Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук универсиети Физика жана электроника факультети Физиканы окутуу технологиялары кафедрасы Тема: Физика илиминин тили – физикалык чоңдуктар Текшерүү иш сабагы
Аткарган: Боскеева Гүлбарчын
Текшерген: Исаева Р. У.
Мугалим: Саламатсыңарбы? Бүгүнкү биздин сабактын темасы «Физика илиминин тили – физикалык чоңдук» деп аталат. Демек сабакта «Физикалык чоңдуктар» түшүнүгүн оюн аркылуу өздөштүрөбүз. Оюн үч турдан турат.
1 – тур: Чоңдуктун аныктамасын толуктоо
2 – тур: Берилген чоңдук нерсенин же кубулуштун кандай касиеттерин мүнөздөйт?
3 – тур: Берилген чоңдуктун белгилениши жана анын башка чоңдуктар менен байланышын көрсөтүүчү формула
Оюнга 2 команда катышат (окуучулар 2ге бөлүнөт). Ар бир турда алтыдан суроо болот. Аларга командалар кезеги менен жооп берүү керек. Эгерде жооп жок болсо, кийинки команда жооп берүүгө укуктуу. Бардык турдун суроолоруна жооп берүүдө ушул ыраатуулук сакталууга тийиш. Эгерде суроого так жооп берсе, ал команданын эсебине 5 бал , жооп берип, бирок мүчүлүштүктөр кетсе 3 бал , жооп жок болсо бал берилбейт.Оюндун аягында балдар эсептелип, утушка ээ болгон команда табылат. Анда баарыңыздарга ийгилик каалайм!
1- тур
Чоңдуктун аныктамасын толуктоо
1 – суроо
Убакыт бирдиги ичинде ылдамдыктын...мүнөздөөчү физикалык чоңдук...деп аталат
1 – суроонун жообу
Өзгөрүшүн, ылдамдануу.
2 – суроо
...бир формадан экинчи формага өтүү процессин мүнөздөөчү физикалык чоңдук...деп аталат.
2 – суроонун жообу
Кыймылдын, жумуш.
3 – суроо
Жумуш аткаруунун ... Мүнөздөөчү физикалык чоңдук...деп аталат.
3 – суроонун жообу
Тездигин, кбаттуулук.
4 – суроо
Малекулалардын алга умтулуу...орточо...энергиясынын ченин мүнөздөөчү физикалык чоңдук...деп аталат.
4 – суроонун жообу
Кыймылынын, кинетикалык, температура.
2- тур
Берилген чоңдук нерсенин же кубулуштун кандай касиеттерин мүнөздөйт
1 – суроо
Кыймылдын ылдамдыгы эмнени мүнөздөйт?
1 – суроонун жообу
Убакыттын ар кандай мезгилинде кыймылдагы нерсе ар кандай которулуш жасашы мүмкүн. Демек кыймылдын ылдамдыгы убакыт бирдигиндеги которулуштун өзгөрүшүн мүнөздөйт.
2 – суроо
Масса нерсенин эмнесин мүнөздөй турган чоңдук?
2 – суроонун жообу
Масса нерсенин инерттүүлүгүн мүнөздөй турган чоңдук.
3 – суроо
Күч чоңдугу нерселердин эмнесин мүнөздөйт?
3 – суроонун жообу
Күч нерселердин өз ара аракетин сандык жана сапаттык жактан мүнөздөөчү физикалык чоңдук
4 – суроо
Импульс чоңдугу эмнени мүнөздөйт?
4 – суроонун жообу
Импульс - кыймылды сан жагынан мүнөздөөчү физикалык чоңдук
3 – тур
Берилген чоңдуктун белгиленишин жана анын башка чоңдуктар менен байланышын көрсөтүүчү формула
1 – суроо
Ток күчү кайсы тамга менен белгиленет жана ал кайсы чоңдуктар менен байланышат?
1 – суроонун жообу
Ток күчү I тамгасы менен белгиленет. Ал башка чоңдуктар менен төмөнкүдөй байланышкан:
I = I = I = qϑnS; I =
ж.б.
2 – суроо
Потенциал кайсы тамга менен белгиленет жана кайсы чоңдуктар менен байланышат?
2 – суроонун жообу
Потенциал φ тамгасы менен белгиленип, башка чоңдуктар менен төмөнкүдөй байланышат: φ =
U = ; A = q();
E = ж. б.
3 – суроо
Жумуш кандай тамга менен белгиленет жана кандай чоңдуктар менен байланышат?
3 – суроонун жообу
Жумуш А тамгасы менен белгиленип, башка чоңдуктар менен төмөнкүдөй байланышат:
A = F S cosα; A = N t; A = P ∆ V;
A = E q d; A = I u t ж.б.
4 – суроо
Электр сыйымдуулугу кандай тамга менен белгиленет жана кандай чоңдуктар менен байланышат?
4 – суроонун жообу
Электр сыйымдуулугу С тамгасы менен белгиленип, башка чоңдуктар менен төмөнкүдөй байланышат: C = ; C = ; C = 4πr