Бизде балдарды тарбиялоодо Мария мектеби өзгөчө орунда турат. Анткени ал бир нече принциптерди жана сунуштарды балдарга берет. Монтоссори эң биринчи өзүң балага үлгү бол деген.
Бала тарбиялоодо өзүң биринчи ата – эне катары үлгү болуу.
Башка балдарга салыштырбоо, өзүнө өзүн салыштыруу керек.
Балага мотивация берүү, бирге аракет кылуу. Баланын дайыма ийгиликтерин айтуу.
Балага демонстрациялоо (музей, парк ж.б көрсөтүп берүү) алардын түшүнүктөрүн калыптандыруу.
Баланын кемчиликтерин айтпоо, анын ордуна сунуш берүү. Эгерде баланын тили тыбыштарды так айта албаса, бирге тилин жатыктыруучу көнүгүүлөр менен иштөө.
Чоң апалар менен чоң аталары өзүнчө мектеп катарында балдарга тарбия берип келишкен. Башкача айтканда насаатчы болгон жол көрсөткөн. Биздин нарк насилибиз менен тарбиялап келишкен.
Балдарга эркин ой жүгүртүүгө үрөтүү, чектөө койбоо. Балдарды жакшы жаман деп бөлбөө. Бир гана учурда кыз менен балдарды бөлгөнгө болот. Эң негизгиси балдар менен бирге чогу окуп, болгон сүйүүнү арнап, аларга колдоо көрсөтүү ар бир ата – эненин милдети.
Тазалыкка, гигиенага чакырган көнүгүүлөр
Колума алсам самынды,
Качамын деп камынды.
Дароо сууга чөмүлттүм
Буркулдата көүрттүм
Кирдин баарын жуудук
Жолобо деп куудук
Айла таппай шашышты
Дыргаяктап качышты
Тамак ичкен идишти
Кир боюнча таштабайм
Нан күкүмүн тепсебейм
Дасторконду аттабайм.
Эч жалкоолук кылбаймын
Дасторконду жыйнаймын
Апакемди ар дайым
Эс алдырып сыйлаймын.
Алаканды самында,
Ичин да, сыртын да
Манжаларды жакшы жуу
Калтырбай бирин да
Бармактарды самында
Айланта, айланта
Тырмактарды унутпа, болсун таптаза.
Суу
Суу, суу бетимди жуу
Бетим болсун таптаза
Жүзүм болсун жапжарык
Күнүм болсун алачык
Суюк болсо суу
Ысытса буу
Чурулдаса чуу
Кол чабышса дуу
Учсак уу
Көтөрсөк туу.
Колду таза кармагын
Айтат менин бармагым
Мени жуу, мени жуу
Айтат жана сөөмөйүм
Айай болуп көнөйүн
Манжаларын ак кылат
Самындагын жакшылап
Апам көрүп кубансын
Алаканын чапкылап
Аты жок да ортонум
Айтат суудан коркомун
Мени жуу, мени жуу
Шылдыр, шылдыр суу агат
Чыпалак да суранат
Мени жуу, мени жуу.
Дарак жашыл жер жашыл
Гүлдөр жайнап ачылган
Байкап көрөм баарына
Жаз боегу чачылган
Жаратылыш көрөмү
Жазда башка артыптыр
Мекенимди сулуулап
Мезгил сүрөт тартыптыр
Мен сур коен, сур коен
Шырп этсе эле зыр коем
Иттер чыкса арсылдап
Кууй берсин деп тим коем
Жете албасын билемин
Топ бадалга киремин
Чыгып кайра ойт берип
Шылдың кылып жүрөмүн .
Коен чыкты токойдон,
Көрүп калды мергенчи
Тах, тух, оой – оой,
Тийбей калды коенго
Коен качты токойго
Ат сарайга барабыз,
Аттын жалын тарайбыз
Уй сарайга барабыз
Уйду саап алабыз
Жаныбардын баардыгын
Жакшы көрүп калабыз
Учту, учту каркыра
Учуп кетти алыска
Канаттарын каккылап
Конуп калды шатыга
Үй жабдыктары
Күрөк кетмен аламын
Огородко барамын
Күрөк менен жерди тээп
Кетмендеп арык казамын
Ишенбесең келип көр
Эмгекти сүйгөн баламын
Кечиндеси былк этпей
Каттуу уктап каламын
Эми сабак баштайлы
Тынч олтуруп калалы
Ч. Айтматов боюнча
Гулсаратты минебиз
Ак кемеге түшөбүз
Ак жаан жаап турса да
Асма көпүрөдөн өтөбүз
Саманчынын жолун карай
Кызыл алманы бирден санай
Бетме – бет турабыз
Биринчи мугалимди карай
Жол коопсуздугу боюнча
Машиналар көп өткөн
Чоң жол болот көчөбүз
Светафор жапжашыл
Күйгөн кезде өтөбүз
Сарысы күйсө камданып
Кызыл жанса токтойбуз
Туура эмес өтүп көчөдөн
Машина жолун тоспойбуз
Зуулдата айдайбыз
Пип, пип. Пип пип, деп
Рульду онго бурабыз
Минтип, минтип, минтип
Рульду солго бурабыз
Минтип, минтип, минтип
Көлгө барып сызабыз
Күз келгенде шамалдан
Жалбырактай учабыз
Тез арада кыш келип
Биз ойнойбуз муз тебип
Колду өйдө көтөрүп
Ачабыз да, жумабыз
Колду сунуп жон жакка
Чымчык болуп учабыз
Өйдө көтөр колуңду
Бирок бутту жылдырба
Тематикага жараша ырлар – тыныгуулар
Математика багытындагы физикалык тыныгуулар
Коен чыкты ийинден
Бөжөктөрү бир бирден
Кана балдар санайы
Бөжөктөрдү кармайлы
Бирөө кетти алдыга
Бирөө кетти арт жакка
Бирөө оңго секирет
Бирөө солго секирет
Бирөө болсо ак экен
Баардыгы болуп беш экен
Өзүн билгин санабай
Кел ойнойбуз санамай
Эске сактап отургун
Эки жакты карабай
Биринчибиз билгир, бир нерсеге дилгир
Экинчибиз элек, энеси үчүн керек
Үчүнчүбүз үкү, үкүнүн жоон үнү
Төтүнчүбүз тоодак, жылдырбайт тоок жак
Бешинчибиз бермет, билгендерге келбет
Алтынчыбыз акыл, ар бир сөзү асыл
Жетинчибиз желек, жеңиш күнгө белек
Сегизинчибиз сепил, сан иштерге кепил
Онунчубуз оймо, билбей койбо
Нан улук
Сурпа жайдым жай гана
Ун ээледим аз гана
Камыр кылдым саз гана
Токточ кылдым кичине
Таттуу экен жегиле
Жаныбар
Боз коенек олтурат
Кулактарын сереңдетет
Үшүдү олтуруп коенек
Колду сунуш керек
Коенек жүгүрүш керек
Ким коркутту коенекти
Коенек дароо качып кетти.
Ак коенек олтурат
Кулактары кыймылдайт
Мына минтип, мына минтип
Кулактары кыймылдайт
Козу карын кууруптур
Беш бармак оозун чоң ачып
Аап деп жутуп алыптыр
Курсагы абдан тоюптур
Жөжөлөрүм чыйп – чыйп деп
Жөрмөлөшөт жем издеп
Таруу чачсам талашат
Тамшанышат терип жеп
Бара жатып абышка
Чачып алды буудайын
Тооктор келип чокуду
Кароол келип шыпырды
Чарчап кетти колдорум
Чачырады ойлорум
Эс алдырып албасам
Таарынат го колдорум
1, 2 , 3 манжаларды жумабыз
1, 2, 3 алаканды чабабыз
Ордубузду табабыз.
Манжаларым эң сонун
Алар мага жардамчы
Нары – бери оодарам
Ишенбесең карачы
Кээде алар ойноктоп
Атка окшоп чуркашат
Кечке ойноп чуркашса
Мени менен укташат
Бармак турду биринчи
Сөөмөй андан кийинки
Тургун десе ортоңку
Моюнун созуп койкойду
Төртүнчүсү кайда экен
Ал аты жок манжа экен
Бешинчиси чычалак
Бою кодо чыпалак
Алаканды жаябыз
Айтып гана салабыз
Бармагымдан башталса
Чырылдайт го чыпалак
Беш бир тууган ырдаса
Ынтымакта жашашса
Ордубуздан турабыз
Колду алдыга сунабыз
Алгач ирет оң колду
Андан кийин сол колду
Чарчаганда токтойбуз
Боксерлорго окшойбуз.
ОЮН ГИМНАСТИКАСЫ
Келгиле балдар ойнойбуз
Тез кыймылды койбойбуз
Көпөлөктөй учалы
Балык болуп сүзөлү
Коенектей секирип
Ордубузга баралы
Жаз келгенде чыгабыз
Көпөлөктөй учабыз
Жай келгенде балыктай
Карачы күн чыкты
Туурайбыз мышыкты
Карачы ай чыкты
Туурайбыз шамалды
Ийилип, ийилип
Туурайбыз бактарды
Жалпыбыз тең бирдейбиз
Жалкоолукту билбейбиз
Мындай кызык сабакта
Кара жорго бийлейбиз
Биз барабыз солго ( эки жолу кол чабабыз)
Биз барабыз оңго эки жолу кол чабабыз)
Бир жолу бурулабыз
Керилебиз ойгонобуз
Ордубузда секиребиз
Алдыга кадам таштайбыз
Пингивиндей артка басабыз
Отурабыз, турабыз
Колубузду (өйдө, ылдый түшүрөбүз)
Бири – бирибизди кучактайбыз.
Манжа көнүгүүлөрү
Сабак жазган оң колум
Жардам берген сол колум
Экөө бирдей кызматта
Быйтың, быйтың колдорум
Сүрөт тартат оң колум
Жардамдашат сол колум
Экөө бирдей кызматта
Мыйтың, мыйтың колдорум
Жатып алган бүрүшүп
Манжаларын тургузгун
Эмне болот ошондо
Бул алакан, бул муштум
Канаттарын жыйышып
Куштар учуп келишет
Бакка учуп келишип
Кайра учуп кетишет
Алаканды кысабыз
Күчтүү болуп калабыз
Бир алакан бир муштум
Бир алакан бир муштум
Адегенде баарыбыз
Алаканды жаябыз
Колубуздун манжасын
Эми минтип санайбыз
1, 2, 3, 4, 5 он колумда беш манжа
1, 2, 3, 4, 5 сол колумда беш манжа
Бешке бешти кошкондо
Менде болот он манжа
Коңуз учат зыңылдап
Зың – зың ыр ырдап
Жерге консо жөрмөлөп
Муруттары кыбырап
1, 2, 3, 4, 5 биз баарыбыз
Жейбиз козу карынды
Кичинекей чыпалак
Токойго сапар алыптыр
Аты жок болсо абдан чоң
Козу карын табыптыр
Ортон болсо тазалап
Абдан жакшы жууптур
Сөөмөй абдан кызартып
Он колуна он колум
Сол колуна сол колум
Он бутуна он бутум
Сол бутуна сол бутум
Башыбызга башыбыз
Ынтымактуу баарыбыз
Буратина керилди
Он жагына ийилди
Андан соң сол жагына ийилди
Колду сунуп жан жакка
Ачкычтарын издеди.
Бийик – бийик жогору
Секирели оболу
Үндү бийик чыгарып
Шаңдуу ырдан ырдайлы
Жуунуп анан кийинип
Ишке кадам таштайлы
Сүрөт тартып ойнойлу
Эч бир ишти койбойлу
Ордубуздан турабыз
Колду алга сунабыз
Чарчады деп башыбыз
Онго, солго бурабыз
1,2,3 отурабыз түз.
Онго, солго!
Башты бур
Үч кайталап түзөл тур
Булчуңдарды толтурдук
Ордубузга олтурдук
Баарын унутуп таштайлы
Кайра сабак баштайлы!
Шамал бизге үйлөдү
Бетибизге тийбеди
Колубузду сунабыз
Ачып кайра жумабыз
Отурабыз турабыз.
Эжекени угабыз.
Менин эки көзүм бар, бир – эки, бир – эки
Аны менен чаба алам, бир – эки, бир эки
Менин эки бутум бар, бир – эки, бир эки
Аны менен баса алам, бир – эки, бир – эки
Менин эки көзүм бар, бир – эки, бир – эки
Аны менен көрө алам, бир – эки, бир – эки
Менин эки кулагым бар, бир эки, бир – эки
Аны менен уга алам, бир – эки, бир – эки
Бир дегенде кол сунам
Эки десем олтурам
Үч дегенде мурдагы
Калыбымда түз турам
Бир, эки, үч мына бизде күч.
Тур түзөл баштадык
Бирдей ыргак таштадык
Алдыга артка колду сун
Манжаларды ачып жум
Алдыга артка ийилгиң
Ордуңардан жүгүргүн
Онго, солго башың бур
Үч кайталап отургуң
Баарын унутуп таштайлы
Сабагыбызды баштайлы.
Колдорубуз талыды, кана эмесе туралы
Көнүгүүнү жасайлы, көккө учуп баралы
Учту – учту көпөлөк, алыс учту көкөлөп
Бир, эки үч уланталы сабакты.
Колдк өйдө көтөрүп
Ачабызда жумабыз
Колду жайып ар жакка
Чымчык болуп учабыз.
Жалпы өнүгүү үчүн көнүгүүлөр
Таранчы – таранчы
Сылап чачым тарачы
Келчи колума
Кончу жонума
1, 2, 3, 4, 5
1, 2, 3, 4, 5 (балдар колун далысына коюп, алдыга, артка кыймылдашат)
Мен кичине чайнекмин
Бардыгына керекмин
Жапыз гана боюм бар
Чай куям деген оюм бар
А бул менин колум
А бул менин мурдум
Кайнаганым көрүлө
Ашканага киргиле
Аста секин эңкейип
Чайдан куюп ичкиле
Бир дегенде секирип
Эки десе токтогун
Үч дегенде кайра ыргып
Толкундайлы топ болуп
Отурабыз турабыз
Бийге көңүл бурабыз
Колдорубуз шак шак
Буттарыбыз тап тап
Кана балдар уккула
Көнүгүүнү баштайлы
Эс алдырып сергитип
Көнүгүүнү баштайлы
Бир дегенде алга
Колубузду сунабыз
Эки десем көтөрүп
Кайкайып түз турабыз
Үч дегенде кайра эми
Алдыга кол сунабыз
Төрттө тегиз түшүрүп
Эс алалы тыналы
Тур!
Түзөл!
Баштадык!
Бирдей ыргак сактадык
Көтөр түшүр
Алга сун
Манжаларды ачып жум
Онго, солго ийилгиң
Бир ордунда түз тургун
Терезени ачабыз
Таза аба кирсин деп
Көнүгүүлөр жасайбыз
Чын ден соолук болсун деп
Кутман таң менен баштайбыз
Жалкоолукту таштайбыз
Биз сабакта отуруп
Окуп жана жазабыз
Эрте менен турабыз
Терезени ачабыз
Тазаланып алабыз
Таза абага чыгабыз
Амансыңбы – кайрымдуу асман ата
Амансыңбы мээримдүү жер эне
Амансыңбы жаркыраган күн
Амансыңбы менин досторум
Амансыңбы эжеке.
Сабак ортосундагы тыныгуулар
1 дегенде кол сунуп
2 десе олтурам
3 десе кайрадан
Калыбыма тик турам
Отурабыз турабыз
Колубузду сунабыз
1,2, 3 Отурабыз түз
Талыкшыды бойлорум
Чачырап кетти ойлорум
Эс алдырып албасак
Таарынат го буттарым
Чарчаганда сабактан
Ордубуздан турабыз
Бир отуруп, бир туруп
Кызык оюн курабыз
Дене бойлор түзөлсүн
Кол суналы капталга
Машыгышсын манжалар
Кайра жумуп ачканга
1, 2, 3 ...1,2,3
Көнүгүүнү бүтүрдүк
Ордубузга отурдук
Саат жылат шык –шык
Колдорубуз шак – шак
Ары – бери басабыз
Кайра сабак угабыз
1,2,3, 4, 5 кыймылдаттык буттарды
1,2,3,4,5 туурайбыз куштарды
1,2,3,4,5 аюу болуп басабыз
1,2,3,4,5 биз сабакты баштайбыз.
Така така така так
Шака шака шака шак
Жолдон мындай тургун деп
Түтүн бур бур па – па пап
Нан толтуруп оозуңа
Сугалактык кылбагың
Адеп сактап тамак ич
Тыңшап турат айланаң
Канаттарын каккылап
Чымчык учат асманга
Бакка конот ал чымчык
Тамактанып алганга
Тоңкулдатып жейт чымчык
Курт кумурска чымынды
Тоңк, тоңк, тоңк
Курсактары тойгон соң
Учуп кетет асманга
Кутмандуу таң көздөрүм – ойгондуңарбы?
Кутмандуу таң кулактарым – ойгондуңарбы?
Кутмандуу таң жаактарым – ойгондуңарбы?
Кутмандуу таң колдорум – ойгондуңарбы?
Кутмандуу таң буттарым – ойгондуңарбы?
Биз ойгондук, биз күлдүк!
Ашка толо казаны
Айша тамак жасады
Буга берди 4 – жолу
А буга болсо берген жок
Ал тил укпас буй кылды
Бир идишти сындырды.
Күн бүркөлдү
Шамал башталды
Жамгыр жаады
Коен качты
Жамгыр тамчылай баштады
Күн ачылды.
Баш бармак
Бадал жүрөк
Ортон оймок
Оюп чиймек
Чып – чыпалак
Чыңырган чычалак.
Баш бармагым – чоң атам
Сөөмөйүм – чоң апам
Ортонум өз атам
Аты жогум апам
Кичинекей чычалак
Менин атым чыпалак.