Сабактын темасы: Эне тилим –улуу мурасым
Өтүлгөн күнү: “_____” ______________
Сабактын максаты: |
Билим берүүчулүк: Окуучулар “23-сентябрь кыргыз тил майрамы” жөнүндө маалымат алышат | Өнүктүрүүчүлүк: Сүйлөө кебин арттырып, сөз байлыгын кеңейтишет | Тарбия берүүчулүк: Эне тилин сүйүүгө жана ошол тилде туура сүйлөөгө тарбияланышат. |
Күтүлүүчү натыйжалар: |
Окуучулар “23-сентябрь кыргыз тил майрамы” жөнүндө маалымат алышса | Сүйлөө кебин арттырып, сөз байлыгын кеңейтишсе | Эне тилин сүйүүгө жана ошол тилде туура сүйлөөгө тарбияланышса. |
Сабактын жабдылышы: окуу китеби, темага байланыштуу сүрөттөр, слайд
Сабактын тиби: жаңы билимди өздөштүрүү
Сабактын усулу: аңгемелешүү, кунт коюп угуу
Сабактын жүрүшү:
Уюштуруу: (Жагымдуу маанай)
Комуз күүсү Ыбрай Туманов “Жаш тилек”
Жаңы теманы түшүндүрүү
Мугалим: Урматтуу окуучулар! Кыргыз тилибиз - биздин эне - тилибиз. Биз үчүн улуу тил, ыйык тил. Улуу тилде Манас атабыз ураан чакырып, эли - жерин коргоп келген. Бабабыз Бакай Накыл сөзүн баян эткен. Каныкей энебиз бешик ырын ырдаган. Бизда энебизден ак сүтү менен бирге алдей ырын укканбыз. Энени ааламды баккан жерге теңегени бекеринен эмес. Дүйнөдө эч жандын энеге теңдеши жогу чын. Эне тилди сүйүү ар бирибиздин парзыбыз. Кыргыз Республикасынын эне тили - кыргыз тили. Кыргыз тили - көрөңгөлүү тил. Ал тарыхтын байыркы түпкүрүнөн агып чыгып, нечендеген боготторго карабай, келечекти көздөй татыктуу жол таап, бүгүнкү күндө Мамлекеттик тилге айланды. 1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тили Жогорку Кеңеш тарабынан мамлекеттик статусуна ээ болду. Азыр кыргыз тили Эгемендүү Кыргызстандын улуттук тили. Анын сөз казынасы дүйнөдөгү башка тилдерден эч кылышпайт. Мамлекеттик статус алганыбызга быйыл 30 жыл болот. Мамлекеттик тил майрамы катары жылда 23-сентябрда өзгөчө иш чаралар аткарылат. Анын далили катары биз бүгүнкү "Эне тилим- улуу мурасым" аттуу тарбиялык саатты өтүп жатабыз. Элди түбөлүктүү мамлекет катары тааныткан анын тили. Кыргыз тилинин тагдыры - кыргыз улуттун тагдыры. Тилди сактасак, улутту сактайбыз.
Слайд (тил жөнүндө )
Кыргыз тил жөнүндө ырлар.
Окуучулар эне тил жөнүндө ырларды айтышат.
1-окуучу: 2-окуучу
Эне тилим улуу тил, Эне тилим - намысым
Манас бабам сүйлөгөн. Эне тилим- арым да.
Жашап келет биз менен, Билбейм жолдун алысын
Кылымдардан кылымга. Эне тилим барында
3-окуучу
Эне тилим таалайым, 4-окуучу
Кайда гана барбайын. Кыргыз тили кылымдарды
Эне тилим барында, каарыткан
Дайым жарык маанайым. Эч ким аны өчүрө албайт
тарыхтан
5-окуучу: 6-окуучу
Тилим барда улукмун, Башка тилди
Тилим менен улутмун. Жандай жакшы көрсөм да
Эне тили болбосо, Кыргыз тилин
Аты аталбайт улуттун. Сүйгөнүмдөн жаңылбайм
Мугалим: Ата –бабаларыбыз байыртадан өздөрүнүн мүдөөсүн, келечегин, аалам жана жаратылыш менен байланышын чагылдырган ар кандай сүрөттөр бүгүнкү күнгө чейин келип жетти. Силер балдар, колуңардагы сүрөттөрдүн маанисин чечип бергилечи?
(күн. суу, өсүмдүк. адам, жарганат, аркар, беш манжа, теке, көөкөр идиш) колдорундагы сүрөттөрдү доскага алып барып жабыштырышыт.
Сабакты бышыктоо: Суроолорго жооп бергиле.
23-сентябрь кандай майрам экен?
Кыргыз тили мамлекеттик тил статусуна канчанчы жылы ээ болгон?
Эне тил жөнүндө эмнелерди үйрөндүңөр?
Үй тапшырма: Эне тил жөнүндө ырларды жаттап келгтле
Баалоо: Быйтыкчалар менен баалоо