СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Евразия материги.

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Евразия материги.»

Евразия материги





Евразия – Жер шарындагы эң чоң материк (континент). Түндүк жарым шарда (айрым аралдары Түштүк жарым шарда). Ал Европа жана Азия дүйнө бөлүгүнөн турат. Батыштан чыгышка 16 миң км, түндүктөн түштүккө 8 миң кмге созулат. Аянты аралдары менен кошо 54,9 млн км2дей (кургактыктын 1/3инен көбүрөөгү), анын ичинде аралдарынын аянты 2,75 млн км2дей. Калкы 4,57 млрд (2000). Аймагынын деңиз деңг. орт. бийикт. 840 м; эң бийик жери – 8848м, ал –Гималайдагы Жомолунгма чокусу. Материктин эң четки тумшуктары: түндүгү – Челюскин, түштүгү – Пиай, батышы – Рока, чыгышы – Дежнёв тумшуктары. Батышынан Атлантика, түндүгүнөн Түндүк Муз, чыгышынан Тынч, түштүгүнөн Инди океандары жана алардын деңиздери менен чулганат. Түштүк-чыгышында Австралия, Азиянын деңиздери Евразияны Австралиядан, Түндүк-чыгышта Беринг кысыгы Түндүк Америкадан, Түштүк-батышында Гибралтар кысыгы, Жер Ортолук деңиз, Кызыл деңиз Африкадан бөлүп турат. Суэц мойногу Евразияны Африка материги менен туташтырат. Европанын жээктери Азияныкына караганда көбү­рөөк тилмеленген. Кургактыктын тутумдаштыгы, материктин азыркы тектон. биримдиги, климаттык процесстердин негизинен окшоштугу, органика дүйнөсүнүн өнүгүүсүнүн жалпылыгы жана башка факторлор материкти «Евразия» деп атоого негиз болгон.



Евразия

Eurasia (orthographic projection).svg

Евразия жарым шаардагы картада

Аянты

54 759 000 км²



Калкы

5,041 млрд (2013) адам



Жыштыгы

90,34 адам/км²



Этнохороними

Евразиялыктар, евразиялык, евразийка



Курамында

92 өлкө



Көз каранды

өлкөлөр

9



Таанылбаган аймактар

8



Тилдери

Евразия тилдери



Убакыт аралыгы

UTC±0 — UTC+12



Ири шаарлары

Москва, Лондон, Стамбул, Токио, Жакарта[1], Дели, Мумбай, Тегеран, Калькутта, Шанхай, Осака[1], Сеул, Тяньцзинь, Манила[1] жана Карачи.