СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эритмелер, алардын концентрациясы

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Эритмелер, алардын концентрациясы»



Сабактын планы

Химия

Сабактын темасы: Эритмелер. Эритмелердин концентрациясын туюнтуу.

Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк: Эритме, алардын түрлөрү жана концентрациясын туюнтуу түшүнүктөрүн билишет

Өнүктүрүүчү: Эритмелерди берилген концентрациясына жараша даярдоодо эсептөөлөрдү жүргүзө алышат, өз оюн эркин чагылдырып түшүндүрүшөт, топто графикалык уюштургучтарды толтурушат.

Эритмелердин пайдалуу чөйрөсүн билишет

Тарбия берүүчүлүк:

Окуучулар өз ойлорун эркин айтууга, биргелешип иштөөдө бири биринин оюн угууга, бири бирин сыйлоого тарбияланышат.

Күтүлүүчү натыйжалар:

Берилген материалды маанисин түшүнүп, анализдешет;

Сабакта берилген тексттин мазмунуна байланыштуу суроолорго жооп берет;

Лабораториялык сабактарда, күнүмдүк практикада колдонулуучу эритмелерди алган билимдеринин, стехиометриялык эсептөөлөрдүн негизинде, туура ой жүгүртүү менен анализдеп өз алдынча даярдай алышат;


Колдонулган усулдар: оозеки (айтып берүү, баяндоо, суроо-жооп), практикалык (өз алдынча картаны толтуруу), көрсөтмөлүүлүк (демонстрация, иллистрация)

Сабактын жабдылышы: презентация, графикалык уюштургучтар (таблица, схема, диаграмма), таркатма материалдар, химиялык каражаттар (идиштер, заттар)

Сабактын жүрүшү

Сабактын этаптары, убактысы

Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучулардын

иш-аракеттери

1

Уюштуруу учуру

1 мүнөт












Мугалимдин саламдашуусу:

- Саламатсыңарбы балдар?

Жашоо жана Өнүгүү – бул химия

Сабакка окуучулардын даярдыгы каралат:

-Балдар химия сабагын баштайбыз сабакка керектүү окуу куралдарын: окуу китебин, дептерлерди, калем сап, ручканы алып отургула.

Бүгүн маанайды химия тилинде көтөрүү максатында силерге:

Натрий элементиндей активдүүлүктү каалап кетем

Студенттер:

саламдашат, сабакка керектүү каражаттарын такташат.






Калган окуучуларда бири бирине каалоолорду улантып айтышат




2

Үй тапшырманы текшерүү

2 мин

Отүлгөн теманы кайталап алайлы

1. Кайсы учурда химиялык реакция жүрөт деп айтабыз?

2. Реакцияга катышкан заттардын агрегаттык абалы кандай болушу мүмкүн? Мисал менен айткыла


Балдар суроолорго жооп беришет

3

Чакыруу

Мотивация

1 мүнөт










5 минута




































Балдар бизде марганцовка (калийдин перманганаты), туз, кант жана йод бар. Ар бирин күнүмдук практикада колдонобуз. Эмне үчүн жана кантип?




Балдар эмне үчүн көпчүлүк заттарды реакцияга эритме түрүндө колдонобуз?

https://onlinetestpad.com/rl4eso4ilrtui





Билгендерин дептерге жазып жупта талкуулашат. Ойун угузушат








Балдар божомолдоп ойлорун айтышат




















3.

Түшүнүү

Окуу максаттарын формулировкалоо жана окуу ишмердүүлүгүн аныктоо

2 мүнөт











Анда балдар силер менен сабакта кандай иштерди аткара турганыбызды билип алалы.


Биздин бүгүнкү темабыз: Эритмелер.Эритмелердин концентрациясын туюнтуу.

Балдар силер бүгүн сабакта:

- Эритмелер.Эритмелердин концентрациясын туюнтуунун түрлөрү менен тексти окуп чыгып таанышып, мазмунун түшүнөсүңөр;

-Топторго берилген тапшырмаларды өз ара пикирлешүү жана бтргеликте чечим чыгаруу менен аткара аласыңар;

-Өз иштеринердин натыйжасын жана аны кантип көрсөтө турганыңарды тандай аласыңар;

-Ар бир топ өзүнүн презентациясын даярдап, жазганыңарды далилдейсиңер,суроолорго жооп бересиңер

- Доскадагы сабактын максатына жана натыйжасына көңул бурушат;

-Мугалим экрандан сабактын максатын окуйт;

-окуучулар сабакта аткара турган иштердерди түшүнүп алашат


Балдар тактоо үчүн суроолорду берип, сабактын максатын түшүнүшөт

4

Жаңы өздɵштүрүлгɵн материалды түшүндүрүү

15 мүнөт


Столдун үстүндөгү түстүү жазуулардын – Негиздер, Кислоталар, Туздар - каалаганын тандап алышат;

Топко бөлүнүп, сабакка даярданышат

«Негиздер » тандагандар 1-топ,

«Кислоталар » тандагандар 2-топ,

«Туздар » тандагандар 3-топко бөлүнүп олтургула.


Чакан тайпада жупта иштөө:

-Балдар биз үч топко бөлүнүп алдык, эми мен силерге текст таркатып берем, ар бириң текстти өз алдынча окуп чыгып, жаныңарда отурган классташыңарга эмнени түшүнгөнүнөр жөнүндө айтып бересинер.

1-тиркеме үчүн суроолор:

-Эритме деп эмнени айтабыз ?

-Агрегаттык абалы боюнча кандай эритмелер бар?

- Эритменин концентрациясы деп эмнени түшүнөбүз?

2-тиркеме үчүн суроолор:

-Эмне үчүн эритменин концентрациясын туюнтуунун бир нече жолдору бар?

-Алар эмнеси менен айырмаланат?

3-тиркеме үчүн суроолор:

- Окуу процессинде аткарыла турган практикалык жумуштарга кандай эритмелер талап кылынат?

-Аларды даярдоодо эмнелер талап кылынат жана кандай өлчөмдө?

Түстөр аркылуу

топко бөлүнүү.





Топко болүнүшөт, тексти алышат жана аны менен таанышып, жупта талкуулашат




Окуучулар мугалимди угушат, берилген суроолорго жооп беришет.


5.

Өздөштүрүү:

Өз алдынча иштөө

20 мүнөт




































1-тапшырма:

Окуянын картасы” стратегиясын колдонуу.

1-кадам. Мугалим окуучуларга сунушталган форманы толтуруу менен окуянын картасын түзүүнү сунуштайт.

2-кадам. Балдар, доскага илинген картаны толтурушуңар керек, ал үчүн текстти көңүл коюп окугула.

3-кадам. Окуп чыгып негизги түшүнүтөрдү ырааты менен аныкташат жана окуялар картасынын ар бир бөлүгүндө белгилешет .

4-кадам. Аткарылган иштердин бардыгы досканын бир четине илинет.


Өз алдынча толтуруу үчүн “Окуянын картасы” формасы ар бир топко берилет.


Топтун аты _______________________

Каралуучу материал ______________

1.Негизги түшүнүк

2. Эмнеден турат

3. Кандай болот

4. Кандай мүнөздөлөт

Негизги түшүнүк





Эмнеден турат Кандай болот Кандай мүнөздөлөт











2-тапшырма: Графикалык уюштуруучу

(Т-схемасы) менен иштөө.

Балдар 2-Т схема түзөбүз, дептерлерибизге чоң Т тамгасын жазып алабыз, тамганын үстүнө эритме түрүндөгу заттар, кадимки заттар деп жазып алабыз. Сол жагына берилген заттардын оң сапаттын, оң жагына терс сапатын жазабыз.

«Негиздер » тобу эритме түрүндөгу заттар жана кадимки заттарга салыштырма жазышат.

Эритме түрүндө Кадимки заттар



Оң Терс Оң Терс

«Кислоталар » тобу: Графикалык уюштуруучу (кластер) - алар эритмелердин концентрациясынын туюнтулушу боюнча татаал кластер түзүшөт.

«Туздар » тобу конкреттүү өлчөмдөгү эритмелерди даярдашат:

1. 10% кайнатма тузунун 200 грамм эритмесин даярдагыла

2. 1М кальций гидроксидинин эритмесин даярдагыла

3. 0,5 Н темирдин хлоридинин эритмесин даярдагыла




Ар бир топко “окуянын картасы” таркатылат, окуучулар биргелешип тапшырманы топто аткарышат.


Окуучулар негизги ойду бөлүп алышат, окуганын визуалдаштырышат, тексттеги негизги окуяларды бөлүп алышат, окуганын талдашат.












Мугалим окуучулар тапшырмаларын аткарып жаткан учурда туура жолдо бара жаткандыгына ынануу үчүн суроолорду берет.



Топто иштешет. Балдар ватманга Т-схемасын түзүп, толтурушат.



Балдар татаалкласстер түзүшөт.




Балдар топто биргелешип берилген өлчөмдөгү эритмелерди даярдашат

6.

Алган материалды колдонуу жана бышыктоо

15 мүнөт












3 мүнөт


Топтор тапшырмаларын бүтүп презентацияга чыгышат


Презентация бүткөндөн кийин талкуу жүргүзүлөт

https://onlinetestpad.com/rl4eso4ilrtui


Презентация учурунда башка топтор суроо беришет.

Мугалим окуучулардын айткан ойлорун тастыктоочу жана далилдеп берүүчү суроолорду берет.


Топтор бири бирин баалашат.

Мугалим суроолорду берет -

ар бир топтон жооп беришет.

7.

Рефлексия (сабактын жыйынтыгын чыгаруу)

2 мүнөт



- Тапшырма аткаруудагы тандооңор силерге кандай жардам берди?

- Аткарып жаткан ишиңер теманы оюңарда кайрадан карап чыгууга мүмкүнчүлүк түзө алдыбы?-

- Ар бир топ кандай натыйжага жетишти деп ойлойсуңар?

- Бул сабак силерге эмнеси менен жакты?

Калыптандыруучу баалоонун ыкмасы:

Калыптандыруучу сурамжылоо

Мугалим сабактын максатына кайрылат.

Жооп берген окуучу үчтөн аргумент келтирет



8.

Үй тапшырмасы

1 мүнөт


4 окуп 3-4 маселени аткарып, Эритмелердин колдонулушуна кластер түзүп келгиле.

Кийинки сабакка чейин кунумдук парктикада кандай эритмелерди колдонгонуңду тизмелеп жаз.

Кээ бир окуучулар үчүн тапшырманы аягына чыгаруу боюнча алгоритм берилет




Үйгө тапшырма үйрөнүп жаткан материалды практикада колдонуу үчүн берилет.

9

Баалоо 2 мүнөт

Окуучулардын сабакта тапшырмаларды аткарган аракеттерине жараша баалоо.




лапандарды көздөй ылдамыраак сойлоду


Өз алдынча толтуруу үчүн “Окуянын картасы” формасы ар бир топко берилет.


Топтун аты _______________________

Каралуучу материал ______________

1.Негизги түшүнүк

2. Эмнеден турат

3. Кандай болот

4. Кандай мүнөздөлөт

Негизги түшүнүк





Эмнеден турат Кандай болот Кандай мүнөздөлөт










2-тиркеме: “Негиздер”тобунун тапшырмасы

Кадимки заттар

Эритме түрүндө







Оң Терс Оң Терс














3-тиркеме: “Кислоталар” тобунун тапшырмасы





























4-тиркеме: “Туздар” тобунун тапшырмасы

  1. 10% кайнатма тузунун 200 грамм эритмесин даярдагыла

  2. 1М кальций гидроксидинин эритмесин даярдагыла

  3. 0,5 Н темирдин хлоридинин эритмесин даярдагыла