СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Энелер мектеби Балдардын эс алуусун уюштуруу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Иштелме

Просмотр содержимого документа
«Энелер мектеби Балдардын эс алуусун уюштуруу»

Энелер мектеби

Тема: Үй-бүлөдө эс алуу, ойноо, сабакка даярдоону уюштуруу


Максаты:

Көрсөткүчтөр

Үй – бүлөдө эс алуу, ойноо, сабакка даярдоону уюштуруу менен ата-энелер балдарды туура таблиялоого үйонүшөт.

Үй-бүлөдө баланын эс алуусу туура уюштурулса;

Сабакка даярдоону өз убагында козөмөлдөп турса;

Сабакты контролдоону билсе;


Сабактын тиби: Жаңы теманы өздөштүрүү:

Сабактын формасы: сабак-талкуу

Сабактын жабдылышы: Ата-энелер сиздер үчүн (Г.Мадаминов), Кагаз, маркер, скотч, ж.б.

Сабактын жүрүшү:

Мугалимдин ишмердүүлүгү

Энелердин ишмердүүлүгү

Уюштуруу:

Энелердин катышуусун журналга түшүрүү.

Топторго бөлүү

Түстүү стикерлер боюнча энелер топторго бөлүнүшөт

Мотивация жаратуу:

Саламатсыздарбы урматтуу “Энелер мектебинин” катышуучулары!

Суроо:

Баланы кантип, кайсы курактан, кандай жол менен тарбиялоо керек?


Энелер берилген суроолорго өз ойлорун айтуу менен жооп беришет.


Жаңы теманы өздөштүрүү:

Бүгүн биз сиздер менен “Үй-бүлөдө эс алуу, ойноо жана сабакка даярданууну уюштуруу боюнча өтөбүз.

Сиз баланыздын жакшы билим алып, тарбиялуу инсан болуп өсүүсүн кааласаңыз , анда үй-булөдө эмнеге көңүл буруу керек(1-тиркеме)

Топторго тапшырма:

1-топ: Баланын эс алуусун кантип үюштуруу керек

2-топ: сабакты контролдоогу жолдору


Топтор берилген суроолорго өз ойлорун айтуу менен жооп беришет жана презентациялайт


Бир-бирине суроолорду берет.

Бышыктоо:

  1. Үй-бүлөдөгү моралдык психологиялык климат д.э.?

  2. Баланыздын сабагын контролдоону эмнеден баштайсыз?



Энелер өз ойлорун айтышат

Рефлекция:

Бүгүнкү сабакта кандай суроолор сиздерге кыйынчылыкты туудурду?

Энелер ушул сабакта кайсы жагдайларда өзүндө көйгөйлөр бар экендиги айтышып, аны чечүүнү талкуулашат.

Үй тапшырма:

  1. Баланын эс алуусу, ойноо, сабакка даярдануусун уюштуруу

  1. Берилген тиркемелер боюнча иштеп, анализин даярдап келүү





Ата-энелер, сиздер ҮчҮн.

Урматтуу ата-энелер! Эгерде сиз баланыздын жакшы билим алып, тарбиялуу инсан болуп өсүүсүн кааласаңыз , анда үй-булодө төмөнкүлөргө көңүл бурууңуздар зарыл

( окуучулардын сабакка даярдануусун көзөмөлдөө жөнүндө):

  1. Үй-бүлөдө жакшы моралдык психологиялык климаттын жана билим баалуулугунун орнотулушуна көңүл буруу.

  2. Өз убагында сабак даярдоого киришүү.

  3. ТВ-радио, уюлдук телефон, агент, интернетке алагды болбой, алардан билим берүүчүлүк гана программаларды көнүл буруп, угуусун уюштуруу.

  4. Дептер, китептердин толуктуулугу.

  5. Күндөлүктөрдөгү бааларды, тапшырмаларды жана алардын аткарылышын текшерүү.

  6. Жашына ылайык сунушталган адабий китептерди окуусун көзөмөлдөө.

  7. Математикадан иштөөсү.

  8. Кыргыз тил,орус тил ж.б тапшырмаларды жазуусу.

  9. Китепти үн чыгарып окуутуп көрүү, түшүнүүсүн көзөмөлдөө, теманын акырындагы суроолорго жооп алуу.

  10. Мугалим, класс жетекчиси жазган ой-пикир, сунушун үйрөнүү.

Жооп жазуу.

  1. Үй тапшырмасын аткаруу мөөнөтүн текшерүү.(Убакыт тиркелет) Көпчүлүгү 10-25 минут эле даярдайт.

  2. Түшүнүктөр системасын билүүсүн сурап көрүү.

  3. Жаздырып көрүү.

  4. Сүйлөтүп угуу. Ыр, декламация айттыруу.

  5. Таблица, схема, картадан суроо.

  6. Эреже, формула, закон ж.б суроо.

  7. Дептер. Текшерүү иштеринин баасын текшерүү

  8. Орус жана англис тилинен блокнотко создүк жазуусу.

  9. Копьютер, ноутбук(мүмкүн болсо сатып берүү) үчүн чыгарылган окутуп үйрөтүүчү дисктерди сатып берип, пайдалануусун козөмөлдөө.

  10. Кругозорду өстүрүүсүн текшерип туруу.

  11. Өз ишмердигин уюштуруусун, убакытты рационалдуу пайдалануусун козөмөлдөө.

  12. Акыл эмгегинин маданиятын оздөштүрүп, пайдалануусуна көңүл буруу.

  13. Күндөлүк режимди түзүп, ага амал кылуусун көзөмөлдөө.

  14. Балдарыңыздын достору, чөйрөсүнүн туура тандалышына маани бериң.

  15. Билим интеллектин өсүүсү менен бирге ыйман, адеп тарбиясына маани берүүнү унутпаң.

  16. Көптү көргөн инсандар, акылман-аксакалдар менен жолугушуп, баарлашуусун уюштуруу

  17. Өзүн-өзү тарбиялоо жөндөмүн өстүрүү.


Үйдө сабак даярдоого ажыратылган мөөнөт.

1-класс – 1 саатка чейин

2-класс – 1,5 саатка чейин

3-4-класс – 2 саатка чейин

5-6-класс – 2, 2,5 саатка чейин

7-8-класс – 3 саатка чейин

9-11-класс – 4 саатка чейин

Китеп окуунун нормасы (минутасына)

1. Башталгыч класста(1-4-кл.)

80-150 сөз

2. 5-8-класстар – 175-204 сөз

3. 9-11-класстар – 214-250 сөз

4. Студенттик куракта – 250 -

280 сөз









Үй-бүлөдө окуучулардын сабакка даярдануусун контролдоо жөнундө


1. Өз убагында сабак даярдоого киришүүсү.

2. Теле-радиого алагды болбой даярдануусу.

3. Дептер, китептеринин толуктугу.

4. Күндөлүгүндө үй-тапшырмасынын болушу.

5. Ошолордун аткарылышы.

6. Математикадан иштөөсү.

7. Кыргыз тил,орус тил ж.б жазуусу.

8. Китепти үн чыгарып окуусу.

9. Түшүнүүсүн контролдоо.

10. Күндөлүктөгү бааларын текшерүү.

11. Мугалим,класс жетекчиси жазган ой-пикир,сунушун үйрөнүү.

Жооп жазуу.

12.Үй тапшырмасын аткаруу мөөнөтүн текшерүү.(Убакыт тиркелет)

Көпчүлүгү 10-25 минут эле даярдайт.

13. Окутуп көрүү.

14. Сурап көрүү(түшүнүктөр системасы)

15. Жаздырып көрүү.

16. Сүйлөтүп угуу. Ыр, декламация айттыруу.

18. Китеп,тема акырында сурооберилет, ошолор аркылуу суроо.

19. Эреже, формула, закон ж.б суроо.

20. Дептер. Текшерүү иштеринин баасын текшерүү



Ата-энелер мектепте

Ата-эненин мектепте болуусунун окуучу, мугалим үчүн мааниси чоң. Окуучуга жакшы окууга жардам берсе, мугалимге жоопкерчиликти сезип, өз ишине кызыгып иштөөсүнө түрткү болот.

Ошол үчүн Сиз, Урматтуу Ата-Эне! Албете убакыт таап, мектепке келип, катышып туруңуз.


Мектепке келгенде төмөндөгүлөргө маани берүү зарыл

1. Класс жетекчиси менен жолугушуу

2. Журнал менен таанышуу

3. Предмет мугалимдери менен жолугуу

4. Мектеп уставы менен таанышуу(ата-эненин милдети, укугу)

5. Мектеп баалуулуктары менент таанышуу

6. Сабактарга катышуу

Мүмкүн болсо 4-5 сабакка катышуу

а)Сабактын өтүлүшү

б)Окуучунун сабактагы мамилеси

в)Класстагы башка окуучуларга саллыштырмалуу билими

г)Жообун угуу

дДептер текшерүү иштери менен таанышуу

е)Сабакты угуусу, катышуусу

ж) Ордунда, мугалимдин алдында жооп берүүсү


7. Библиотекадан китеп алып окуусун текшерүү

8. Класском менен сүйлөшүү

9. Тарбиячы менен сүйлөшүү

Мугалим,окуучулар менен мамилеси ж.б.сурап, билип көрүп, үйрөнүү

а)Сабакка жетишүү,катышуу

б)Тартиби

в)Тырышчаактыгы

г)Жекече даярдануусу

11. Завуч менен сүйлөшүү

12. Директорго жолугуу