Просмотр содержимого документа
«Физика Эврика кечеси»
"Эврика" Физика кечеси
Кеченин максаты:
Окуучулар
1. Өтүлгөн материалдар боюнча билимдерин бекемдешет.
2. Физика сабагына кызыгуусу артылат.
Кеченин жүрүшү:
1. Киргизүү (кечеге физикалык формула же законду туура айтуу кирет. Эшиктин алдында физиканы жакшы билген 2 окуучу турат).
2. Алып баруучулардын сөзү (калыстар тобу менен тааныштырылат).
1) Ким билсе айтсын
Ойлонгону ойлонсун.
Физикабыз оор дебей,
Уйкусунан ойгонсун.
2) Бүгүн залда баардыгы эле
Физик болуп катышсын.
Суроо берип сыйлайлычы,
Шайлап алып калысты.
3) Туура берген жооп үчүн
"5" деген упай коелу.
Калыстар тобу бул кечеде
Чындап калыс бололу.
4) Жаңылыктар, ачылыштар кызыктуу
Айтылат ушул кечеде.
Жаратылыш закондорун үйрөткөн,
Береличи сөзүбүздү эжебизге.
3. Мугалим викторинанын суроолорун окуйт (туура жооп берген окуучулар белгиленип турат. Теңине келгенде суроолорго көп жооп берген окуучулардын аты аталып, чакырылат. Балдардын санына жараша 2-3 командага бөлүнүшөт да, алдын-ала даярдалган столдорго отурушат).
4. Командаларга тапшырмалар:
1) Ат коюп жакташат.
2) "Жаңылбайм" конкурсу (физикалык чоңдуктар боюнча карточкалар түзүлөт). Мисалы:
1) Физикалык терминдер (кайсы тилден келип чыккан, эмне деп которулат).
o Молекула
o Атом
o Диффузия
o Физика
o Конвекция
o Атмосфера
o Динамометр
o Конденсация
o Инерция
1) 2) "Сен мага, мен сага" оюну (командалар бири-бирине тапшырма беришет).
3) Практикалык тапшырма:
1. Окуучуларга чийки жана бышкан жумуртка берилет, физиканын законун пайдаланып, жарбай туруп таап беришет. Жооп: тарелкага салып жумуртканы айлантат. Токтоткондо бышкан жумуртка тез токтойт, ичиндеги кабыгы менен бир бүтүн нерсе, чийки жумуртка жай токтойт, инерция боюнча.
2. Жумуртканы сууга салабыз, чөгүп кетти. Тузду пайдалансак, көтөрүлө баштайт, эмне үчүн? Жооп: тузду салганда суунун тыгыздыгы көбөйөт, ошондуктан көтөрүлөт.
4) Командалар тапшырманы аткарып жатышканда, викторинанын суроолору улантыла берет. Алган упай боюнча эң көп суроого жооп берген окуучу "келечектин чилистени" деген төш белги менен сыйланат.
5) Группанын иши өзүнчө бааланып, жеңүүчү аныкталат.
Викторинанын суроолору:
1. Эмне үчүн катуу нерселерге караганда суюктуктарда жана газдарда диффузия кубулушу бир кыйла тез жүрөт? (молекулалык түзүлүшүнө байланыштуу).
2. Эмне үчүн оттон чыккан түтүн улам жогору көтөрүлгөн сайын шамал болбогон аба ырайында да көрүнбөй калат? (улам жогору көтөрүлүүдө аба менен көбүрөөк аралашат).
3. Эмне үчүн биз борду сындыргандан кийин, аны кайрадан бириктире албайбыз? (борду түзгөн тартуу күчүнө жеткидей аралыкка алып келе албайбыз. А пластелинди түзгөн молекулаларды жеткире алабыз?)
4. Эмне үчүн китептин кургак барактарын ачканга караганда, кагаздын сууланган барактарын ажыратууга көбүрөөк күч талап кылынат? (суунун молекулаларынын тартуу күчү чоң).
5. Эмне үчүн самолет учаарда, о.э. коноордо жүргүнчүлөр коопсуздук курун байланууга милдеттүү? (инерциянын негизинде учаарда артка, коноордо алдыга жүткүнөт).
6. Эмне үчүн жаан жаагандан кийин кара жол тайгак болуп калат? (сууда сүрүлүү күчү азайат).
7. Эмне үчүн чөп чапкычтын, саман туурагычтын жана башка айыл чарба машиналарынын кесүүчү бөлүктөрү абдан курч жасалат? (Туурасынан кесилиш аянты кичирейсе, басым чоңойот).
8. Эмне үчүн күрөктүн бут менен баса турган жерин ийип коюшат? (туурасынан кесилиш аянтын чоңойткондо, бутка көп күч келбейт).
9. Эмне үчүн газды ачык идишке сактоого болбойт? (абага сиңип кетет, анткени аба да газ).
10. Эмне үчүн күйүп жаткан керосинди суу куюп өчүрүүгө болбойт? (суунун тыгыздыгы керосиндин тыгыздыгынан чоң, андыктан төмөн түшүп кетет).
11. Массалары ар кандай болгон эки кыз бири-бирин тепкич боюнча куушуп, бир убакытта үйдүн 3-чү этажына чыгышты. Бул учурда алар бирдей кубаттуулукту өөрчүтүшөбү? (алдыдагы кыздын кубаттуулугу чоң болот).
12. Кимиси көп кубаттуулукту өөрчүтөт: тепкич менен жай көтөрүлүп бара жаткан кишиби же о.э. салмактагы шыргай менен секирген спортсменби? (шыргай менен секирген спортсмен).
13. Байыркы убакта сүрүлүү менен от тамызуу кандай физикалык кубулушка негизделгенин түшүндүр? (Сүрүлүүнүн жардамы менен көбөйөт).
14. Эмне үчүн конькини муз үстүнө тебүүгө болот, ал эми бети абдан жылмакай болгон айнектин үстүнө тебүүгө мүмкүн эмес? (музда сүрүлүү күчү аз).
15. Эмне үчүн ысытылган тетиктер абага караганда сууда бат муздайт? (суунун жылуулук өткөрүмдүүлүгү жогору).
16. Кышында бут кандай бут кийимде үшүйт? Кенен бут кийимденби же тар бут кийимденби? Эмне үчүн? (тар бут кийимде бут бат үшүйт. Бут кийим кенен болгондо ортодо аба көбүрөөк, аба жылуулукту начар өткөрөт).
17. Эмнеге стаканга кайнак суу куярдан мурда кашык салышат? (Суунун жылуулугу кашыкка өтүп тез муздайт).
18. Балыктын сүзүп жүрүүсүндө тарсылдактын ролу кандай? (өйдө-төмөн көтөрүлүүсүнө жардам болот).
19. Орус жазуучулардын кимиси университеттин физика-математика факультетин аяктаган? (Грибоедов).
20. Тон жылытабы? (тон жылытпайт, ал денедеги жылуулукту чыгарбайт).
21. Эмне үчүн суу жыгач кургакка караганда начар күйөт? (суу жыгачтын суусу кургайт, анан күйөт).
22. Эгер музду тон менен жаап жылууласак, муздун эритүүсүн ылдамдатабызбы? (ылдамдатпайбыз, тескерисинче, акырындатабыз).
23. Эмне үчүн имараттын дубалдарын жазы фундаментте тургузушат? (жазы кылуу менен басымын азайтабыз).
24. Ысык суудан стакан эмне үчүн сынат? (сууну тез куйганда кеңейүүгө жетишпей калат).
25. Чырактын билигинин күйүшү эмнеге негизделген? (капиллярдуулукка).
26. Эмне үчүн музду эшиктен жылуу бөлмөгө алып кирери менен дароо эрибейт? (жылуулук тең салмактуулук түзүлүү үчүн убакыт керек).
27. Эмне үчүн мылтыктын стволун жыгачтан жасалган жапкыч менен жабышат? (Сүрүлүүдө ысыйт, ал эми темирдин жылуулук өткөрүмдүүлүгү жогору, жыгачтыкы төмөн).
28. Эмне үчүн жерди малалаганда андагы нымдуулуктун сакталышын камсыз кылабыз? (малалоо менен капиллярларды азайтабыз).