Бишкек шаардык А.Каниметов атындагы №1 гимназия – интернаты
Реферат
Тема:Окуучулардын дуйнөгө болгон илимий көз карашын калыптандыруу жана акыл тарбиясы.
Аткараган:Калыбай кызы Г
Көз караш жөнүндө түшүнүк.
Көз караш дегенибиз адамдын чындыкка: социалдык чөйрөгө табияттын кубулуштарына, адамдын бири-бири менен жана коом менен карым-катнашына карата мамилелерин көрсөткөн дүйнөгө болгон көз караштарынын системасы болуп эсептелет.
Жеке инсандын көз карашы менен коомдогу таптардын көз караштарын айырмалоо керек. Таптын көз карашы анын жалпыланган коомдук аң-сезиминен жана идеологиясынан байкалат. Ал эми инсандын көз карашы анын ой -толгоолорунда, сезиминде, эркиндигинде, ишмердүүлүндө байкалып, анын субьективдүү абалын көрсөтөт.
Илимий көз караш дегенибиз тарыхта такталган билимдердин тыянагына негизделип, элдин түрдүү ишмердүүлүктөрүнөн көрүнүп турган, адамдын коомго жана табиятка болгон материалисттик көз караштарынын системасы болуп эсептелет: Бүтүндөй пролетардык идеологиянын, демек көз караштын, илимийлүүлүгүнүн адамзаттын билиминин баардык материалына таянаарын В.И.Ленин баса белгилеп көрсөткөн.
Көз караштын структурасы, негизги белгилери.
Билим (элес-булас тааныштык, түшүнүк) көз караштын структуралык бөлүктөрүнүн баарынан мурда пайда болот. Алган билим чындыкты чагылдырса, дүйнөгө болгон көз караш да туура болот. Адамда көз караштык билимдин гана болушу аздык кылат, ал эми билимдин чындык экенине адам шек келтирбей ишенүүсү зарыл. Ишеним – көз караштын экинчи структуралык бөлүгү. Ишенимдин мааниси өтө зор, анткени адамдардын ишмердүүлүгү ишенимге таянат. Билим менен ишеним экөө бирдей боло бербейт. Мисалы биз идеялизм эмне экенин билебиз, бирок бул көз караштык чындык экенине ишенбейбиз.
«Чындык» менен «ишеним» деле бирдей эмес, адам жалган нерсени чын деп ишениши мүмкүн (Мисалы: ырым-жырымга) тескерисинче жалган нерсени чын деп ишенбей коюусу да мүмкүн, жалганды чын деп кабыл алганда сокур ишеним да пайда болот. (ырым, бакшы, бүбүгө ишенүү) дүйнөгө болгон көз караштын эки түрү бар: бири илимге каршы (идеалисттик), экинчиси илимий (материалисттик)
Идеализм менен метафизика илимге каршы көз караштын назарияттык негизин түзөт. Илимий көз караш башка көз караштар менен келишпес күрөш жүргүзөт. Ал күрөштөгү позициясы – коргонуу эмес, дайыма чабуул коюуу.
Илимий көз караш кудайдын кудуретинин күчүнө ишенбейт, атеисттик багытта иш жүргүзөт. Илимий көз караш адептүүлүк норманын талаптарына ылайык ишке ашат. Аны менен тыгыз байланышта.
Акыл тарбиясы жана илимий көз караштын калыптанышы.
Илимий көз караштын калыптанышы илимий билимдердин негиздеринин эң башкы идеялары болгон: Дүйнөнүн материалдуулугу, аны терең үйрөнүп таанып билүү мүмкүндүгү, айлана-чөйрөдөгү чындыкты адамдын өзгөртө алуу мүмкүнчүлүгү, мыйзам ченемдүүлүгү, коомдук кубулуштардын маңыз – маанисин жана себептерин билүү мүмкүндүгү, эксплутатордук коомдо эзүүчүлөр менен эзилүүчүлөр менен кызыкчылыктарынын келишпес карама- каршылыгы өндүү түшүнүктөрдү жаштардын кабыл алып, терең аңдап түшүнүүсүнө жараша болот. Адамдын дүйнөгө болгон көз карашы кубулуштардын маңыз - маанисин түшүндүрө билүү менен гана чектелбестен анын амалияттык ишмердүүлүгү менен күндөлүк эмгегинде да көрүнүп туруусуна жетишүү – тарбия жараянынын негизги милдети болуп эсептелет.
В.А.Сухомлинскийдин мектебинде окуп жаткан учурда ар бир окуучу табияттын күчүн өзүнө багындыра ала турган бир нече тапшырмаларды аткаруунун үстүндө эмгектенишкен. Алсак, дан эгиндеринин айрымдарынан бир жылда эки түшүм алышкан. Атайын жер семирткичтерди пайдаланышып, айрым өсүмдүктөрдүн жетилүүсүн тездетишкен. Селекция жолу менен буудайдын суукка чыдамдуу сортун чыгарышкан, бир нече чарчы метр эч нерсе өспөгөн топурагы бар жерди көк ала майданга айлантышкан, кызылчанын канттуулугун ашырышкан ж.б.у.с. көп иштерди аткарышкан. Мындай тажрыйбалар жараянында чындыкты дагы тереңирээк таанып билип, адам өзүн-өзү жакшылап таанып, табигаттын сокур күчтөрүн колундагы оюнчук эмес экендигине ишене баштайт.
«Индивиддин чыныгы руханий байлыгы анын чыныгы мамилелеринин байлыгына толук көз каранды» - деп жазышкан К. Маркс менен Ф.Энгельс. Жогоруда биз мисал келтирген окуучулардын тажрыйба, эксперимент жана эмгектенүүлөрү алардын чыныгы мамилелернинин байлыгынын маңыз-маанисин айгинелейт. Мындай кырдаалда ар бир идея жеке ишенимге, көз карашка тез айланат. Окуучулардын көз караштык ишенимдери алардын активдүү ишмердиги жараянында калптануусу өтө маанилүү. Мындай учурда адам өтө зирек көп билүүгө, кунт койгон мүнөзгө ээ болот. Мындай адамдар табияттын кубулуштарындагы себеп-натыйжа байланыштарынын татаал айкалышууларын аңдап түшүнүүгө умтулат, күч эмгегин сүйүшөт, ага интеллектуалдык башталыштарды кийрүүгө далалаттанат. Алар бирге эмгектенгендерин бир да кубулушту калтырбай үйрөнсө болот деп ишендире алат. Бала чындыкты өз эмгеги менен ачып гана тим болбостон, ал чындыкты аңдап түшүнүп, кыйынчылыкты жеңип, жаңылыкты ачуунун рахатын башынан кечирсе гана сырткы дүйнөнү активдүү көрө алат. Ошондо гана ал үчүн чындык жакын, ал үчүн чындык кымбат болот. Ошондо гана ал эч качан чындыкты бурамалабайт жана башкалардын бурмалоосуна жол койбойт.
В.А. Сухомлинский: «Таанып билгенди – далилдөө жана далил дегенди – таанып билүү так ушул эмгек менен ой толгоонун биримдигинде акыл тарбиясы менен көз караштын биримдиги турат» - деп жазат.
Табияттын жана адам коомунун мыйзам ченемдүүлүкторү чагылдырылган окуу предметинин мазмунунда илимий көз карашты калыптандыруунун жана акыл тарбиясынын көп мүмкүнчүлүктөрү жатат. Илимий тарбияны калыптандыруу үчүн тарбиячы, балдардын жан-дүйнөсүнө терң ойлонуу менен үнүлүп кирип, алардын ой – чабыттарына, сырткы дүйнөнү таанып билүүсүнө, эмгектеги ишмердүүлүктөрүнө кылдат педагогикалык жетекчилик кылуусу ылазим.
Тынымсыз окуп изденүү баланын көп кырдуу интеллектуалдык жашоо чөйрөсүнүн бир бөлүгү катары анын эрки менен акыл дараметинин оюна айланса, окуп изденүү ага ааламга көз чаптыра турган терезени ачып берсе, ааламдан бала көп кызыктарды, азгырууларды көрсө, өзүн толкундаткан суроолорго жооопту ал китептерден, табияттын өзүнөн жана айлана –чөйрөдөн издесе гана өздөштүрүлгөн билими анын дүйнөгө болгон илимий көз карашын калыптандыруучу факторго айлана «Окуучудагы билимге болгон чаңкоо – деп жазат В.А. Сухомлинский, - жакшы уюштурулган окутуунун гана натыйжасы эмес илимий көз карашты калыптандыруу жараянын накта маңыз -мааниси» Окуучу жаш кезинде көп нерсе менен кабардар болуп, аларды билип алары жалпыга маалым. Өзүн курчап турган сырткы дүйнөнүн жашыруун сырларына жана мыйзам ченемдүүлүктөрүнө карата окуучунун мамилесин мугалим кандай уюштура алса, окуучунун билимге карата жекече мамилеси так ошондой болот. Ошондуктан башталгыч класстын мугалимдери ар бир окуучусу мектептеги биринчи кадамынан баштап эле биринчи билимди өз алдынча өздөштүрүүгө активдүү катышып, сырткы дүйнөнү таанып билүүдөгү чындыкты ачуу окуучудагы теңдеши жок кубаныч сезимин пайда кылып, аны аябай толкундатып, эмоционалдык эргүүсүн камсыз кылуусуна жетишүүгө умтулуусу ылазим.
Окуучудагы ушундай абал гана анын көп билүүгө болгон каалоосун билимге болгон чаңкоосун, ойготуучу негизги булак.
Билимдин кайра өзгөртүп жаратуучу күчүн өз тажрыйбасында таанып билген бала билимге карата активдүү позицияда болот. Эмгек жараянында ал канчалык көп таанып билсе, эмгектин сезимди толкунданткан рахатын башынан ошончо терең кечирет, ал ошончолук көп билимге умтулат, болгон чаңкоону, зиректикти билүүгө болгон кунттуулукту баштан көбүрөөк кечирет. Табият жөнүндөгү илимдердин негиздерин окуп, үйрөнөөрүнүн жүрүшүндө балдар акырындык менен дүйнөгө болгөн көз караштары таяна турган илимдеги негизги идеяларга түшүнүүсү акырындап тереңдей берет. Ал идеялар: айлана-чөйрөдө жандуу жана жансыз жаратылыштын эч качан тыныгуу билбеген түбөлүктүү карым – катнашы болуп турат, табияттын күчү жансыздан жандууну – жашоонун булагын – органикалык заттарды жаратып турат, жандуу жаратылыш жансыздан органикалык заттарды түзүү үчүн биринчи материалды алат, заттардын алмашуусун пайда кылат. Адам өзү табияттын бир бөлүгү болуп туруп, анын татаал жараянын байкап, иликтеп үйрөнүп, таанып билүү менен чектелип калбастан ага зордуктап киришип, жашоо кубулуштары күч алуусу үчүн ыңгайлуу шарт жаратып, организмдер үчүн чөйрө түзөт жана аны өзгөртөт.
Башталгыч класстарда окуучулар өсүмдүктөр жана топурак, жашоо жараяны, материалдык жана органикалык семирткичтер, жашоо жараяндары үчүн шарт жаратуучу эмгектин ролу жөнүндөгү биринчи маалыматтарды талдап түшүнө башташат. Бирок бул түшүнүк – балдардын акыл жагынан жетилүүсүнүн бир эле жагы. Бала колу иштегенде ой жүгүртсө, ой жүгүрткөндө колун иштете билүүсү ылазим. Ушундай кырдаалда гана билим ишенимге айланат, бул баланын табиятынын талабы:эмгек жараянында баланын акыл операциясы өтө айгинеленет, баланын өз эмгегинде далилденген илимий түшүнүк анын терең сезимдерин ойготот. Ал сезимдер адамдын жүрүш-турушунун эң күчтүү түрткү берүүчү себеби.
Физика, химия, астрономия, математика сабактарын окуу менен окуучулар: материянын түбөлүктүүлүгү, аны бирөө жаратпагандыгы, анын жоголбостугу, ааламдын чексиздиги, кыймыл, убакыт жана мейкиндиктин материалдуулугу, материянын өнүгүүсүнүн эң жогорку этабы болгон адамдын аң- сезими жөнүндөгү негизги илимий чындыктарды ача башташат.
Мектептин педагогикалык жамааты илим менен техниканын орчундуу маселелерине канчалык көп кызыгып, көп окуп, көп ой – толгоосун тартып, интеллектуалдык баалуулуктар жөнүндө кобүрөөк пикир алышса, окуучулардын алдында илимий билимдердин гаризонту ошончолук кенен ачылып, ошшончолук узакттан көрүнөт.
Илимдин тарыхый өсүп-өнүгүү жолун, андагы материализмдин караңгылыкты колдогон ырым- жырымдары менен, ошондой эле идеализмдин түрдүү көрүнүштөрүнө каршы күрөшүн, акылдын өркүндөп өкүм сүрүшү үчүн күрөшүн көрсөтүүнүн илимий көз карашты калыптандырууда ролу өтө чоң. Инсанияттын билимге умтулган жолу кыйынчылыктуу катаал болгондугун, көптөгөн окумуштуулар ал жолдордо чыныгы эрдик көрсөткөндүктөрүн,прогресс үчүн болгон күрөшкө түрткү берген баатырлар катары тарыхка киргендиктерин окуучулар билишет. Мындай окумуштуулардын өмүр баянындагы орунтуу жерлерин сабакта окуучулардын аң- сезимине жеткизе эмоционалдуу кылып баяндап берүүнүн мааниси өтө зор. Элестүү, тасирдүү кылып илимдин өнүгүшүндөгү идеялдардын көрүнүшүн окуучуларга баян этүү диалектикалык – материалисттик идеялардын тууралыгын жана гумандуулугун окуучулардын аң- сезимин терең жеткизип, билимге, маданиятка карата алардын эмоционалдуу мамилесин пайда кылат. Ибн – Сина, Беруни, Фараби, Жордано, Бруно, Томазо, Кампанелла, Галилей, Коперник, Дарвин, Саякбай, Сагынбай, Абдышев, Акунбаев, Тоголок Молдо, Токтогул, Молдо Нияз, Чынгыз Айтматов, Рыспай Абдыкадыров жана башка өңдүү адамдардын өмүрү жана эмгектерине байланыштуу кечелер конференциялар мектепте өткөрүлүп турулушу керек.
Окуучулардын акылын өстүрүп, көз карашын калыптандыруудагы
окуулуктардын ролу.
Окуучуларга гуманитардык сабактарды окутуунун негизги максаты – Ата Мекенин сүйгөн патриотту, элинин жыргалчылык турмушу үчүн активдүү күрөшүүчү атуулду тарбиялоо.тарых, адабият өңдүү илимдерди окуган бала коомдун мурда , азыр жана келечекте өсүп өнүгүү мыйзам ченемдүүлүктөрүн аңдап түшүнүп адамзат түзгөн руханий байлыкты жан дили менен сүйүп, аны иликтеп таанып билүүгө умтулуусу зарыл.
Адамзат, эл жана инсан, анын ички руханий дүйнөсү, умтулуусу жана кубанычы, талабы жана коркунучу-булардын баары накта таанып билүүнүн көп кырдуу тармактары, окуучу адамзаттын өсүп өнүгүүсүнө таасир тийгизген эң улуу окуяларды таанып билүү менен бирге жекече инсандын жан дүйнөсүн, сезимин, ой-санасын жана башка баштан кесирген окуяларын таанып билет.
Окуучу коом жөнүндөгү илимий билимдерди сырттан жөнөкөй гана байкоочу катары кайдыгер кабыл алып, жөн гана маани бербестен, өз жумуриятынын гүлдөп өсүшүн дили менен берилген кишидей, өлкөсүндөгү элдердин ынтымактыгын, тынчтыгын, достугун каалап, адамды кемсинтүүчүлүк наадандыкты, уятсыздыкты, адепсиздикти жоготуп, адамдардын маилесиндеги сулуулукту орнотуучу инсан катары түшүнүүсү ылазим.
Башталгыч жана жогрку класстардын мугалимдери гуманитардык сабактардын мазмунун чагылдырган билимди баяндоодо адамзаттын тагдырын баланы толкундатып, өз элинин өткөнү, азыркы учуру жана келече тагдыры анын жан дүйнөсүн козгоп, денин кызыткыдай болууга тийиш.
Алсак, окуучуларга мугалим кыргыз элинин тарыхындагы илгери өткөн окуялар жөнүнд XIII кылымдагы моңголдордун жортуулунда көчмөн, таланган элдин азап-тозогун айтып 1219-1220-жылдары моңголдун жырткычтары Орто Азия элдерин бүлгүнгө салып, элди кыргынга дуушар кылгандыгын, басып алган жерлерин Чынгыз хан улустарга бөлгөнүн, Кыргызстан Чагатай улусунун составына киргенин, моңголдор бүлүнгөн кыргызды ырайымсыз эзгенин айтат. Окуучулар баскынчылардын зомбулугун көргөн элдин кор болгон абалын элестетишет. Бүлгүнгө учурап, кордук көргөн эл бара-бара биригип, ынтымакка келишип, элден баатырлар чыкканын, алар өлкөнү баскынчылардан бошотуп, коргоп калнаын окуучуларга таасирдуүү, элестүү кылып айтып берген мугалим балдарга кайрылып: «Силер элибиздин биримдигин, намысын, эркиндигин сакташ үчүн каны – жанын аябай күрөшкөн бабаларыңардын баатырдыгына сыймыктана аласыңар» - десе балдардын эл – жерге болгон атуулдук сезими ойгонуп, адам коомундагы акыйкатсыздыкка кыжырдануу сезими пайда болот.
Н.Г Чернышевскийдин ою боюнча адабият турмушта жашоонун окуу китеби болуп калууга тийиш. Ал үчүн жакшылыктын, намыс-ариеттин жана чындыктын көркөм образда чагылдырылган идеалы чыныгы сулуулуктун идеалы катары окуучулардын көңүлүн өзүнө буруп, аларды аруу, ак, чырайлуу жана таза жашоого болгон умтулуусун козгоосу абзел. Адабият сбагы балдардын жүрөгүндөгү жакшылыктын, намыскөйлүктүн, чындыктын, сулуулуктун идеалына таңыркоо сезимин козгоосу керек. Өз алдынча көркөм чыгармаларды окуу жана коомдук адеп-ахлак, эстетикалык курч маселелердин үстүнөн ой жүгүртү, элинин жана жеке өзүнүн келечегин ойлоо ар бир окуучунун ички дүйнөсүндө, ишениминде жана жүрүш-турушунда канчалык терең чагылдырылгандыгында болуп эсептелет.
Элдик оозеки чыгармалардагы жана жазма адабияттардагы каармандар: Манас, Бакай, Каныкей, Айганыш, Курманбек, Семетей, Сейтек, Төштүк, Айчүрөк, Данияр, Бостон, Султанмурат,Чаргын ж.б.у.с. – элдин идеалында тарбияланган, төгөрөгү төп келишкен, Оркүндөгөн инсандар. Алардын жашоосундагы негизги максат – элге кызмат өтөө, элдин жүгүн көтөрүү. Алардын көркөм элестери ар бир окуучунун идеалы болуусу үчүн адабият сабагын окуучулардын жүрөгүнө жеткирип, сезимин козгоп, жан дүйнөсүн эргите турган деңгээлде элестүү кылып окутууга жетишүү зарыл. Адабиятты математика же биология сабагындай өтсөк – окуучулардын дүйнөгө болгон көз карашын калыптандырууга адабият мугалимдери кайдыгер мамиле жасагандыктарынын белгиси. Андай өтүлгөн адабият сабагы балдардын жүрөгүн жылытып, акылын өстүрбөйт. «Эмоция катышпаган адабият сабагындагы акыл уйкуда болот» деп жазат балдардын жан дүйнөсүнүн белдүү билерманы В.А.Сухомлинский.
Илимий көз караш жана акыл ишмердүүлүгү.
Дүйнөгө болгон көз караш инсандын мүнөздөмөсүндөгү негизги нерсе. Көз карашы жок инсан болбойт. Дүйнөгө болгон көз караш инсандын жалпы багытын: анын жүрүш-турушун, ишмердүүлүгүн, ошону менен бирге адамдын бардык башка сапаттарын: адебин да, сезимин да, эмгекке болгон мамилесин да аныктайт.
Дүйнөгө болгон терең көз карашы жок адам өз жашоосунун мааниси эмне экенине түшүнбөй, ой келди аракеттерди жасай берет.
Адамдын айрым билгендери, алсак фактылар, мисалдар, иллюстрациялар, анын көз карашынын эмпирикалык негизин, кандуу тамырын түзөт. Ал билимдер күндөлүк амалияттык милдеттерди чечүүгө көмөк көрсөтүп, инсанды белгилүү иш аракетке багыттайт.
Адамдагы башка билимдер- мыйзамдар, идеялар, принциптер, нормалар, эрежелер түрүндө дүйнөнү назарияттык таанып билүүнүн негизин түзөт. Бул билимдер инсандын жүрүш – турушунунун пландарын жана перспективаларын аныктайт.
Аңдап түшүнүп жасаган иш аракеттеринин конкреттүү фактыларын жалпылоонун негизинде баланын аң – сезиминде анын мамилелеринин жана үйрөнгөн адаттарынын тажрыйбаларында бекемделген жалпы идея келип чыгат. Ошол учурда гана коомдук тажрыйбаны кабыл алып өздөштүрүүгө база түзүлөт. Ошол идеялар инсандын жүрүш – турушун аныктаган ишеним болуп эсептелет. Ошол ишенимге айланган идеялардын эстүүлүк менен эмоционалдык жаңырыгы баланын дилинен орун алып, мүмкүн болушунча өз тажрыйбасы менен же бала ишенип урматтаган улуулардын тажрыйбалары менен байланышта болуусу зарыл. Ошондо гана баланын ан сезиминин түзүлүшүндөбелгилүү өзгөрүү пайда болот. Ансыз ал идеялар баланын аң сезиминде бейтарап билим, ооз көптүрмө сөз бойдон кала берет. Мындай кырдаалда ал идеялар менен баланын адеп – ахлактык тажрыйбалары катар жашай берет.
Идеяларды кыйкырыктуу декларациялар үчүн пайдаланса, адам адеп – ахлактык тажрыйбаларын турмуштун амалиятында жетекчиликке алат. Ошентип инсандын айткан сөзү менен жүрүм – турумундагы ажырым, ыйманын жуткан эки жүздүүлүк пайда болот. Мындай адамдарды биз айрым үй-бүлөлөрдөн, мектептерден, мекемелерден көп кезиктиребиз. Ал эми мамлекеттик аппараттагыларда андайлар андан да көбүрөөк кездешет. Мындан биз балдардагы илимий көз караштарды калыптандырууга үй –бүлө, мектеп, коомчулук жана мамлекеттин тынымсыз көңүл буруусу зарыл деген мыйзам ченемдүү тыянакка келебиз.
Сабактын темасы: Эмоцияларды түшүнө билүү.
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк:Окуучулар адамдар кабыл боло турган ар кандай сезимдерди аныктоого жетишет жана эмоция деген –бул адамдардын кайсы – бир кырдаалга карата кылган мамилеси экендигин түшүнүшөт.
Өнүктүрүүчүлүк: Ар кандай жагдайларда адамдар кабыл боло турган эмоцияларды сүрөттөп берүү аркылуу эмоцияларды аныктоосун өнүктүрүшөт.
Тарбия берүүчүлүк: Эмоцияларды түшүнүү менен бирге турмуш жолунда өз – ара мамилелерди түзө билүүгө тарбияланышат.
Сабактын жабдылышы:
Кагаз флип- чарт же маркер/бор менен жаза турган такта, маркерлер/борлор
Эмоциялар боюнча көнүгүүлөр үчүн – эмоциялардын ар кандай түрү (ачуулануу, кубануу, кайгыруу, бактыга чөмүлүү, күлүү, таң калуу, өкүнүү, түңүлүү, шектенүү, ишенимдүүлүк, жардам берүүнү каалоо, чарчоо,толкундануу ж.б.)жазылган карточкалары.
«Катышуучулар үчүн маалымат» бөлүмү үчүн: флип-чарт, маркерлер жана эмоциялар чагылдырылган ар кандай төрт сүрөт (мисалы: ачуулануу, бактыга чөмүлүү, сагыныч жана таң калуу)
Кагаз, карандаштар же калем саптар.
Доска, ватман, сүрөттөр
Сабактын формасы: Аралаш
Сабактын башка предметтер менен байланышы: логика, сүрөт, көркөм өнөр ж.б.
Сабактын тиби:Жаңы билимдерин калыптандыруу
Сабактын ыкмасы: Интерактивдүү
Сабактын жүрүшү:
Уюштуруу: а) жагымдуу маанай түзүү – айнек идишке салынган таратмалардагы ар кандай сүрөттөрдү окуучулар алышып бири – бирине эмоционалдык мимика аркылуу көргөзүшөт жана табышат.
Окуучулардын билгичтигин жана билимин текшерүү.
Мээ чабуулу:
А) Кана балдар азыркы биз аткарып кеткен мимикалар аркылуу эмнелерди көрдүңөр?
Окуучулардын ар кандай жооптору:
- сүйүнүүнү, кайгырууну, уялууну, капаланууну, таарынууну, жинденүүнү ж.б
.
Б) Ар кандай нерсенин топтому бир нерсени түшүндүрөт,мисалы сандарды,эсептерди –математика дейбиз, сөз, сүйлөмдөрдү тил илимине кошобуз, калпак, шым, көйнөк болсо, кийим дейбиз, ал эми ушул мимикадагы көрүнүштөрдү эмне деп атоого болот?
Окуучулардын ар кандай жооптору угулат.(балдар балким эмоция деген сөздү айта алышат,же болбосо бул түшүнүктү билишпейт.)
Жаңы тема жана анын максатын билдирүү:
Мугалим: Мына балдар силер таба албай жаткан нерсени ушул сабактан түшүнөбүз. Биздин бүгүнкү тема: «Эмоцияларды түшүнө билүү» деп аталат.(сабактын максаты балдарга тааныштырылат.)
«Эмоция» деген эмне экендигин түшүндүрүү.
Эмоциялар – бул адамдын кайгысы бир кырдаалга жана айдана чөйрөдөгүлөргө карата психикасынын жана денесинин реакциясы.
Татаал эмоция комплекстери аралашып калган минималдуу эмоциалардын топтомдору болот. Кубаныч, кайгыруу, ачуулануу, коркуу, кызыгуу, таң калуу, жек көрүү, уялуу жана күнөөлүүлүк. Муну жөнөкөй мисал менен түшүндүрсө болот. Мисалы: базалык түстөр бар ак, кара,кызыл, көк, сары.Ошондой боз, кызгылтым, саргыч күрөң түстөрү бар, ал эми аларды аралаштыра турган болсок, белгилүү түстөрдү аларыбыз анык. Ошондой эле эмоциялык комплекстер да аралашкан. Мисалы сүйүү, кызыгуу жана кубаныч эмоцияларынан турат. Депрессия болсо кайгыруу, күнөөлүүлүк, уялуу жана ачуулануу эмоцияларынан турат.
Сезимдер менен эмоциялар арасындагы айырмачылык кыска мөөнөтүү. Ал эми сезимдердин узак мөөнөттүү болушунда. Мисалы: бир эле жагдай ар кандай адамдарда ар түрдүү эмоцияларды пайда кылышы мүмкүн, эмоциялардын пайда болушу жаш курагы, жашоо тажрыйбасы, болуп жаткан окуя, гармондордун таасири, белгилүү бир медикаменттерди колдонуу жана башка ушул сыяктуу көптөгөн факторлорго жараша болот.
Топтордо иштөө:
1-кадам:Топторго бөлүп алуу (сары, кызыл, жашыл,көк түстөгү флип – чарт илинип турат, балдар кайсы түстү тандашса, ошол түскө барышат да топтор пайда болот. Топтор флип – чартты оң жагына оодарып жазууларды окушат)
2-кадам: Топтордун лидерлерин аныктоо( Ар бир топтогу эң чоң бут кийим кийген адамдан топтун лидери болуп берүүнү өтүнүү менен дайындалат)
3-кадам: Тапшырмаларды алуу убакытты белгилөө.Убакытты 2 мүнөт деп белгилеп, флип-чарттардагы «Сагынуу», «Бакытка бөлөнүү», «Таң калуу», «Ачуулануу» боюнча флип – чартка синонимдерин жазуу.
Мисалы: флип-чарттагы «бакытка бөлөнүү» деген сөздүн жанына «шаан-шөкөт,жандануу, чоң кубанычка батуу» деген сыяктуу сөздөрдү жазышат.
4-кадам: Топтор бири-бири менен алмашып мурунку топтор жазган синоним сөздөргө кошумчаларын киргизишет.(Активдүү иштеген топторго алкоо сөздөрү айтылып турат)
Мугалим: Мына балдар биз жогоруда кыймыл –аракеттен, адамдын туш болуп жаткан сезимин аныктоого болорун түшүндүк. Мисалы, бактылуу адам жылмайып, өзүн жайдары жана жигердүү алып жүрөт, баскан – турганы жеңил болот. Ал эми ачууланып жаткан адам, жер тепкилеп, кыйкырып - өкүрүшү мүмкүн.
Эмоциялар – бул тигил же бул жагдайларга жана адамдарга карата пайда болуучу табигый таасир этүү.Эмоцияны башкаруу кыйын анткени,сенин жиниң келгенде же абдан кубанып кеткенде, дене түзүлүшүң өзү эле сыртыңдан көрсөтүп турат. Баардык адамдар иште, үйдө, досторунун арасында, а түгүл окуялар жана адамдар тууралуу ойлонуп жалгыз отурган кезде да эмоцияга дуушар болушат.Эмесе кийинки көнүгүүнү иштеп көрөлү.
Жалпы аудитория менен иштөө:
Ар бир эки окуучуга таратма берилет, алар эки-экиден болуп таратмадагы абалды окуп, эмоцияны билдире турган жок дегенде эки сөзайтуусу керек.
Таратмалардагы ар түрдүү кырдаалдар:
Мектепте же иште сизге жооптуу ишти аткаруу тапшырылды
Жакын досуңуздун оорусу катуу экендигин сиз азыр эле билдиңиз.
Сиздин туугандарыңыздын үйлөнүү тоюна катышууңуззарылболуп жатат
Мугалимиңиз, ата-энеңизже жетекчиңиз сиздин жакшы иштеп жатканыңызды жана сизге ыраазы экенин билдирди.
Кимдир бирөө сизди ыңгайсыз абалга келтире турган нерселерди айта берет
Жакын тууганыңыз өзүнүн үйлөнүү тоюна жардам берүүңүздү өтүндү.
Өтө маанилүү жыйналыштакечигип кирдиңиз
Көптөн бери сатып ала албай жүргөн буюмуңуз оңойэле колго тийди.
Тамашалайм деп жакын досуңузду таарынтып алдыңыз.
Эн жакын деген ишенимдүү досуңуз элдин көзүнчөсиздин кемчиликтериңизди тизмелеп айтып салды.
Бышыктоо:Топтор менен теманы бышыктоо: (5мүнөт убакыт берилет)
Сцена аркылуу эмоцияларды жараткан нерселерди чагылдыруу.(Топтор өздөрүнө берилген кагаздагы тапшырманы сцена аркылуу көсөтүшөт. Башка топтор сценада ойнолгон эмоцияларды табышат)
1-топ: Сиздин тууганыңыз ооруп калып, жардамыңыз керек болуп калды. Сиз дайым мектепке (же жумушка)кеч келе баштадыңыз, себеби сиз оорулуу кишини карап жатасыз.
2-топ: Кимдир бирөө тааныштарыңызгасиз жөнүндөсизге жакпаган нерселерди айтып
жатат.
3-топ: Сиз жумуш ордун алганды каалап жатасыз жана сиздин талапкерлигиңизди карап чыгышын сураныпжатасыз.Бир кызматкерди иштен бошотуп, анын ордуна сизди эмес сиздин эң жакын досуңузду алышты.
Жыйынтыктоо: Мына балдар силер эми эмоция деген эмне жана аны аныктоону үйрөнө алдыңар. Демек, биз ар бирибиз күн сайын ар кандай эмоцияларды баштан кечиребиз.Ар бир адам өз эмоциясын башкара билүү шарт .Анткени себепсиз ачуулануу менен бирөөнүн көнүлүн түшүрөбүз, обу жок күлүп, каткыруу менен бирөөгө жагымсыз маанай тартуулашыбыз мүмкүн.
Бардык эле адамдар кандайдыр бир жагдайга бирдей мамиле кыла бербейт. Адамдын мамилеси турмуш тажрыйбасына, билимине, жеке ишенимине, маданиятына, үй-бүлөдө калыптанган салтына, мүнөзүнө, тарбиясына ж.б. жараша болот. Анда эмесе ар дайым бактылуу эмоцияларга туш болууңарды каалоо менен бирге сабакты жыйынтыктайбыз.
Баалоо: Ар бир активдүү топтор жана активдүү катышкан жеке окуучуларга алкоо сөздөрү айтылат. Бактылуу эмоцияны чагылдырган «Смайликтер»сыйлык катары берилет.
Үйгө тапшырма: Үйдө, көчөдө жүргөндө адамдардын сырткы көрүнүштөрүнөн эмоцияларын аныктоого аракет кылып жана ошого жараша мамиле кылып көргүлө.
Эмоциянын терс жана оң жактарын аныктоого аракет кылгыла. «Күндө бактылууэмоциягатуш болуу мүмкүнбү?» деген ой жүгүртүү эссе жазгыла.