чыгармачылыктан маалымат (талкуу)
Оозеки сөз өнөрүнүн пайда болушу жана анын жаралуусу
Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгы ооздон оозго, муундан муунга, укумдан тукумга өтүп түбөлүктүү келе жаткан сыймыктуу мурас.
Байыркы кыргыздардын оозеки чыгармалары (1 бөлүк)Б.з.ч доорлордо эле кытай эски жазмаларында калган кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгы түр жана мазмуну жагынанөтө бай келет. Кыргыздар жараткан элдик адабият тарыхый жактан: эң алгачкы доор адабияты, ортоңку доор адабияты, кийинки доор адабияты деп үч чоң доорго бөлүнөт. Ал эми түр жагынан: кара сөз түрүндөгү аңыздар (мифтер), уламыштар, жөө жомоктор, санжыралар, ыр түрүндөгү дастан, эпостор болуп эки чоң топко бөлүнөт.
Эң алгачкы доор адабиятында кыргыздардын дүйнөнү, жаратылышты таануудагы наристе элестетүүсү ошол доор адабиятынын негизги мазмуну болуп наристе кыял (фантазия) адабияттын көркөм каражаты болуп келген. Ал эми ортоңку кыргыз адабият доорунда улуттар менен улуттар, уруулар менен уруулардын кагылышы негизги мазмун болуп, баатырдык образ жаратуу адабияттын көркөм каражаты болуп эсептелген. Кийинки доор кыргыз адабиятында реалдуу турмуш, тиричиликтин түрдүү жактарын камтыган, инсанат турмуш тажрыйбаларын баяндаган мазмундар, түрдүү татаал образды жараткан көркөм каражаттар болгон.
Эң алгачкы адабият доору. Эң алгачкы кыргыз адабият доору адамзаттын баштапкы коом дооруна тушташ келет. Баштапкы коомдо эле тубаса баамчыл адамзат дүйнөгө, жаратылышка баар салып, заттардын, кубулуштардын жаратылышы жөнүндө наристе элестетүүсүн тил аркылуу өз ара баяндашып, өз баамдарын көркөм адабият менен түшүндүрүүгө аракеттенишкен. Ошону менен баштапкы адабият негиздери жаралган. Эң алгачкы кыргыз адабиятынын түшүнүгү баштапкы коомдун наристе түшүнүгү болуп, адабияттын негизги мазмуну дүйнөнү ааламды жаратылышты наристе баамдап, аны наристе элестетүү менен түшүндүрүү болгон мифтик чыгармалар болуп эсептелет.
Эң алгачкы кыргыз адабиятынын эрекчиликтери: биринчи, көп кудайлуу, көп ээлүү рухка ишенүү аркылуу сыйынуучу көптөгөн образдар жаралган. Экинчи, дүйнөнүн, жаратылыштын, заттардын пайда болуу, жаралуу себептерин наристе элестетип ошол наристе элестетилген нерселерге көркөм образ берип сүрөттөө болгон, үчүнчү, баштапкы кыргыз адабиятындагы окуялардын кагылыштары кайчылыктары адамдар менен адамдар ортосундагы кагылыш кайчылык болбостон табияттан тышкары сыйкыр күчтөр (дөө, желмогуз, албарсты ж. б.) менен адамзаттын кагылышы табият мүчөлөрүнүн, заттардын өз ара байланышы сүрөттөлгөн, төртүнчү, сөз касиетинин күчүнө чын бүтүү, сөз касиети кандайдыр бир натыйжа берет деп ишенүү менен түрдүү окуялар баяндалган. Манас баяны Эпостордун бөлүнүшү. Кыргыз эпостору көлөмү жана идеялык-көркөмдүгү боюнча экиге бөлүнөт, Биринчиси улуу Манас (үчүлтиги) эпосу, экинчиси кенже эпостор. Жанрдык жана доордук жагынан кыргыз эпостору үч түрлүү: биринчиси аңыздык (мифологиялык) эпос (Кожожаш, Эр Төштүк), Экинчиси баатырдык Эпос: Манас, Семетей, Сейтек, Курманбек, Жаныш-Байыш, Эр Табылды, Жаңыл-Мырза ж. б. Үчүнчүсү социалдык-турмуштук же лирика эпикалык эпостор: Сарынжы Бөкөй, Олжобай менен Кишимжан, ж. б. Манас эпосуна аныктама: Кыргыздар Манасты жомок деп атап, ушул аталардын жомогун кылымдардан бери улам кийинки урпактын оозуна өткөрүп, дилине кыт кылып куюп келген. Кыргыз тилинде жомок деген сөз окуялуу баян, окуя деген мааниде болуп, бир нерсени жомоктотуп айтты, жомоктотуп сүйлөдү, жомок болуп калды дегенге окшош сөз айкаштарында жомок белгилүү окуяны майдалай баяндап бергенге тете. Ошондуктан, ата-бабанын баянын айтып келген Манас жомок деп айтылып, кыргыз көркөм сөз өнөрүнүн (адабиятынын) жөрөлгөлүү термини катары урунулуп келген.
Ал эми, жомоктун кара сөз түрүндө баяндалуучу түрүн жөө жомоктор деген термин менен түргө бөлгөн, Манас эпосу уйкаштуу, ыргактуу, обондуу, жорго айтылгандыктан, аны тиги жөө жомоктон айырмалуу көргөн. Азыр да эл ичинде ыр менен оюн-шоок болгондо жөө келбей аттуу кел деп коет. Айтмак, кыргыз көркөм өнөр тарыхында жөрөлгөлүү адабияттык терминдин көч башы катары жомок сөзү эсептелет. Ал эми Манас жомогу кийинки дүйнөлүк адабият секисинен көргөндө, эпос деген термин менен аталып, дүйнө эпосторунун тизмегинде Манас эпосу айтылып кетти. Эпос деген сөз грекче сөз болуп, баян, сөз, жомок деген маанини берет экен да, ага кыргыздын тарыхта колдонулуп келе жаткан жомок адабияттык термини калыпка куйгандай дал келет. Ошого дүйнөлүк салт боюнча Манастаануу илиминде Манас эпосу деп атоо дүйнөлүк терминге туура келет.
ЭМГЕК ЫРЛАРЫ (талкуу)
Адамдардын эмгеги сөз искусствосунун өнүгүшүнө күчтүү таасирин тийгизген. Ошондуктан эмгектин ар түрдүү тармагында — мал чарбачылыгында, мергенчиликте, дыйканчылыкта үндүн ар түрдүү болуп чыккан интонациялары менен белгилүү сөздөрдүн айтылышын колдонушкан. Бул колдонулган үндүн ыргагы эмгектин жүрүшүндөгү ритмдик кыймылдарга айкалышкан. Ошентип, эмгек ырларынын пайда болушу жөнөкөй гана ар түрдүү эмгектин үндөрүн тууроо аркылуу келип чыкпастан, ошол эмгек процессин жеңилдетүү максатында жана ал эмгектин ээсине кайрылуу менен түшүмүн арттыруу же төлүн көбөйтүү үчүн колдонушкан. Биздин мындай болжолдоону айтуубузга азыр сакталып калган эмгек ырларынын мазмуну жана ар бир элдин тарыхындагы эң эски түшүнүктүн ар түрдүү формалары негиз боло алат. Эмгек ырларынын мүнөзү ар бир элдин турмуш шартына жараша пайда болгон. Эмгек ырларынын эң алгачкы формасы белгисиз. Бирок, кантсе да, эмгек ырлары ошол элдин тиричилигине тикеден-тике байланыштуу өнүгүп отурганын тайманбастан айтууга болоту Орус элинде эмгек ырларынын дыйкандын иштерине арналгандары өтө көп, бирок мал чарбачылыгына байланыштуу «Бекбекей», «Шырылдаң» сыяктуу ырларын кезиктирүүгө болбойт. Өзбек элинде эмгек ырларынын эки туру кезигет. Орокчулар жана бакчачылар ыры. Кыргыз элинде болсо эмгек ырларынын дыйканчылык ырларынан башка мал чарбачылык, кол өнөрчүлүк жөнүндө айтылгандары бар. Бул эмгек ырларынын түрлөрүнүн пайда болушу ошол элдин турмуш шартына жараша, негизги чарбачылыкка карата өсүп-өнүгүп келгенин далилдеп турат. Өзбек элинин тиричилигинде эгинден башка бакчачылык негизги ролду ойногон. Ошондуктан бакчаны багып өстүргөн дыйкандын оор турмушу жөнүндөгү ырлар пайда болгон.
Эмгек ырларынын пайда болушуна ошол элдин чарбалык тиричилиги негиз болсо, алардын түрлөрүнүн кайсынысы мурун пайда болду деген суроо туулушу мүмкүн. Айрыкча мүнөзү жагынан кескин ажыраган кыргыз элинин эмгек ырлары — дыйканчылык жана мал чарбачылыкка арналган ырлардын кайсынысы мурда жаралган деген суроонун болушу шексиз. Адам коомунун алгачкы мезгилинде адамдар жемиш жеп жана одоно куралдар менен айбандарды өлтүрүп тамактанганы жөнүндө айтылат. Кийинчерээк жапайы айбандарды кармап үйрөтүп, кичинекей жерге эгиндин уруктарын себе баштаганы, дал ушундай форма уламдан-улам өркүндөтүлүп отуруп адам коомунун өсүшүнө негиз болгону белгилүү3. Мындай илимий пикирлер боюнча караганда мал чарбачылыгынын башталышынан кийин эле дан чарбачылыгы башталганын түшүнүүгө болот. Бирок мындай корунуш адам коомунун алгачкы мезгилине мүнөздүү. Кийинчерээк ар бир элдин экономикалык шарты түрдүү тарыхый шарттар менен, биринде мал чарбачылыгы, экинчисинде дыйканчылык үстөмдүк кылганы көрсөтүп турат. Кыргыз элинин коомдук турмушунда экономикалык негиз мал чарбачылыгы болгонун илимий эмгектердин көпчүлүгүнөн жолуктурабыз. Академик В. В. Бартольддун изилдөөлөрүндө кыргыздар аралашып жүргөн гуин, динлин, усунь, түрк уруулары көчмөндүү турмушта жашаган1. Бул жөнүндө «Кыргыз тарыхында» да кеңири айтылат2. кыргыз элинин кийинки турмушун изилдеген окумуштуулар да кыргыз элинин негизги чарбасы мал чарбачылыгы болгонун далилдеп отурат3. Ошентип, кыргыз элинде дыйканчылыкка арналган ырлардан мал чарбачылыгына арналган ырлардын мурда чыгышы мүмкүн деген тыянакка келе алабыз. Бирок азыркы биздин колго жеткен эмгек ырларын байыркы кезде эле аткарылып жүргөн деп кесе айтуу кыйын. Анткени, оозеки чыгармалар кийинки тарыхый шарттарга карата белгилүү өзгөрүүлөргө, алымча-кошумчага туушар болору шарттуу. Ошондой эле мурун аткарылып жүргөн ырлар түрдүү тарыхый себептер менен унуткарылып кетиши да мүмкүн. Кыргыз элинин көчмөндүү турмушунда мал чарбачылыгына арналган ырлардын узак убакыттар бою укумдан-тукумга берилип келгени жана ошол турмушуна мүнөздүү өзүнчө жанр түзгөнү көрүнөт.
Бекбекей
Мал чарбачылыгынын негизинде келип чыккан эмгек ырларынын бир түрү «Б е к б е к е й» деп аталат. Бул ырдын негизги идеясы короону кайтарганда малдын аман сакталышына арналган.
«Б е к б е к е й» — адатта жайкысын короо кайтарганда ырдала турган ырдын бир түрү. Мал чарбачылыгы менен күн көргөн көчмөндүү турмушта койдун, жылкынын ролу өтө чоң болгон. Кой жалаң гана тамакка жумшалбастан, териси кийимге, жүнү үйгө жабуу жасалып, түрдүү кийимдер согулган. Анын үстүнө таптык коомдогу теңсиздик, уруу-уруу болуп бөлүнүүлөр, уурунун күчөшүнө негизги социалдык себептер болгон. Ошондуктан ар убактарда уурудан, бөрүдөн короону кайтаруу шарттуу болгон. Короо кайтарган кыз-келиндер, жаш уландар жөнөкөй эле кыйкыра беришпестен, ошол көрүнүштөрдү, өзүлөрүнүн максаттарын, ырдап түн күзөтүн көңүлдүү өткөрүүгө аракет кылышкан. Бара-бара короону ырдап күзөтүү салтка айланып кеткен:
«Укуругум долоно,
Ууру, бөрү жолобо,
Камчымдын сабы долоно,
Каапыр ууру жолобо4.
Айрым учурларда мындай параллелизм менен түзүлгөн ыр саптарынын биринчиси жөнөкөй эле уйкаштык, кооздук үчүн алынгандай сезилет. Чындыгында бул уйкаштык үчүн алынбастан каймана мааниде экинчи саптын маанисин толуктап турат. Жогорку эле келтирген мисалдагы «Укуругум долоно», «Камчымдын сабы долоно» деген ыр жолдору короо кайтарган адамдын куралы катуу саптуу экенин, ошондуктан ууру, бөрүнү сабаса сынбай турганын айткансыйт. «Бекбекейдин» андан ары уланышы биздин оюбузду толуктап турат:
Ууру келсе уштайбыз,
Бетин айра муштайбыз.
Төбөгө чаап байлайбыз,
Төөгө тиркеп айдайбыз5.
созулуп, кыйкырык, эмоция менен аткарылган. Алгачкы убактарда короо кайтарган адамдар койду бек, сак кайтаруу жөнүндө бири-бирине билгизип, короонун ар кайсы четинде турган адамдар менен үн алышып турган. Короону кайтарган кыз-келиндер өздөрүнүн ойлорун, сезимдерин белгилүү обон менен аткаргандыктан «бек бол», «сак бол» деген сөздөрдү ырдын ритмине салып: бек... бек..ей... сак... сак... ай... ай., уу... деп ырдап жаткан ырдын обону менен коштоп уланта беришкен. Бара-бара интонация менен бөлүнүп турган бирдей сөздөр биригип «бекбекей», «саксакай» болуп келиши ыктымал. Бирок «Бекбекейдин»:
Бекбекей качты бел ашты, Саксакай кууп адашты,
Кара тоону этектеп,
Мен коноюн Бекбекей,
Кара макмал тонуңа
Жең болоюн Бекбекей
деген ыр саптары менен таанышканда Бекбекей, Саксакай бирде бөрүнүн, бирде иттин, бирде адамдын образында болгон сыяктанат. Бул ырдагы «Бекбекей», «Саксакай» деген сөздүн маанисин туура түшүнүү үчүн бул ырлардын аткарылган мезгилин жана узак убакыттар айтылып келгенин эске тутуу зарыл. Короо кайтарып ырдап жүрүшкөн мезгилде эле уурунун келиши, бөрүнүн койго тийиши мүмкүн эле. Ошондуктан ууру, бөрүнүн короого тийип кетишин ырга коштоп ырдап эмоционалдуулугун ого бетер күчөтүшкөн. Экинчиден, «бек, бек..ей.,» «сак..сак..ай» деген сөздөр ырдын башында келген мезгилде андан кийин келүүчү «качты бел ашты» деген белгисиз нерсе жөнүндө айтылса да, ырдын бир сабында катар келгендиктен маани жагынан тутумдашып кеткен. Бул учур «Бекбекейдин» сюжетинин улам тереңдеп өсүшүнөн түшүнүктүү болуп турат. Элдик лирикаларда көбүнчө тема коюлбайт. Бар болгону ырдын негизи эмнеге арналса ошого карата атай беришет.«Бекбекей» ыры узак убакыттар бою аткарылып келгендиктен негизги тема «бек, бек..ей..» деген бирдей сөздүн тутумдашып кеткенине карата алынган.
Ырдын, сөздүн күчү жөнүндөгү ишеним кыргыздарда байыртадан бери эле сакталып келатат. Айрыкча шаманизм дини үстөмдүк кыла баштаганда акыркы чегине жеткен. Булар жөнүндө «тилинде сөөлү, тишинде мөөрү» бар адамдарды ойлоп табышкан. Айрым адамдардын айтканы сая кетпеген «касиеттүү» күчүн көрсөткөн. «Каргышы жетти»,«тилинен тапты» деген түшүнүктөр да сөздүн күчүнө терең ишенгендиктен келип чыккан. Ал түгүл «Бата менен эл көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт» деген макал да сөздүн күчүнө ишенгендиктен чыккан болуу керек.
Шырылдаң. Кыргыз элинин көчмөндүү турмушунда жылкы негизги ролду ойногон. Жылкы жалан гана элдин материалдык жактан керектөөсүнө жарабастан, жоокерчилик заманда кол салган элге каршы күрөшүүдө негизги күч болгон. Жакты ат, мыкты жигиттердин элди коргоодогу маанисин элдик оозеки чыгарманын бардык түрүнөн кезиктиребиз. «Ат — эрдин канаты» болуп, «эр жигит эл четинде» турган. Анткени аттан айрылган азаматтар душман менен күрөшүүдө алсыз болуп калышкан. Ошондуктан
«Манас», «Эр Табылды» эпосторунда жылкы тийүүдөн согуш башташкан. «Курманбек» эпосунда жакты аттын согуштагы ролу өтө чоң экени терең сүрөттөлгөн. Телторуну мингенде Курманбек жеңилбес баатырга айланат. Качан андан айрылганда ал өлөт. Кыскасы, көчмөндүү турмушта жашаган элдерде жылкынын мааниси өтө зор болгон. Бирок жеке менчик үстөмдүк кылып турган патриархалдык-феодалдык түзүлүштүн убагында миңдеген жылкылар айрым адамдардын гана жеке менчиги болгон. Аларга букаралар жетим жабагы үчүн айлап, жылдап жалданып иштөөгө туура келген. Кээ бир убактарда «ат күчүнө», «ак үчүн» жалданып иштегендер да болгон. Элдик оозеки чыгармалардан жылкычылардын оор турмушун элестеткен «Шырылдаң» деген ырды жолуктурабыз. «Шырылдаң» деген сөздүн этимологиясы жөнүндө азырынча так маалымат жок. Айрым учурларда «шырылдаңды» «унутулган тотемдик» түшүнүк катары болжолдоолорду учуратабыз1. Бирок кыргыз элинде жылкынын тотеми Кзмбар-ата деп айтылып жүрөт. Ал эми карылардын сөзүнө караганда «Шырылдаңды» жылкыны биринчи өстүргөн Камбар-ата ырдаган имиш.
Мындай болжолдоолор менен «Шырылдаң» жөнүндө так корутундуга келүү кыйын.
XIX кылымдын экинчи жарымда кыргыз жеринде болгон жана кыргыз элинин этнографиясы, турмушу, адабияты, тарыхы менен таанышкан Ч. Валиханов, В. В. Радловдун эмгектеринде «Шырылдаң» жөнүндө айрым маалыматтар жок. Башка элдердин элдик оозеки адабиятында да «Шырылдаң» ырынын жоктугу «Шырылдаңдын» этимологиясын табууга көп кыйынчылык келтирери белгилүү. Мурунку убактарда коомдун түзүлүшү, турмушу, тарыхы жагынан кыргыз элине эн жакын турган казак элинде да «Шырылдаңдын» айтылганы белгисиз. Аларда бар болгону «төрт түлүк» мал жөнүндө алардын маанисин түшүндүргөн ыр бар. Ал эми «Шырылдаңды» айрым изилдөөчүлөр орозодо айтылуучу жылкычылардын «Жарамазакы» сыяктуу мезгилдүү ырлардын категориясына кошуп жүрүшөт2. Чындыгында «Шырылдаңда» мезгилдүү айтылуу шарттары болсо да жарамазан тибиндеги ырлардын категориясына кошууга болбойт. Анткени «Шырылдаң» жылдын айрым гана мезгилинде ырдалбастан, түрдүү мезгилде ырдала берет. Экинчиден «Шырылдаңды» белгилүү бир элдик жөрөлгөлөргө байланыштуу ырдашпастан, салттык ырлар катары аткарышат.
«Шырылдаңдын» чыгышын жылкычылардын турмушу менен бирге караганда гана туура корутундуга келүүгө болот. Алгачкы убактарда мал менен күн көргөн көчмөндүү элдерде жылкычылардын турмушу өтө оор болгон. Дегеле көчмөндүү элдер эт жеп, сүт ичип, күн көргөнүн көп адабияттардан жолуктурабыз3. Бирок этти кенен-кесири жегендер материалдык байлыкты ээлеп турган үстөмдүк кылуучу таптар — байлар, манаптар болгон. Алардын алдындагы жалданып малай болуп иштеген жылкычы, койчу, кедей- кембагалдар кыйын абалда турушкан. Жылкычылар жайкысын да, кышкысын да кымыз ичишкен. Кышында ичкен муздак кымыз жылкычылардын көкөйүнө тийген. Кышкы кымызды «Шырылдаң» деп атоону азыр да учуратабыз, Дал ушул шырылдаң менен күн көргөн жылкычылар өздөрүнүн оор турмушу жөнүндө узун түндөрдө далай жомок айтып, далай ыр чыгарышкан. Ошол турмуштары жөнүндөгү мүнөздүү, дал айтылган ырлары акырындап ооздон-оозго көчүп, ошол кесиптеги адамдардын салттуу ырына айланып кеткен. Экинчиден, ал ырды ырдап азык-түлүк, өздөрүнө керектүү нерселерди жыйнап алуу ырдын жылкычылардын ырларына айланышына ого бетер түрткү болгон. Ырдын алгачкы башталышы көкөйгө тийген «Шырылдаң» кымызга арналганы белгилүү. Эриккенде, өз турмушунун күйүтүн уккусу келгенде «баягы шырылдаңды» айтып койчу деп, акырындап шырылдаңды ырдын темасына айландырып жибериши толук ыктымал,
«Шырылдаң» кыргыз элине кеңири тараган эмгек ырларынан болуп саналат. Азыр Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын коомдук илимдер бөлүмүнүн кол жазма фондусунда бир канча варианты сакталып турат4. Булардын ичинен эң негиздүүсү катары Тоголок Молдо менен Бердибаев Эркебайдан жазылгандарын көрсөтүүгө болот.
«Шырылдаң» эмгек ырларынын эң байыркы түрлөрүнөн болуп саналат. Бул жөнүндө
«Шырылдаңдын» тексти ачыктан-ачык баяндап турат:
Шып-шырылдаң шыр экен, эй,
Жылкычынын ыры экен, эй, Конок тоого бүткөндө. эй, Кошо чыккан шырылдаң, эй. Таруу ташка бүткөндө, эй Талаша чыккан шырылдай, эй, Жылкычы менен коюндаш, эй, Жанаша чыккан шырылдаң, эй.
Дыйканчылык ырлары. Дыйканчылык ырларынын качан, кантип пайда болгондугу жөнүндө так маалымат жок. Бирок ар бир элде ар түрдүү мезгилде пайда болгону шексиз. Анткени айрым элдерде турмуштук шарт отурукташууга негизделсе, айрымдары көчмөндүү турмушта мал чарбачылыгы менен кесип кылууга туура келген3.
Тарыхый маалыматтарга караганда кыргыздын негизги кесиби мал чарбачылыгы болсо да, дыйканчылык менен да күн көрүшкөн. Бирок буга карап дыйканчылык жөнүндөгү ырлардын ушул мезгилдерде пайда болду деген корутундуга келүүгө болбойт. Дыйканчылыкка арналган ырлардын алгачкы башталышы байыркы доорго — адамдар сөздүн күчү табийгаттын көрүнүштөрүнө таасир этет деген ишенимде турганда эле пайда болгон. Алгачкы адамдардын эмгекке болгон мамилесинде ар убактарда тилек тилөө, сөздүн магиялык күчү аркылуу ишти жеңилдетүү жана өндүрүмдүү кылуу башкы максат экени элдик оозеки чыгарманын көп жанрында сакталып келген. Орус элинин элдик оозеки чыгармасында күнгө, жерге, айбандардын, кесиптин ээлерине сыйынуу болгондугу байкалат. Ушундай эле көрүнүштү башка элдердин элдик адабияттарынан көрүүгө болот. Мындай көрүнүш Индия, Жаңы Зеландия, Австралия, Орто Азия жана Чыгыш элдеринде кийинки учурга чейин жашап келгени далилдөөнү талап кылбайт. Кыргыздарда Октябрь революциясына чейин эле ар кандай кесиптин, айбандын ээлерине сыйынуу болгон. Жылкынын ээси Камбар-ата, уйдуку — Занги-баба, койдуку — Чолпон-Ата, эчкиники— Чычаң-ата, төөнүкү — Ойсул-ата, эгиндики — Баба-дыйкан ж. б. болуп, алардын мээримине карата төлү болот деген ишенимде болушкан.
Элдик түшүнүк боюнча эгинди биринчи сээп, айдаган Баба-дыйкан деген адам болгон. Ал эми «Оп майда» Баба-дыйкандын кесиптеги ыры катары түшүндүрүлөт. Мындай түшүнүк жөнөкөй эле ой-болжоо экени ачык эле көрүнүп турат. Эмгек ырларынын алгачкы үлгүсү эмгек процессин жеңилдетүү жана анын өнүмдүү болушун тилөө максатында пайда болгон. Муну «Оп, майданын» сюжетинен көрүүгө болот. Анын үстүнө «Оп, майда» ар убактарда кырман бастыруу мезгилинде аткарылган, ошондуктан муну «темин ыры» деп да этап жүрүшөт.
Тон чык. Кыргыздын коомдук турмушунда мал чарбачылык, дыйканчылык аңчылык иштеринен башка үй чарбасында эмгектин бир канча түрлөрү колдонулган. Устачылык, кийим тигүү, кийиз басуу, ар түрдүү аң, үй айбандарынын терилерин иштетүүдө ар ким ишинин ийгиликтүү, кызыктуу, суктантарлык болушун каалаган.
Эмгектин мындай чеберлери өтө жогору бааланган. Иштүү аялдар жөнүндө айылдан-айылга айтылган. Баатырдык эпостордо уз аялдар легандарлык образга чейин көтөрүлгөн. Кээде ал уздардын чеберчилиги касиеттүүлүгү менен да түшүндүрүлгөн.
Кыргыз фольклорунда кол өнөрүнүн айрым тармагы боюнча эмгек ырлары сакталып калган. Мындай эмгек ырларына «Тон чыкты» көрсөтүүгө болот. Бул ырдын мазмунуна караганда уз аялдар ишинин ийгиликке жетишин тилегенин түшүнүүгө болот:
Ак токтумдун териси, Ашаткысын келтирдим, Абыдан ийин жеткирдим. Кыткыл кылбай өзүңдү, Ашаткыңды кандырдым. Тап менен тузуң салдырдым. Чык терим, тон тонума, Калдыр-күлдүр этпестен, Түшө койгун жонума.
Ийлебесем маа жазык, Кылдырасаң саа жазык, Тон чык... Тон чык!
Бул ырда алгачкы адамдардын эмгекке болгон анимисттик түшүнүгү да сакталган. Байыркы адамдар колдонгон эмгек куралдарын адамдын сөзүн түшүнүүчү жандуу нерсеге айландырып ага карата антташуу, шерттешүү шарттарын да айтышкан. «Тон чык» ырынын кульминациялык оюн билгизип туруучу:
Ийлебесем маа жазык, Кылдырасаң саа жазык Тон чык... Тон чык?...
деген ыр саптары башка эмгек ырларында негизги орунду ээлеп турат.
ЫРЫМ ЖАНА ДАРЫМДАР
Кыргыздын оозеки чыгармаларынын бир түрү — ырым жана дарымдар. Ырым менен дарымдар башка элдердин оозеки чыгармачылыгынан да арбын кездешет. Ырымдардын, арбоо-арбашуулардын, тиленүүлөрдүн, ал гана түгүл, дарымдардын чыгышы байыркы доорго таандык. Мына ошондуктан, кийинки биздин доорго чейин сакталып жеткен бул түрдөгү сыйкырдуу сөздөр же ырлар аркылуу биз байыркы учурдагы ишенимдерди байкап биле алабыз. Демек, буларды изилдөө жумуштарында да жана тарыхый жактан да өзүнчө мааниси бар.
Маданияттын эң төмөнкү баскычында жашаган байыркы замандардагы адамдар табиятты багындыруу мындай турсун, кайра ага сыйкырдуу кубулуш катары карал, анын
«жашырын сырларына» түшүнүшпөгөн эле. Ошонун негизинде сыйкырдуу сөздөргө ишенүү келип чыккан болучу. Байыркы адамдардын түшүнүгү боюнча, магиялык сөздөр сырткы дүйнөгө таасир этил, кандайдыр бир натыйжаны берет имиш. Ушуга байланыштуу өздөрүнүн турмуштарында кездешкен кырсыктардан кутулуу үчүн, же эмгекти жеңилдетүү үчүн ар кыл маанидеги сөздөрдү колдонушкан. Алгачкы адамдар жаратылыштын өзүн жандуу нерсе деп эсептешип, «сүйбөгөн пендесине кырсыкты жиберип турат» дел ойлошкон. Кайсы бир кубулуштарга көздөрү жетпей, аны керемет катары сезишип, ага табынып келгенин айрым сыйкырдуу сөздөр, же ырлар белгилейт. Жаңырган Айды көргөндө «Айдан аман кыл, жылдан эсен кыл» дел тилеп, бата кылганы мына ушуга мисал. Күндүн күркүрөшүн адамга оору менен кырсыкты, ар түрдүү жаман иштерди алып келүүчү шайтанды атып жатат дел түшүнүшкөн эле. Ырым жана дарым ырларынын чыгышы жөнүндө И. Колпакова мындай дел жазат: «Биздин алгачкы ата- бабаларыбыз жаратылышты, кубулуштарды өзүнчө түшүнбөгөн мезгилинде гана сырдуу, магиялык (сыйкырдуу) нерсеге ишенүү пайда болгон. Чагылгандуу жаандан жана бороон- чапкындан, жапайы айбандан коркуу, кереметтүү коркунучтардын алдында өзүнүн күчсүз экенин моюнга алуу сезими алгачкы адамдарды ар тараптан кысып турган болучу. Жаратылыш ага жандандырылган, каардуу, душман өңдүү элестелген»1.
Байыркы адамдардын түшүнүгү боюнча, ар бир оорунун ээси бар, аны сөздүн күчү менен гана жеңүүгө болот деп ойлоп, кыялый нерсеге ишенишкен эле. Бакшынын көрүмү, думананын жин чакырганы ушундай түшүнүккө байланышканын төмөнкү сөздөр көрсөтөт. Адам жин оору менен ооруганда «жин тийди», «шамал тийди» деп, бакшыны үйгө алып келип, көрүм көргөзүшкөн. Кокус бир себеп менен оору айыгып калса,
«жинди» мифтик «Көйкап тоосунун ары жагына айдап таштады» деп түшүнүшкөн. Ал эми оору айыкпай консо, «жин бакшыны тоотпой койду» деп ойлошкон.
Байыркы адамдар ээлүү оору кишиге гана жармашпастан, малдарга жана эгиндерге да өз залакасын тийгизгенин байкай башташат. Мына ушуга байланыштуу ырымдар жалан гана адамдарды айыктырууга эмес, малдагы жана эгиндеги илдеттерди жок кылууга, мергенчиликтин ийгиликтүү болушуна жетишүү үчүн жана башкаларга таасир этүү үчүн колдонулган. Алгачкы ырымдар жалпыга бирдей милдет аткарса да, кийин таптуу коомдо алар таптык мүнөзгө ээ боло баштап, акыры үстөмдүк жүргүзүүчү таптын куралына айланып кеткен.
Ырымдар менен дарымдардын байыркылыгы жалан гана өткөндөгү көп диндердин түшүнүгүн алып келиши менен чектелбейт. Оозеки эл чыгармачылыгында анын тиги же бул түрү өзү пайда болгондон тартып канчалык мезгил өткөрсө, ошончолук калк арасына тарап кетет. Ошон үчүн кыргыздардын арасында ырымдардын, дарымдардын көп түрлөрү кездешет.
Маданияты өнүккөн, жазуусу болгон элдерде айрым окуялар летописте толук катталып келгендиктен, аларда оозеки эл чыгармаларын периодизациялоо бир топ
жеңилирээк. Ал эми жазуусу-сызуусу болбогон кыргыз сыяктуу көчмөн турмушта жашаган элдин оозеки чыгармаларын мезгилге карай изилдөө кыйыныраак.
«Ырымдар жана дарымдар» деген теманын өзүн да биз мында шарттуу алып олтурабыз, анткени булардын түрлөрүнүн көптүгүнө жараша эл тарабынан берген аттары да көп. Эл арасында ырым-жырым, эм-дом, арбоо, көрүү, мант байлоо, түкүрүү, албын жана башка түрлөр бар. Булар адегенде эле ушундай коп темада айтылган эмес. Алгачкы башталышында булардын бирөө гана аталып, ал ооруган адамды, же малды айыктыруу жана ошондой эле дыйканчылыктагы кырсыктарды жоюу үчүн колдонулуп жүрсө, кийинки мезгилдерде оорунун көп түрүнүн чыгышына, ар түрдүү кокустуктарга байланыштуу ырымдардын жана дарымдардын «жаңылыктары» кошулуп, ошонун негизинде ырымдардын көп түрлөрү, ар түрдүү аттары келип чыккан. Ушуга байланыштуу, мисалы, бир ырым мурун бардык ооруга, же адам баласына келүүчү бардык кырсыктарга каршы колдонулуп келсе, бара-бара ал андай сыйкырдуу күчтөн ажырап, айрым гана көрүнүшкө пайдаланылып калган сыяктуу.
Эл арасында сасыктумоого каршы айтыла турган дарымдар негизинен учуктагандагы дарымдарга жакын турат. «Караңгы түн менен кет. Кара суу менен кет. Күн күркүрөгөнгө кет. Түн түбүрөгөнгө кет. Ичейин дегенге көрүн. Жейин дегенге көрүн. Көзү жаманга көрүн. Туф-ай, туф-ай балакет, балакети болсо ала кет». Бул дарымдан биз эмнени көрөбүз? Бул дарымда алгачкы магиялык диндин калдыгы сакталып калганы менен, жалпы терс көрүнүштөргө, эзүүчүлөргө каршы айтылган пикирлер, сөздүн күчү менен бардык кырсыкты залимдерге ыйгарып жиберүү жөнүндөгү умтулуштар орун алганын көрөбүз. Жогоруда аталган дарымдар кыргыздын өз сөзү менен баарыга түшүнүктүү тилде айтылган жана буларда бардык «балакетти» терс адамдарга көчүрүүгө багытталган аракет жатат.
Тиш ооруганда айтыла турган дарымдар бир башка. «Тишти курт жейт. Аны жипке байлап, дубалап жок кылууга болот» деген ишенимдин негизинде мант байлоо дарымы келип чыккан. Дарымды айткан сайын жипти түйүп турууга тийиш. «Айдан түшкөн алтын курт, Күндөн түшкөн күмүш курт, болсоң куруш, каба болсоң тырыш! Кабабара мен болсом, эрте түкүргөнүм кечке жетпе, кеч түкүргөнүм эртеңге жетпе! Түйдүм-түйдүм мант, түйө албасам мага мант. Жараны жарган мант, куртту куруткан мант, илдетке шыпаа берген мант». Бул жагынан алып караганда тиш оорунун дарымы баарыга бирдейкөрүнөт. Мында куртту куруштура байлап, тиш оорусун айыктырууга карай кылган далалат бар.
Бийик жерлерде, бийик тоолордо түтөгүп кетип, адам такыр дем ала албай калган учур кездешет. Кыргыздар муну көзгө көрүнбөгөн кандайдыр жин адамды муунтуп жатат деп ойлошкон. Түтөгүү оорусу эл арасында албын деп аталат. Ушул ооруга каршы колдонулган дарым сөздөрү да албын деп аталып, бакшы же аны аткара билген жөнөкөй адам айтууга тийиш. Кыз-келиндерди оору адамды тегеректетип отургузуп коюп, анан гана албынды окууну баштоо керек. Ал эми албын болсо бүт дээрлик уят сөздөрдөн түзүлөт. Мындагы максат — түтөккөн адамды күлдүрүү. Күлгөн соң дем алып, түтөккөн адам өзүн жеңил сезип, оңоло баштайт. Демек, албынга колдонулган сыйкырдуу сөздүн күчү оору адамды эптеп күлдүрүүгө негизделген.
МИФ ЖАНА ЛЕГЕНДА(талкуу)
Миф — жаратылышка, айлана-чөйрөгө, коомго карата болгон адамдардын алгачкы мамилесин, катышын белгилейт да, табияттын ар кандай кубулуштарын, өзгөрүү закондорун үйрөнүүдөгү адам коомунун эң байыркы түшүнүгүн, көркөм фантазиясын, кез карашын жана дүйнөнү таануудагы алгачкы аракеттенүүлөрүн өз кучагына камтыйт. Натыйжада мифтик чыгарма табияттагы, же коомдук турмуштук кандайдыр бир окуяны, кубулушту фантастикалык образ менен сүрөттөйт1. Жанрдык жагынан алганда да эпикалык чыгармалардын байыркыларынан. Анткени, элдик эн алгачкы анимизмдик, тотемдик түшүнүгү, алардын жаратылышка карата болгон көз карашы, ой жүгүртүүлөрү ушул чыгармаларда чагылдырылган.
Байыркы адамдардын түшүнүгү боюнча тоо-таш, жер-суу, бардык жан-жаныбарлар жандуу делип эсептелген. Алардын адамдар сыяктуу сүйлөө, ойлоо, өч алуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугуна шек да санашкан эмес. Натыйжада аңчылыктан жолу болбой калышын, же бир кырсыкка, же илдетке жолугушун жер-суу, тоо-таштын каарына калуудан, жинине тийип коюудан деп ойлошкон.
Табияттын ар кандай жашыруун сырларынан коркуудан, ага жүгүнүп сыйынуудан, ар кандай ырым-жырымдар, албарсты, жез тырмак, жез кемпир, азгыртма ж. б. сыйкырдуу күчтөрдүн тегерегинде тотемдик, анимизмдик түшүнүктөр келип чыккан. Бул болсо биринчи иретте жаратылыштын «жашыруун сырларын» түшүнүүгө, ага баа берүүгө элдин аң-сезиминин өсүп жетпегендиги менен белгиленген. Сөзсүз, байыркы чыгармаларда мифтик түшүнүктөр, каармандар басымдуулук кылган. Элдин ар кандай сыйкырдуу күчтөр менен болгон күрөшүндө алардын жаратылыштын жашыруун сырларын ачууга, дүйнөнү таанууга болгон алгачкы стихиялуу аракети, умтулуусу берилген. Ошентип, миф өзүнүн фантазиялуулугуна, дүйнөнү таануудагы чектелгендигине карабастан, адамдардын ой жүгүртүүсүнүн алгачкы баскычы катарында эсептелүү менен, анын объектиси жаратылышты таануу, анын «жашыруун» сырларын үйрөнүү, ачуу болгон. Негизги тематикасы жер-суу, тоо-таш, күн, ай, жылдыз, жан-жаныбарлардын ж. б. жаралышын түшүндүрүүгө багытталган. Алсак, «Үркөрдүн кызы Үлпүлдөк сулуу» аттуу мифтик чыгармада үркөр, жетиген жылдыздарынын кандайча пайда болушун түшүндүрүүгө аракет жасалат. Байыркы адамдардын түшүнүгү боюнча бир убакта Үркөр да, Жетиген да (жети каракчы) жерде жашаган адамдардан экен. Күндөрдүн биринде Үркөрдүн кызы Үлпүлдөк сулууну жети каракчы ала качып, асманга чыгып кетет. Үркөр артынан кубалап кошо чыгат. Ошол жети каракчы (Жетиген) ошол күндөн ушул күнгө чейин Алтын Казык жылдызын айланып качып, Үркөргө жеткирбей жүрөт дешет.
Байыркы эл күндүн күркүрөшүн, чагылгандын чагылышын мындайча түшүндүрүшөт. Булуттарды бир кичине пери башкарып, анын колуна камчы алып булутту туш-тушка кубалашынан жаан жаайт имиш. Перинин зыяндуу духту кубалап, ачуулуу кыйкырышынан күн күркүрөйт дешет.
Көпчүлүк элдерге өздөрүнүн түпкү ата-тегин кандайдыр бир айбандан чыгаруу мүнөздүү. Тибеттиктер өздөрүнүн түпкү теги катарында маймылды, түрктөр бөрүнү, туфандар итти, сибирлик көп элдер карганы эсептешсе, кыргыз элинин пайда болушун түшүндүрүүдө да тотемдик түшүнүк орун алат.
Кыргыз элинин урууларынын аттары, анын пайда болуш тарыхы да тотемизмге байланышкан. Бул элдик мифтерде, легендаларда өз изин калтырган. Алсак, бугу уруусу мүйүздүү бугу энеден тараган деген түшүнүк эл арасына кеңири тараган. Жогорку чыгарма революцияга чейин эле кагаз бетине түшүрүлүп жарык көргөн болучу42.
Бул миф боюнча илгери Карамырза жана Асан деген эки мергенчи тоодо аң уулап жүрүп, мүйүздүү кыз менен баланы көрүп калат. Кубалап жүрүп, баланы атып өлтүрүп, кызды айыл аксакалы Мырзакулга алып келип беришет. Мырзакул кызды өзүнүн жээни Жаманкулга алып берет да, андан бугу уруусу тарайт. Ал эми мүйүздүү байбиченин каргышына калган эки мергенчи дүйнөдөн тукумсуз өтүшкөн имиш. Мүйүздүү байбиче башын жуугандан кийин суусун ар дайым киши баспаган жерге төктүртүп койчу экен. Күндөрдүн биринде үйүндө жүргөн күнү бул сууну ичип коюп, боюнда болуп калат да, андан желдең уруусу тарайт.
Кыргыздардын пайда болушун баяндаган төмөнкү миф элге кеңири тараган. Элдин түшүндүрүүсү боюнча алардын түпкү атасы сакым болгон имиш. Илгери бир жигит кыргыздардын арасында көпкө жүрүп бир кызга үйлөнөт да, андан жалгыз кыз төрөлөт. Кызы бойго жетип, кырк нөөкөр күтөт. Күндөрдүн биринде хандын кызы кырк нөөкөрү менен сейилде жүрүп, сууда агып келе жаткан көбүктү көрөт. Ага колун малып өзү да ичип, кыздарына да ичирип коёт. Андан кыздардын бойлоруна бүтүп калып, хан бардыгын талаага кубалап жиберет. Кырк кыздын теңи эркек, теңи кыз төрөйт, кийин бири-бирине үйлөнүшөт. Ошентип кырк кыздан кыргыз тарайт. Н. И. Гродеков да
«Киргизы и кара киргизы» деген эмгегинде жогорку мифти кара кыргыздарга таандык деп эсептейт1. Г. Н. Потанин ысык-көлдүк кыргыздар өздөрүн кырк кыздан тараганбыз деп эсептешет деп жазат2.
Жыйынтыктаганда, мифтик чыгармалар кандайдыр бир абстракттуу түшүнүктөрдү, каармандарды өз кучагына алгандыгына карабастан, анын объектиси жаратылыш, табият, анын закондорун үйрөнүү болуп саналат да, адамдардын алгачкы түшүнүгүн, көз карашын чагылыштырат.
Легенда айтылыш формасы, тематикасы жагынан мифке жакындыгына карабастан, өз алдынча түрдү түзөт Бирок миф менен легенда айрыкча аралашып бири-бирине сиңишип кеткендиктен, көпчүлүк убакта экөөнүн жанрдык спецификасын ажыратуу, чек коюу кыйынчылыкка турат. Айрым чыгармаларда тотемдик түшүнүктөрдүн, байыркы окуялардын сакталгандыгына карабастан, анын мифтин рамкасынан чыгып, легенда- жомокко өтүп кеткен учурлары да кездешет. Бирок мындан миф менен легенданын «чегин ажыратууга болбойт» деген жыйынтык чыкпайт. Экөөнү бири-бирине жакындаштырып турган жалпылыктар менен катар шарттуу түрдө ар биринин өзгөчөлүгүн мүнөздөй турган белгилери бар. Алсак, миф менен легенда тематикалык жагынан бири-бирине өтө жакын турат. Жер-суу, тоо-таш экөөнө тең орток темалардан болуп саналат. Натыйжада жер- суунун, тоо-таштын аттарын өзүнүн негизги объектиси катарында сүрөттөшү жана мында
да фантазиянын орун алышы аны мифке жакындаштырып турса, легенданын кандайдыр бир негизге, же фактыга таянып айтылышы, көбүнчө реалдуу, турмушта болгон окуяларды камтып, ошонун негизинде келип чыгышы, аны мифтен айырмалаган өзгөчөлүгүн түзөт. Легенда эл арасына кеңири тараган жанрдын түрүнө кирет. Көлөм жагынан чакан, окуясы кызыктуу айтылып, тематикалык жагынан бай жана ар кырдуу келет да, турмуштун ар тарабына кез жүгүртөт. Өзүнүн доору жагынан да адам коомунун кийинки баскычтарына туура келет. Анткени, мында кадимки эле турмушта болгон нерсе, реалдуу окуялар фантазиялуу түрдө сүрөттөлөт. Алсак, «Тору-Айгыр» деген жердин жогоркудан аталып калышы жөнүндөгү легенда тарыхта белгилүү калмактардын дооруна байланыштуу түзүлгөн. Илгери калмактар бир топ жылкыны бир тору айгырын кошуп көлдүн күңгөйүнөн тескейине айдап кетет. Ошондо от оттоп, суу ичкен жерлерин сагынган тору айгыр көлдүн бир четинен экинчи четине сүзүп чыгып, качып келип өлгөн имиш. Ошонун атынан бул жер Тору-Айгыр аталып калыптыр. Натыйжада жогорку легенданын чыгышына кандайдыр бир тарыхый шарт, турмуштук кырдаал негиз болгон. Анткени, калмак хандарынын кыргыз элине ар дайым жортуул жасап, жылкы тийип алып тургандары жана калмактар менен кыргыздардын ортосундагы болгон кагылышуулар тарыхта да, элдик оозеки чыгармачылыкта да өз изин калтырган.
Жердин атына байланыштуу чыккан легендалар айрыкча эл арасына көп тараган. Анткени, Кыргызстандын территориясында канча кокту, канча жайлоо, канча өзөн, канча ашуу болсо, ошонун ар биринин кыскача тарыхы бар. Мисалы, Ат-Башы, Нарын, Арпанын жогоркудай аталып калышы эл арасында өтө кызыктуу айтылат.
Илгери бирөө Анжиян тараптан Тянь-Шанга келе жатса, Арпа жайлоосуна келгенде аты жүрбөй калып, агытып жиберет. Эртеси аты дан салып ээсине карматпай коёт. Арпасы белден өскөндүгү үчүн бул жер «Арпа» аталып калыптыр. Жолоочу атын кубалап отуруп, Ат-Башыга келгенде жетип, атты союп, башын ошол жерге таштап, этин андан ары алып кеткен имиш. Ошондон аттын башы калган жер Ат-Башы, этин нарын туурап жеген жер Нарын аталып калыптыр.
Жыйынтыктаганда, жер атына байланыштуу чыккан легендалар эл арасында өтө көп. Анын айрымдары бул же тигил фактыны тизмектеп айтып берүү менен чектелсе, экинчи катардагылары эл турмушуна тикеден-тике аралашып, кээде социалдык мүнөздөгү маселени да көтөргөн.
Ар бир легенда бул же тигил элдин жашоо шартына, улуттук өзгөчөлүгүнө ылайыктуу түзүлөт. Кыргыз сыяктуу көчмөн элдерде аттын табын билген саяпкерлер, куштун «тилин» түшүнгөн мүнүшкөрлөр жөнүндө легендалардын чыгышына ошол элдин турмуш шарты, ошол кездеги тарыхый кырдаал түрткү болгон, анткени көчмөн элдерде кыраан куш, күлүк ат эң жогору бааланган.
ҮЙЛӨНҮҮ САЛТ ЫРЛАРЫ(талкуу)
Кайсы гана эл болбосун анын улуулугуна жана кичүүлүгүнө карабастан өзүнүн турмуш-тиричилигине, жашоосуна жараша үрп-адаты, каадасы жана салты болорлугу жалпыга маалым. Коомдук турмуш илгерилеп өскөн сайын элдин турмушу, үрп-адаты, каадасы жана салты өзгөрүп турары да белгилүү. Элдин жашоо-тиричилигинин бир мезгилинде чыгып, убакыт өтүп илгерилеген сайын алгачкы мазмунун өзгөрткөн үрп- адаттарды, каадаларды жана салттарды да жолуктурабыз. Тиги же бул каадаларга, үрп- адаттарга карата ыр чыгарылып, ал аркылуу айрым турмуш жагдайлары чагылдырылган эле. Мына ушуга байланыштуу ар түрдүү темадагы ырлар келип чыккан.
Кыргыздын оозеки чыгармачылыгында элибиздин өткөндөгү турмуш-тиричилигин, үрп-адатын, каадаларын жана салтын көрсөткөн чыгармалар өтө көп. Андай чыгармалардын көпчүлүгү илгертен бери эле эл арасында оозеки таралгандыктан, жашоо мезгилинде көп өзгөртүүлөргө учурап, алгачкы учурундай сакталган эмес. Андыктан элибиздин турмуш салтына, үрп-адатына байланыштуу түзүлүп, оозеки айтылып келген чыгармаларды кайсы мезгилде чыккандыгын белгилөө өтө кыйын.
Кыргыздын оозеки чыгармачылыгында элдин турмуш салтына, үрп-адатына, каадасына байланыштуу түзүлгөн ырлардын бир түрү үйлөнүү салт ырлары болуп саналат. Бул түр элдик каада-салт ырларынын ичинде орчундуу орунду ээлейт. Өзүнүн көлөмү жана формасы жагынан ар түрдүү болуп, элдин турмушун, үрп-адатын, дүйнөгө болгон көз карашын, ой-тилегин чагылдырып турат.
Эл айрым салт, кааданы көңүлдүү оюн-зоок менен өткөрүүгө аракет кылышкан. Андай салттарга, каадаларга эл өзүнүн чыгармачылык өнөрүнөн орун берип, ага арнап ыр чыгарышкан. Муну айрыкча кыргыздын үйлөнүү тоюна байланыштуу түзүлгөн чыгармалардан байкоого болот.
Кыргыздын кыз берип, келин алууга, жаштарды үйлөндүрүү салтына, каадасына байланыштуу түзүлгөн ырларга талдоо жүргүзүүдөн мурун, жалпы үйлөнүү салты жөнүндө бир аз кабар берүү зарыл. Революцияга чейин кыргыздарда кыз берип, келин алууда кудалашуу салты кеңири тараган. Бир-бирин ылым санаган адамдар аялдарынын боюна бүткөндө эле куда болушкан. Эл аны «бел куда» деп аташкан. «Бел куда», «бешик куда» өңдүү салт бир-бири менен ылым санашкан, достук сезим өкүм сүргөн эки адамдын ортосунда гана болуп келген. Ал эми кудалашуунун кеңири тараган түрү эркек жана кыз баланын тестиер тарткандагысы болуп саналат.
Ырда ошол кездеги теңсиздиктин негизинде жаш кыздардын картаң чалга кетип бара жаткандагы муңдуу кайгысы чагылдырылган. Калың төлөөдө кыздын тек жайы эске алынган. Эгер кыз тектүү жерден болсо, төрт түлүк малдан тогуздап калың төлөгөн. Бай- манаптар куда-сөөктөрүн өзүнө тең келе турган алыстагы атактуу бай-манаптардан, чоң- чоң Уруулардан издешкен, Ошондуктан, бай-манаптардын сөөк-тамырлары үстөмдүк кылган таптын чоң домогу болуп эсептелген. Кедейлер болсо, анын тескерисинче, өзүнө тең жупуну жерге кыз берип, ошондой жердей кыз алган. Колунда жок кембагал эмгекчилердин балдары калын. төлөп аял ала албай, жокчулукка жонунан бастыргандар да кеп болгон. Ал эми кыздар болсо өзү теңдүүгө каалап турмушка чыкпастан, ата-энелери сүйлөшүп, алар калын, жеген жерге барууга аргасыз болгон.
Куда түшүү салтына байланыштуу бир топ шарттар колдонулган. Эн оболу баланын атасы кыздын атасына жуучу жиберип, анын макулдугун алган. Жуучулукка келген киши кыздын атасына келип: «ырыстууга жуучу келет, ырысы жокко доочу келет», же «кымызды ичкенге бер, кызды сураганга бер» деп жана башка ушу сыяктуу макал- ылакап менен сөздү баштан, кыздын атасынын макулдугун алып, мына ушундан кийин гана түрдүү каадаларды, салттарды аткаруунун камын көрө турган. Адегенде кыздын калыңын макулдашуучу. Куда түшүүнүн алгачкы башталышы «Жыгач жүктөр» деп аталган. Мына ушундан кийин гана куда кыздын атасына калыңды өткөрө берүүчү. Калыңды берүү ар кимдин байлыгына, жармачтыгына жараша болучу. Байлар малды дүң айдап келип өткөрүшү да мүмкүн. Кедейлер болсо тапканын саамыктатып берип турган. Калыңды алып бүткөндөн кийин кыздын атасы кудасына салык салууга акылуу болгон. Качан «Эми бүттү келиниңди алып кет» дегенден кийин гана кудасы той түшүрөр эле. Мына ушул салтка байланыштуу кыз оюну башталчу. Кыз оюну жана той көңүлдүү, кызыктуу болсун үчүн таланттуу ырчы, акындар, комузчулар чакыртылып, ар бир каада өткөрүлгөндө алар ырга кошуп, күүгө салган. Кыз берүүдө эң эле мурда ырдала турган«той баштар» ыры болуп саналат. Алгачкы учурунда ырды акын ырчылар чыгарса, кийин ышкыбоз жаштар үйрөнүп алып той башталарда ырдаган. Ырдын идеялык максаты той берген адамды, күйөө бала менен кызды куттуктоо болуп, аларга жакшы тилекти билдирген, элдин көңүлүн көтөрүп кубанткан. Той баштар ыры көбүнчө төмөнкүдөй башталган:
Букарга буудай бышыптыр, Буудай өңдүү кыз бала, Бүгүн тоюң түшүптүр.
Таласка таруу бышыптыр, Тараза өңдүү кыз бала, Жайнап тоюң түшүптүр. Кептүү болсун үйүңүз, Кеңештүү болсун күйөөңүз2.
Той баштар ыры ырдалгандан кийин той кызуу өтүүгө багыт алат. Кыз-келин, боз улан жана жигиттер өзүнчө болуп, тойдун андан ары шаан-шөкөтүн, каадасын тактап айтканда кыз оюнун өткөрүүгө киришет.
Кыз оюнунда кыз-келиндер, жигиттер эки жаат болуп туруп, кыз берип жаткан келин токмокту күйөө жолдошко ырдап салат. Мына ошондон баштап ал жигит ырдап, анан жар көрүшүү, же болбосо кыз өбүү оюну башталат. Тойдогу кыз-келиндерге токмок салып көрүшүп, оюн кызыганда күйөө менен кыз жар көрүшөт. Ыр эки тарап болуп, кыздар өзүнчө, жигиттер өзүнчө туруп ырдап айтышат. Жар көрүшүүдө жигит менен кыздын келбетин, мүнөзүн жана башкаларга кылган мамилесин даңктагандыкка кеңири орун берилет.
Кыз оюнунда аткарылган ырлар негизинен «Секетпай», «Күйгөн» сыяктуу сүйүү ырлар болуп, анда ар ким өз билгенин ырдай беришкен. Ал ырларда кээ бир учурларда патриархалдык-феодалдык салттын негизинде пайда болгон муңдуу мотивдердин да кездешкенин байкоого болот. Мисалы, колуна токмок тийген жигит өз сүйгөнүнө кошула албай калган күйүт-арманын айткан. Үйлөнүү салтына байланыштуу Кыргызстандын түштүк районундагы жашаган кыргыздардын арасында «жар-жар» деген кайруусу бар ырлардын кездешкенин байкайбыз. Түштүктө той баштаар ыры ырдалгандан кийин кыз- келин, боз улан жана жигиттер күйөөгө кетип жаткан кызды жана үйлөнүп жаткан жигитти тегеректеп алышып аларды мактап ырдашат. Бул ырдын бирден бир өзгөчөлүгү хор менен аткарылуусунда турат. «Жар-жар» ырынын идеялык багыты да, алдына койгон максаты да, тойду шаан-шөкөттүү өткөрүү, кыз менен күйөөнүн көңүлүн көтөрүү.
Кызга акыл-насаат айтып, ага бакыт тилегендикти көбүнчө жеңесинин көрүшүүсүнөн да кезиктиребиз:
А тоонун башы көбүргөн,
Бу тоонун башы көбүргөн.
Бийкеч жан, ата-энеден бөлүнгөн. Тескейден аккан булак бар,
Бийкеч жан, теңтушуң менен ынак бол. Күңгөйдөн аккан булак бар,
Бийкеч жан, күйөөң менен ынак бол2.
Мында кыз менен жеңенин ынактыгынын негизинде пайда болгон жылуу мамиле чагылыштырылган.
Көрүшүүдө ар дайым эле акыл-насаат айтыла бербестен, айрым учурларда кыздын кемчилик жактары да ырга кошулгандыгын байкайбыз. Бул көбүнчө жеңеси менен кайын сиңдисинин көрүшүүсүндө айтылган.
Кыскартып айтканда, биз жогоруда атаган үйлөнүү салт ырлары эл оозеки адабиятынын башка түрлөрүндөй эле кыргыздардын маданиятында чоң роль ойноп, адамдардын турмуш процессиндеги ой-тилегин, турмушка болгон көз карашын айкын элестеткен чыгармалардын бири болуп саналат. Мисалы, үйлөнүү салт ырларынын бир түрү көрүшүүдө кыргыз аялдарынын революцияга чейинки социалдык теңсиздиктин негизинде болгон укуксуздугу ачык көрүнөт. Ошондой эле үйлөнүү салт ырлары кыргыз элинин үрп-адаты, салт-санаасы менен тыгыз байланышта болгондуктан, анын тарыхый- этнографиялык мааниси зор экендигин көрсөтүп кетүү ашыктык кылбас деп ойлойбуз. Үйлөнүү салт ырларынын бардык түрү белгилүү обон аркылуу аткарылганын айтып кетүү зарыл. Кыргыз фольклорунда ыр чыгармачылыгы чоң орунду ээлеген. Бул, биринчиден, кыргыздардын ыр жамакчылыгына өтө шыктуулугуна байланыштуу түшүндүрүлсө, экинчиден, кыргыз элинин арасында ырдын кеңири өрчүгөндүгү элдин музыкалык шыктуулугу менен түшүндүрүлөт. Мисалы, сүйүү ырлары, арман, коштошуу жана үйлөнүү салт ырларынын бардык түрү обон менен аткарылган. Кыз оюнунда аткарылган ырлардын обонунда негизинен шайырдык өкүм сүрсө, көрүшүүдө, тескерисинче, муңдуу мотиви басымдуулук кылат.
СҮЙҮҮ ЫРЛАРЫ (талкуу)
Кайсы гана элдин лирикалык ырларын албагын анын ичинде сүйүү ырларындай кенен, бай ырларды табуу кыйын. Ошондуктан, сүйүү ырларынын аткарылышы да ар түрдүү. Сүйүү ырлары адам коомунун бардык мезгилинде өмүр сүргөн жана улам жаңы идеялар, мотивдер менен байып турган «түбөлүктүү» темаларга кирет. Кыргыз элинин лирикаларында сүйүү ырлары негизги орундардын бирин ээлеп турат. Турмуштагы эң сонун нерселерге салыштырып сүйгөнүнө жалбаруу же ашык болгонуна жетпегендиги үчүн зарлоо, сүйүүнүн күчүнө суктануу, ойноп-күлүүгө чакыруу — сүйүү ырларынын идеялык-тематикалык негизин түзөт. Кыргыздын элдик сүйүү ырларын негизги мүнөзүнө карап эки чоң топко бөлүүгө болот. Сүйүү ырларынын биринчи түрүнө жалпы дүйнөлүк адабиятта өкүм сүргөн ашыктык ырларын киргизүүгө болот. Кыргыз элинде мындай ырлардын тобу «Секетпай» деген ат менен белгилүү. Буга элге жалпы ат менен белгилүү болгон «Ак көйнөк», «Келинжан», «Ак селки», «Ак чабак», «Ашык жар»,«Перизат», «Ак тамак», «Асыл жар», «Өзгөчөм» ж. б. кирет.
«Секетпай» ырларында сүйгөнүнүн сулуулугуна суктануу, аны ар түрдүү сонун нерселерге салыштырып сыпаттоо, акырында ага ашык болгондугун билдирүү негизги орунда турат:
Чачың тал-тал жибектей
Порумуң тарткан сүрөттөй.
Асылдыгың мисалы,
Акындын кызы Чүрөктөй.
* * *
Кашың кара кундуздай, Көзүң күйгөн жылдыздай. Сулуулугун байкасам.
Сулайман алган нуркыздай1.
Сүйүү ырларында салыштырууга өтө көңүл бурулган. Ашык болгон адам сүйгөнүнө сонун нерселерди таандык кылып «кундуздай кара кашын», «жибектей тал-тал чачын айтып, эпостук чыгармалардагы легендарлуу сулууларга теңештирүү менен бардык маңызын ачып берген. Салыштыруу көпчүлүк учурда пайдаланбастан, уйкаштыктын сонун үлгүлөрүн түзөт. Мисалга, жогорку алынган ырдын уйкаштыгына көз жүгүртсөк эле айдан-ачык боло түшөт. Бул ырда уйкаштыкты уюштуруп жаткан салыштырууну эмес рифманы түзөт. Ырдагы «жибек», «сүрөт» деген сөздөр аз ара уйкаштыкты түзө албайт, бирок ага карабастан «дай» мүчөсүнүн жалганышы менен ыр жакшынакай рифмага ээ болду. Анын үстүнө салыштырууну уюштуруп жаткан мүчө ырдын ритмдерин да бир калыпка салып жатат. Муну байкоо үчүн ырдагы салыштырууну уюштуруп жаткан мүчөнү алып таштап окуу жетиштүү. Сүйүү ырларында болсун же лириканын башка түрлөрүндө болсун салыштырууларды көпчүлүк тактоочу, сыпаттоочу эпитеттер коштоп жүрөт. Бул айтыла турган ойду ого бетер ачык, элестүү берүүгө шарт түзөт.
КОШОК (талкуу)
Ар бир элдин турмуш-тиричилигине, жашоосуна жараша үрп-адаты, каадасы жана салты болуп, алар ошол элдин аң-сезимине сиңүү менен бирге, белгилүү даражада жашап келгенин байкайбыз. Коомдук турмуш илгерилеп өскөн сайын элдин турмушу, үрп-адаты, каадасы жана салты өзгөрүп отурары белгилүү. Демек, коомдук жана экономикалык өзгөрүүлөр мурдатан бери келе жаткан турмуш тиричилигине, үрп-адатына жана салтка өзүнүн таасирин тийгизгенин ачык байкоого болот. Бул айтылгандардын бардыгын кыргыз элинин тарыхынан кеңири кезиктиребиз.
Кыргыздын оозеки чыгармачылыгында элибиздин өткөндөгү турмуш-тиричилигин, үрп-адатын, каадаларын жана салтын көрсөткөн чыгармалар өтө көп. Аларга: коштошуу, керез, айтыш, жар чакыруу, учурашуу, угузуу, кошок, жоктоо жана үйлөнүү салтына байланыштуу чыккан көрүшүү ырлары кирет. Жогорку чыгармалардын көпчүлүгү илгертен эл арасында оозеки айтылуу аркылуу таралгандыктан, жашоо мезгилинде көп өзгөртүүлөргө учурап, алгачкы учурундай сакталбаган. Ошондуктан бул чыгармаларды кайсы мезгилде чыккандыгын белгилөө өтө кыйын. Бул азыр кыргыздын фольклор илиминде гана эмес, тарыхында да чечилбей келе жаткан маселенин бири.
Кошок элдин каада-салт ырларынын ичинде орчундуу орунду ээлейт.
Кыргыз элинин лирикалык ырлары, анын ичинде кошок жалпы эле элдик оозеки көркөм чыгармачылык менен бирдикте жыйналган жана изилденген. Өткөн кылымда В. В. Радлов менен Ч. Валиханов кыргыз элинин эпикалык чыгармалары менен катар, аз болсо да кошокторду жазып алышкан. Бирок, алардын жыйнаган материалдарындагы кошоктор идеялык маанисине карата ар түрдүү келип, басымдуу көпчүлүгү бай- манаптардын байлыгын мактоого арналса, кээси жөнөкөй адамдардын турмушун көрсөтүүгө багытталган.
Кошокторду жыйноо иши Улуу Октябрь революциясынан кийин гана кеңири башталды.
Кошок адатта адам өлгөндө айтылып, айтуучунун ички кайгысын, өкүнүчүн билдирген муңдуу ырдын бир түрү болуп саналат. Өлгөн адамдын жүрүш-турушу, башкаларга кылган мамилеси жана анын турпаты апыртылып, макталып ырдалгандык кошоктун бирден бир мүнөздүү белгилеринен. Кыргыз элинин салты боюнча кошок кошуп ыйлаган жана эл арасына тараткан негизинен аялдар болушкан. Ошондуктан кошокту аялдар чыгармасы деп атасак деле болот. Аялдардын жакынынан ажыраган оор кайгысы жалан, гана чубурган көз жашы менен берилбестен, адамдын сезимине жеткен муңдуу ыр аркылуу берилген. Аялдардын ичинен таланттуулары чыгып, идеялык мазмуну терең, көркөмдүгү жогору турган кошокторду түзүшкөн. Элдик кошоктун мындай түрүн түзгөн таланттуу аялдарды эл кошокчу деп атап келишкен.
Кээде өз эмгеги, жүрүш-турушу, мамилеси менен элге белгилүү болгон адамдар өлгөндө эл ырчылары, акындары тарабынан да кошок чыгарылган. Өлгөн адамды даңазалоо менен бирге өлгөн адамдын кастары менен досторун белгилей кетүү, бирөөдөн жардам күтүү, же бирөөнү жектөө, кектөөлөр кошокто ачык айтыла берет.
Кээ бир адамдар тирүү кездеринде эле күн мурунтан өз» жөнүндө кошок чыгартып, анын өзүнүн жек-жааттарынын бирине өзү өлгөндөн кийин айтууга керез кылып кетишкен учурлары да кездешет. Буга Куйручуктун:
Ушул жарык дүйнөдө,
Бузук ишти кылбаган.
Булбулу деп кыргыздын Бардык журту сыйлаган.
Ак бараң мылтык камдаган,
Аркарды атып шаңдаган.
Алты уруу кыргыз чогулса,
Аңгеме сөзүн жардаган!1
деген кошогун мисалга алсак болот. Мында кошокту түзгөн адамдын тилге чеберчилиги, дааналыгы жана ак ниеттүү эмгекчилдиги күн мурунтан эске алынган.
Кошоктун мазмуну өлгөн адамдын мүнөзүн, жүрүш-турушун, элге кылган мамилесин баяндоо болуп саналат Ушуга байланыштуу ар кыл таамай эпитет жана салыштыруулар колдонулат. Бул кыргыздын оозеки чыгармасында кездешкен «жолборс»,«арстан», «кулун», «күн» «ай» сыяктуу туруктуу эпитет жана салыштырууларды колдонуудан көрүнөт. Ошону менен катар «оёнум», «гүлүстөн», «жалгызым», «жаш мырзам», «кырчыным», «асылым», «күл ойрон», «бир боорум» деген жекече бөтөнчөлүккө ээ болгон эпитеттер кошоктун поэтикалык мүнөздүү белгилерин түзөт. Колдонулган эпитеттер өлгөн адамга арналса да, кошокту айтып жаткан адамдын ал- абалын билгизип, анын ички кайгылуу сезими менен үн алышканын көрөбүз. Ага мисалды күйөөсү өлгөн аялдын кандай кошуп, кайгырганын алсак ачык байкалат:
Оёнум, күчала салдың ашыма. Оёнум, күйүттү салдың башыма. Оёнум, күчала берсең жөтөлөм, Оёнум, күйүтүң кантип көтөрөм? Оёнум, туура чыккан терекке.
Оёнум, туура бутак не пайда? Оёнум, туура бутак өткөн соң, Оёнум, ыйлаган менен не пайда?2 —
АРМАН ЫРЛАРЫ
Кыргыздын турмуштук лирикаларынын ичинен революцияга чейин эл арасына кеңири тараган ырдын бири — арман ырлары. Ал элдин оозеки көркөм чыгармаларында өзүнчө айтылып, өнүгүп келген чыгарманын түрү. Адамдардын турмушундагы ар кыл өкүнүчтөрдү, бактысыздыктарды көрсөткөн мазмуну муңдуу ырларды арман ырлары деп жүрөбүз. Арман ыры өзүнүн тематикасы, мазмуну жагынан кеңири. Ар түрдүү мазмундагы кыз менен аялдын, койчу менен кембагалдын, ата менен эненин, карылык менен жокчулуктун армандары болуп өзүнчө бир нече темалардан турат. Аталган темалардын кайсынысы гана болбосун эмгекчи-кембагалдардын эзилүүсү жагынан күчөгөндө, турмушу өтө начарлаган абалга жеткенде, аялдардын укугу тарыганда чыккандыгын айгинелейт.
Арман ырларын жыйноо жана изилдөө башка лирикалык ырлардай эле, негизинен Октябрь революциясынан кийип гана башталды. Октябрь революциясынан кийин ар кыл мезгилде жыйналган арман ырлары Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын коомдук илимдер бөлүмүнүн кол жазма фондусунда сакталууда. Ал эми арман ырлары жөнүндө айрым пикирлер орто мектептердин адабият жөнүндөгү окуу китептеринде, ошондой эле тигил же бул акындын чыгармачылык биографиясын, ырчылык өзгөчөлүгүн мүнөздөөдө айтылып жүрөт.
Кийинки кездерде, өзгөчө 50-жылдардан кийин кыргыз эл оозеки адабиятын изилдөө иши колго алынып, бир топ жандандырылды. Анын ичинен арман ырларын изилдөө да колго алына баштады. Армандар идеялык мазмуну, айтылыш шарты жагынан өзүнчө өзгөчөлүккө ээ. Айрым адабиятчылар кыргыздын лирикалары, айрыкча арман ырлары жөнүндө сөз кылганда арманды мазмуну жагынан кошокко жакын чыгарма деп жүрүшөт1.
Чынында эле арман ырларында кошоктогудай кайгыргандык, өкүнгөндүк, бактысыздык сакталат. Бирок, кошоктордо өлгөн адамдын жүрүш-турушу, башкаларга кылган мамилеси жана турпаты, аны эскерип жаткан адам тарабынан апыртылып, макталып ырдалса, армандарда жеке бир адамдын кайгысы, бактысыздыгы гана айтылат. Ошондой эле кошокко да, арманга да мүнөздүү болгон өзгөчөлүктү кошок менен армандын айтылыш шартынан да даана байкайбыз. Кошок адам өлгөндө, анын айрым жөрөлгөлөрүн өткөргөндө белгилүү учурга чейин салт катары айтылса, арман эч шарт коюлбастан, тиги же бул адамдын башынан өткөргөн окуясына байланыштуу айтылат. Арман ырларынын тематикасы ар түрдүү. Сүйгөн теңине жетпеген жигиттин же кыздын арманы, өткөндөгү акыйкатсыздыктын натыйжасында элден ажыроо жана башкалар арман ырларынын мазмунун ээлейт.)
Сүйгөнүнө жетпей калган адамдын арманы, ички күйүтү, кайгыруу, өкүнүү элдик секетпай, күйгөн ырларда да кеңири кездешет.
Тобурчак минип дууласам, Токойдон коён ууласам.
Ал коёнго жетпеген Тобурчак аттын токтугу. Токсонду берип сени албай, Ак селки,
Тозоктуу малдын жоктугу1
деген ыр саптарында сүйгөнүнө жетпеген жигиттин арыз-муңу айтылганын байкайбыз.
Арман ырларынын чыгышы да турмуштук лирикалардай эле илгертен башталып, улам барган сайын көп өзгөчөлүктөргө учураган. Арман ырларынын байыркы мезгилде эле айтылып келгендигине адамдын жеке тиричилигинен баштап, социалдык турмушуна чейинки сүйгөндүктү, жетишпеген кемчиликти ар тараптан кеңири чагылдыргандыгынан көрөбүз. Алсак, адам баласынын турмушунда ар кыл себептер менен ата-эне өмүрү боюнча бала көрбөй карыганда арман кылып, жок нерсеге ынанып сыйынууга чейин баргандыгы элдик оозеки чыгармачылыкта өз изин калтырган. Кыргыздын лирикалык ырларындагы мындай армандарды айтпаганда да, жөө жомоктордогу, турмуштук жана баатырдык эпостордо ата менен эненин карыганча бала көбөй зарланганы өзүнчө традициялык мотивге айланып кеткенин кенен кезиктиребиз.
«Манас» эпосундагы Жакыптын карыганча бала көрбөгөн кайгысы өзүнчө узун сабак арманды түзгөн:
Бербесе теңир чарам жок, Беш түлүктөн мал жыйдым, Беш чака булга арам жок, Жабдык салып ат минип, Жака салып тон кийип, Жанымда болгон каран жок. Тутунарга туяк жок, Тууганынан айрылган, Журтта мендей чунак жок. Карманарга туяк жок, Канатынан айрылган, Калкта мендей чунак жок.
САНАТ, ТЕРМЕ
Элдик оозеки чыгармачылыкта өзүнүн айтылышы, мазмуну жагынан өзгөчөлөнгөн ырлар да кезигет. Андай чыгармалардын көрүнүктүүлөрү элдик санаттар, терме ырлар. Санат ырлар айтылышы жагынан элдик чыгармачылыктын башка түрлөрүндөй өзгөчө жагдайларды талап кылбайт. Ал адамдардын жекече сүйлөшүүсүнөн баштап, эл жыйылган топтун бардык жайларында айтыла берет. Айтылышындагы мындай өзгөчөлүк санат жана терме ырларын эл арасына кеңири тароого алып келген. Кары-жашынан баштап, элдик санат ырлардын ыр саптарын, айрым ыр сабактарын айта билген адамдарды четтен эле жолуктурабыз. Санат жана терме ырларынын жаралышы жалпысынан элдин чыгармачылык жөндөмдүүлүгү менен терең байланышып өнүккөн.
Элдик санат жана терме ырлар элден чыккан таланттуу акындар менен ырчылар тарабынан түзүлүп, өркүндөтүлүп көркөмдүгү да жетилген. Акындар менен ырчылар өздөрүнүн жашаган дооруна, көз карашына жараша санат жана терме ырларынын социалдык маанисин да тереңдетишкен.
Адамдардын турмушундагы ар кыл мамилеге, жаратылыштын кубулуштарындагы ар башка көрүнүштөргө жараша акыл-насаат айтуу, ой жүгүртүү санат менен терменин башкы максаты болуп саналат. Идеялык мазмунунун бирдиги — санат менен терменин ортосунда айырмачылыктын жоктугун билдирет. Адамдын кыял-жоругунун же жаратылыштын кубулуштарынын жалпыга мүнөздүү белгилери саналып, терилип адамдарды жаман жосундан качып, жакшы сапатка үндөп, ага чакыруу санат менен терменин өзгөчөлүгүн түзөт. Санат менен терме ырларында адамдардын ар түрдүү турмуштук мамилелери, жаратылыштын кубулуштары жыйынтыкталып, ал жеке адамдын жүрүш-турушу катары айтылбастан, жалпы эле адамдарга таандык мүнөз жөнүндө сөз болот. «Беш кол тең эмес» дегендей, адамдар жаратылышынан эле ар кыл келип, кыял- жоругу да ар түрдүү болот эмеспи. Адамдардын келбетиндеги, кыял-жоругундагы ар башкалык, ишке, айлана-чөйрөгө жасаган ар кыл мамиле санат менен терме ырларында кең-кесири чагылдырылат.
Адамдардын мүнөзүндөгү: кайраткердик, акылмандуулук, жөн билгилик, чечендик өңдүү жакшы касиеттерди даңазалаган, оройлук, ушакчылык, көпкөнчүлүк, жалкоолук сыяктуу терс жүрүш-туруштарды сындаган ар түрдүү мазмундагы чыгармаларды көп жолуктурабыз. Мына ушунун өзү эле санат менен терме ырларынын тематикасы бай, ар түрдүү келерлигин билдирет.
Кызаргандын баарысы,
Манат болот турбайбы.
Кылган иштин баарысы,
Адат болот турбайбы1.
Өрнөктүү иш баштаган,
Акылмандыктын белгиси,
Камчыласа баспаган,
Кашаңдыктын белгиси.
Жолдошун жолго таштаган.
Акмактыктын белгиси.
Өзүн-өзү мактаган,
Көйрөңдүктүн белгиси
Санат, терме ырларынын өзүнчө ыгы бар. Аны адамдардын мүнөзүндөгү оң- тетирисин, жаман-жакшы сапаттарын бири-бирине теңеп, карама-каршы койгону. Кандай гана көрүнүш болбосун бирин-бирине катар коюп теңегенде гана алардын айырмаланган өзгөчөлүгү көрүнөт.
Уста менен дос болсоң,
Нар кескенин аларсың. Ууру менен дос болсоң,
Бир балаага каларсың3.
Ошентип кыргыз элинин үгүт-насыят, санат терме ырлары адамдын турмушундагы көрүнүштөрдү, адамдын мүнөзүндөгү оң-тетири жактарын мүнөздөрүн турумдарын карама-каршы коюп, коомго коюп, коомго, этика, моралга элдик көз карашты үндөйт.
ТАБЫШМАКТАР (табышмак айтуу)
Табышмак — оозеки чыгармалардын эң байыркы, эң эски түрлөрүнөн. Ошон үчүн «бул түр баланча кылымда чыккан» деп айтуу мүмкүн эмес. «Табышмак» деген терминдин чыгышы да бул жанрдын генезиси менен тыгыз байланыштуу. «Табышмак» деген терминдин өзү уңгу сөздөн жана мүчөлөрдөн турат. «Тап» деген уңгу буйрук этишке «ыш» мүчөсүн жалгап айтуу менен кош буйрук этиш «табыш» деген экинчи маанидеги сөз жасалат. Ушул кош буйрук этишке «мак» деген сөз которуучу мүчөнү кошуп айтуу менен «табышмак» деген атооч турпатындагы үчүнчү маанидеги сөз, башкача айтканда, оозеки чыгармалардын бир түрүн белгилеген термин пайда болгонун көрөбүз. Ушундан эле табышмак коллективдик чыгарма экенин байкоого болот. Айланадагы кубулуштун, нерсенин же эмгек процессинин натыйжасында пайда болгон буюмдардын сын-сыпатын, мүнөзүн, сапатын жана касиетин турпатташ башка заттарга салыштыруу аркылуу ооштуруп айтуу менен каймана мааниде чагылдырып туюндурган оозеки чыгарманын түрү — табышмак деп аталат.
Табышмак — кыргыздын оозеки элдик чыгармаларынын ичинен кеңири тараган түрлөрдүн бири. Балдардан тартып карыларга чейин бул түрдү айтпаган, жандырмагын чечпеген адам чыкпас. Чындыгында, бир нерсенин же кубулуштун сырткы көрүнүшүн же анын касиетин экинчи кубулуш же буюм-терим менен салыштыруу аркылуу суроо коюп айтканда, угуп олтурган киши сөзсүз ойлоно баштайт. Табышмакта айтылган белгилер башка кайсы затта кездешүү керек деген суроо туулуп, ким болбосун, аны түрдүү нерсеге окшоштуруу менен, ага турпатташ өзүнө тааныш нерселерден издеши мүмкүн.
Байыркы замандарда жаратылган табышмактар адамдардын түшүнүгүнүн чектелгендигине байланыштуу өтө жөнөкөй болгон. Кайсы бир табышмактар жалаң гана суроодон турган. Алгачкы табышмактар суроо түрүндө айтылса да, адамдардын турмуш- тиричилигине байланыштуу алар өздөрү байкаган, өздөрү колдонгон нерселердин негизинде кубулушту, буюмду. каймана жол менен чагылдырып олтурат. Ушуга байланыштуу андай табышмактардын жандырмагын чыныгы турмуштан, реалдык кубулуштан издеп, ошого карата ой жүгүртүү мелдешке катышып жаткан ар бир кишинин милдети. Тиги же бул адам өзүнүн кыраакылыгы, дааналыгы, зээндүүлүгү жана жөндөмдүүлүгү менен каршысындагы кишисинин айткан табышмагын бүт табууга тийиш.
Табышмактардын мазмуну. Табышмактардын эстетикалык мааниси зор. Ошон үчүн бул түр бизге белгисиз мазмуну эң байыркы замандарда пайда болсо да, улам кеңири канат жаюу менен күчүн жоготпостон өнүгүп келди, бүгүнкү күндөрдө табышмактар түзүлүп жатат. Оозеки чыгармалардын бул түрү азыркы учурда жашоо менен катар, өзүнүн тарбиялык маанисин жойгон жок. “Талым кыз менен Көбөктүн айтышканы» табышмак айтыштын үлгүсү болуп саналат.
“Жыйдым-жыйдым бир килем, жыя албадым бир килем” (Жер, көк).
МАКАЛ, ЫЛАКАПТАР (макал айтышуу)
Макал, ылакаптын чыккан булактары. Ар кандай элдин оозеки көркөм чыгармасында макал, ылакаптар негизги орунда турат. Анткени макал, ылакаптарда ошол элдин тарыхы, турмушу кыялы, салт-санаасы, үрп-адаты, күлкүсү, кайгысы — кыскасы бүткүл өмүрү орун алган. Адам оюнун, акылынын сонун үлгүлөрү кылычтан өткүр, хрусталдай таза боюнча макал, ылакаптарда сакталган. Анын үстүнө макал, ылакаптын форма жагынан кыскалыгы, кадимки эле адамдардын күндөлүк турмушунда колдонулуп жүргөн сүйлөмдүк түзүлүштө болушу адамдардын сүйлөө речинде пайдаланууга негизги мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн.
Адамдардын алгачкы убактагы аң-сезиминин жөнөкөй абалда болушу сөздөрдүн обон менен айтылышы иштин ритмине байланышса эмгекти жеңилдетүүгө түрткү болот деген ишенимди туудурган. Бирок синкретизм үстөмдүк кылып турган учурда сөздөрдүн семантикалык жагы көмөкчү ролду гана аткарып, негизги ролду ритм жана үндүн ар түрдүү болуп чыккан музыкалык жагы ойногон. Адамдардын турмуштук байкоолорунун улам жогорулап өсүшү сөздөрдүн семантикалык жагынан таасирин күчөтөт. Турмуштун акырындап өсүп отурушу, синкретизмди, б. а. бир эле адамдын музыканттын, бийчинин, акындын ролун аткарышынын бөлүнө башташына алып келет. Кыргыз элинде синкретизмдин байыркы үлгүлөрүнөн болуп «так теке» оюну эсептелет. Адамдар кийинчерээк өз баштарынан өткөн кайгысын, кубанычын, турмушка карата ой-пикирин кыска ыр түрүндө жана бир окуяны кучагына алган көлөмдүү чыгармаларда, тарбиялык мааниси күчтүү чыккан чыгармаларда бере башташкан. Ошентип, лирикалык, эпикалык, дидактикалык чыгармалар келип чыгат. Дидактикалык чыгармалардын ичинде “адам оюнун, акыл-эсинин энциклопедиясы” деп атоого татыктуу боло турган макал, ылакаптар кирет. Макал, ылакаптарга баа берүүдө эл суктануу менен «сөздүн гулдеру», «адам оюнун каймагы», «сөз килеми» деп аташат.
Макал, ылакаптын пайда болушу ошол элдин жашоо шарттарына, турмушуна жана ошонун негизинде психологиялык өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу болот.
Макал, ылакаптарды айрым адамдар чыгарса да, хронологиялык жактан тактоо кыйындык туудурат. Анткени макал, ылакаптын чыккан жылын сактап калууга практикалык зарылдык болгон эмес. Ошондой болсо да айрым макал, ылакаптын мазмунуна карата кайсы мезгилге таандык экенин билүүгө болот. Мисалы: «Кул жеймин дейт куйрукту, куда» билет буйрукту», «Кулда кулак жок деген» макал, ылакаптар кулчулук доордо пайда болгону белгилүү.
Ар бир элдин макал, ылакаптары жалпысынан алганда бир нече булактар аркылуу байып, өркүндөп келген.
Макал, ылакаптардын эн башкы булагы катарында адамдардын күндөлүк өтүп жаткан турмушту байкоонун негизинде чыгаргандарын алууга болот. Мындай макал, ылакаптар сан жагынан өтө көп болуп турмуштун бардык жагы менен байланышкан. Мисалы, байлык жана жардылык жөнүндө: «Байдын иши барман менен, кедейдин иши арман менен», «Байдын малын аяба, суктун чайын аяба», «Байдан май чыкса, кедейден туз чыгат», «Бай союуга козу таппай» жардынын жалгыз улагын сураптыр» ж. б. Соодагерчилик жөнүндө: «Касапчы энесине сөөк сатат», «Соодагерге мал кайгы, оорулууга жан кайгы», «Алтыга сатып, бешке алган, соодагердин адаты», Бийлөөчүлөр жөнүндө: «Бир жакшы бар — журттун камын жейт, бир жакшы бар — журттун малын жейт», «өрдөк жокто чулдук бий». Дин жөнүндө: «Кудайдын буйругу чачтан көп, аны аткарган киши жок», «Малды көрүп пайгамбар жолдон чыгыптыр», «Сопу сооган жебейт, жесе кабыгын да койбойт». Мал чарбасы жөнүндө: «Конуш алгыча өрүш ал», Мал баксаң
кой бак — каймак кетпейт чараңдан, ит баксаң сырттан бак — кой алдырбайт короодон»,
«Ат сыйлаган жөө баспайт».
Макал менен ылакаптын айырмасы. Көп учурларда адамдар макал менен ылакапты синоним катары колдоно беришет. Макал менен ылакап курулуш, түзүлүш жагынан да, мазмун жагынан да өтө жакын келишет. Бирок макал менен ылакаптын өздөрүнө тийиштүү мүнөздүү өзгөчөлүктөрү болот. Дал ошол өздөрүнө таандык касиеттеринин негизинде бирин макал, экинчисин ылакап деп атай алабыз. Макал менен ылакаптын форма жана мазмун жактан жакындыктарына карабастан бири-биринен айырмалап туруучу мүнөздүү өзгөчөлүктөрүнө төмөнкүлөр кирет.
Макалда адамдардын турмушка болгон көз караштары жана объективдүү чындыкты ачуу тике же кыйыр түрдө болсо да аягына жеткире айтылат.
Тике маанидеги Макалдар: а) Илим — окуу булагы, Билим — өмүр чырагы.
б) Байлык мурас эмес, жоктук уят эмес ж. б.
Кыйыр маанидеги макалдар:
а) Жерде жаткан жумуртка Асманда учкан куш болот.
Ал эми ылакаптарда болсо айтылуучу ой ошол шартка байланыштуу кыйыр мааниде айтылып, угуучудан өзүнчө болгон иш, же болуп жаткан окуяга байланыштуу корутунду чыгарышын шарттайт:
а) Мындан кийин эркек төрөмөй эсте болсун.
б) Дүйнөнү сел алса, өрдөк менен каздын тыйынча кайгысы жок деген. в) Мурун чыккан улактан кийин чыккан мүйүз озуптур.
Макалдарда адамдардын турмуштук тажрыйбалары топтолгондуктан, дидактикалык күчтүү мааниге ээ болот:
а) Алгыр болсо тайганың, алтындан алып каргы так, акылдуу болсо алганың, кулпундуруп жакшы бак.
б) Ачыкканга казан астырба, үшүгөнгө от жактырба.
в) Душманга кекти кетиргенче, денеден башты кетирген артык. г) Жаш менен жарышпа, көлөкөңдү кууба.
Көрсөтүлгөн макалдар түрдүү мааниде турат. Бул сыяктуу турмуштун түрдүү тарабына байланышкан макалдардан эң көп келтирүүгө болот. Кээ бир жыйноочулар макалдарды тематикалык принцип менен классификациялаганда тема тардык кылганы байкалат.
Ылакаптар болсо, кээ бир көрүнүктүү окуянын же типтүү жүрүш-туруштун, мүнөздүн жыйындысынан корутундуланып-сентенциялангандыктан — дидактикалык мааниси макалга салыштырганда кеп учурларда ылдый турат. Ылакаптар сан жагынан да, турмушту кучагына алуу жагынан да макалдарга салыштырганда эң аз.
Макал менен ылакаптын ортосундагы дагы бир айырма мына мында турат: макалдардын айтылып калуучу себебин түшүндүргөн тарыхы болбойт, тескерисинче, ылакаптардын айтылып калуу тарыхы болот.
Мисалы, макалда «Айыл жатканча отурсаң, күн чыкканча тынбайсың»,— деп турмуштук тажрыйбасынан чыгып, күндүз иштелбей калган ишти түнкүсүн иштөөгө аргасыз боло турганын көрсөтсө, ылакапта — «Ала байтал акылың болсо, сууга тарт” же «Сен кызыңды кетип калат деп ыйлап жатсаң, мен келип калат деп ыйлап жатам дептир» деп андан мурда окуя болгонун сөздүн маанисинен түшүнөбүз.
Макалдар менен ылакаптар көп убактарда форма түзүлүшү жагынан да айырмаланат. Макалда айтылуучу ой жеткире, курч айтылуучу сүйлөмдөрдөн гана турбастан, алар рифмалашып жана ритмделип да түшөт.
«Эл четине жоо келсе, жан аяган жигитпи,
Жакшы көргөн досунан мал аяган жигитпи».
«Жаман болор жигиттер, жакынына кас болот,
Жарды болор жигиттер, дөөлөтүнө мас болот .
Ал эми ылакаптарда рифмага көп көңүл бурулбастан, образдуулук үстөмдүк кылат. Образдуулуктан башка ассонанс, аллитерация көрүнүктүү орунга ээ болот: «Ачка отургандан көрө айранга нан сындырып жеген жакшы экен», «Этиң турмак табагыңды таап ал» ж. б.
Ылакаптардагы кыйыр маанинин күчтүүлүгү анын форма түзүлүшүнө таасир тийгизген. Ошондуктан, ылакаптар башка сүйлөмдөр менен ыкташууга ылайыкталып түзүлүп, контекстке карата ачык маани берет.
Макалдардын көпчүлүгү турмушта учураган бир нече иштердин жыйындысы, корутундусу катары пайда болуп, адамдардын күндөлүк турмушунда кеп жолугуп тура г. Мисалы, «Эксең, эгин, ичээрсиң тегин», «Жакшы болсоң жатык бол», «Сулуу сулуу эмес, сүйгөн сулуу» ж. б. макалдар адамдардын турмушунда далилденип бүткөн иштерден пайда болгону көрүнүп турат.
Ал эми ылакаптар болсо бир мүнөздүү иштин же окуянын негизинде пайда боло берет. Мисалы, «Өлгөн аттын такасын издеп алты ай жер казган байча», «Жаман жарманын кызуусу менен черүүгө аттаныптыр» ж. б. ылакаптар айрым гана көрүнүштөдөн пайда болгону байкалат.
Ылакаптар чыккан булагына байланыштуу макалдардан территориалдуулугу менен да айырмаланып турат. Кээ бир ылакаптар бир гана райондо же айылда колдонулуп, башка жерде колдонулбайт. Макалдарда мындай көрүнүштөр жок. Мисалы, Тоң районунда мүрзө казган жерден таш чыкса, «Абакандын мүрзөсүндөй» деп коюшат. Ушундай эле Калинин районунда саяк деп бирөөнү айтып койсо, «Саяк десең саяк болуп кал» деп юмордук ылакап менен жооп беришет. Жети-Өгүз, Покровкада «Дөөлөс төрүн бербейт, өлсө көрүн бербейт деген же «Салмаке болгону калгансыңбы?»,
«Калыбайдын тайганындай калтырап» деген ылакаптар айтышат. Бул ылакаптар башкаларга түшүнүктүү болбосо да, ошол территориядагыларга түшүнүктүү. Себеби, жериликтүү элдер мындай ылакаптын айтылып калуу себептерин билишет.
Макал — деп, коомдук турмуштун бардык жагын кучагына алуучу, адамдардын турмуштук тажрыйбаларынан алын- ган жана алардын дүйнөгө карата көз караштарын билдирип турган, тарбиялык мааниси терең, курч сөздүү, рифма жана ритмге ээ болгон, ойду бүтүрө айткан кыска, поэтикалык сүйлөмдөрдү айтабыз.
Ылакап — деп, кандайдыр бир окуянын негизинде же адамдардын жүрүш- турушунун, мүнөзүнүн өзгөчөлүгүн жыйынтыктап, так, элестүү кылып берилген, өзүнчө чечүүчү тарыхы бар, көбүнчө каймана мааниде айтылып, контекстке карата мааниси чечилүүчү кыска, образдуу сүйлөмдөрдү айтабыз.
Макал, ылакаптардын чыккан булактарын, айырмасын түшүнгөндөн кийин алардын ролу жана колдонуу шарттарын билүү зарылчылыгы келип чыгат.
БАЛДАР ЫРЛАРЫ
Кыргыз эли өзүнүн басып өткөн тарыхый жолунда көп санда ар түрдүү чыгармаларды жаратуу менен бирге, балдар үчүн да эң сонун ырларды, ойго жана фантазияга бай жомокторду терең маанидеги тамсилдерди, каймана түрүндө айтылган табышмактарды түзүшкөн. Балдар ырларын айрым адамдар чыгарса да, ал улам мезгил өткөн сайын эл арасына кеңири тарап, бара-бара алар коллективдик чыгармага айланып кеткен. Ошол себептүү балдар ырлары ким тарабынан жаратылганы, ким тарабынан айтылганы белгисиз.
Биздин колго келип жеткен материалдар балдар чыгармачылыгынын бир топ өнүккөнүн, кайсы бир ырлар традициялык ырга айланып кеткенин көрсөтөт. Бирок, ар бир чыгарма максаттуулукка ээ. Балдар чыгармаларынын негизги максаты жаштарды тарбиялоого багытталган. Кайсы бир чыгарма сөз өстүрүүгө карай ылайыкталып айтылса, кайсы бири кичинекейлердин акыл-эсин байытууга багытталган, кээ бир ырлар турмуштун айрым жактарын чагылдырган. Мына ушуга карай балдар ырларынын тематикасы ар түрдүү экенин байкайбыз.
Балдарга арналган чыгармалардын стили жеңил келет Балдарга ылайык чыгарылган жомоктордун көлөмү кыска, окуясы кызыктуу, кээде апыртмалуу болот. Андай жомоктордун каармандары да балдар. Алар илим-билимге умтулуп, кандайдыр жаңылыкты ачып, эчен кыйындыктарды жеңип чыгууга жетишет. Балдарга ылайыктуу жомоктордун тарбиялык мааниси зор, жаштарга таалим берүү жагы күчтүү. Ошондой эле балдарга арналган ырлар бир кылка эмес. Кайсы бир ырлар эң кичинекей балага ылайыкталып чыгарылган сыяктуу. Кичинекей баланын тил өзгөчөлүгү, түшүнүгүнүн тайкылыгы эске алынган. Кичинекейлердин жаш өзгөчөлүгүнө карай чыгарылган ырлар катары: «Балдар ыры», «Үркөр-үркөр топ жылдыз», «Курбака» жана башка ырларды көрсөтүүгө болот.
«Бешик ыры», «Жаңылмач» Жаңылмачтын шарты — сөздү ылдамдык менен тез айтуу керек. «Кой бешке чыкпай картаярбы, картайган койду картайган кончу кайтарарбы», же
«атакем эт ашатат, эт ашатса, беш ашатат» деген жаңылмачтарды тез-тез айта турган болсо, көнбөгөн адам жаңылбай койбойт. Мына ушундан эле баланын тилин жатыктырууда, сүйлөөгө көнүктүрүүдө жаңылмачтын зор роль ойногонун көрүүгө болот.
ЧЕЧЕН СӨЗДӨР
Кыргыздар сөз өнөрүн өтө жогору баалаган элдерден болуп саналат. Сөз өнөрү революцияга чейин элдин турмушун-да маанилүү орунга ээ болуп келген. Кадимки сүйлөгөн сөздөргө караганда өзгөчөлөнгөн сөздөр да кезигет. Андай сөздөр айтылган кырдаалды таап айтылгандыгы, курчтугу, таамайлыгы менен айырмаланат. Эл андай өзгөчө кырдаалдагы айтылган сөздөрдү «чечен сөздөр» деп, ал эми андай сөздөрдү жараткан адамдарга да «чечен» деп наам беришкен. Чынында адамдардын бардыгы эле жаралышынан чечен сүйлөөгө жөндөмдүү боло бербейт. Ал өтө зээндүү өзгөчө таланттуу адамдардын гана колунан келген.
Чечендер сөздү көз ачып жумгуча тез тапкандыгы, таамай айтууга чеберлиги, кырдаалды тез түшүнгөндүгү, сергек-сезгичтиги менен башкалардан айырмаланат. Кыскасы «кеп кутулбайт чеченден» деп элдик санаттарда кокусунан айтылбаса керек. Чечендер табыят берген жогорку аталган касиеттер менен эле чектелип калбайт. Алар элдин тарыхын, турмушун, кулк мүнөзүн, салтын майда-чүйдөсүнө чейин билиши өтө зарыл. Качан чечендер сүйлөй келгенде, чечендер менен айтышканда элдин турмушунан, салтынан билгендерине сүйөнө отуруп, өзүнүн сөз тапкычтыгын, таамай айта билгендигин көрсөтө алат.
Кыргыздар жалпысынан сөзмөр адамды кадырлап, ага урмат көрсөтөт. Ал эми чечен адамдарды да өзгөчө баалап, сыйлашат. Алардын сүйлөгөн сөздөрүн даңктап, кеп кылышат. Чынында кыргыздар сөзмөр, чечен келишет. Элибиздин андай мүнөздүү өзгөчөлүгүнө таң калып академик В. Радлов 1860-жылдары кыргыздарда болгондо мындай деп жазган: «Кыргыздар эч буйдалбастан, токтоосуз шар сүйлөшөт. Алар оюп ачык, так айта билишет. Сүйлөгөндө сөздөрүндө белгилүү деңгээлде кооздук сезилип турат. Жөнөкөй эле сүйлөгөн сөздөрүндө, айтылыштардын курулушунда мезгил-мезгил менен ритмикалык өлчөмдөр байкалып калат. Сүйлөм артынан сүйлөм ыр, ыр сабактары түрүндө келе түшкөндөй пикир калтырат. Мындай сөздөр ойлонуп айтылып, угуучуларга күчтүү таасир тийгизет. Угуучулар берилип, ырахаттанып угушат. Орундуу айтылган сөздү баалай да билишет. Сөзмөр, чечен адамдар сүйлөгөндө болуп көрбөгөндөй тынчтык өкүм сүрүп, угуучулардын көздөрү жайнап, демин ичине алып отуруп тыңшашат. Чечендин ар бир кооз айтыштары, ар бир акылман курч жана тамаша сөздөрү ийкемдүү...»деп, белгилеген окумуштуу «Түндүк түрк урууларынын элдик адабиятынын үлгүлөрү» деген эмгегинин 5 томуна жазган кириш сөзүндө.
Эл кырдаалга карай ыгын таап, орундуу сүйлөгөн кишини даңазалайт.. Андай адамдар көп сүйлөсө да ынтаа коюп угушат. Эл көп сүйлөгөндөнбү «сүйлөй-сүйлөй чечен болот» деп, өзүнчө бир машыгуунун, көнүгүүнүн татаал жолу катары баалашат. Качан сүйлөгөн сөзү орундуу айтылып, таамайлык, курчтук мүнөзгө ээ болуусу бышып жетилгенде гана — чыныгы чечен деңгээлге көтөрүлөт. Ага оюнун ачыктыгы, тактыгы бап келген деңгээлде гана эл «чечендин көркү таңдайда» деп чеченге мүнөздүү баа берет.
АЙТЫШТАР
Айтыштын мүнөзү. Айтыш ырлары — кыйла мезгилди кучагына алган, бизге белгисиз замандардан бери карай жашап келе жаткан жана эл арасына кеңири тараган жанр. Айтыш эки же андан көп адамдын катышуусу менен аткарылат. Мына ушундан эле эки кишинин бетме-бет чыкканын, бир-бирин жеңүү үчүн сынашканын байкайбыз. Айтыштын өзү негизинен чечендикти сыноого байланыштуу келип чыккан түр.
Айтыш дегенде чечендикти, сөз тапкычтыкты, акыл-эстүүлүктү, көрөгөчтүктү, билгичтикти жана искусствого таандык ар кандай өнөрдү чеберчиликте жөндөмдүүлүк менен аткара билгенди түшүнөбүз. Эгер ушундай жооптуу милдет коюлбаса, анда айтыш угуучуларды да, көрүүчүлөрдү да өзүнө тарта албас эле. Аткаруучулар канчалык чебер, канчалык күчтүү болсо, айтыш да ошончолук кызыктуу өтөт.
Айтышта айрым адамдарга мүнөздөмө берилип, жер-суунун пейзажы сүрөттөлүү менен катар, ырчынын ички кайгысы же кубанычы баяндалышы мүмкүн. Демек, айтышка эпикалык сыпаттоолор, лирикалык ойлор чагылдырылышы табигый көрүнүш. Токтогул менен Эшмамбеттин айтышында эпикалык баяндоолор болуу менен бирге, анда лирикалык чегинүүлөр да бар.
Сөзгө уста чечендер болсун, мейли жез таңдай ырчылар болсун куду майданга чыккан баатырлардан бетер элдин алдына чыгып, айтыша турган. Мунун өзү сахнадан оюн көрсөтүп жаткан артисттерди көзгө элестеткенсийт.
Айтыш ырлары оозеки эл чыгармаларынын ичинен өтө кеңири тараган түрлөрдөн болсо да, Улуу Октябрь революциясына чейин буларды эл арасынан жазып алуу, жыйноо иши жолго коюлган эмес болучу. Мына ушуга байланыштуу XIX кылымдын экинчи жарымынан мурун жашаган чечендер, сөз устаттары жана ырчылар белгисиз, ошол себептүү алардын айткан сөздөрү, жараткан ырлары жана айтыштары жазылып калбаган, сакталбаган. Ал гана түгүл, XIX кылымдын экинчи жарымынан кийин жашаган чечендердин да жана акындардын да мурастары бүт бойдон биздин доорго келип жеткен жок.
Айтыш ырларын сактоочулар, таратуучулар — негизинен эл жана ырчылар. Адат-салт айтыштары. Адат-салт айтышы дегенде эл ичинде турмуштук түрдүү нерселерге карай аткарылып, адатка жана акыры салтка айланып кеткен айтыштарды түшүнүүбүз керек.
Чечендердин айтышы. Чечендер айтышы өзүнчө өзгөчөлүккө ээ түрлөрдөн. Чечендер айтышы баланча доордо, бастанча заманда чыккан деп айтуу эч мүмкүн эмес. Кантсе да, чечендер айтышы байыркы түрлөрдөн болуу керек. Анткени, чечендер айтышы форма жагынан кара сөз түрүндөгү кадыресе айтыштарга окшош келет.
Акындар айтышы. Эгерде оозеки чыгармаларынын бардык түрү дээрлик биринчи жак менен жалгыз же бир топ адам аркылуу аткарылса. ал эми айтышта болсо эн кеми эки акын катышат.
ЖОМОКТОР
Жомок — кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгынан көрүнүктүү орунду алган адабий түрлөрдөн. Аида эмгекчил элдин көз карашы, чындыкка болгон мамилеси, учкул ойлору, өлбөс тилектери, эстетикалык идеалдары ар дайым кеңири чагылып келген.
Кыргыз элинин жомоктору, башка элдин фольклордук жанрлары сыяктуу эле, өзүнчө поэтикалык стилге, спецификалык бөтөнчөлүккө ээ. Кыргыз фольклорунда жомокторго байланыштуу эки терминди учуратабыз. Атап айтканда алар «Жомоктор» жана «Жөө жомоктор» деген ат менен кезигет.
«Жомоктор» деген ат башка оозеки чыгармачылыктын түрлөрүнө салыштырып караганда маани жагынан алда канча кеңири. «Жомок» дегенде кыргыз эли баатырдык салгылашууларга бай, зор окуялардын түйүндөрү менен байланышып, чоң идеяны берген, көркөмдүк жагынан жетиле иштелген көлөмдүү ыр түрүндөгү эпикалык чыгармаларды түшүнүшкөн. Буга «Манас» трилогиясынан тартып, «Курманбек», «Кожожаш», «Эр Төштүк», «Саринжи-Бөкөй» өңдүү кенже эпосторго чейин мисал боло алат. Буларды таланты жагынан өзгөчө айырмаланган жомокчулар айтышкан.
Ал эми жөө жомоктор көлөм жагынан кыска, көбүнчө кара сөз түрүндө болот. Окуялардын түрмөгү, сюжеттик чиелеништери, композициялык түзүлүшү, көркөм сөз тизмектери жагынан да негизинен жомокторго караганда алда канча жөнөкөй да, чакан да келет. Элибиздин күндөлүк турмушунда жөө жомоктордун көп айтылышы да ушуга байланыштуу болуу керек. Жөө жомок негизинен кыялый кошумчага, фантазияга бай келет. Ошол аркылуу кубулуш сүрөттөлөт. «Фантазия. кыялый кошумча жөө жомоктун мүнөздүү белгиси. Фантазиясыз жомок болбойт. Ал жомок эмес»,— дейт белгилүү изилдөөчү В. П. Аникин1.
Жомоктун өмүрү өз мезгили, убагы менен гана өлчөнгөн эмес. Ал ооздон-оозго, кылымдан-кылымга өткөн, жаңы шартка, турмуш кырдаалына, коомдук ыңгайга карап улам жаңы көз караштар, залкар ойлор, илгери үмүттөр менен толукталган. Ушул себептүү адамдардын алгачкы түшүнүгүн, көркөм ойлоосун берген поэтикалык таза чыгарманы азыр жомоктордун ичинен табуу өтө кыйын.
Кыргыз элинин жөө жомокторун негизинен үч топко бөлүүгө болот:
Айбандар жөнүндөгү жөө жомоктор;
Сыйкырдуу же кереметтүү жөө жомоктор;
Турмуштук жөө жомоктор.
15