Просмотр содержимого документа
«Эртең мененки көнүгүүлөрдү максатка ашыруунун ыкмалары»
Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы
Эртең мененки гимнастиканы
жүзөгө ашыруунун методикасы
Ленин району
№ 43 МЧББУ
Даярдаган: Сыйдалиева Б.Т.
Эртең мененки машыгуу деген эмне?
- Эртең мененки машыгуу деген бул көнүгүүлөрдүн топтому. Ал баланын организмине, тулку-боюна күнү бою жан киргизип, оң энергия тартуулайт.
Эртең мененки көнүгүү
- Уйкунун айрым кесепеттерин (алсыроо, шалдыроо, шишип калуу д.у.с.) жок кылат;
- Баланын нерв системасынын тонусун жогорулатат;
- Бардык органдардын иштөөсүн жакшыртат;
- Баланын таяныч-кыймыл аппаратынын күчтүү болушун шарттайт;
Эртең мененки машыгууну өткөрүүнүн шарттары
- Эртең менен аткарылуучу көнүгүүлөр, тамактанаар алдында ишке ашырылууга тийиш;
- Таза абада же бөлмөдө (аба ырайынын шартына жараша) өткөрүү талап кылынат.
- Эртең менен машыгуу бөлмөсүнүн терезечеси ачык бойдон калуусу керек.
- Балдардын жеңил кийимчен, жылаңайлак машыгуусу абдан пайдалуу.
Эртең мененки машыгуунун узактыгы
Баланын жашы
Узактыгы
3-4
ЖӨКнүн саны
6 мүн
4-5
Кайталануусу
4-5
7-8 мүн.
5-6
8-10 мүн
6 жолу
5-6
6-7
7-12
10-12 мүн.
6-7 жолу
6-8
7-8 жолу
8-12
10-12 мүн.
8-10 жолу
12-14
10-12 жолу
ЖӨК-жалпы өнүктүрүүчү көнүгүүлөр
Эртең мененки көнүгүүлөрдүн топтому
Эртең мененки гимнастиканын салттуу комплекси төмөндөгүчө аткарылат:
- Ар кандай ыраатта катарга туруу;
- Басуудан акырындап чуркоого өтүү;
- Чуркоо;
- Жалпы өнүктүрүүчү көнүгүүлөр (балдардын жаш курагына жараша)
- Басуу аркылуу дем алуу көнүгүүлөрүн жасоо;
- Аз кыймылдуу оюндар же оюн аркылуу аткарылуучу көнүгүүлөр.
Эртең мененки көнүгүүлөрдү шарттуу түрдө үчкө бөлүшөт
Киришүү .
Организмди татаал көнүгүүлөрдү жасоого даярдоо.
-катарга туруу;
-ар кандай ыкмада басуу(буттун учу, согончок ж.б.)жана акырындык менен чуркоого өтүү;
-чуркоодон басууга өтүү;
-басып бара жатып дем алууну калыбына келтирүү;
-кайрадан катарга туруу (айлана болуп, колонна болуп ж.б)
Негизги бөлүк
Мында негизги булчуңдарды бекемдөө, ийкемдүүлүктү, чоюлчаактыкты жана денени түз кармоону калыптандырууну максатка коет.
- Кол булчуңдарынын жана ийиндин көнүгүүлөрү;
- Дене булчуңдарынын көнүгүүлөрү;
- Бут булчуңдарынын көнүгүүлөрү;
- Көүгүүлөрдү отуруп жана жатып аткаруу;
- Секирүү.
Акыркы бөлүк
Мында басуунун жана чуркоонун ар кандай түрлөрү аткарылат. Организмдин бардык системасын жөнгө салуу үчүн, сөзсүз түрдө басып бара жатып дем алуу көнүгүүлөрүн аткаруу керек.
Баланын физикалык жактан толук кандуу өсүүсү үчүн саламаттыкты сактоонун технологияларынын айрым элементтерин аткартуу керек:
- Манжа көнүгүүлөрү;
- Көзгө көнүгүү жасоо;
-Май тамандуулукту алдын алуучу көнүгүүлөр;
-массаждын түрлөрү.
Балдарды жайгаштыруу, катарга тизүү, буюмдарды таратуу, жыйноо көп убакытты албаш керек.
Мында негизги ролду тарбиячы аткарат.
- Буюмдарды таратуу (тизилгенге чейин же кийин)
- Оюндун башталышында, жүрүшүндө жана бүтүшүндө берилүүчү буйруктар жана сигналдар;
- Балдар жаш курагына жараша тарбиячыга кезектешип көмөкчү боло алышат.
Балдарга көнүгүүлөрдү жасатып жаткан учурда алардын дем алуусун контролдоп туруу керек. Демди алганда мурун аркылуу терең алынышы керек, демди чыгаруу ооз аркылуу жай жана узакка созулушу керек.
«Балдарга бере ала турган эң мыкты нерсе — өздөрүн жакшы көрүүнү үйрөтүү».