СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эже-синдилер. Нике жонундо баарлашуу.

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Эже-синдилер. Нике жонундо баарлашуу.»

Тема:НИКЕ ЖӨНҮНДӨ БААРЛАШУУ “ Нике - үй бүлө күтүү максатында түзүлгөн, жубайлардын ортосундагы мүлктүк жана мүлктүк эмес мамилелерин жарата турган мыйзамда белгиленген тартипте тараптардын эркин жана толук макулдугу менен эркек жана аялдын ортосунда тең укуктуу баш кошуусу”.

Тема:НИКЕ ЖӨНҮНДӨ БААРЛАШУУ

“ Нике - үй бүлө күтүү максатында түзүлгөн, жубайлардын ортосундагы мүлктүк жана мүлктүк эмес мамилелерин жарата турган мыйзамда белгиленген тартипте тараптардын эркин жана толук макулдугу менен эркек жана аялдын ортосунда тең укуктуу баш кошуусу”.

Никенин кандай түрлөрү бар? Кайсы жашта никеге турат? Жубайлар кандай укуктарга ээ?

Никенин кандай түрлөрү бар?

Кайсы жашта никеге турат?

Жубайлар кандай укуктарга ээ?

Никенин түрлөрү Коомчулукта үй-бүлө  куруунун бир нече түрүн айырмалашат: жарандык нике- официалдуу, мамлекеттик органда каттоого алынган нике; нике-мусулмандарда шариатка  ылайык, христиандарда чиркөөдө никелешүү; жана жарандык эмес нике же бирге жашоочулук- никени каттоого албай чогуу жашоо.

Никенин түрлөрү

Коомчулукта үй-бүлө куруунун бир нече түрүн айырмалашат: жарандык нике- официалдуу, мамлекеттик органда каттоого алынган нике; нике-мусулмандарда шариатка ылайык, христиандарда чиркөөдө никелешүү; жана жарандык эмес нике же бирге жашоочулук- никени каттоого албай чогуу жашоо.

 Өзүнчө элге жана мамлекеттерге тиешелүү болгон никенин дагы башка түрлөрү бар. Азыр биз силер менен никенин ушул үч түрүн карайбыз жана талкуулайбыз, ал үчүн биз топтордо иштейбиз.

Өзүнчө элге жана мамлекеттерге тиешелүү болгон никенин дагы башка түрлөрү бар. Азыр биз силер менен никенин ушул үч түрүн карайбыз жана талкуулайбыз, ал үчүн биз топтордо иштейбиз.

Азыр 3 топко бөлүнүп, төмөнкү тапшырманы аткарабыз 1-топ. Топто өзүңөрчө талкуулап,  төмөнкү суроолорго жооп бергиле: Мыйзам боюнча Кыргызстандын жарандары кайсы жашта никеге тура алышат? Үй-бүлөдө ким мүлккө ээ болот? Үй-бүлө, балдар үчүн ким жоопкерчиликти алат? Ажырашуу кандай болот, жубайлардын кандай укуктары жана милдеттери бар?

Азыр 3 топко бөлүнүп, төмөнкү тапшырманы аткарабыз

1-топ. Топто өзүңөрчө талкуулап, төмөнкү суроолорго жооп бергиле: Мыйзам боюнча Кыргызстандын жарандары кайсы жашта никеге тура алышат? Үй-бүлөдө ким мүлккө ээ болот? Үй-бүлө, балдар үчүн ким жоопкерчиликти алат? Ажырашуу кандай болот, жубайлардын кандай укуктары жана милдеттери бар?

2-топ. Топто өзүңөрчө талкуулап,  төмөнкү суроолорго жооп бергиле: Кантип адамдар никеге турушат? Үй-бүлөдө ким мүлккө ээ? Үй-бүлө, балдар үчүн ким жоопкерчиликти алат? Ажырашуу кандай болот, жубайлардын кандай укуктары жана милдеттери бар?

3-топ. Топто өзүңөрчө талкуулап,  төмөнкү суроолорго жооп бергиле: «Жарандык эмес нике» эмнени түшүндүрөт? Үй-бүлөдө ким мүлккө ээ? Үй-бүлө, балдар үчүн ким жоопкерчиликти алат? Ажырашуу кандай болот, жубайлардын кандай укуктары жана милдеттери бар? Мындай никеде ажырашуу болобу?Топтор өздөрүнүн жоопторун презентациялайт, калган топтор кошумчаласа болот (ар бир презентацияга 3 мүнөт берилет).

 КР нын 2003-жылынын 26-июнундагы Үй-бүлө кодексинен алынган никенин аныктамасы

КР нын 2003-жылынын 26-июнундагы Үй-бүлө кодексинен алынган никенин аныктамасы

Топтордо иштөөнү жыйынтыктайбыз: «Жарандык нике жубайлардын тең  укуктуулугун камсыз кылат, мүлктүк жана мүлктүк эмес мамилени жөнгө салат, ажырашуу мезгилинде жубайлар чогуу иштеп тапкан мүлктү тең бөлүштүрүүгө укуктуу.

Диний ишенимге таянып никеге турууда бир тараптын укугу бузулушу мүмкүн, көбүнчө аялдын укугунун бузулушундагы өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар. Бирок мамлекет тарабынан бардык никенин түрлөрүндө жалпы жарандык укукка кепилдик берилет, жарандык никеде жөнгө салынган, никенин башка түрлөрүндө бир тараптын кайрылуусунун негизинде сот аркылуу коргоого алынат».

Никеге туруу   КРнын Үй-бүлө  кодекси боюнча никеге туруу үчүн жубайлардын өз ара макулдугу жана никелешүү жашына жетүүсү керек. Никелешүү жашы 18 жашка толук толгондон кийин башталат. Өзгөчө жагдайда гана балдарды коргоо мамлекеттик органдардын ыйгарымдуу аймактык бөлүмдөрдүн комиссиялык корутундусунун негизинде гана никеге 17 жашка толгондо турса болот

Никеге туруу

КРнын Үй-бүлө кодекси боюнча никеге туруу үчүн жубайлардын өз ара макулдугу жана никелешүү жашына жетүүсү керек. Никелешүү жашы 18 жашка толук толгондон кийин башталат. Өзгөчө жагдайда гана балдарды коргоо мамлекеттик органдардын ыйгарымдуу аймактык бөлүмдөрдүн комиссиялык корутундусунун негизинде гана никеге 17 жашка толгондо турса болот

Никеге турууга мажбурлоо укук бузуу болуп саналат жана аялдын же эркектин макулдугу жок никеге турууга эч ким мажбурлабашы керек.   Азыркы мезгилде «кыз ала качуу» учурлары көбөйүп кетти. Акыйкатчы институтунун маалыматтары боюнча бир жылда 16 000дей ала качуу болот. Эч ким билбейт, канчасы өз ара макулдашуу менен болгон, канчасы мажбурлоо аркылуу болгон.
  • Никеге турууга мажбурлоо укук бузуу болуп саналат жана аялдын же эркектин макулдугу жок никеге турууга эч ким мажбурлабашы керек.

  • Азыркы мезгилде «кыз ала качуу» учурлары көбөйүп кетти. Акыйкатчы институтунун маалыматтары боюнча бир жылда 16 000дей ала качуу болот. Эч ким билбейт, канчасы өз ара макулдашуу менен болгон, канчасы мажбурлоо аркылуу болгон.
Кыргыз Республикасында кыз ала качууга 154-155- беренелери боюнча 100-500гө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо 10 жылга чейин кылмыштуулуктун оордугуна карай эркинен ажыратуу Кылмыш жана жаза кодексинде каралган.   Жубайлар үчүн тигил же бул никенин түрүндө никеге турууда же никени токтотууда юридикалык жана мыйзам тарабынан кандай кепилдиктер бар экенин карап чыгабыз.

Кыргыз Республикасында кыз ала качууга 154-155- беренелери боюнча 100-500гө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо 10 жылга чейин кылмыштуулуктун оордугуна карай эркинен ажыратуу Кылмыш жана жаза кодексинде каралган.

Жубайлар үчүн тигил же бул никенин түрүндө никеге турууда же никени токтотууда юридикалык жана мыйзам тарабынан кандай кепилдиктер бар экенин карап чыгабыз.

Жарандык абалды каттоо органында (ЗАГС) никени каттоо жубайлардын кызыкчылыктарын жана укугун коргоо үчүн биринчи негиз болот. Жубайлардын ар бири чогуу жашап жаткандагы жалпы мүлккө тең укуктуу, балдарына жооп берет (эгерде соттун чечими менен башка нерсе каралбаган болсо), ажырашуу мезгилинде мүлктү тең бөлүүгө ишенсе болот.

Никеси катталбаганда, жубайлардын кызыкчылыктарын аз коргойт, ажырашуу мезгилинде көбүнчө аялдар кысымчылыкка дуушар болушат, себеби мүлк көп учурда эркектерге жазылат. Акыйкатчынын социалдык докладына караганда каттоого алынбаган никеде аялдарга мүлктүк укугун далилдөө кыйын.

Аялдар сотко кайрылып далилдерди келтириш керек (айлык акысы боюнча маалымат, сатып алган боюнча чектер ж.б.) бирок далилдеш кыйын, эгерде күйөөсү аялдын кошкон салымын жокко чыгарса, чогуу менчикти түзүүдө келишим жок болсо ж.б. Мындай көйгөйлөрдү алдын алуу үчүн албетте, никени каттоого алыш керек бирок никени каттоого алуу бардык көйгөйлөрдү чечүү деп айта албайбыз.

Азыркы учурда никенин кайсы түрү көбүрөөк жайылган? Эмне үчүн? Өздөрү окуучулар никенин кайсы түрүн тандашат эле? Эмне үчүн? Кайсы жашта турмуш курууга мүмкүн? Эмне үчүн?
  • Азыркы учурда никенин кайсы түрү көбүрөөк жайылган? Эмне үчүн?
  • Өздөрү окуучулар никенин кайсы түрүн тандашат эле? Эмне үчүн?
  • Кайсы жашта турмуш курууга мүмкүн? Эмне үчүн?
Ажырашуунун кандай себептерин жана кесепеттерин билесиң? «Ажырашуулардын кесепеттери жеке инсанга, бардык үй-бүлөнүн мүчөлөрүнө, коомго терс таасирин тийгизет» -дегенди кандайча түшүнөсүңөр?
  • Ажырашуунун кандай себептерин жана кесепеттерин билесиң?
  • «Ажырашуулардын кесепеттери жеке инсанга, бардык үй-бүлөнүн мүчөлөрүнө, коомго терс таасирин тийгизет» -дегенди кандайча түшүнөсүңөр?
«ФОРУМ-ТЕАТР» МЕТОДИКАСЫНА КИРИШҮҮ  «Театр - билимдин бир түрү; ал билим коомду өзгөртүүнүн куралы болушу керек жана боло алат. Театр бизге келечекти күтүп отурбай, аны өзүбүз куруп алганга жардам берет». Августо Боаль (Augusto Boal) - форум-театр методикасынын негиздөөчүсү

«ФОРУМ-ТЕАТР» МЕТОДИКАСЫНА КИРИШҮҮ

«Театр - билимдин бир түрү; ал билим коомду өзгөртүүнүн куралы болушу керек жана боло алат. Театр бизге келечекти күтүп отурбай, аны өзүбүз куруп алганга жардам берет». Августо Боаль (Augusto Boal) - форум-театр методикасынын негиздөөчүсү

Форум-театр - бул интерактивдүү театр, коомду тынчсыздандырган маселелер боюнча талкуулоо, баарлашуу үчүн керектүү оюндардын, көнүгүүлөрдүн жана ыкмалардын топтому болуп эсептелет. Интерактивдүү театрды кээде «көрүүчүлөрдүн түздөн-түз катышуусундагы театр» же «коомчулукка негизделген театр» деп аташат. Театр конфликттерди чечүүдө колдонулган учурларда «конфликтти трансформациялоочу (өзгөртүүчү) драма» деп аталат.

Форум-театр көрсөтүүлөрүнүн темалары коомчулуктагы көйгөйлөр болуп саналат: үй бүлө мүчөлөрүнүн, чоңдор менен балдардын, ар түрдүү улуттун өкүлдөрүнүн ортосундагы мамилелер; миграцияга байланыштуу маселелер, үй-бүлөдөгү зомбулук, мектептеги рэкет, алкоголизм ж.б. Көрсөтүүлөрдүн темалары окуяларды тандоо сабагында мектеп окуучулары тарабынан аныкталат.

Форум-театр көрсөтүүдөн жана форум/ талкуулоодон турат. Форум-театрдын негизги максаты:   Көрсөтүү аркылуу көйгөйлөр жөнүндө маалымат берүү Көрсөтүлгөн көйгөйлүү жагдайдан чыгуу жолдорун издөө максатында форум/талкуулоону уюштуруу.

Форум-театр көрсөтүүдөн жана форум/ талкуулоодон турат.

Форум-театрдын негизги максаты:

Көрсөтүү аркылуу көйгөйлөр жөнүндө маалымат берүү

Көрсөтүлгөн көйгөйлүү жагдайдан чыгуу жолдорун издөө максатында форум/талкуулоону уюштуруу.

 «Форум-театр» технологиясын мектептеги драмалык клубдун катышуучулары сабактарга катышуу аркылуу өздөштүрүшөт. Сабактар ар кандай максаттарды камтыйт: а) Команда түзүү жана катышуучулар ортосундагы ишенимди пайда кылуу: -катышуучуларды тааныштыруу үчүн көнүгүүлөр, -ишенимди жаратуу үчүн көнүгүүлөр, -команданы түзүү үчүн көнүгүүлөр.

«Форум-театр» технологиясын мектептеги драмалык клубдун катышуучулары сабактарга катышуу аркылуу өздөштүрүшөт. Сабактар ар кандай максаттарды камтыйт:

а) Команда түзүү жана катышуучулар ортосундагы ишенимди пайда кылуу: -катышуучуларды тааныштыруу үчүн көнүгүүлөр, -ишенимди жаратуу үчүн көнүгүүлөр, -команданы түзүү үчүн көнүгүүлөр.

б) Көрсөтүүнү даярдоо үчүн катышуучуларды керектүү ыкмаларга үйрөтүү: форум-театрдын тарыхы жана методикасы менен таанышуу, -актердук чеберчилик, -дене мүчөлөрү жана ымдоо, жаңсоо менен иштөө, -дем алуу жана үн басымын орнотуу,баарлашуу жана монолог түзүү.

в) Көрсөтүүнү иштеп чыгуу жана ролдорго кирүү:  конфликттүү - көйгөйлүү окуяларды тандоо,  конфликтти – көйгөйдү талкуулоо,  репетициялар,  джокерди (көрүнүштүн жана талкуулоонун алып баруучусун) тандоо

в) Көрсөтүүнү иштеп чыгуу жана ролдорго кирүү: конфликттүү - көйгөйлүү окуяларды тандоо, конфликтти – көйгөйдү талкуулоо, репетициялар, джокерди (көрүнүштүн жана талкуулоонун алып баруучусун) тандоо

г) Көрсөтүүнүн премьерасы.«Форум -театр» технологиясы боюнча толук сабактар катары бул колдонмодо жазылган. Бардыгы болуп 10 сабак.  Бул сабактар форум-театрды түзүү боюнча катышуучулар менен таанышкан биринчи сабактан баштап, көрсөтүүнү коюу боюнча онунчу сабакка чейин бардык кадамдарды камтыйт.

Методикага киришүү.   Форум-театр - бул интерактивдүү театр. Интерактивдүү театрды кээде «катышуучулардын түздөн-түз катышуусунун театры» деп аташат. Интерактивдик театр Түндүк, Борбордук жана Түштүк Американын, Азиянын, Европанын жана Африканын 70тен артык өлкөсүндө колдонулган.

Методикага киришүү.

Форум-театр - бул интерактивдүү театр. Интерактивдүү театрды кээде «катышуучулардын түздөн-түз катышуусунун театры» деп аташат.

Интерактивдик театр Түндүк, Борбордук жана Түштүк Американын, Азиянын, Европанын жана Африканын 70тен артык өлкөсүндө колдонулган.

Ал шаарларда жана айылдарда, мектептерде, университеттерде, реабилитация борборлорунда, балдар үйлөрүндө, түрмөлөрдө жана жамааттарды өнүктүрүү программаларында колдонулган. Бул театр Кыргызстанда дагы Чүй, Баткен, Нарын, Талас, Ош, Жалал-Абад областарындагы мектептерде колдонулуп жатат.

Ал шаарларда жана айылдарда, мектептерде, университеттерде, реабилитация борборлорунда, балдар үйлөрүндө, түрмөлөрдө жана жамааттарды өнүктүрүү программаларында колдонулган.

Бул театр Кыргызстанда дагы Чүй, Баткен, Нарын, Талас, Ош, Жалал-Абад областарындагы мектептерде колдонулуп жатат.

Форум-театрынын оюндарын иштеп чыгуу үчүн катышуучулар, жеке жашоосундагы басынтуу учурлары тууралуу маселелерди талкуулоодон баштайт. Ийримдин алкагында катышуучулар өз мектептебинде, үйүндө же өз шаарындагы, айылындагы көйгөйлөр жөнүндө алардан чыга албай калган учурлар тууралуу мисалдар менен ой бөлүшүшөт.

Мындай окуяларды бири-биринен уккандан кийин көйгөйлөрдү чагылдырган жана анын чыгуу жолдорун табууну көрсөтүү боюнча окуяны тандашат. Андан кийин ал окуяга сценарий жазылат, репетиция болот, кийин көрүнүш коюлат.

Форум-театрда негизги каармандар: Протагонист - бул зомбулукка учураган адам. Көрүнүштө дагы башка каарман бар - антагонист, зомбулук кылган каарман. Көрүүчүлөрдүн милдети көрүнүштү көргөндөн кийин протагонистке кыйын кырдаалдан чыгууга жардам берүү.   Джокер -  көрсөтүүнүн алып баруучусу

Форум-театрда негизги каармандар:

Протагонист - бул зомбулукка учураган адам. Көрүнүштө дагы башка каарман бар - антагонист, зомбулук кылган каарман. Көрүүчүлөрдүн милдети көрүнүштү көргөндөн кийин протагонистке кыйын кырдаалдан чыгууга жардам берүү.

  Джокер - көрсөтүүнүн алып баруучусу

Форум-театр усулу – бул берилген көрүнүштүн алкагында көрүүчүлөр менен көйгөйлөрдү чечүү же татаал кырдаалдан чыгуу жолдорун издөө.   Форум-театрдын джокери көрүнүштүн астында көрүүчүлөрдү спектакль аркылуу чагылдырылган көйгөй менен тааныштырат.

Форум-театр усулу – бул берилген көрүнүштүн алкагында көрүүчүлөр менен көйгөйлөрдү чечүү же татаал кырдаалдан чыгуу жолдорун издөө.

Форум-театрдын джокери көрүнүштүн астында көрүүчүлөрдү спектакль аркылуу чагылдырылган көйгөй менен тааныштырат.

Спектакль бүткөндөн кийин джокер катышуучулардын көйгөйдү жана анын кесепеттеринин бир конкреттүү адамга, бүтүндөй коомчулукка болгон таасирин түшүнүү деңгээлин интерактивдүү суроолорду берүү менен аныктайт. Керек болгон учурда бир нече көйгөйдү айтып чыгарат.

Спектакль бүткөндөн кийин джокер катышуучулардын көйгөйдү жана анын кесепеттеринин бир конкреттүү адамга, бүтүндөй коомчулукка болгон таасирин түшүнүү деңгээлин интерактивдүү суроолорду берүү менен

аныктайт. Керек болгон учурда бир нече көйгөйдү айтып чыгарат.

Көрсөтүлгөн көрүнүштө басмырлоодон ким жабыр тартып жаткандыгы жана ким атайын же билбей туруп жабырлоочу болуп жаткандыгы аныкталат. Көрүүчүлөргө спектаклди дагы бир жолу көрүү сунушталат жана аларда кандайдыр бир пайдалуу сунуш болсо, көрүнүштү токтотушса болот.

Көрүүчүлөр кырдаалдын мүмкүн болгон жакшыртуу жолдорун өздөрү сунушташат. Кайра дагы бир жолу көрүнүш кайталанып жатканда катышуучулардын жагдайды жакшыртуу үчүн идеялары болсо, алар «Стоп!» деп айтып сахнага чыгып, протагонисттин (басмырлоодон жабыр тарткан персонаж) гана ордуна туруп,

анын оюу боюнча жагдайды жакшы жакка өзгөртүү үчүн эмне деп айтыш керек жана өзүн кандай алып жүрүш керек экендигин көрсөтөт. Форум-театрдын көрүнүштөрүнүн темалары коомчулукта болуп жаткан ар түрдүү көйгөйлөр болушу мүмкүн: үй-бүлө мүчөлөрүнүн, ар түрдүү улуттун, маданияттын, дин өкүлдөрүнүн ортосунда болгон мамилелер,

ВИЧ оорусуна чалдыккан адамдардын көйгөйү, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, дени сак жашоого байланышкан маселелер, наркомания, алкоголизм, адам сатуу ж.б. Ушуну менен, театралдык көрүнүш социалдык көйгөйлөрдү дагы кароону сунуштайт. Негизги каарман - жагдайда жабыр тарткан адам, калган персонаждар – анын айланасындагылар: үй-бүлө, мектеп, коомчулуктун мүчөлөрү

ВИЧ оорусуна чалдыккан адамдардын көйгөйү, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, дени сак жашоого байланышкан маселелер, наркомания, алкоголизм, адам сатуу ж.б.

Ушуну менен, театралдык көрүнүш социалдык көйгөйлөрдү дагы кароону сунуштайт. Негизги каарман - жагдайда жабыр тарткан адам, калган персонаждар – анын айланасындагылар: үй-бүлө, мектеп, коомчулуктун мүчөлөрү

Ар бир форум- театр спектакли уникалдуу, анткени, анда бир гана актерлор гана ойнобостон, көрүүчүлөр дагы катыша алышат. Көрүүчүлөргө жакшы белгилүү болгон реалдуу жашоодон алынган көйгөйлүү окуяны ойноп көрсөтүшөт, ал эми көрүүчүлөр. муну өзү аркылуу өткөрүп,

негизги каармандын ордуна өзүн элестетип,жагдайды жакшы жака өзгөртүүгө аракет кылуу менен окуяны «өзүнүн башынан  өткөрөт». Спектакль эреже боюнча 10-20 мүнөт созулат жана 3-6 так структуралык кичи көрүнүштөн турат.

Джокер –  бул форум-театрда негизги ролду ойнойт. Ал иш-чараны башынан баштап акырына чейин алып барат,форум-театрдын ийгилиги андан көз каранды.Аудитория кызматташуу процессинде тандалган көйгөй боюнча негизги жумушту джокер өткөрөт. Ал көрүүчүлөр менен актерлордун ортосунда кызматташууну уюштурат,аудиторияны позитивдүү кызматташууга багыттайт, бардыгын бир максатка бириктирет.

Көрүнүш кайрадан коюлганда джокер көрүүчүлөргө протагонисттин ордуна чыгуу менен актер болуп ойноого мүмкүнчүлүк берет, ошол эле учурда бир ролдо бир нече көрүүчүлөр окуянын өнүгүшүндө өздөрүнүн көз карашы аркылуу күчүн сынап көрүшөт.

Джокер катышуучуларга идеяны издегенге, аны өнүктүргөнгө ачык суроолорду берүү аркылуу, талкуулоону бүтүрбөй, кеңейтүүгө өбөлгө берет.Ошону менен джокер катышуучуларды негизги каармандын ролун ойноп берүүгө мажбур кылат. Эгерде аудитория өзүн эркин сезбесе, джокер өзү көрүүчүлөргө басым жасабай, абалдан мүмкүн болгон чыгуу жолдорун сунуштайт.

Көнүгүү «Үч көрүнүштүү окуя»    Жуптарга  бөлүнөбүз. Жуптардын мүчөлөрү бири-бирибиздин окуяларыбызды бүт көңүлүбүздү бөлүп, денебизди ага буруп угуп, андагы эң маанилүү 3 ойду аныкташыбыз керек. Бири-бирибизди караган абалда отурабыз, активдүү угуп жатканыбызды көрсөтөбүз: көзгө кароо, баш ийкөө, алагды болбоо.    Өткөн жуманын ичиндеги  маанилүү учурларды бири-бирине айтып берүүлөрүн суранат.

Көнүгүү «Үч көрүнүштүү окуя»

Жуптарга бөлүнөбүз. Жуптардын мүчөлөрү

бири-бирибиздин окуяларыбызды бүт көңүлүбүздү бөлүп, денебизди ага буруп угуп, андагы эң маанилүү 3 ойду аныкташыбыз керек. Бири-бирибизди караган абалда отурабыз, активдүү угуп жатканыбызды көрсөтөбүз: көзгө кароо, баш ийкөө, алагды болбоо.

Өткөн жуманын ичиндеги маанилүү учурларды бири-бирине айтып берүүлөрүн суранат.

Жуптагылардын бири баяндагыч катары өзүнүн окуясын айтып баштайт, экинчиси ага бүт көңүлүн бөлүп угуучу болуп унчукпай отурат. Баяндагыч окуяны айтып бүткөндө угуучу анын тушуна туруп, кандай кабылдаганына байланыштуу баяндан үч маанилүү образды жаратат. Жаратылган образдары чындык да, абстракттуу да болушу мүмкүн

Жуптагылардын бири баяндагыч катары өзүнүн окуясын айтып баштайт, экинчиси ага бүт көңүлүн бөлүп угуучу болуп унчукпай отурат.

Баяндагыч окуяны айтып бүткөндө угуучу анын тушуна туруп, кандай кабылдаганына байланыштуу баяндан үч маанилүү образды жаратат. Жаратылган образдары чындык да, абстракттуу да болушу мүмкүн

Угуучу үч маанилүү образды жараткан соң, баяндоочунун жанына келип, ага баяны үчүн көзү менен ырахмат айтат. Угуучу менен баяндагыч ролдорун алмашып көнүгүүнү кайталашат. Көнүгүү кайталанат.

Угуучу үч маанилүү образды жараткан соң, баяндоочунун жанына келип, ага баяны үчүн көзү менен ырахмат айтат.

Угуучу менен баяндагыч ролдорун алмашып көнүгүүнү кайталашат. Көнүгүү кайталанат.

Талкуулоо үчүн суроолор: Эмне болду?   Окуяны кандай отуруп уктуңар?   Баяндоочунун сезимдери образга киргизилдиби?

Талкуулоо үчүн суроолор:

Эмне болду?

Окуяны кандай отуруп уктуңар?

Баяндоочунун сезимдери образга киргизилдиби?

Жыйынтыктоо: Биз активдүү угуу  ыкмаларын колдондук. Биз баяндоочуну бир гана уккан жокпуз, анын сезимдерин түшүнүүгө дагы аракет кылдык. Баяндоочунун айтып бергенин көрсөтүп берүүгө үйрөндүк, адамдын эмоциясын,   жаңсоолорду, дененин турган абалын көрсөтүүнү үйрөндүк.

Жыйынтыктоо: Биз активдүү угуу ыкмаларын колдондук. Биз баяндоочуну бир гана уккан жокпуз, анын сезимдерин түшүнүүгө дагы аракет кылдык. Баяндоочунун айтып бергенин көрсөтүп берүүгө үйрөндүк, адамдын эмоциясын,

жаңсоолорду, дененин турган абалын көрсөтүүнү үйрөндүк.

Көнүгүү «Казан »    Ортодо казан бар жана ал катышуучулардан чыккан ойлор менен толтурулат. Ар бир катышуучу сөз же фраза аркылуу тренингде эмнелерди сезгени, кандай идеялар жаралганы, кандай ачылыштарды жасаганы тууралуу ойлорун казанга салат.   Ар бир катышуучу ойлорун казанга салгандан кийин катышуучулар колдоруна кашык алганын элестетип, ал кашык менен казандагы ойлордон, сезимдерден жана ачылыштардан алып «жешет».

Көнүгүү «Казан »

Ортодо казан бар жана ал катышуучулардан чыккан ойлор менен толтурулат. Ар бир катышуучу сөз же фраза аркылуу тренингде эмнелерди сезгени, кандай идеялар жаралганы, кандай ачылыштарды жасаганы тууралуу ойлорун казанга салат.

Ар бир катышуучу ойлорун казанга салгандан кийин катышуучулар колдоруна кашык алганын элестетип, ал кашык менен казандагы ойлордон, сезимдерден жана ачылыштардан алып «жешет».

  Көнүгүү «Тегеректешип жеке окуялар менен бөлүшүү»         Максаты: айтып берүүчү адам  максатына жетүүгө тоскоолдук кылган жеке конфликттүү окуялар боюнча бөлүшүү. 2 көрүнүштү коюу үчүн негиз боло турган окуяларды тандайбыз;   Окуя өз максатына жетүү үчүн тоскоолдуктарды жана протагонистти камтуусу керек.   Мурунку өтүлгөн көнүгүүдөн үйрөнгөн активдүү угууну колдонуп тегеректешип олтурабыз;

Көнүгүү «Тегеректешип жеке окуялар менен бөлүшүү»    

Максаты: айтып берүүчү адам максатына жетүүгө тоскоолдук кылган жеке конфликттүү окуялар боюнча бөлүшүү. 2 көрүнүштү коюу үчүн негиз боло турган окуяларды тандайбыз;

Окуя өз максатына жетүү үчүн тоскоолдуктарды жана протагонистти камтуусу керек.

Мурунку өтүлгөн көнүгүүдөн үйрөнгөн активдүү угууну колдонуп тегеректешип олтурабыз;

  Окуялардын айланып айтылышы өз максатына жетүү үчүн ар түрдүү тоскоолдуктарга дуушар болгон окуялар, кырдаалдар менен ар бир катышуунун бөлүшүүсүнөн башталат;   Ар бир катышуучу өзүнүн окуясы менен бөлүшүшү керек.

Окуялардын айланып айтылышы өз максатына жетүү үчүн ар түрдүү тоскоолдуктарга дуушар болгон окуялар, кырдаалдар менен ар бир катышуунун бөлүшүүсүнөн башталат;

Ар бир катышуучу өзүнүн окуясы менен бөлүшүшү керек.

Угуучулар сөзүн бөлүшпөйт жана суроолорду беришпейт; Катышуучулар көйгөйдү ачык көрсөтө турган окуяны жана анын үстүнөн иштеп чечүү жолдорун табуу үчүн каалаган окуясын тандашат.

Угуучулар сөзүн бөлүшпөйт жана суроолорду беришпейт;

Катышуучулар көйгөйдү ачык көрсөтө турган окуяны жана анын үстүнөн иштеп чечүү жолдорун табуу үчүн каалаган окуясын тандашат.

Талкуулоо: Силердин жамаатыңарда болгон көйгөйлөрдү кайсы окуя жакшыраак чагылдырат? Келгиле кийинчерээк иштей турган эки окуяны тандайлы. Көрсөтүлгөн көйгөйдө катышуучулар сунуштоого мүмкүн болгон кийлигишүүлөр кандай болушу мүмкүн?

Жыйынтыктоо: Окуяларды ачык  айтып бергендериңиздер үчүн ырахмат. Биз өзүбүздүн тынчсызданууларыбызды бири-бирибизге ишендик, бул бири-бирибизге абайлоо менен мамиле жасаганга милдеттендирет.Биз эки окуя тандадык, бул окуялардын негизинде кийинки сабактарда көрүнүштү иштеп чыгабыз.Тандалган окуя – бул келечектеги көрүнүштүн негизи болот, анда каармандар жана алардын аттары өзгөртүлүп айтылат ж.б.

Көнүгүү «Кийлигишүү   Ар бир топ өздөрүнүн форум-театр моделин көрсөтөт; Биринчи бардык көрүнүш башынан баштап, акырына чейин көрсөтүлөт; Бардык көрүнүш көрсөтүлгөндөн кийин көрүүчүлөр кийлигишип, абалды өзгөртүү үчүн мүмкүн болгон жолдорду сунушташат

Көнүгүү «Кийлигишүү

Ар бир топ өздөрүнүн форум-театр моделин көрсөтөт; Биринчи бардык көрүнүш башынан баштап, акырына чейин көрсөтүлөт; Бардык көрүнүш көрсөтүлгөндөн кийин көрүүчүлөр кийлигишип, абалды өзгөртүү үчүн мүмкүн болгон жолдорду сунушташат

Кийлигишүү – бул көрүүчү протагонисттин гана ордуна чыгып,окуяны башка жакка өзгөртө алат. Эгерде, кимдир бирөө кийлигишүү жасагысы келсе, анда «Стоп!» деп айтат;Көрүүчү өз кийлигишүүсүн жасаш үчүн протагонисттин ийнин таптап, анын ордуна туруп өзү сунуштаган кийлигишүүнүн негизинде көрүнүштү улантып ойноп берет;

Көрүнүштүн калган каармандары мурдагы эле максаттарына жетүүгө аракет кылышат, кийлигишүү жасаган адам протагонисттин ролуна кирип, өзүнүн ою менен кийлигишүүнү улантат;Джокер көрүүчүлөргө окуяны өзгөртүү үчүн мүмкүнчүлүк берет жана бир нече убакыт өткөндөн кийин «ТОКТОТ!» деп аткарылып жаткан көрүнүштү токтотот;

Джокер көрүүчүлөрдөн окуянын жакшы жакка өзгөрүлгөндүгүн жана себебин сурайт;Эгерде кийлигишүү болбой калса, актерлор көрүнүштү улантышат. Ал эми көрүүчүлөрдүн кайсы жерде кийлигишүү жасап, окуяны жакшы жакка өзгөрткөнгө мүмкүчүлүктөрү бар деп джокер эскертет.

Бир нече кийлигишүүдөн кийин джокер кийлигишүү боюнча талкуулоону жүргүзөт. Кийлигишүүлөр кандай болду? Аларды аткаруу реалдуу элеби? Каалаган натыйжага жетүү үчүн үй-бүлөлүк, жамааттык, мамлекеттик деңгээлде эмне кылуу керек?  

  •