СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Фарбий омур жолу

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Фаробий жонундо түшүнүк алышат

Просмотр содержимого документа
«Фарбий омур жолу»

Өмүр баяны

Фарабинин өмүрү жөнүндөгү кабарлар жарытарлык эмес. Фараби жөнүндө болгон кабарлардын бир бөлүгү, башка чыгаан тарыхый инсандардыкындай сыяктуу эле, уламыштуу болуп саналат. Ишенимдүү белгилүү болгону Фарабинин өлгөн жылы жана анын Дамаскка келген жылы гана, калган даталар болжолдуулар. Мындай себептин чыгышы, Фараби тууралуу биографиялык кабарларды камтыгын так булактар бир топ кечирээк, XII—XIII кылымдарда жаралгандыгы менен байланыштуу. Фарабинин биографтарынын арасынан Бейхакини, Кифти, Ибн Аби Усейбия, Ибн Хелликанды көрсөтсө болот. Кечирээктеги авторлор көрсөтүлгөн авторлордун эмгектеринде билдирилген биографиялык кабарларга таянышкан. XI кылымдын автору Абу Саид ибни Ахмад тарабынан, өткөндүн улуу ойчулдары тууралуу түзүлгөн билдирме эмгегинде Фарабинин мурдагыраак биографиясы келтирилген деген эскерме бар, бирок бул эмгек биздин убакка чейин жетке эмес, жана бөлөк булактардагы цитаталар жана шилтемелер боюнча гана белгилүү.

Фараби Фараб жергесинде (азыр. ОтрарТүштүк Казакстан), Арысь дарыясы Сырдарыяга куюлган жерде төрөлгөн деп эсептелинет[4]. Фарабинин замандашы болгон Ибн Хаукал, Фараб округунун шаарларынын катарына Абу-Наср ал Фараби чыккан Весидж кирерин көрсөткөн.

Анын «Китаб аль музик алькабир» же «Музыка боюнча чоң китеп» аттуу эмгегинде музыканын теориясы, тарыхы, музыка аспаптарында ойноо жана анын ыкмалары жөнүндө айтылган жана музыканы кагазга түшүрүү, нота жазуу боюнча алгачкы түшүнүктөрдү берген. Аристотелди окумуштуу, философ катары Фараби дүйнөгө тааныткан. Себеби, Аристотелдин философиясын билүү өтө татаал болгондуктан, ал Аристотелдин эмгектерине түшүндүрмөлөрдү жазып, анын философиялык системасын өздөштүрүүнү жеңилдеткен. Айрыкча Аристотелдин «Категориялар», «Герменевтика», «Аналитика», «Топика», «Поэтика» жана башка эмгектери Фарабинин түшүндүрмөсү аркылуу гана дүйнөгө тарап, Аристотель философ катары таанылган. Фараби орто кылымдарда биринчилерден болуп, илимге классификациялоо жүргүзгөн.