А.Өмүрзаков атындагы №57 орто мектеби
2020-жыл “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылынын иш пландын негизинде 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнүн 31 жыл болушуна уюштурулган
аттуу
класстан тышкаркы иш чара
Даярдаган:Каратаева Н.М
2020-жыл “Аймактарды өнүктүрүү,өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылынын иш пландын негизинде 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнүн 31 жыл болушуна уюштурулган
аттуу
класстан тышкаркы иш чара
СЦЕНАРЫЙИ
Сценарыйдын мазмууну
№ | Аткара турган иштер | Аткарат | Жоопту |
1 | Кириш сөзү | Кл жетекчи | Кл жет |
2 | Мамлекеттик тил гимн | Окуучулар | Кл жет |
3 | Саламдашуу | Окуучулар | Кл жет |
4 | “Тил” жөнүндө декламация | Окуучулар | Кл жет |
5 | Эне тилдин келип чыгуу тарыхы. | Окуучулар | Кл жет |
6 | Хор ыр “Эне тилим-Кыргыз тилим” | Окуучулар | Кл жет |
7 | “Тил” жөнүндө Макал-лакаптар | Окуучулар | Кл жет |
8 | Достук бийи “Попури” | Балдар бийлешет | Кл жет |
9 | “Лезинка” бийи | Кыздар бийлешет | Кл жет |
10 | Жалпы бий “Кыргыз бийи” | Жалпы окуучулар | Кл жет |
1.КИРИШ СӨЗ.
МУГАЛИМ:Кылымдын кыяларын ашкан тилим
Кыргыз деп карт тарыхка жазган тилим
Кыйкырып кыйрын бузуп душман келсе
Кылычтай кыя кесип чапкан тилим
Алп Манас,бабам Бакай сүйгөн тилим
Алоолоп Ала-Тоодо күйгөн тилим
Ак калпак Ата-Журтун насибине
Асмандан энчи болуп тийген тилим.
Саламатсыздарбы,урматтуу эже-агайлар, окуучулар жана мыймандар 2020-жыл “Аймактарды өнүктүрүү,өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылынын иш пландын негизинде 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнүн 31 жыл болушуна уюштурулган 1-“б” класс окуучулары тарабынан класстан тышкаркы иш чарабызга куш келипсиздер.Бул иш чараны өткөрүүнүн максаты балдарды мекенчил болууга,өз эне тилин сүйүп барктай билүүгө,ата-бабаларыбыздын атын унутпай даңазалап жүрүүгө, улуттар арасында достукту бекемдөөгө тарбиялоо.
2.МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ГИМН.
ХОР ОКУУЧУЛАР: “Тил гимни”
I
Тил жаралып көккө таӊир таӊынан,
Адамзаттын дөөлөтүнө буйруган.
Адам деген түп сөзүнөн элимдин,
Кыргыз тили ай-ааламга жаӊырган.
Кайырма:
Кыргыз тили жүрөгүм,
Манас ата туу туткан.
Кыргыз тили мекеним,
Менин өлкөм кыргызстан
II
Мекен тили Ата-Журттун кареги,
Биримдиги,күч-кубаты,тиреги.
Мекен тили куттуу кыргыз элимдин,
Көкүрөктө согуп турган жүрөгү.
Кайырма:
Кыргыз тили жүрөгүм,
Манас ата туу туткан.
Кыргыз тили мекеним,
Менин өлкөм кыргызстан
III
Мекен тилин ыйык тутуп сактайлы,
Мекен тили бак-таалайдын кутманы.
Мекен тили кан-жаныбыз,туубуз,
Ата-Журттун келечеги ак таӊы.
Кайырма:
Кыргыз тили жүрөгүм,
Манас ата туу туткан.
Кыргыз тили мекеним,
Менин өлкөм кыргызстан
3.САЛАМДАШУУ:
1-ОКУУЧУ: Мынаке шаттык,кубаныч
Ар күнү бизде уланып
Тил майрамы кечесине
Баарыбыз көӊүл буралы.
2-ОКУУЧУ: Кыргызым тоолорго бай,сууга бай
3-ОКУУЧУ: Кыргызым акынга бай,сулууга бай
4-ОКУУЧУ: Кыргызымдын салтын улап биз дагы
5-ОКУУЧУ: Кыргызча салам берип өтсөк кандай?
БАЛДАР ХОР:Ассалому алейкум.
КЫЗДАР ХОР:Арбаӊыздар.
4.ТИЛ ЖӨНҮНДӨ ДЕКЛАМАЦИЯ.
6-ОКУУЧУ:Эне тилин сүйбөгөн
Элин сүйүп жарытпайт
Эне тилин билбеген
Эси жогун аныктайт.
7-ОКУУЧУ:Эне тил –аба,эӊ керек
Баарынан кымбат ал демек
Эне деп чыккан бул жаным
Чыгат го акыр эне-деп.
8-ОКУУЧУ:Кыргыз тилим сУттОй ыйык да
Эне тилим суудай тунук да.
Сүйлөсөӊ да миӊ түркүндүү тилдерде,
Кыргыз тилин,эне тилин унутпа.
5.ЭНЕ ТИЛДИН КЕЛИП ЧЫККАН ТАРЫХЫ.
МУГАЛИМ: “Эне тилим нечен кылым каарыткан,
Эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан”.
“Тарыхы болбой, эл болбойт”, деген сыяктуу кыргыз тилибиздин басып өткөн тарыхынан маалымат алалы.
9-ОКУУЧУ: 1929-жылга чейин кыргыз тили араб алфатинде болгон.
10-ОКУУЧУ: 1929-жылдан тартып кыргыз тили латын алфабитинде көчүрүлгөн.
11-ОКУУЧУ: 1941-жылдан тартып кыргыз тили орус алфавитинде которулган.
12-ОКУУЧУ: 1989-жылы кыргыз тили мамлекеттик статуска ээ болгон.
МУГАЛИМ:Мынаке балдар 1989-жылдын 23-сентябрынан тартып мамлекетибизде эне тилибиз кыргыз тили жарыяланды.
Анда эмесе сиздерге,окуучуларыбыз тил майрамына карата үйрөнгөн “Эне тилим-Кыргыз тилим” аттуу ырын тартуулашат.
6.ХОР ЫР “ЭНЕ ТИЛИМ-КЫРГЫЗ ТИЛИМ”
Эне тили
Эне тил-Кыргыз тилибиз Ыйманга толгон дилибиз Нечен кылымды каарыткан Ак калпак Кыргыз элибиз,элибиз
Кайырма:
Кел жигиттер кел кыздар Тилди ыйык сактайлы Манас бабам мурасын Дүйнөгө биз даӊктайлы,даӊктайлы
II Бул тилде Манас сүйлөгөн Курманжан Датка сүйлөгөн Эне тилим Кыргыз тилинде Сүйлөлү даӊктап дүйнөгө,дүйнөгө
Кайырма: Кел жигиттер кел кыздар Тилди ыйык сактайлы Манас бабам мурасын Дүйнөгө биз даӊктайлы,даӊктайлы
7.ТИЛ ЖӨНҮНДӨ МАКАЛ-ЛАКАПТАР
МУГАЛИМ:Кылычын таптап,от чачып,
Кимдер гана келген жок.
Чалгында жанын берсе да,
Кыргызым тилин берген жок.
Эмики кезек макал-лакаптарга.
13-ОКУУЧУ: Тил ойдун-сандыгы
14-ОКУУЧУ: Өнөр алды-Кыргыз тил
15-ОКУУЧУ: Элдин өмүрү анын тилинде
16-ОКУУЧУ: Тил улуттун жан дүйнөсү
17-ОКУУЧУ: Эне тилсиз укмак белек Манасты
Эне тилсиз укмак белеӊ санатты.
18-ОКУУЧУ: Илим менен билимге көпүрө- тил,
Көкөлөткөн адамды тили деп бил.
МУГАЛИМ:Азаматсыӊар балдар.Көрдүӊөрбү балдар тилсиз биз кыргыз эмесбиз,тилсиз биз улут эмесбиз,тилсиз биз улук эмесбиз.Ошондуктан тилди биз сактайлы жана даӊктайлы, дагы ошондой эле кыргыз тилде сүйлөйлү.
19-ОКУУЧУ:Чакырам кыргызымды биримдикке
Чакырам кыргызымды бийиктикке
Түбөлүк улутума өмүр берсин
Сүйлөгүн уул-кыздар кыргыз тилде.
УЛУТТАРДЫН ЫРЫ: Барпы Алыкулов “Ынтымак”
КЫРГЫЗ УЛУТУ:Ынтымагы бар элдин
Талайы-багы ачылат
Ынтымагы жок элдин
Тапканы бекер чачылат
ӨЗБЕК УЛУТУ:Ынтымагы бар элдин
Калага карды ток болот
Ынтымагы жок элдин
Бирине-бири октолот
ОРУС УЛУТУ:Ынтымагы бар элдин
Адил болот улугу
Ынтымагы жок элдин
Ичинен чыгат бузугу.
9.ДОСТУК БИЙИ. “Попури ” (кыздар бийлешет)
10.ЛЕЗИНКА БИЙИ (балдар бийлешет)
11.ЖАЛПЫ БИЙ “КЫРГЫЗ БИЙИ” (кыздар,балдар бийлешет)
МУГАЛИМ:Мынаке балдар,көрдүӊөрбү?Досторуӊар кандай гана улут болбосун,силер да алар сыяктуу, башка улуттун каада-салтын,үрп-адатын,тилин, маданиятын сыйлашыӊар керек.Баарыӊарды жалпы бийге чакырабыз:Кыргыз бийи
МУГАЛИМ:Мына ушинтип бүгүнкү тил майрамына арналган концерттик программабыз соӊуна жетти,көӊүл бурганыӊыздар үчүн чоӊ рахмат.
Текшерилди:____________
ТИУ:Валиева С.И
“___”_____________ 2020-ж
“ЭНЕ ТИЛИМ-КЫРГЫЗ ТИЛИМ” АТТУУ КЛАССТАН ТЫШКАРКЫ ИШ ЧАРАДАН АЛЫНГАН СҮРӨТТӨР
23.09.2020-ж