СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Физикалык жана химиялык кубулуштар химиялык реакциялар

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кар жаайт, такалар тыкылдайт, лампочкалар күйөт- бул өңдүү бардык механикалык, жылуулук, үн, жарык жана электр кубулуштары, заттын эриши, кайнашы, алардын формасынын өзгөрүшү, мейкиндиктеги кыймылы, ысышы же муздашы физикалык кубулуштар болуп эсептелет.

Мисалы, суу – тоңот, муз – эрийт, суу – бууланат, бирок анын баары бир эле зат – суу.

Демек, бир зат экинчи бир башка затка айланбай турганын көрсөткөн процесс физикалык кубулуш деп аталат.

Просмотр содержимого документа
«Физикалык жана химиялык кубулуштар химиялык реакциялар»

Сабакка чейин

Сабактын темасы: Физикалык жана химиялык кубулуштар химиялык реакциялар.

Сабактын методу: Түшүндүрмө

Сабактын тиби: Аралаш

Сабактын формасы: аӊгемелешүү

Сабактын максаты

Көрсөткүчтөрү

А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк):

Физикалык кубулуштар, химиялык кубулуштар, физикалык кубулуш менен химиялык кубулуштун ортосундагы айырмачылыкты окуп үйрөнүшөт.


  • Физикалык кубулуштар;

  • Химиялык кубулуштар жөнүндө айтып бере алышса;

  • Физикалык кубулуштарга мисал келтире алышса;

  • химиялык кубулуштарга мисла келтире алышса;

  • Физикалык кубулуш менен химиялык кубулуштун айырмачылыктарын айтып бере алышса.

Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук):

Химия предмети, зат, заттын көп түрдүүлүгү, атом, молекула, химиялык элемент, химия илиминин жашоодогу, турмуш тиричиликтеги ролу боюнча түшүнүгү өнүгөт. Өз ойун даана так айтууга тарбияланышат.

  • Химия предмети, зат;

  • заттын көп түрдүүлүгү;

  • Атом;

  • Молекула;

  • химиялык элемент;

  • химия илиминин жашоодогу, турмуш тиричиликтеги ролу боюнча түшүнүгүн даана, так айтып бере алышса.


Күтүлүүчү натыйжа:

  • Физикалык кубулуштар боюнча түшүнүк алышат.

  • Физикалык кубулуштарга мисал келтирет.

  • Химиялык кубулуштар боюнча түшүнүк алат, химиялык кубулуштарга мисла келтирет.

  • Физикалык кубулуш менен химиялык кубулуштун ортосундагы айырмачылыкты окуп үйрөнүшөт.

  • Химия илиминин жашоодогу, турмуш тиричиликтеги ролу боюнча маалымат алышат.

Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): Физикалык кубулуштар, химиялык кубулуштар жөнүндө маалымат алышат.

Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): зат, заттардын касиеттери, химиялык формула, атом, молекула, химиялык кубулуш боюнча түшүнүгү бар.

Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.

Убакыт: 45 минута

Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин

Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин

Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин

Сабак

Сабактын жүрүшү:

Чакыруу этабы:

Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.


Жагымдуу маанай түзүү: Каалоо тилек жазылган кубикти ыргытып туура келгенин окуу.

Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:

1.Атом молекулалык окууга салымын кошкон окумуштууларды атап эмгектери жөнүндө айтып бергиле.

2.Атом молекулалык окуунун жоболорун далилдүү түшүндүрүп бергиле.

3.Ренген нурлары жана радиоактивдүүлүк жөнүндө айтып бергиле.

Түшүнүү этабы(сабактын негизги бөлүгү):


Кар жаайт, такалар тыкылдайт, лампочкалар күйөт- бул өңдүү бардык механикалык, жылуулук, үн, жарык жана электр кубулуштары, заттын эриши, кайнашы, алардын формасынын өзгөрүшү, мейкиндиктеги кыймылы, ысышы же муздашы физикалык кубулуштар болуп эсептелет.

Мисалы, суу – тоңот, муз – эрийт, суу – бууланат, бирок анын баары бир эле зат – суу.

Демек, бир зат экинчи бир башка затка айланбай турганын көрсөткөн процесс физикалык кубулуш деп аталат.

Эгерде жезди кызарта ысытса жез оксиди (кара күкүм), жыгачты күйгүзсө көмүр пайда болот. Мында бир зат башка затка айланып кетет. Бир заттан экинчи башка жаңы заттын пайда болушу химиялык кубулуш деп аталат. Химиялык кубулуштар менен биз күндөлүк турмушта, жаратылышта да кездешебиз. Шам, жаратылыш газынын күйүшү, металлдын дат басышы, өсүмдүктүн сөңгөктөрүнүн чириши ж. б. химиялык кубулуш болуп саналат. Жаратылышта хи-миялык кубулуштардын бир кыйласы өтө жай жүрөт, ошондуктан биз аларды дайыма эле байкай бербейбиз.

Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):


Мугалимдин иш аракети:

Суроо-жооп, аӊгемелешүү менен сабак лекция түрүндө өтүлөт.

1. Төмөндө келтирилген өзгөрүүлөрдүн кайсылары физикалык жана химиялык кубулуштарга таандык:

а) темирдин дат басышы; б) шамдын күйүшү;




Үйгѳ тапшырма:

1. Төмөндегү химиялык реакцияларды мүнөздөп айтып бергиле: а) акиташтын өчүрүлүшү; б) жыгачтын күйүпгү; в) канттын ажыроосу; г) жезди ысыткандагы кубулуштарды түшүндүрүп бергиле.

Баалоо: