СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Физминуткалар 1

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Физминуткалар 1»

ФИЗМИНУТКАЛАР

  1. Коён чыкты токойдон,

көрүп калды мергенчи.

Тах, тух, оой-оой,

тийбей калды коёнго,

коён качты токойго.



  1. 1, 2 туралы жалпы,

3, 4 коёндун көзү көк,

5 - 6 коён качты

7 - 8 жайлоодо мал семиз

9 - 10 - отур да ойлон.



  1. Маанайыңар кандай? (кол чабылат)

Досуңар барбы? ( колду бириктирет).

Улагыңар барбы? (мааа-маа – деп маарайт).

Мышыгыңар барбы? ( мяу, мяу деп алаканынын ушалайт).

Чакычыңар барбы? ( колун бетине коёт).

Сабакта өзүндү кандай сезип жатасың? (белги берет).


  1. Ток кетти оюн.

Мугалим айтат “Ток кетти “ колдорун чабышат.


  1. Ордубуздан турабыз

Колду алга сунабыз.

Чарчады деп башыбыз,

Оңго солго бурабыз.


  1. Жатып алган бүрүшүп,

манжаларды тургузуп.

Эмне болот ошондо,

бул алакан , бул муштум.


  1. Сен мени карачы,

азыр сабак башталат.

Сабак кызык болсун деп,

келгиле балдар ырдайлы.


  1. Ордубуздан турабыз,

чымчык болуп учабыз.

Балык болуп сүзөбүз,

сабакта түз отуруп,

мугалимди угабыз.


  1. Күн бүркөлдү.

Шамал жүрдү (үн чыгарабыз)

Жамгыр дыбырай баштады (колдорун кыймылдатат)

Жамгыр катуулады (дыбыратышат)

Жамгыр акырын токтоду.

Күн ачылды, эми сабак башталды.


  1. Бара жатсам алыска,

төгүп алдым буудайды.

Тооктор келип чокуду,

шамал келип учурду,

кароол келип чогултту.


  1. Ат сарайга барабыз,

аттын жалын тарайбыз.

уй сарайга барабыз,

Уйду саап алабыз,

Жаныбардын баардыгын ,

жакшы көрүп калабыз.


  1. Кутман таң менен баштайбыз.

Жалкоолукту таштайбыз.

биз бүгүнкү сабакта,

окуп жана жазабыз.


  1. Ордубуздан турабыз,

колду алдыга сунабыз,

алгач ирет оң колду,

андан кийин сол колду,

1,2,3,Чарчаганда токтойбуз,

боксёрлорго окшойбуз.


  1. Келгиле балдар ойнойбуз,

тез кыймылды койбойбуз.

Мамалактай басабыз,

балык болуп сүзөбүз,

коёнектей секирип,

ордубузга барабыз.


  1. Келгиле балдар туралы,

Колу бутту суналы,

Бир аз алдыга жылалы,

буттарды туз коёлу,

колдорду ачып жумалы,

отуралы туурасы,

түз отуруп калалы.


  1. Колду көтөр асманга,

бирок бутту жылдырба,

шамал тийген дарактай,

эки жакка кыймылда

1 дегенде секирип,

2 дегенде токтойбуз.

топулдатпай топ болуп,

отурабыз тынч болуп.


  1. ”Гүлсаратты” минебиз,

“Ак кемеге түшөбүз”.

“Ак жаан “ жаап турса да

“Асма көпүрөдөн” өтөбүз.

”Саманчынын жолун” карай,

“Кызыл алманы” бирден санай

“Бетме-бет” турабыз

“Биринчи мугалимди” карай.


  1. Күн ,түн оюну.

Күн ..... түн.....

Шамал башталды .....

Жамгыр жаады....

Жамгыр басылды.


  1. Мээ чабуулу.

Тарбиячы күтүүсүз суроолорду берет.

Окуучу бат бат жооп берет.

Т: Шаардын аты- Москва

Жаныбардын аты-уй

Үй канаттуусу- өрдөк ж.б.


  1. Учту , учту каркыра,

учуп кетти алыска

канаттарын каккылап,

конуп калды шатыга.




  1. Алаканды жаябыз,

айтып гана салабыз

Бармагымдан башталса,

чырылдайт ко чыпалак,

беш бир тууган ырдаса ,

ынтымакта жашашса.


  1. Куштар бийик учуу үчүн,

канаттары эң керек,

Жакшы бала болуу үчүн,

окуу жазуу эң керек.


  1. Отурабыз, турабыз,

алга колду сунабыз ,

тамгаларды унутпай,

күндө окуп турабыз

а,б,в,г, ж.б


  1. Күрөк кетмен аламын,

огородко барамын,

Күрөк менен жерди тээп,

кетмендеп арык казамын

Ишенбесен келип көр,

эмгекти сүйгөн баламын.

Кечиндеси былк этпей,

катуу уктап каламын,

эми сабак башталды,

тынч отуруп калалы.


  1. Күн бүркөлдү(колдорун каштын үстүнө коёт)

Амал болду ( колдорун жогору көтөрүп, оңго солго ийилет)

Жамгыр жаады (манжанын учу менен жамгырдын жаап жатканын туурайт)

Жамгыр катуу жаады ( катуу дыбыратышат).

Жамгыр акырындады(акырын дыбыратышат).

Жамгыр токтоду (бир, эки жолу тыкылдатышат).

Күн ачылды ( колун жогору көтөрөт)

Менин көңүлүм ачылды (колдорун чабышат).



  1. Ордубуздан турабыз,

чымчык болуп учабыз,

Балык болуп сүзөбүз,

сабакта түз отуруп,

мугалимди угабыз.


  1. Карачы күн чыкты,

туурайбыз мышыкты,

Карачы ай чыкты,

туурайбыз шамалды,

ийилип, ийилип,

туурайбыз баланы.


  1. Жалпыбыз тең бирдейбиз,

жалкоолукту билбейбиз.

Мындай кызык сабакта,

кара жорго бийлейбиз.


  1. Колдорубуз талыды,

кана эмесе тургула,

көңүгүүнү жасайлы,

көккө учуп баралы,

учту-учту көпөлөк ,

алыс учту көкөлөп.


  1. Кана эмесе балдар туралы,

эжекени туурайлы .

Оң кол өйдө көтөрулсө

сол кол түшөт төмөнгө.

Кыймылдаса мына минтип,

ден соолукка өбөлгө.

Биз адептүү балдарбыз,

тынч отуруп калабыз.


  1. Баш бармак, бир дегенин кармап, сөөмөйдү сун, эки деп жум.

Ортоң узуну, үч де ушуну.

Анын аты аты жок , төрт деп аны кош.

Чыпалак кичик , беш деп тизип ,

билип ал анда, булар манжа,

бириксе муштум, бардыгың уктуң.


  1. Чарчап кетти колдорум,

чачырап кетти ойлорум,

эс алдырып алайын,

таарынат го колдорум.

  1. Аты жокко ат койсок,

эсептесек төрт болот.

“төрт” деген баа жайнаса,

күндөлүккө көрк болот.


  1. Кутман таң, көздөрүм ойгондуңарбы ?

Кутман таң, жүздөрүм ойгондуңарбы ?

Кутман таң, кулактарым ойгондуңарбы ? Кутман таң, колдорум ойгондуңарбы ? Кутман таң, буттарым ойгондуңарбы ? Кутман таң, күнүм биз ойгондук.


  1. Өзүн билгин санабай,

кел ойнойбуз санамай.

Эске сактап отургуң,

эки жакты карабай.

Биринчибиз билгир,

бир нерсеге дилгир.

Экинчибиз элек,

энеси үчүн керек.

Үчүнчүбуз үкү,

үкүнүн жоон үнү.

Төртүнчүбүз тоодак,

жалдырабайт тоо жак.

Бешинчибиз бермет,

билгендерге келбет,

Алтынчыбыз акыл,

ар бир сөзү асыл.

Жетинчибиз желек,

жеңиш күнгө белек.

Сегизинчибиз сепил,

сан иштерге кепил.

Онунчубуз, оймо,

ойлон , билбей койбо.


  1. Амансыңбы –кайрымдуу асман ата

Амансыңбы – мээримдүу жер эне

Амансыңбы – жаркыраган алтын күн

Амансыңбы – менин досторум

Амансызбы эжеке!