СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эмгекти сүйүү - ийгиликке карай жол. (Тарбиялык саат)

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Эмгекти сүйүү - ийгиликке карай жол.  (Тарбиялык саат)

Просмотр содержимого документа
«Эмгекти сүйүү - ийгиликке карай жол. (Тарбиялык саат)»

ЭМГЕКТИ СҮЙҮҮ - ИЙГИЛИККЕ КАРАЙ ЖОЛ

Мени таң калтырганы, жалкоолуктан алардын турмушунда кедейлик жана бактысыздык келип чыгуусун, адамдар түшүнүшпөйт.


Чыңгыз Айтматов

Сабактын максаты:

  • Инсандын эмгекти сүйүүсүнө, умтулуусуна мүмкүндүктү түзүп берүү, ошондой эле өзүнүн жеке турмушун пландаштырып, аны акыл-эстүүлүк менен башкаруусун түшүндүрүп берүү;

  • Дүйнөгө оң мамилени калыптандыруу;

  • Окуучуларга өздөрүнүн көз карашын айтууга жана аны коргоого керектүү ыктарын өөрчүтүү.


Керектелүүчү ресурстар:

  1. Афоризмдерди кагазга жазып, аны доскага илип коюңуз.

  • Артыкчылыкка жетишүүнүн бир гана жолу бар – бул талыкпаган эмгек (Сидней Смит, 1771—1845 — англ. сатирик жана саясый жазуучу)

  • Улуу адамдардын турмушу чымыркануу жана үзгүлтүксүз эмгектенүү болгон (Сидней Смит 1771-1845 — англ. сатирик жана саясий жазуучу)

  • Эгерде сиздин талантыңыз болсо - эмгекти сүйүү аны жакшыртат, а эгерде сиздин талатыңыз жок болсо - анда эмгекти сүйүү кемчиликти толтурат. (Джон Рёскин -

1819-1900 — англ. жазуучу, сүрөтчү, маданияттын теоретиги, адабият сынчысы жана акын)

  • Турмуш- эмгексиз эч нерсе бербейт. (Гораций - биздин доорго чейинки VIII кылым)

  • Рим адабиятынын «Алтын кылымдагы» эски акыны).

    • Сиздин кандай гана максатыңыз болбосун эмгектенүүнү кааласаңыз, сиз ага жетишесиз. (Опра Уинфри - алып баруучу, 2010-жылы шоу-бизнестеги эң бай адамдардын тизмесинин баш сабында болгон)

  1. «Менин максатым» деген жазуусу бар ак баракты ар бир окуучуга чыгарып бериңиз.

  2. «Кесипти тандоо» карточкасы (3 экземпляр)

Сабактын жүрүшү:

  1. Киришүү бөлүгү (5 мүн.)

Максаты: ийгиликтүү адамдардын эмгекти сүйүү аркылуу ийгиликке кантип жеткендиги боюнча айткан сөздөрү менен тааныштыруу; адамдын турмушунда эмгек кандай маанини ээлей тургандыгын ачып берүү.

Мугалими ийгилик кантип жаралат?- деп көпчүлүк адамдарга суроо берет.

Бул суроо тууралуу дүйнөнүн философтору, окумуштуулары, адабиятчылары ой жүгүртүшкөн. Доскага жазылган сөздөргө карасаңыздар.


Талкуулоо:

    • Бул учкул эмне жөнүндө?

    • Алар эмнеге үйрөтөт?

    • Эмгектин жалпы адамзаттын өнүгүүсүндө кандай ролу бар?

    • Учкул создордун авторлору кандай адамдар?


Болжолдуу жооптор:

    • Адамды адам кылган - эмгек;

    • Эмгек адамды бутуна тургузду, аны колун бекемдеди, анын уникалдуу мээсин өркүндөттү.

    • Миңдеген жылдар бою жерде жасалган бардык нерсе – таш балтадан баштап микроскопко жана Эйфелево мунарасына чейин - эмгек менен жасалды.

    • Афоризмдин авторлору - коомдо көпкө жетишкен, атак-даңкы чыккан адамдар.


Жыйынтыктоо:

Эмгек гана адамга сүйүнүч алып келет, анын кыска жашоосун узартат, ага ишенимдүүлүк берет, анткени өтүп кеткен адамдын урпагы, көзү тирүү кезинде жасаган эмгегин, жакшы сөздөр менен эстейт.




Бул адамдар турмушта ийгиликтерди жаратышты. Ийгилик деген эмне?

Ийгиликтин кандай факторлору бар? Сиздер ийгилик дегенди кандай түшүнөсүздөр? Турмушта ийгиликке кантип жетишсе болот?

Бул суроолорго биз сиздер менен төмөнкү көнүгүүлөр аркылуу жооп беребиз.

  1. «Ийгилик» көнүгүүсү

(3 мүн.)

Максаты: ийгилик тууралуу түшүнүктү калыптандыруу.

Мугалим: Ийгилик деген сөздүн ар түрдүү түшүндүрмөсү бар, бул сөз көп маанилүү.

    • Ийгилик - кандайдыр бир нерсеге жетүүдөгү жетишкендик (ийгиликке жетүү).

    • Коомдун таануусу (спектаклдин ийгилиги).

    • Окуудагы, жумуштагы жакшы натыйжа (музыкадагы ийгиликтер. Өндүрүштөгү жетишкендиктер).

Ушул аныктамалардын баарынын маңызынын жыйынтыгы төмөнкүлөргө алып барат, ийгилик – бул алдыга койгон максаттарга жетишкендик.

  1. «Менин максатым» көнүгүүсү (10 мүн.)

Максаты: Окуучуларды максатты кантип коюуга үйрөтүү.

Мугалим: Психологдор айтышат, турмуштагы ийгиликтерге жетишүүдөгү биринчи жана негизги кадам - максатты туура коюу. Силер, аз убакытка болсо да өзүңөрдүн турмуштагы максатыңарды

жана аны ишке ашырууну белгилегилечи.

«Менин максатым» барагын өз алдынча толтурууну сунуштайт.


Талкуулоо:

    • Максатты коюу зарылбы? (Ооба)

    • Максатты коюу үчүн эмне зарыл? (эмнеге жетишүү керек экендигин түшүнүү)

    • Ким өзүнүн жазгандарын айтып бере алат?


Болжолдуу жооптор:

    • Убакытты эртелеп баалоону үйрөнүшсө, өзүнүн күнүн пландаштырса, анда ал адам, ийгиликке тезирээк жетишкенин, көпчүлүк адамдардын тажрыйбасы айтып, далилдеп турат.

    • Турмушта ийгиликке жетишүү үчүн, ар күнү планды түзүп жана өзүнүн турмуштук тажрыйбасын талдап туруусун психологдор кеңеш беришет.

Мугалим: Бирок, бир гана максатты коюу жетиштүүбү?


Болжолдуу жооптор:

    • Жок, ага жетишүү үчүн аракет кылыш керек, башкача айтканда, жакшы калыптанган эрктүүлук сапаттары болуш керек.


Жыйынтыктоо: кээ бир жалкоолорго жашоо такыр көңүлсүз эместир, мүмкүн, алар жалкоо экендигин билишпейт

чыгаар. Бекерчилик - бул адамдын жумуш кылбаганы, колун куушуруп олтурушу эмес. Бекерчилердин дайыма убактысы жок, телефон менен тынбай сүйлөшөт, кээ бир учурда күнүгө конокко барат, телевизордун жанында бардык көрсөтүүнү көрөт, интернетте олтурат, көпкө уктайт, өзүнө ар түрдүү

«жумуштарды» ойлоп табат. Жалпы алганда, бекерчи адамдын ар дайым бош убактысы жок.

Мугалим: Бул ирония сиздерге түшүнүктүүбү? Эмгекти сүйбөй жана алдыга максат койбой ийгиликтүү болуу мүмкүн эмес.


  1. «Эмгекти сүйүү - ийгиликке карай жол» көнүгүүсү (5 мүн.)

Максат: ийгиликке жетүү үчүн ажыратуу (ранжирование) методун колдонуу аркылуу негизги сапаттарды аныктоо.

Мугалим: Тандап алган кесипте ийгиликке жетүү үчүн эмне кылуу керек? Мугалим окуучуларды үч

топко бөлүнүшүн суранат. Ар бир топко ийгиликке жетүү үчүн керектүү болгон 5 сапаттарды жазуусун өтүнөт.

Болжолдуу жооптор:

    • талант;

    • максатка умтулуу;

    • эмгекти сүйүү;

    • өзүнүн шык-жөндөмдөрүн өнүктүрүү;

    • акча.

Мугалим топтордун иштеп чыккан даярдоолорун доскага илет. Бул кагаздарда кайсы сөздөр эң көп жолугат деп сурайт.

Мугалим: бизге ийгиликтин эң керектүү болгон үч сөзүн жазуу керек эле. Бизде эмнелер жазылганын, чогуу көрөлү.

    • Ийгилик биринчи кезекте биздин туруктуулугубуздан жана эмгекти сүйүүбүздөн көз каранды. Биз - өзүбүздүн ийлигибиздин куруучуларыбыз.

Ч. Дарвиндин сөзү бар: «Эгерде сиз жумушту туура тандап алсаңыз жана ага чын көңүлдөн берилип иштесеңиз, кубаныч сизди өзү табат».


  1. «Менин келечектеги кесибим» көнүгүүсү (10 мүн.)

Максаты: өзүбүздүн тагдырыбызды, келечектеги кесибибизди туура тандоодогу жоопкерчиликти калыптандырууну үйрөтүү.

Мугалим: Силер 9-классты бүтүп жатасыңар. Көпчүлүгүңөр келечектеги кесипти тандоо тууралуу ойлонуп жатасыңар.

    • Мектепти аяктап бүткөн соң эмне менен алектенесиңер?

    • Өзүңөрдүн тандооңорду эмнеге менен жетектейсиңер?

Мугалим окуучуларды үч топко бөлүнүүсүн сунуштайт. Ар бир топко кесиптин аты жазылган карточкалар таркатылып берилет.


Кесиптин аты жазылган карточкалар:


Бухгалтер

Тарбиячы

Юрист кеңешчи

Дизайнер

Ашпозчу

Программист

Дарыгер

Ишкер

Квалификациясы

бар жумушчу

Ширетүүчү

Айдоочу

Чач тарач

Мугалим:

    • Аталган кесиптерди элдин арасында кадыр-барктуу жана кадыр-барктуу эмес деп бөлгүлө. Өзүңөрдүн тандооңорду негиздегиле.

(Кадыр-барктуу - таасир этүүдөн, ардактуудан пайдаланган кимдир бирөө. Кадыр-барктуу - социалдык статусу жогорку кесипкөйлүк)

    • Биздин шаарда кайсы кесиптин ээси жумуш табууда мүмкүнчүлүгү жогору (жыйынтыктоо).


Корутунду: айланаңызды караңыз, өзүнүн шыгы, билими, эмгеги жана туруктуулугу менен ийгиликке жеткен адамдарды тааныйсыздар же билесиздер. Азыркы тил менен алганда, өздөрү калыптангандар. Бирок кээ бирөөлөрдүн жолу болбосо себептерин талдабай туруп, күнөөлүүлөрдү издешет.


Ойлонуңуз, сизге эмне жакын? Болжолдуу жооптор:

    • Биринчи караганда кесип кадыр-барктуу эместей көрүнөт, бирок, баары адамдын өзүнөн көз каранды.

    • Эгерде силер тырышчаак, эмгекти сүйгөн болсоңор, анда кандай гана кесипкөй чөйрө болбосун жетишкендикке жете аласыңар.

Мугалим: ар күнү үч суроого жооп бергиле.

    • Эмне кылдым?

    • Эмнени кылсам дагы эң жакшы болор эле?

    • Эртеңкиге негизги маселелер (милдеттер)

Ката кетирүүдөн коркпоңуз. Эске салыңыз: эч нерсе кылбаган адам гана ката кетирбейт.

  1. «Ийгиликтин формуласы» көнүгүүсү (10 мүн.)

Максаты: анализ кылуу, сабакта алган маалыматты рефлексия кылуу аркылуу корутунду жасоо жөндөмүн калыптандыруу.

Мугалим: сиздердин алдыңыздарда сөздөр бар: өзүн-өзү талдоо, максат, эмгекти сүйүү, жетишкендик жана белгилер: ++ө. Бул сөздөрдү жана белгилерди колдонуп ийгиликтин ачкычын тапкыла.


Болжолдуу жооптор:

    • Турмуштун ийгилигинин формуласы төмөндөгүдөй.

Ийгилик ө максат+ эмгекти сүйүү+ѳзүн-ѳзү талдоо.

  1. Коштошуу адеби

(2 мүн.)

Максаты: сабакты жакшы маанайда аяктоо.

Мугалим окуучуларды жанаша партада отурган окуучунун көзүнө карап, «Досум, эмгекти сүйүү - ийгиликке карай жол» деп айтуусун суранат.