СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Элибиздин баалуулуктары

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарбиялык саат

Просмотр содержимого документа
«Элибиздин баалуулуктары»

Элибиздин баалуулуктары: Тилибиз, дилибиз менен улутпуз.


А: Окуучуларга суроо:

  1. Элибиздин баалуулуктарын коргогон кайсы адамдарды тааныйсыңар?

  2. Элибиздин баалуулуктарын коргош үчүн эмне кылыш керек?

  3. Башка өлкөлөрдөн өзгөчө батыштын бардык жактарын үлгү катары алуу туурабы?

Б: Теманы түшүндүрүү

Ааламдашуу (глобализация) жүрүп жаткан ушул заманда элибиздин баалуулуктарын унутуп чет өлкөлөрдү туурап калганыбыз сокур кишиге да көрүнүп жатпайбы. Ушул багытта кете берсек келечегибиз кандай болоору бүдөмүк. Биздин келечегибиз, өсүп келе жаткан жаңы муунга шам болуп жол көрсөтүп бербесек, тарых бизди кечирбейт го. Ата-бабаларыбыз канча ирет оту өчүп, күлү көккө сапырылып, баштарына караан түн түшкөндө сабыр кылып, кайрат кылып, алдыга умтулуп, туу тутунган өз баалуулуктарын сактап кийинки муундарга жеткиргенге жетишти. Узакка сапар албай эле, жакынкы тарыхыбызга назар салсак, жогоруда айтылгандарга мисал боло ала турган окуяларды көрөбүз. Кыргыздын чыгаан уулдары Тыныстанов, Абдрахмановтордун улуттук баалуулуктарыбызды кийинки муундарга өткөрүү үчүн өз жандарын курмандыкка чалганына бардык эл күбө. Ушундай кыйынчылык менен бизге чейин жеткен баалуулуктарды сактап, кийинки муунга өткөрүп берүү биздин да атуулдук милдетибиз, мойнубуздагы карызыбыз.

Жок, тескерисинче кыргыз болуп төрөлүп, кыргыз болуп жашоодон, кыргыз болуп өлгөндөн намыстансак, белгилүү акын Ш. Дүйшеев айткандай “киргиз” болуп өз тилибизде сүйлөөдөн уялсак, эртең эле жер бетинде “кыргыз” деген улуттун өчүшү чындыкка айланып кетпесин.

Тил жоголбойт,
Жоголсо жоголот дил.
Тукумуң да,
Тууруң да жоголот, бил!
Тил жоголбойт,
Жоголсо айланасың,
Колу-бутсуз мунжуга тоголок бир!…

Деп акын таамай айткан.

Бизди улут кылып дүйнө элдеринин катарына кошуп келе жаткан биздин тилибиз, каада-салттарыбыз, ички жан-дүйнөбүз, руханий мурастарыбыз. Элибиздин ички жан дүйнөсү канчалык бай экендиги сырттан келгендерди таң калтырат эмеспи. Жогоруда айтылган тили өзүнчө эле укмуш. Бир изилдөөчү, кыргыз эли өзүнүн оюн, сезимин ыр аркылуу айткан уникалдуу калк деп биздин төкмөчүлүгүбүздү даңазалаган. Чет элден келген коноктор жайнатып салган дасторконубузду көрүп таң калат. Колубузда эмнебиз болсо баарын коногубуздун алдына койгонубуз меймандостугубуздун жогорку денгээлин көрсөтөт. Өтүп бараткан жолоочуну түшүрүп кымыздан ичирип, акчасын берсе “ак сатылбайт” деп кайрымдуулугун көрсөткөн. Улуу киши келсе жаштары ордунан тура калып, эки колдоп учурашып, көрсөткөн сый-урматты көп элдерде жолуктуруу кыйын. “Кары келсе ашка, жаш келсе ишке” деп, улуу кишилердин сый-урматка татыктуу экенин, ал эми жаштарды болсо мээнеткечтике үгүттөгөн баалуу нарктарыбыз бар. Керек болсо элимдин тынчтыгы жана амандыгы үчүн өз уулумдун жанын соога кылам деген энелерди кайсы элден көрө аласыңар. Элим душмандын баскынчылыгынан аман болсун деп өз көкүрөгүн дзотко тоскон эр-жүрөк жигитти биздин энелер тарбиялады.

Азыркы күндө да Раззаковдой эр жүрөк, мекенчил, эли жана жери үчүн күйгөн атуулдарыбыз жок эмес, бар. Элине насаатын айтып, туура багыт берген Курманжандай энелерибиз да кездешпей койбойт. Бирок ошол эле учурда Айтматовтун Жоломанындай өзүнүн ата-тегин, улутунун баалуулуктарын, адамдык сапаттарын жоготуп койгон адамдар да бар.

“Эмне эксең, ошону бычасың” дегендей келечегибиздин күзгүсү жаштарыбызды кандай тарбияласак, мамлекетибиз ошончолук даражада жашайт. Батыштын чыласына суугарылып, шамалына сапырылбайлы. Мындайча айтканда жакшы жактарынын ордуна жаман жактарын үлгү албайлы. Өнүккөн жактарын, технологиясын, өндүрүшүн өрнөк алалы, бирок, нарктарыбызды сактайлы. Тетирисинче, биздин мекенчилдигибиз, ыймандуулугубуз, улууларды урматтаганыбыз, аларга үлгү болуш керек.

Бир адам өз бактысын издеп алыска сапар тарткан экен. Анын жалгыздыгынан пайдаланып, туура жолдон чыгарайын деген максатта, шайтан адам кейпин кийип келип, ага алыс жолдо дос бололу деп суранат. Ал адам макул болуп, экөө андан ары жол тартышат. Ошентип, бир аз жол жүргөндөн кийин, шайтан аны сөзгө тартат:

  • Эми ат жалына казан асып, узун жолду кыскарта басалы. Ошентип, жакындан таанышып алабыз, көңүлдүү да барабыз. Кайда сапар алдың, досум?

  • Ээ, эмнесин айтайын, бул жашоодо көп нерсени көрдүм, көптү үйрөндүм. Бирок бир түрдүү жашоодон жададым. Бактылуу болоюн деп бактымды издеп баратам, - деп жооп берет ал адам.

  • Аа, ошондой де... А сенин үй-бүлөң барбы?

  • Ооба, аялым, балдарым бар.

  • Сен алыска кетсең аларды ким карайт? Же сен келгенче жетерлик азык-түлүгүн камдап берип, кетип жатасыңбы?

  • Ар кимдин өз ырыскысы өзүндө дешет го, кудай аларга менсиз деле берчү ырыскысын берет да. Өз күнүн көрүп жашай берет.

  • А ата-энең барбы? Аларды ким карап калды?

  • Ата-энем деле өтө картайып кеткен жок. Алардын деле ичер суусу бар. Ушул убакка чейин бир баласынын келечеги үчүн кам көрүп, дүнүйө жыйып койбогон да. Ошентип, менин бактым үчүн байлык жыйып койсо, мен минтип баш оогон жакка кетет белем. Эми аларды таштап кеткеним үчүн күнөөлүү эмесмин. Мен да эл катары жашоодо өз ордумду табышым керек да.

  • Азыр кайсы тарапка жол тарттың?

  • Кайсы жерден бактымды таап, бай болсом, көп дүнүйө топтосом, мына ошол жакка барам.

  • Ал эми туулган жериңчи? Мекенди таштап кетесиңби?

  • Мекен деген, эмне, менсиз жетимсиреп калмак беле? Азыр кайысыл жерде бай турмушта жашасаң, мекениң ошол жер да. Мекен, үй-бүлө деп бактыма балта чапмак белем.

Бул жоопторду уккандан кийин шайтан ошол замат артка бурулуп, ал адамдан алыс качып жөнөйт. Аны көргөн адам артынан кыйкырат:

  • Эй сен кайда? Сапарлаш болом дебедиң беле? Кайда качып баратасың?

  • Ата-энесинин ак сүтүн актап, сыйлай албаган, бакыт тартуулаган үй-бүлөсүнүн кадырына жете албаган, өз мекенин жарыбаган акча, жалтыраган тыйынга алмашкан сендей адам болобу. Сен ансыз деле тайкы жолдо экенсиң. Кокус ата-энеңдин дубасы, балдарыңдын көз жашы Жаратканга жетип, сенин кылганыңа Жараткандын каары келип, бир балекет жиберсе, мен да зыян тартып калбайын деп качып баратам, - деп шайтан ал адамдан алыс качып кеткен экен.

Ушул сыңары бир адамдын өзүнүн элинин баалуулуктарын, тарыхый жана маданий мурастарын, өзүнүн тарыхынан кечип, бактылуулукту башкалардын мүнөзүндө, башкалардын маданиятында издесе кандай жаңылыштык ичинде экендиги баарыбызга көрүнүп турат. Кандай сонун, берекелүү жерибиз бар, кандай ширин, балдай аккан тилибиз бар, башка элдерди суктандырган шайыр, ак-көңүл, кең-пейилдүү мүнөзүбүз бар. Биз өзүбүз гана болгондо бактылуу болобуз.




В: Накыл сөздөр.

Эр жигит эл четинде, жоо бетинде.

Туулган жердин топурагы алтын.

Башка жерде султан болгуча, өз жериңде ултан бол.

Туулган жериң – алтын бешигиң.




Г: Ыр саптары.

ЭНЕ ТИЛ

Бөрк ал десе башыңдан кан алышкан,
Бөдөнөдөй бөжөңдөп жан багышкан.
Эне тилин унутуп мансап үчүн
Эх, канчалар маңкуртка айланышкан.

Жыргагандын баары эле турмуш эмес,
“Жылт” эткендин баары эле жылдыз эмес.
Билебиз деп төштөрүн каккан менен
Билбегендер өз тилин кыргыз эмес!

Калдайгандын баары эле канат эмес,
Кабыландын баары эле Манас эмес.
Калкын чанган, калкынын тилин чанган
Кан болсо да кыргыздын баласы эмес!

Тил жоголбойт,
Жоголсо жоголот дил.
Тукумуң да,
Тууруң да жоголот, бил!
Тил жоголбойт,
Жоголсо айланасың,
Колу-бутсуз мунжуга тоголок бир!…

(Шайлообек Дүйшеев)