Сабактын максаты: | Көрсөткүчтөрү: |
Билим берүүчүлүк | Окуучулар токтун багыты, ток күчү, амперметр жөнүндө кеңири түшүнүк алышат. | Эгер окуучу теманы түшүнүп, түшүнүгүн айтып бере алса сабак натыйжага жетет. |
Өнүктүрүүчүлүк | Ток күчүнүн маанисин түшүнүшүп, алган билимин күндөлүк турмушта кеңири пайдаланышат. | Маселе чыгарып, бирдиктерди СИ системасына келтире алышса, алган билимин турмушта колдоно алышса сабак натыйжага жетет. |
Тарбиялык | Турмуштагы мисалдарды угуп жана байкоо менен ойлоо сезимдери калыптанат, таанып-билүү жөндөмү жогорулайт. | Натыйжага жетет, эгер окуучулар сабакты кунт коюп угуу менен ойлонуусу тереңдеп, жаңыланса, кызыгуусу артса |
Сабактын этабы (убактысы) | Мугалимдин ишмердүүлүгү | Окуучунун ишмердүүлүгү |
Уюштуруу: 1.Саламдашуу | Окуучулардын катышуусуна, класстын тазалыгына көңүл буруу Алтын эреже Топторго бөлүү: 1-топ: Күч 2-топ: Паскаль 3-топ: Ньютон | Манастын жети осуятын алтын эреже катары кабыл алышат. 1.Биз күчтүүбүз биргебиз, Күчтүү болуп ар дайым, башкаларды жеңебиз. 2. Жетилебиз толобуз, Паскалдай физик болобуз. 3.Бүткүл дүйнөлүк тартылуунун законун, Улуу физик Ньютон ачып үйрөткөн. Ак жарыкты призмадан сындырып, Кубулжуган 7 түстү көрсөткөн. |
2. Шыктандыруу | Мээге чабуул: 1000:2 = *5 = :25 = :2 = -23 = ? Бул күн тарыхта: 1900-жылы- америкалык деңиз офицери, инженер Риковер туулган. Ал атомдук кыймылдаткычты, «Натилиус» атомдук суу астындагы кайыгын жасашкан. АКШда АЭСти түзүүгө катышкан. 1936-жылы-Нобель сыйлыгынын ээси Сэмюэл туулган. 1948-жылы Американын WIRe recording corporation тарабынан түзүлгөн биринчи магнитофондор сатыкка чыккан. | Окуучулар эсептешет: 27 Демек, бүгүн 27-январь. Бул күн тарыхта эмнеси менен эсте калган? Окуучуларга “Бүгүнкү күн тарыхта” рубрикасы тааныштырылат. |
3. Үй тапшырмасын текшерүү | | Окуучулар аныктама айтышат. 1.“Ток” деген сөз кыймыл же бир нерсенин агымы дегенди түшүндүрөт. 2. Электр тогу - бул өткөргүчтөгү заряддуу бөлүкчөлөрдүн кыймылы. 3. Сүрөт боюнча сүйлөп беришет. |
4. Жаңы темага өбөлгө: | “Пазл” оюну | Окуучулар пазлды туура теришсе, “Токтун багыты. Ток күчү. Амперметр.” деген сабактын темасы келип чыгат |
5. Жаңы теманы түшүндүрүү | 1.Токтун багытын аныктоо боюнча видео көрсөтүлөт. Чынжырдагы токтун багыты ток булагынын оң уюлунан терс уюлуна карай багытталат деп шарттуу түрдө кабыл алынат. 2. Сүрөттөгү ар бир жазуу түшүндүрүлөт, чечмеленет. 3. | Окуучулар схеманы дептерге чийишет: 2. Ток күчүнүн аныктамасы, формуласы, СИ системасындагы бирдиги менен таанышышат. Эселик, үлүштүк бирдиктерди СИ системасына айландырууну үйрөнүшөт. 3.Ток күчүн өлчөөчү куралдын түрлөрү менен таанышышат. Шкаласындагы бирдик бөлүктүн баасын аныктоону үйрөнүшөт. |
6. Практикалык иш | 1. Лампочканын ток күчүн паспортуна карап үйрөнүшөт. 2. Ток күчүнүн эселик, үлүштүк бирдиктерин СИ системасына келтиришет. 3. | 1. Миллиамперметр, лампочканын жардамы менен. 2. 1000 мА = 1 А 30000 мкА = 0,03 А 5 кА = 5000 А 12 мА = 0,12 А 3. |
7. Бышыктоо | 1. 2. https://learningapps.org/display?v=pu62ufgut23 | 1. Окуучулар ойлорун түшүндүрүшөт. В вариантын туура деп жооп беришет. 2.Жуптарды тандашат. Акырында канча суроого туура жооп бергени, канча ката кеткени автоматтык түрдө экрандан көрүнөт. |
8. Үйгө тапшырма | § 49 103-беттеги 3-маселе | Теманы окуп, маселин чыгарып келишет. |
9. Баалоо | 1. Баалоо экраны сүрөттүн бөлүктөрү болот. 2. Топтун упайлары жакшы болсо, алган бөлүктөрдү кураштырса, мектептин сүрөтү чыгат. 3. Ар бир окуучу өз-өзүнчө бааланат. | 1. Ар бир окуучунун алган упайы эсептелет, ошого жараша бааланат. 2. Топтогу окуучулардын упайлары жалпы эсептелип, жеңүүчү топ аныкталат. |
10. Жыйынтык-тоо | Азаматсыңар, урматтуу окуучулар, бүгүнкү өтүлгөн теманы жеткиликтүү түшүндүк деп ойлойм, буйруса, турмушта сөзсүз пайдасы тиет деп ишенем. Ушуну менен сабагыбыгыбыз сонуна чыкты, саламатта калыңыздар. | Саламатта барыңыз. |