« Акыл ордо » интеллектуалдык оюн сабагы
Саламдашуу : Дайым жарык маанайың ,
Ар дайым ачык сабагың .
Саламаттык айтамын ,
Саламатсыңарбы балдарым !
Бүгүн биз силер менен “Акыл ордо” интелектуалдык оюнун ойнойбуз , анда эмесе сабагыбыздын максаттары :
Билим берүүчүлүк : Алган билимдерди жалпылоо , текшерүү .
Өнүктүрүүчүлүк : Логикалык ой жүгүртүү өсөт , тапкычтыкка жана тез жооп берүүгө үйрөнөбүз .
Тарбия берүүчүлүк : Ойлорубузду жыйынтыктап , тез чечим чыгара билүүгө , бири-бирин сыйлоого тарбияланабыз .
Күтүлүүчү натыйжа : Физика предметинен алган билимдер боюнча суроолорго так жана туура жооп берүүгө үйрөнөсүңөр жана эң негизги түшүнүктөр калыптанат .
Жабдылышы : компьютер , проектор , экран , плакаттар .
Сабактын методу : Интерактивдүү
Оюндун шарттары менен тааныштыруу :
Оюн 4 раунд менен өтөт . 1-раунд “Тесттик суроолор” деп аталат да 10 суроо түзүлүп , класстагы бардык окуучу катышат . Эң төмөнкү упай алган 10 окуучу оюндан четтетилет .2-раундга 10 окуучу катышат . Мында “Ар кандай категориядагы суроолор” деп аталат . ар бир категория боюнча 6 дан суроолор берилет .Көп жооп берген 4 окуучу калат . 3-раундда чиймелердеги тамгаларды курап физикалык терминдерди тапкыла . Эң көп сөз тапкан 2 окуучу 4-раундга “Финалдык оюнда” таймашышат . Ар бир туура жоопко бир упайдан берилет жана ар бир раунддагы топтолгон упайлар эсептөө комиссиясы тарабынан эсептелинип , турнирдик таблицада көрсөтүлүп турат . Анда оюндун 1-раундун баштайлы .
Категориялар | | у | п | а | й | л | а | р | | |
Тесттик суроо | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
“М” | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | | | | |
“И” | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | | | | |
“Ф.курал” | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | | | | |
“Ф.окумуштуу” | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | | | | |
“Бирдиктер” | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | | | | |
“Аралаш” | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | | | | |
“Ооба,жок” | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | | | | |
“Сөздүк” | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | | | | |
“Сандар” | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | | | | |
“Э” | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | | | | |
Сөз табуу | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
“Финал” | 1 | 1 | 1 | | | | | | | |
Оюндун жүрушү
1-раунд . Тесттик суроолор .
1.”Бардык заттар эң майда бөүкчөлөрдөн турат” деп кайсы окумуштуу эсептеген ?
А) Максвелл Б) Демокрит В) Архимед Г) Аристотель
2. Төмөндө келтирилген мисалдардын кайсынысында диффузия кубулушу чагылдырылган ?
А) йоддун тамчысынан суунун боёлушу
Б) дарыядагы суунун агымы
В) суунун бууга айланышы
Г) чоң ылдамдык.
3. Адам баласынын нормалдуу температурасы 37 0 С . Эгерде Азамат өзүнүн температурасын Кельвин шкаласы менен түзүлгөн термометр аркылуу текшерсе , анда кандай маанини алган болот ?
А) 236 К Б) 300 К В) 310 К Г) -236 К
4. Күндүн Жерге жылуулуктун берилиши кандай жол менен жүрөт ?
А) жылуулук өткөрүмдүүлүк Б) конвекция
В) нурдануу Г) баардык жооп туура
5. Төмөнкү сүрөттөрдүн ичинен кайсынысы газдын ички түзүлүшүн көрсөтөт .
№1 №2 №3
А) №1 Б) №2 В) №3 Г) туура жооп жок
6. Буулануу кайсы температурада болот ?
А) ар бир суюктукка мүнөздүү температурада
Б) тыгыздыгы аз суюктукта буулануу тез жүрөт
В) 273 0 С ден жогору
Г) ар кандай температурада
7. Эмне үчүн аяз күнү сыртта калган суусу бар бөтөлкө талкаланып кетет ?
А) суунун деңгээли көтөрүлөт
Б) айнек бөтөлкө суукка чыдамсыз болот
В) температуранын төмөндөшү суунун көлөмүн кичирейтет
Г) суу тоңо баштаганда көлөмүн чоңойтот
8. Электрленген нерсе ....
А) ысыйт Б) муздайт
В) кыймылга келет Г) башка нерселерди өзүнө тартат
9. Электрленген нерселердин ортосундагы аракеттешүү эмне аркылуу жүрөт
А) вакуум Б) аба В) электр талаасы Г) магнит талаасы
10. Q=cm(t2-t1) бул формуладан салыштырма жылуулук сыйымдуулукту тапсак кандай түргө келет ?
А) с = Qm(
Б) с =
В) с = m(
Q Г) с =
2-раунд . Ар кандай категориядагы суроолор
“М” тамга ( Баардык жооптор М тамгадан башталат )
Затты түзгөн бөлүкчөлөр. (молекула)
Узундук бирдиги . (м)
Грек тилинен которгондо “курал жарак” же “машина” дегенди түшүндүрөт. (механика)
Нерсенин инерттүүлүгүн мүнөздөөчү физикалык чоңдук . (масса)
Катуу абалда кездешет . Эрүү температурасы 00С . (муз)
Суюктуктун көлөмүн өлчөөчү курал . (мензурка)
“И” тамга (Баардык жооптор И тамгадан башталат )
Ачылыш жасаган адам ? (илимпоз)
Физикадагы жумуш түшүнүгү турмуш-тиричиликте дагы кандай аталат ? (иш)
Ньютондун 1-закону дагы кандай аталышка ээ ? (инерция)
Молекулалары дээрлик бири-бири менен кагылышпайт деп саналган газдын түрү . (идеалдык газ)
Оң же терс заряддары ашыкча болгон атом же молекулалар эмне деп аталат ? (ион)
Заттардын молекулаларынын кинетикалык жана потенциалдык энергияларынын суммасы . (ички энергия)
Физикалык куралдар .
Күчтү өлчөгөндө колдонобуз ? (динамометр)
Эң алгач Галилео Галилей ойлоп тапкан . Алысты жакындатып көрсөтүүчү курал . (дүрбү,телескоп)
Ал жок болсо нерселердин массаларын өлчөй албайбыз . (тараза)
Көздүн кемчилигин оңдоочу курал . (көз айнек)
Температураны өлчөөчү курал . (термометр)
Электр заряддарын байкоого арналган курал . (электраскоп)
Физик окумуштуулар
Атомдун планетардык моделин киргизген окумуштуу . (Резерфорд)
10 жыл бою чөнтөгүнө магнит салып жүргөн окумуштуу . (Фарадей)
Жылуулук санынын бирдиги кайсы окумуштуунун атынан коюлган . (Джоуль)
Бүткүл дүйнөлүк Жердин тартылуу законун ачкан окумуштуу .(Ньютон)
20-клымдын генийи деген атка конгон окумуштуу . (Эйнштейн)
Мага таяныч чекитин таап берсеңер , Жерди да өз ордунан жылдырар элем деп айткан окумуштуу . (Архимед)
Физикалык бирдиктер .
Ылдамдыктын бирдиги . (м/с)
Кубаттуулуктун бирдиги . (Вт)
Джоуль кайсы чоңдуктун бирдиги . (Жумуш, жылуулук саны)
Электр зарядынын бирдиги . (Кулон)
0 С кайсы чоңдуктун бирдиги . (температура)
Көлөмдүн бирдиги . (м3)
Аралаш .
Электр лампасынын кызытма зымы кайсы металлдан жасалат ? (вольфрам)
Оң заряддалган элементардык бөлүкчө . (протон)
Суудагы кемелер жана аба шарлары кимдин законунун негизинде сүзүшөт ? (Архимед)
Эң чоң табигый жарык булагы ? (Күн)
Заттын молекулаларынын бири-бири менен аралашып кетиши . (диффузия)
Буулануу дайыма эмне менен коштолот . (муздоо)
Ооба , жок
Столдун үстүндө жаткан китеп абсолюттук тынч абалда болот . (ооба)
Басымды азайтуу максатында саймачылар манжасына оймок кийип алышат . (ооба)
Нерсенин айлана боюнча кыймылы ийри сызыктуу кыймылга кирет . (ооба)
Жарык бардык чөйрөдө 300 000 км/с ылдамдык менен таралат . (Жок)
Ньютондун биринчи законун инерция закону деп атасак болот . (ооба)
Плазма заттын төртүнчү абалы болуп эсептелет . (ооба)
Сөздук
Грек тилинен “Фюзис” (жаратылыш)
Грек сөзү “Кинема” ( кыймыл )
Грек сөзү “Динамос” ( күч )
Грек сөзү “атом” (бөлүнбөс)
Грек сөзү “диффузия” (таралуу , жайылуу)
Латын сөзү “Импульс” ( түртүү )
Формула
Газдын басымынын формуласы . (P=n0kT)
Ылдамдануунун формуласы . (Ʋ=S/t )
F=m·a формуласы . (Ньютондун 2-закону)
Жылуулук санынын формуласы . ( Q=cm(t2-t1) )
Гуктун закону . ( Fсерп= -kx )
Кулондун закону . ( F=k
“Э” тамга ( Баардык жооптор Э тамгадан башталат )
Заттын катуу абалдан суюк абалга өтүшү . (эрүү)
Терс зарядалган элементардык бөлүкчө . (электрон )
Жок болбой , дайыма бар болуп бир түрдөн экинчи түргө өтүп турат . Бул эмне ? (энергия)
Нерселердин электрленип калгандыгын көрсөтүүчү түзүлүш . (электроскоп)
Заряддалган нерселердин айланасында пайда болот . (электр талаасы)
Нерсенин абасыз мейкиндиктеги түшүүсү . (эркин түшүү)
3-раунд “Сөз табуу”.
Жылуулук кубулуштары . Суюктуктар . Катуу заттар .
Н | К | К | А | П | И | Л | Б | У | У |
У | О | Н | Н | Ы | М | Л | М | О | Л |
Р | Ж | В | К | О | Д | Я | К | Н | А |
Д | Ы | Е | К | Н | О | Р | А | О | Н |
А | Л | У | Ц | Д | О | Д | Й | Н | У |
Н | К | У | И | Е | Н | У | У | О | У |
У | Р | Л | Я | Г | С | А | Л | О | А |
У | И | У | Ж | У | К | Ц | У | П | Б |
Щ | С | К | У | М | У | И | К | О | А |
Ь | Т | А | Л | Л | Ш | Я | Ъ | Л | И |
ЖООПТОР : НУРДАНУУ , КОНВЕКЦИЯ , ЖЫЛУУЛУК , КАПИЛЯРДУУЛУК , НЫМДОО , БУУЛАНУУ , КОНДЕНСАЦИЯ , КАЙНОО , КРИСТАЛЛ, МОНО , ГУК , АБА , ПОЛИ , ЖУМУШ .
4-раунд “Финал”
Суроо
Суроо
Суур ийининен чыкканда биринчи кайсыл жакты карайт ?( Өзү каалаган жакты карайт )
Эмнени даярдоого болот , ал эми жегенге болбойт ? ( сабакты )
Бул бизге үч жолу берилет . Эки жолкусу бекер , үчүнчүсүн сатып аласын . ( тиш)