СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Энелер мектебинин иштелмеси

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Энелер мектебинин иштелмеси»

Жагымдуу маанай түзүү (быйтыкча)

Тема: Балдардын адебинин калыптанышына ата-эненин жүрүм турумунун үлгү болуучу

мааниси.

Урматтуу ата-энелер мугалим, ата эне жана окуучунун ортосундагы байланышты дарак түрүндө көрсөк болот.Дарактын тамыры ата эне, даракка суу жеткирип турган сөңгөгү мугалим ал эми дарактын жемиши биздин балдар.Даракты мөмөлөтүп жибериш да, кууратып салуу да мугалим менен ата эненин колунда экен.Ошондуктан мектеп менен тыгыз байланышта болуп бүгүнкүдөй тренингтерге катышып, бала тарбиялоо ыкмалары менен болушуп туралы.

Кичинекей көчүрүп алуучу аппарат дегенди кандай түшүнөсүздөр? Балдардын адептүү,ыймандуу,кайрымдуу болуп өсүшүнө биздин жүрүм турумубуз таасир этип, аларга үлгү болот экенбиз.

Мисалы үйдогу чыр чатак балдар үчүн жагымсыз жана оор. Бирок үй-бүлө болгон соң уруштан качып кутулууга мүмкүн эмес. Эгерде андай болсо, келиңиз, ошол учурдагы баланын абалына көз кырыңызды салып көрүңүзчү. Балким, ошондо биздин жашоодо уруштар азыраак болор...
Урушуу да өзүнчө искусство
Бир жаштан баштап үч жашка чейин бала үчүн ата-энесинен өткөн идеалдуу адамдар болбойт. Аларды бала эмне кылса да туурайт. Эгерде үй-бүлөдө тез-тез чыр чыгып турса, бала бакчага барганда ойноп жатып каардуулукка, агрессияга алдырат, күнөөсүз балдарды урат. Ал муну жашоонун кадимки көрүнүшү деп эсептейт. Анткени, мындай жашоону ага эң сүйүктүү, эң жакын адамдары "үйрөттү".
Казан-аяк кагышпаган үй-бүлө болбойт, анткен менен мына бул эрежелерди сактоого болот:
Бала сот эмес! Андыктан, "сен кандай ойлойсуң, атаңдын күндө эле ичип келе бергени туурабы?" деген сыяктуу суроолорду балага берүүнүн кажети жок. Муну менен баланы атасынын же энесинин таламын талашууга мажбур кыласыз. А бала үчүн ата менен эне бирдей кымбат.
Бала күнөөлүү эмес! Чырдын балага кенедей тиешеси жок болсо да, ал өзүн күнөөлүү сезет. Анан бул сезимин күчөтүп, "ушунун баары сенин айыңдан" деп баланы күнөөлөө таптакыр туура эмес. Уруштан соң эч нерсе болбогондой унчукпай коюу туура эмес. Андан көрө баланын курагына жараша сөздөр менен түшүндүрүп коюу туура.. "Сенин атаң акмак, ошон үчүн биз урушуп кеттик" деген сыяктуу фразалардын кереги жок. Анын ичиндеги "сенин" деген сөз балага катуу тиет. Бул түшүндүрүү эмес, күнөөлөө болуп саналат.Эң жакшысы, баланын көзүнчө урушпаңыздар!

Аңгеме мисал катары “ Атаңа окшобо уулум”

Сүрөт аркылуу дагы балдардын ата энеге болгон сезимин, таарынычын билсе болот.  

1.Үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири сүрөттө жок. Бул баланын ошол үй-бүлө мүчөсүнө карата болгон терс сезимин билдирет. Мисалы, аны агасы көп таарынтса, аны сүрөткө кошпой коюшу мүмкүн.
2. Сүрөттө өзү жок. Жакындары менен болгон татаал мамиле. "Мен өзүмдү четте калгандай сезем, мен бул жерде өзүмдү ашыкча сезем".

3. Сүрөттө ойдон чыгарылган үй-бүлө мүчөсү. Бала үйүндө жок нерсени: канаттууну, жаныбарды тартып коюшу мүмкүн. Мындан бала өзүнүн кимдир-бирөөгө керек жана зарыл экенин сезгиси келип, бирок ата-эне анын сүйүүгө, эркелетүүгө муктаждыгын канааттандырбай жаткандыгын билүүгө болот.
4. Өзүнүн көлөмү. Эгерде бала өзүн кичинекей кылып барактын бир бурчуна гана тартып койсо, ал баланын өзүн-өзү баалоосунун төмөн экендигинен кабар берет. Ал эми өзүн-өзү жогору баалаган балдар өзүнүн сүрөтүн ата-энесинен да чоң кылып көрсөтөт.
5. Өзүнүн турган орду. Эгерде ал өзүн атасы менен апасынын ортосуна же алдыңкы планга чыгарып тартса, демек, ал үй-бүлөдө өзүн эң керектүү жана зарыл адам катары сезет.

Баарыбыз эле балдарыбыздын ыймандуу тартиптүү адептүү болушун каалайбыз.Бирок өзүбүз байкабастан балдарга кайдыгерлик мамиле кылып туура эмес тарбия берип жатканыбызды элес албай калат экенбиз

Азыр биз жашоодо алынган көрүнүштөрдү форум театр кылып көрсөтуп беребиз жана ал аркылуу өз кемчиликтерибизди көрө алабыз.

Топторго бөлүү.

Ата-энлерге суроо.

1.Ар бир бала күнүгө угууга тийиш болгон 7 нерсе.Алар кайсылар? (доскага чыгып батманга өз ойлорун жазышат, түзөтүү киргизүү үчүн даяр батманды илүү)

2.Башка улуттардын бала тарбиялоо сырларын билесизби?Мисал келтирип айтып берсеңиз.(Канада,Германия,Түркия,Япония таратып берүү жана ата-энелерден окуп беришин сурануу)

3.Балдардын ата-энеге кайрымдуу болуп чоңойушуна тарбия берүүнүн кандай жолдору натыйжалуу? (аңгеме окуп берүү “Карыядан жаш жубайларга насаат”)

Демек, биз балдарыбызга кандай тарбия бере алдык, кандай үлгү болдук? деген суроого жоопту картайганда алат экенбиз.Ошондуктан кеч болуп кала электе, балам азыр кичинекей дебестен, эртелеп туура тарбиялап мамлекетибиздин ыймандуу, тартиптүү, адептүү, маданияттуу келечек ээлерин даярдай берели. Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат.