Текшерилди
ТИ боюнча директордун
орун басары
Н.Т.Табалдиева ________
Сабакка чейин
Сабактын темасы: «Эне тилим – түбөлүктүү тирегим, Эне тилим- эч соолбос мүрөгүм»
Сабактын методу: Эвристикалык
Сабактын тиби: Аралаш
Сабактын формасы: Жаӊы маалымат алуу
Максаты:
А)Конкреттүү максаты(билим берүүчүлүк): Эне тилин баалоону, кыргыз тилин кадырлоону үйрөнүшөт
Б)Конструктивдүү(өнүктүрүүчүлүк,тарбиялоочулук):
Балдар мекенин, эли-жерин, эне тилин сүйүүгө үйрөнөт, экологиялык тарбия алат.
Сабактын мотивациясы: Эне тилин кадырлоого бел байлайт
Сабактын жабдылышы: Китептер, сюжеттүү сүрөттөр, стол үстүндөгү театр,
кыргыздын улуттук буюмдары, улуттук тамак-аштар, түстүү кагаздар, камыр, пластилин, түстүү боектор, түстүү калемдер, курулуш материалдары, ак барактар.
Убакыт: 45 мүнөт
Убакыттын бөлүштүрүү: Чакыруу этабы: 3-5мүн
Түшүнүү этабы(сабактын негизги бөлүгү):20-25мүн
Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):10-12мүн
Сабак
Сабактын жүрүшү: Саламатсыңарбы коноктор! Саламатсыңарбы балдар! Биз силер менен бүгүн “Эне тилим- түбөлүктү тирегим, Эне тилим- эч соолбос мүрөгүм” деген темада сабак өтөбүз. Кыргыз тили байыркы тилдердин бири, ал далай кылымдарды басып өттү. Биз эне тилибизди барктап, аны терең үйрөнүшүбүз керек, анткени ал биздин ата-бабабыздан калган мурасыбыз, байлыгыбыз.
Чакыруу этабы:
Сабактын чөйрөсү:
Саламдашуу, досканын тазалыгына көз салуу,тактоо.
Жагымдуу маанай тартулоо:
Бири-бирине комплимент айтуу
Түшүнүү этабы (сабактын негизги бөлүгү)
Мугалим: Эне тилим эчен кылым карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан. Ар бир эл өзүнүн тили аркылуу гана ата-бабаларынын руху менен байланыша алат. Өз тилин жоготкон Эл ата-бабалардын руху менен болгон байланышын да жоготот. Ата-Бабалардын руху менен байланышын жоготкон эл тарыхын жоготот. Тарыхын жоготкон эл - тамырын жоготот. Тамырын жоготкон эл - анан өзү да акырындап куурап жок болот. Кыргыз тили - "Улуу тил" экендигинде шек жок. Анткени, улуу тил болбосо, ал "Манас" баштаган оозеки чыгармачылыктын 40 томдук үлгүлөрүн жаратканга күч-кубаты жетмек эмес жана көптөгөн дастандардын баарын поэзия тилине салып сүйлөтө алмак эмес. Андай бийик деңгээлге жетүү үчүн Тил миң жылдык жолдорду басуусу керек.
1-окуучу: Кыргызстан – жашыл жери, жашыл бакча жергеси.
Жайыт тору, дан талаасы, сан байлыктын энеси.
Кен казнасы, көл сулуусу, тунук суунун атасы.
Ак пейилдин, мартчылыктын, ырыскынын кемеси.
2-окуучу: Кыргызстан – соолук айылы, таланттардын эшиги,
Тунук акыл, чебер көлдүн түгөнбөгөн кесиби.
Заманына, өз калкына ой-пикири санаалаш.
Кыргызстан – ыр калаасы, ырахаттын бешиги.
1-окуучу:кел эми, окуучулардан сурайлычы, кандай ырларды билишет экен?..
2-окуучу: Кана, Мекенибиз, биздин эне-тилибиз жөнүндө кандай ырларды билесиңер?
Кылычын карап от чачып
Кызыгып кимдер келген жок.
Кыргында жанын берсе да
Кыргызым тилин берген жок.
Кыргыз тилин өзүм сүйүп үйрөнгөм
Мурунтадан ата-бабам сүйлөгөн.
Сен бар кезде мен тирүүмүн, мен бармын,
Сен жоголсоң мен жоголом дүйнөдөн.
Чыңгызымдын жат тили
Кылымдарды сапырган,
Доорлорду батырган
Ырдап бүткүс таңы бар.
Бирге жүрсөм кыргыз тилин кадырлайм,
Бул тил менен иштейм, сүйлөйм, ыр ырдайм.
Башка тилди жандай жакшы көрсөм да,
Өз тилимди сүйгөнүмдөн жаңылбайм.
Энең берген эне тил,
Эне тилди жакшы бил.
Атаң айткан алтын тил
Ата тилин жакшы бил.
3-окуучу:
Кылычты кыя чапкан тил,
Кыргызым барктап баккан тил.
Кызыл жалын от кечип,
Кылымдап жолду баскан тил.
Кырааты менен сүйлөсө,
Кытайга дагы жаккан тил.
Эчен ашуу ашкан тил,
Элибиз барктап баккан тил.
Элдигин элим жоготпой,
Энедей барктап баккан тил.
Эр Төштүк, Жаңыл, Курманбек
Эпостун баары баткан тил.
Акындын багын ачкан тил,
Акылды элге чачкан тил.
Башынан сактап жат айткан,
Бабабыз Манас баткан тил.
Ааламда элге таанытып,
Айтматов багын ачкан тил.
4-окуучу:
(Кыргыз тилинин тарыхы жөнүндө кыскача айтып берет)
Кыргыз эли Теңирден Сөз өнөрүн мурастап алган улуу Манастын урпактары аны белгилүү чыгыш таануучу-түрколог, этнограф “Манас” изилдөөчү В. В. Радловдун кыргыздын ошол замандагы сөз кудуретине таң калып мындай айткан сөзү бар экен: “Кыргыздар өздөрүнүн түрк уруулаштарынан укмуштуудай сүйлөө чеберчилиги менен айырмаланат. Жөнөкөй эле сүйлөшүүлөрдөгү сүйлөмдөрү уйкалышып, ыр сыяктуу таасир калтырат. Сөздү айтканга да, укканга да кумарланган эл. Сөз башталганда ага чейин кыжылдаган эл мемиреп үн катпай кулак төшөйт. Чечендиктен чексиз рахат алып, сөз күчүн бул жарык дүйнөдөгү эң кудуреттүү көркөм өнөр деп баалайт. Кыргыздардын элдик поэзиясынын өтө өнүккөндүгүн табияты ушунда” ошондой эле кыргызча-орусча сөздүктүн автору белгилүү окумуштуу К. К. Юдахиндин: “Кыргыз тилин изилдеп, бүт жан дүйнөм арбалып чыга албай калдым, өзүнчө бир сырдуу касиети бар экен” – деп айтканы да бекеринен эмес.
Кыргыз тили – кыргыз тарыхы. Ал эл менен бирге эчен кылымдар ашып, турмуштун ар кандай шарттарын башынан өткөрүп, бүгүнкү күнгө чейин келди. Биздин ата-бабалар тилди өзүнүн “Манасы” баш болгон элдик оозеки чыгармалары менен бирге көздүн карегиндей сактап келген муундарга, бизге деп ыйык аманат катары жеткирди.
Кыргыз калкынын оозеки чыгармачылыгы – ооздон оозго, муундан муунга өтүп түбөлүктүү келе жаткан ардактуу жана сыймыктуу мурас. Андай чыгармалар кыргыз калкынын нечен кылымдан берки күрөштөрүн, үмүтүн, санаасын билдирип, көбүнчө эмгекчилердин мүдөөсүн көксөп келгендиктен, эл чыгармасы болуп эсептелет. Кыргыздын оозеки чыгармачылыгында калкыбыздын өткөндөгү турмуш-тиричилигин, үрп-адатын, каада-салтын көрсөткөн чыгармалар өтө көп. Аларга: керез, айтыш, арман, кошок, бешик ырлары, санат, эмгек ырлары, насыят, ырым-жырым ырлары жана улуу эпос Манас, ошондой эле “Эр төштүк”, “Курманбек”, “Эр табылды”, “Кожожаш”, “Жаныш-Байыш”, “Жаныл мырза” сыяктуу кенже эпостор кирет. Биздин күнгө ушундай улуу мурастарды жеткирген касиеттүү эне тилибиз эмеспи. Кыргыз тил күнү 23-сентябрь күнү жыл сайын белгиленет. Ал эми эл аралык эне тил күнү 21-февралда майрамдалат
Ошентип эчен кылым карытып, эчен кыйынчылыктарга туш болуп, тарыхта өз ордун сактап келген кыргыз тили өткөн кылымдагы СССРдин учурунда дагы бир топ кыйынчылыктарды башынан өткөрдү. Кыйынчылык дегенибиз совет доорунда бардык мекемелердеги иш-кагаздары, жыйындар орус тилинде гана жүргүзүлгөн. Көптөгөн кыргыз мектептер жана бала-бакчалар жабылган. Ал эми өткөн кылымдын 40-50-жылдарында элибиз “Орусташууну” улантып, уул-кыздарынын ысымдарын орус элинин ысымдарына өткөрүшкөн учурлар да болгон.
Мурдагы СССРдин кайра куруу доорунда бир катар союздук республикалар мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам кабыл алып, ошол республикада Мамлекеттик тил катары таанылган. 1989-жылы Кыргыз ССРинин Конституциясына ылайык Кыргыз ССР Жогорку Кенешинин сессиясында “Кыргыз ССРинин Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Анда Кыргыз ССРинин аймагында кыргыз тили мамлекеттик тил катары колдонулуп, СССР элдеринин улуттар аралык баарлашуу тили болуп орус тили колдонулары белгиленген. Ал эми республиканын шаарларындагы, айылдарындагы, мекемелериндеги, ишканаларындагы, уюмдардагы иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө өтүү 1989-1998-жылдары ишке ашырылмак. Бирок иш мыйзамдын жана андан кийинки жоболордун негизинде жүргүзүлбөстөн 2005-жылга чейин кагаз бетинде калган. Ал эми 2005-жылдан бери мамлекеттик тилге Кыргыз Республикасынын Президенти жана Өкмөт тарабынан көңүл бурулуп, көптөгөн алгылыктуу иштер жасалууда.
Ушундай бай тарыхы бар тилибиздин жазуусу бүгүнкү күнгө чейин кандай жолду басып өткөнүн билесиңерби?
Мүрзөнүн үстүнө коюлган таштарга, кээ бир буюмдарга жазылган кыргыз жазуулары Енисейдин жогору жагынан, Түштүк Батыш Монголиядан жана Түштүк Сибирден табылган. Эстеликтерде жазылган окуялардын жазууларынын көбү VII кылымдын аягына таандык экенин билсе болот. Бул Енисей-Орхон жазуулары илимде XVII кылымдын аягынан бери белгилүү болсо да, анын мааниси XIX кылымдын аягында гана чечмеленген. Академик В. Радлов анын баарын которуп, 1897-жылы кагаз бетине бастырып чыгарган.
Өзүнүн мазмунуна караганда, Енисей эстеликтеринин эң эскиси – Торопа Ичкеринин сыйына коюлган бегре жазуусу. Бул – кыргыз элинин эң байыркы адабий текстин, Бегре жазуусун, академик 648-жылга тиешелүү деп эсептейт. Енисей жазууларын кыргыз адабиятынын баштапкы булагы катары караса болот, анткени анда көркөм адабиятка тиешелүү каражаттар (метафора, гипербола, уйкаштык ж. б) орун алган. Орхон-Енисей жазуулары ислам дининин таркашы (X-XI к.) менен акырындап колдонулбай, унутулуп калган. Түрк тайпалары араб алфавитин колдонууга өткөн.
Араб тамгасында иш кагаздарын, тарыхый документтерин, адабий чыгармаларын ж. б. жазып калтырышкан.
20-кылымдын 1924-жылы кыргыз эли өзүнчө бөлүнүп, өз эне тилинде окуу китептери басыла баштады. Алгач улуттук жазуу реформаланган араб тамгалары аркылуу жүргүзүлгөн. Бирок ал кыргыз тилинин фонетикалык түзүлүшүнө туура келбегендиктен, 1928-жылдан тартып латын графикасынын негизинде түзүлгөн жаны алфавит колдонула баштаган.
Андан соң, 1941-жылдан ары, орус алфавитинин негизинде түзүлгөн жаны жазууга өткөн. Азыркы кыргыз жазуусу фонетика-морфологиялык принципке негизделген. Анда орус алфавити (кирилица) толук пайдаланылып, ң, ү, ө тамгалары кошумча киргизилген.
Кыргыз тили кыргыз элинин өзүндөй эле байыркы, өтө көп кылымдарды башынан өткөргөн, байлыгы ашкан, ийкеми артып, кылдат ой-пикирлерди талапка ылайык толук бере алган, билим-илимге татыган, маданиятка кызмат кылган жана башка элдер менен болгон алаканы үзгүлтүксүз жүзөгө ашырган, өнүп-өсө берүүдөн улам бекем сакталуучу тил.
Кылымдарды карыткан ата-бабаларыбыздын тили жалан гана акын-жазуучуларга керек эмес, баарыдан мурда эл башкарган кыргыздын намысын сактай турган ар бир атуулга керек. Ошондуктан өткөн кылымдагы кыргыз тилинин касиети бүгүнкүгө салыштырмалуу кеп маданиятын сактап, өркүндөтүп, элибиздин атын дүйнөгө тааныткан эне тилибизге таза мамиле жасоо – ар бирибиздин ыйык милдетибиз болмокчу.
Мугалим: Рахмат балдар азаматсынар!!!
1-окуучу макал-лакап билет бекен сурайлычы (шыбырап)
2-окуучу: Балдар, силер макал-лакаптарды билесиңерби?
— Ооба.
1-окуучу: Анда эмесе айткылачы.
1. Адамды даңазалаган да сөз, маскаралаган да сөз.
2. Адам сөзүнөн сынат, уй мүйүзүнөн сынат.
3. Бирөөнүн өзү баатыр, бирөөнүн сөзү баатыр.
4. Аз сүйлөсөң элиңе жагасың, көп сүйлөсөң балээге каласың.
5. Ата сөзү алга сүйрөйт адамды. Эне сөзү эпке салат жаманды.
6. Ооздун көркү – тил, тилдин көркү сөз.
7. Адам сөзгө байланат. Айбан чөпкө байланат.
8. Ааламдын көркүн көз ачат. Адамдын көркүн сөз ачат.
— Оомий, балдар, азаматсыңар, силер чын эле кыйын турбайсыңарбы. Эми табышмак айталы таап көргүлөчү
2-окуучу: Анда эмесе балдар, биз силерге табышмак айталы. Жакшылап ойлонуп туруп жандырмагын тапкыла.
Манаска жүргөндөй аралаш,
Маанисиз көпкө карабас,
Ал жомокчу атаңдын
Атын билбесең жарабас. (Саякбай)
Мугалим: Ай -ийй балдар, силер чын эле кыйын экенсиңер, табышмакты таптыңар, анда эмесе дагы кандай өнөрүңөр бар, көрсөткүлөчү?
Манастан үзүндү айтылат.
Бала Манас
Күндөп-түндөп күн өттү,
Күн мезгили да жетти.
7ге жашы келгенде,
Шер экени билинди.
Балага чуркап шашпады.
Калайманды баштады
8ге жашы келгенде
Күйүп турган чок болду
Кырк үйлүү кыргыз ичинде,
Мындай тентек жок болду.
Манастын уулу Семетей
Манастын уулу Семетей
Ары балбан, ары шер
Атасынан артык эр
Ат арытып жер чалып,
Ит агытып куш салып
Кызыл буурул ат минип
Кыл куйругун шарт түйүп
Ат аябай жол жүрдү.
Ала-Тоону кыдырып
Аттанып чыкты Таластан.
Мугалим: Азаматсыңар, балдар!! Ушунун менен бүгүнкү сабагыбыз , балдар аяктады азаматсынар!
Үй тапшырма: «Эне тилим- эне сүтүм» деген темада чаккан эссе жазып келгиле.