Жалал-Абад шаарындагы И.Сатыбаев атындагы №19 жалпы орто билим берүүчү мектеп-мекемеси
ТАРБИЯЛЫК СААТ Тема: Энелер ыйлабагыла,
уулуңар тирүү биз менен
Мугалим:_______________
Сабактын темасы: Энелер ыйлабагыла, уулуңар тирүү биз менен
Сабактын максаты:
Окуучулар улуу ата-мекенди коргоочулар жөнүндөгү түшүнүктөрүн калыптандырышат.
улууларды сыйлап, ызаттоого үйрөнүшөт.
Таза, тыкан жүрүүгө,мекенди коргоого тарбияланышат. Сабактын методу: интерактивдүү, эссе, видеослайд Сабактын жабдылышы: доска, бор, карточкалар, макал-лакаптар, ролик, сүрөттөр Сабактын тиби: жаңы билим берүү. Сабактын жүрүшү: Уюштуруу
9 май Жеңиш майрамы - совет элинин эң ыйык, эң улуу майрамы. Анткени бул күнгө жетүү үчүн совет эли 27 млн адамынан ажыраган. Бул күн - совет элинин 4 жылга созулган эң оор, эң кайгылуу Улуу Ата Мекендик согуштагы фашисттик Германиянын үстүнөн жеңишке жетишкен күн. 1945-жылдын 8-майы күнү саат 22ден 43 мүнөт өткөндө Берлин шаарына жакын Карлхорст шаарында вермахтын атынан генерал - фельдмаршал Кейтель Кызыл Армиянынмаршалы Г. Жуковдун жана союздаштардын атынан катышкан Англиянын авиация маршалы А. Теддердин катышуусунда биротоло жана толук багынып берүү (капитуляция) жөнүндөгү келишимге кол койгон. Бул мезгилде Москва шаарында 9-май кирип калган эле. И. Сталин ошол замат 9-майды Жеңиш күнү деп жарыялаган жарлыгын чыгарып, аны эртең менен саат 6:00дө радиодон атактуу диктор Левитан бүткүл совет элине жарыялаган. Бул күндөгү, эң биринчи согуш күнүн майрамдоо болуп көрбөгөндөй майрамдалган. Көчөдө жайнаган эл бирин - бири куттуктап, ыйлап өөп, куттуктап жүрүшкөн.Кечинде саат 22:00дө Москвада 1000 замбиректен СССРдин тарыхында болуп көрбөгөндөй масштабдагы 30 залп менен Жеңиш салюту берилген. Бирок, 1948 жылдан баштап 9-май жумушчу күн деп жарыяланган. 1965 - ж. гана Жеңиштин 20 жылдыгында 9-май Жеңиш күнүн кайрадан жумушчу эмес күн деп жарыяланып, майрам толук атрибуттары менен майрамдала баштаган. Аскердик парад, согуш ардагерлеринин салатанаттуу жүрүшү, Жеңиш салюту СССРдин бардык баатыр шаарларында жана улуттук республикалардын борборлорунда өткөрүлгөн.
9 - май Улуу Жеңиш күнүн ар бир инсан унутта калтырбоосу керек
КТМУда Улуу Ата-Мекендик согуштун 73-жылдыгын эскерүү иш-чарасы болуп өттү.
Бул иш-чара университеттин студенттер кеӊеши жана студенттер координаторлугу тарабынан даярдалып, 2018-жылдын 7-майында Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында болуп өттү. Ошондой эле Медиа Манастын түз эфиринде берилди.
Программа бир мүнөттүк эскерүү менен башталып, Кыргызстандын жана Түркиянын гимндери ырдалды жана ачылыш сөздөрүн сүйлөө менен уланды.
КТМУнун биринчи проректору профессор, Асылбек Кулмырзаев: «20-кылымда бардык өлкөлөргө жана улуттарга катуу таасир берген экинчи дүйнөлүк согуштун 73-жылдыгын белгилеп жатабыз. Эски Совет доорунда 9-май катары белгиленчү. 20-кылым унутулгус окуялары менен тарыхта калды. Биринчи дүйнөлүк согуш, императорлук кулады, ар түрдүү мамлекеттер түзүлдү. Бир тууган Түрк Республикасы да бул жылдарда түзүлдү. Орустар Советтер Союзун түздү. Орто Азиядагы калк катары биз да бул Союзга мүчө болдук. Кыргызстан катары өз баалуулуктарыбызды туу тутуп жана коргоп жашап келдик. Советтер Союзунун түзүлүшүнө, өнүгүшүнө жана дүйнөнүн эӊ күчтүү мамлекет болушуна бул жерде жашаган элдин салымы зор. Экинчи дүйнөлүк согуш башталганда биз бул согушту Ата-Мекендик согуш деп атадык. Ошол согушта шейит болгондорду эскерүү аябай маанилүү. Жаштарыбыз ал күндөрдү билиши жана ата-бабаларыбыз келечек үчүн өз жанын курман кылгандыгын унутпастан дайыма эскерип жүрүшү керек. Бул согушка 360миӊ бир тууганыбыз, башкача айтканда ар бир үй-бүлөдөн бирден киши барды. Биз, Түрк эли ата-бабаларыбызды эч качан унутпайбыз. Бул биздин эӊ маанилүү өзгөчөлүгүбүз болуп саналат» - деди биринчи проректор.
КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы: «Орто Азияда жана Советтер Союзунда жашаган элдер үчүн аябай маанилүү күндү эскерүү үчүн чогулдук. 20-кылым аябай оор кылымдардан болду. Аябай чоӊ жоготуулар болду. Мисалы, Биринчи дүйнөлүк согуш. Бул согушта 2 миллиард элден 30 миллиондон көбү өлдү. Согуштун максаты биздин Осмон императорлугун жок кылуу эле. Ал учурда Осмон императорлугунун 5 миллион километр квадратка жакын жери бар болчу. Башкача айтканда, биз Европаны, Кафкасияны, Ыраакы Чыгышты, Түндүк Африканы ээлеп турдук. Дүйнөнүн эӊ баалуу жана стратегиялык тармактары, ошондой эле мунай зат бизге тиешелүү аймактарда орун алган эле. Бүгүн ошол аймактарда согуштар, уруш-талаштар болуп жатат. Бул аймактарды түрктөрдөн, мусулмандардан алуу үчүн бул согуш башталган болчу. Бул согуш 1914-жылы башталып, 1918-жылы бүткөндө биздин колубузда эч кандай жер калган эмес десек туура болгудай. Жада калса , Стамбул да биздин карамагыбыздан чыккан эле. Бирок, биз күч топтоп, Улуу Ататүрк башта болуу менен төрт жыл ичинде Түркия Республикасын түздүк. 1918-жылы бардык нерсебизди жоготуу коркунучунда болчубуз жана Түрк деген ат жок болгону жатты эле.
Орто Азиянын да абалы начар эле. Бүтүндөй жерибизди басып алышты. Жерлерибизди, мунай зат аймактарды жоготтук, согуш уланып жатты. Бир тарапта Улуу октябрь көтөрүлүш менен Совет Союзу түзгөн коммунист блогу бар, экинчи тарапта Германияда пайда болгон Гитлер. Алар адамдардын душманы, эч нерсеге карабастан адамдарды зордук-зомбулук менен өлтүрдү. Алар да өз ара бир блок түзгөнгө аракет жасашты. Аты болсо фашист. Фашисттер жерлерди басып алышты, талкалашты. Биринчилерден болуп Польшаны, андан кийин Францияны басып алышты. Анан согуш башталды. Албетте, бул согушта Советтер Союзу да четте калбады. Гитлер Сталин менен келишим түздү. Бул келишимдин негизинде Польшанын жарымы Советтер Союзунун карамагына, жарымы Гитлердин карамагына өттү. Бирок Гитлер көп нерсе алгысы келип, Советтер Союзуна согуш ачты. Бул согуш 1939-жылы башталып 1945-жылы бүтүп, эӊ аз 60миӊ киши каза болду. Ал учурда Советтер Союзунун курамында жашагандардын 27 миӊи каза болду. 1939-жылы кыргыз калкынын саны 1миллион 400миӊ эле. Алардын ичинен 360 миӊи согушка алынган. Алардын ичинен 118миӊи каза болгон. Калганы жарадар, майып болуп өз үйлөрүнө кайтышкан. Албетте, согушту жеӊүү деген аябай маанилүү. Согуш бүткөндөн кийин Италия Германиянын курамынан чыкты. Англия, Америка, Советтер Союзу Франция блогунун курамына кошулду.
Натыйжада согушта бул блок жеӊишке жетти. Бирок аябай чоӊ жоготуулар болду. Сүйүктүү жаштар, Ататүрк ѳз учурунда «Эгер маанилүү себепсиз согуш болсо, бул кылмыш болуп саналат», - деп айткан экен. Экинчи дүйнөлүк согуштун чыгуусунун маанилүү себеби барбы деп суроо беришибиз керек. Менин оюмча жок. Себеби, согуш ачуу үчүн жериӊизди, намысыӊызды коргошуӊуз керек. Эгер бул согушка карасак булардын эч бири жок. Демек согуш ачкандарды кылмышкер катары карасак болот. Себеби, аябай көп кан төгүлдү, элдер кыйналышты, өлкөлөр жок болду. Мисалы Крым татарлары Советтер Союзунун курамында болгонуна карабастан Сталин аларды кууп чыкты. Бирок алар Кыргызстанга, Өзбекстанга, Казакстанга барып, ал жерде отурукташып калышты.
Сабакты бышыктоо:
Бул согуш нечендеген адамдарды алып кетти атап айтсак агалар, аталар, апалар кетишти. Жетим калган балдар, сыздап балдарын жалгыз чоңойткон апалар. Ошонгдой үй бүлөөлөрдүн бири менин чоң энем Калкыс. Менин чоң атам Төрө Салымбаевич 1941-жылы эл катары согушка аттанган кайра согуш аягында 1945- жылы аман эсен эли жерине кайткан. Ошол мезгилде чөң энем 30 жашта болгон.Чоң энемдин айтуусу боюнча чоң атам Төрө неметц аскерлеринин колуна түшүп, пленде болгон. Пленде көргөн кордуктарын мекенине аман келсе да ар күнү пленде жүргөндөй кыйналып, уйкудан чочуп кыйкырып чыкчуу дейт. Себеби пленде неметц аскерлери авчарка иттер менен кубалатып, тиштетип ойношчу экен уктап жатканда да ит тиштеди деп чып, чып деп кыйкырып чыкчуу дейт.
Бирок көпкө узабай чоң атабыз ооруп калат. Ал эми чоң энем чоңдордон кеңеш сураса согушта окопто жатып суук тийди ыссыкташ керек деп жылкынын этин бере башташат. Бирок тилеке каршы чоң атам көп узабай каза болот.Себеби гепатит болуп ооруп калат.Ал ооруну түшүнүшпөй тамак ылгоонун ордуна жылкынын этин беришкендиктен ыссык келип, каза болот. Ошол күндөн баштап чоң энем ата да апа да болуп, эң чоң баласы 12 жаш, 10 жаш, 9 жаш, 8 жаш 6 жаш жана курсактагы бала күмөн бойдон калат.Бирок чоң энем кайтаттуу, чечкиндүү аял болгондуктан 6 баланы чоңойтуп, окутат.
Жыйынтыктоо:
Биз ар бирибиз бизди коргоп, эгемендүү мамлекет болушубузга себепчи болгон агаларды, аталарды, апаларды эч качан, эч убакта унутууга акыбыз жок. Алардын жаркын элесине таазим!
Бул турмушка аталардан кеч келип,
Тээ батыштан согуш отун кечпедик.
А аталар төрөлө элек биз үчүн,
Кала берди таңк алдында тепселип.
Биз турмушка агалардан кеч келип,
Тээ алыстан адам канын кечпедик.
А агалар жаңы баскан биз үчүн,
Кала берди таңк алдында тепселип.