1.Сабактын темасы: Чынгыз Айтматовдун чыгармаларындагы жылуулук
кубулуштарын окуп уйронуудогу бышыктоо сабагы.
2.Сабактын максаты:
а) билим беруучулук: Окуучулар Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы жылуулук кубулуштарын чыгарма менен байланыштыра билишет.
б) онуктуруучулук: ар бир жаратылыш жана жылуулук кубулуштарын оз алдынча талкулоо, физиканы башка преметтер менен байланышын так айтууга, суйлоого уйронот, билимге болгон кызыгуусун арттырып, эске тутуу, салыштыруу кондумдору онугот.
в) тарбия беруучулук: жаратылыш байлыктарын пайдалануу жана туура мамиле кылууга тарбияланат, топтор менен иштоого , окуучулар бири-бирин сыйлоого конугушот, окутулган материалдарды колдоно билууго уйронот.
3. Окуучулар максатка жетет эгерде томонку корсоткучторду аткара алышса:
Корсоткучтор:
а) Жылуулук кубулушунун физикалык аныктамасына тушунуп, аны турмушта пайдалана алса;
б) Жылуулук кубулуштарын башка предметтер менен салыштырып, ага мисалдарды келтире алса;
в) Жаратылыш байлыктары адам баласынын жашоосундагы негизги ролдорду аткараарын жана бул байлыктарды баалаганды билишсе;
г) Окутулган материалдарды кунумдук жашоодо пайдалана алышса.
4. сабактын жабдылышы: Ч.Айтматовдун чыгармалары, проектор, компьютер, презентациялар,слайддар.
5. предметтер аралык байланыш: кыргыз тили, адабият, тарых, экология, математика, география.
6. сабактын тиби: аралаш.
7. сабактын усулу: интерактивдуу
8. окутуунун принциптери: окуучуларга отулгон материалдардын жеткиликтуу болушун камсыз кылуу, активдуулугун жана ан- сезимдуулугун орчутуу.
9. окутуунун методтору: ангемелешуу,анализ, коргозмолуулук, практикалуулук.
10. сабактын планы:
Уюштуруу – 2 мин
Уй-тапшырма – 5 мин
Жаны темага даярдоо – 2 мин
Жаны теманы тушундуруу – 23 мин
Бышыктоо- 10
Баалоо – 3 мин
11. сабактын журушу:
Уюштуруу:
Балдар, биз силер менен бирдикте жылуулук кубулуштарын окуп уйрондук. Жылуулук кубулуштарынын колдонулушу, мааниси менен терен тааныштык. Бугунку сабагыбызда Ч.Айтматовдун тааныш чыгармаларынан узундулор боюнча жылуулук кубулуштарынын берилишин, маанисин изилдеп уйронобуз.
1. Бери келчи, кичине бала! – деп жалгыз отургандан коркконсуп ар дайым мени жанына чакырып алат. Бирок, ал эчнерсе айтчу эмес, тек гана эркелете дирилдеген ыссык алаканы менен бетимди назик сылайт, анын кун жыттанган денесинин оттой болуп ысыган илебине берилип, денем анын денесиндеги жылуулукту озуно алып жатты. ( Жамийла 1- том
75-бет)
Суроо: Бул узундудо кандай жылуулук кубулушу жонундо соз болуп жатат?
Жооп: Бул узундудо жылуулуктун бир телодон экинчи телого берилиши жонундо соз болуп жатат.
2. «Жерде камыр жууруп отурган Канымгулдун бетин оттун жалыны ысытып, аны булбулдогон кызгылтым туско боёду. Анын албырган бети оттун нурдануусунан андан бетер сулуу болуп корунуп турду». («Тунку сугат 5 том
240 бет»)
Суроо: Эмне себептен Канымгулдун бети ысыйт?
Жооп: Бул жерде нурлануу кубулушу жонундо соз болуп жатат. Оттон болунуп чыккан энергия нурлануу аркылуу Канымгулдун бетин ысытат.
3. Бир куну жумуштан кийин тамак ичип отту тегеректеп отурганда Даниярдан сурап калдым.
__ Данике, согуштан козгоп, эрмектеп бербейсинби?
__ Согуш дейсинби? Согуштун туру курусун, сендер аны билбей эле койгула.
Данияр бери жакта жаткан каттуу-каттуу куурайдан чон тутам алып, отту косоп, тез-тез уйлоп куйгузду да, желпилдеп куйгон жалынды тиктеп унчукпады
( Жамийла l – том 43 бет.)
Суроо: Бул узундудо кандай жылуулук кубулушу жонундо соз болуп жатат?
Жооп: Отундун куйушу. Отун куйгондо абадагы кычкылтектин бир атому менен отундагы комуртектин бир атому биригип, комур кычкыл газы пайда болот.
4. «Канаттарын далбактатып какылыктаган тооктор туш-тушка корголоп, аялдардын жайган кирлерин ала качып, кучуктор, балдар кубалашып: «Откун, откун отуп кет, кара суудан кечип кет», дешип жарышып журушту. Суу болобуз, кокуй, уйго кире туралы, - десем.
Алиман: «Эчтеме эмес, эне, бутуруп коёлу!- деп секелек кыздай, жаандын кытыгылаганына каткыра кулуп,нымдашкан койногун делбендедип огуздорду токтотпой айдай берди».
( «Саманчынын жолу» 3-том 74-бет)
Суроо: Бул узундудон кандай жылуулук кубулушу жонундо билдинер?
Жооп: Нымдоо кубулушу. Суунун молекулалары менен кийимдин молекулаларынын ортосунда оз ара тартылуу кучу бар болгондуктан нымдоо кубулушу пайда болду.
5. Суу ташыгыч гана болуп калганыма окунбойм. Мен али машинелерди жугондоп, бу кен талаанын кокурогундо дан салып ойноормун. Анархайдын кен кокурогундогу талааларга суу жеткенде, дупуйгон жашыл бак, ынкыган эгин басар, алтын даамдуу ак буудай жалына жел эркелеп ойноор кун келерине ишенем ( Ботогоз булак l –том 116 бет).
Суроо: Кандай кубулуш жонундо соз болуп жатат
Жооп: Капиллярдуулук. Эгин суугаруда суу жер кыртышына синип капилляр тамырлар аркылуу эгинге берилет.
6. «Бул машакаттуу тердетме копко созулду. Жоргонун башы айланып, теребел жан дуйно, жакындагы боз уйлор, алыста жайылып жаткан жылкы, алкактаган тоолор, коктогу булуттар кошо айланды. Жорго зорукту, чапканын коюп калчылдай басты.Ичи ысып, чанкап баратты, денесинен чыккан буркураган буу жанга тынчтык бербей, алсырап баратты ».
(«Гулсарат 3- том 242 бет »)
Суроо: Жоргонун бул корунушу кандай кубулуштан улам болуп жатат?
Жооп: Буулануу. Бууланууда жоргонун денесиндеги суунун запасы сыртка чыгып, б.а. тердеп « ичи ысып, чанкап баратты».
7. «Зейнеп апа дагы азыраак отурду да, сандыктан ак тустуу болотнай кездеме алып, эркекке кенен койнок бычты. Эшиктен тезегин алып келип, от жакты. Уйдун ичи ысып, береке киргендей болду. Казанга салынган эт боркулдап кайнай баштады. Сорпо соолуп кетпесин деген кыязда, казандын капкагын кыйгачтантып жаап копко тиктеп турду Эт бышкыча Зейнеп апа кол машинасы менен койнокту да тигип бутту». («Ак жаан 3-том 130 бет»)
Суроо: Зейнеп апа кандай жылуулук кубулуштарынын кубосу болду?
Жооп:Кайноо, конвекция, конденсация.
Суроо: Эттин бышуу процессии кандай журот?
Жооп: Сорпо кайнагандан кийин отту азайтып коюу керек, себеби сорпо кайноо температурасына жеткенден кийин аз олчомдогу отко бир калпта кайнай берет.
8. «Сайдагы тун корктуу да, коркунучтуу да. Жээкке тушалган аттардын караандары тигинде-мында бириндеп, тынч. Аттар баятан шуудурум чопко тоюп, азыр кез-кез бышкырышып, тек гана магдырышат. Шуудурум баскан чоп жылт-жулт этип тунку карангылыкка кооз корунушту берип турду. Агып жаткан куркурогон суу жердин астынан чыккандай куркуронуп, жандуу тилдуу немедей куу чалат. («Жамийла 1-том 95 бет»)
Суроо: Коз алдынарда кандай жылуулук кубулушу болуп отту?
Жооп: Шуудурум. Кундуз бууланган суунун молекулалары тунку жылуулуктун томондошунон оз ички энергиясын айлана-чойрого берип, кайрадан суунун молекуласына айланат.
9. «Баарынан жаманы баланын жан-дуйносунун ооруганы. Сезиминин бушайманга тушкону .
Адам дал ушундай жаралган тура. Анын жанын муздатып, тондуруп алуу оной, аны кайрадан эритуу кыйын, кыйын тугул мумкун эмес». («Кызыл алма
5-том 157 бет »)
Суроо: Баланын ички дуйносундо кандай кубулуштардын журуусу айтылууда?
Жооп: Муздоо ( кристалдашуу), эруу. Ички энергиясын айлана-чойрого беруу менен нерсе муздайт, эгер балага уй-було тараптан жылуу мамиле болуп, алардын мээрими тогулуп турса, анда баланын ички сезими «эрийт».
Жыйынтыктоо:
Демек балдар бул сабагыбызда Чынгыз Айтматовдун кээ бир чыгармаларындагы жылуулук кубулуштары менен таныштык. Демек бул жылуулук кубулуштарын кунумдук турмушубузда кээнири колдонобуз. Эми ушул сабактан алган билимибиздин натыйжасында кластер, диаграмма тузобуз, каалагандар эссе жазсанар да болот. Топтор менен иштоо учун 5 мин убакыт берилет. Окуучулардын эмгектерди текшерилип 1-5-конугуу 53- бет, 1-4-конугуу 65-бет Мамбетакунов . Физика 8-класс.
Баалоо: Ар бир тайпадан окуучулар оздору баалашат
Кыргыз Республикасынын Билим
беруу жана илим министирлиги
Ош облусу
Ноокат району
К.Бобулов атындагы
«Баргы »орто мектеби
Сабактын темасы:
«Чынгыз Айтматовдун чыгармаларындагы жылуулук
кубулуштарын окуп уйронуудогу бышыктоо сабагы»
Физика мугалими: Абдулазиз кызы Айтигул