СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Фонетика боюнча бышыктоо сабагы

Нажмите, чтобы узнать подробности

"Аяз атанын кабынан тапшырмалар" слайдынын фонетика боюнча  бышыктоо иштелмеси

Просмотр содержимого документа
«Фонетика боюнча бышыктоо сабагы»



28.12.2020 О.Т.И.Б.Д.О.Б__________ 5-“А” класс Кыргыз тили

Темасы: Фонетика боюнча бышыктоо сабагы

Сабактын максаттары:

Билим берүүчүлүк: Окуучулар фонетика, үндүү, үнсүз тыбыштар, алардын бөлүнүшү боюнча алган билимдерин бекемдешет, бышыкташат

Өнүктүрүүчүлүк максаты: Окуучулар реакциясынын тездигин, ой жүгүртүүсүн, эске тутуусун өнүктүрүшөт;

Тарбия берүүчүлүк максаты: Эне тилибизди сүйүүгө жана анын тазалыгын сактоого тарбияланууга багыт алышат.

Жогорудагы максаттарга жетти деп эсептейбиз, эгерде окуучу…

Билим берүүчлүк максаты: Окуучулар фонетика, үндүү, үнсүз тыбыштар, алардын бөлүнүшү боюнча алган билимдерин бекемдешсе, бышыкташса;

Өнүктүрүүчүлүк максаты: реакциясынын тездиги, ой жүгүртүүсү, эске тутуусу өнүксө;

Тарбия берүүчүлүк максаты: Эне тилибизди сүйүүгө жана анын тазалыгын сактоого тарбияланууга багыт алышса;

Сабактын түрү: Стандарттуу эмес сабак. Сабак- оюн

Сабактын тиби: Жалпылоо жана системалаштыруу;

Сабактын методу: Интерактивдүү методдордун ыкмалары.

Сабактын жабдылышы: Окуу китеби, ТСО, карточкалар, сандуу шайбалар, кап, балаты, балаты оюнчуктары ж.б.

Сабактын формасы: Жекече иштөө

Баалоо усулу: түздөн-түз байкоо, өз ара баалоо.

Сабактын жүрүшү:

1. Уюштуруу.

Саламдашуу. Сабактын максатын түшүндүрүү: Ар бир окуучу аяз атанын кабынан 1-30га чейинки сандуу шайбаларды алып чыышат, бирок сандын 1-16га чейикисинде гана тапшырма болот. Ар бир суроо проектор аркылуу көрсөтүлүп турат, эгер окуучу туура жооп берсе, тийиштүү тапшырманын оюнчугун алып балатыга илет да, балатыны туура жооп менен кооздошот, сабак максатына жеткенде балаты жанат. Аяз атанын көңүлү ачылат.







Бышыктоо:

Тапшырмалар менен иштөө:

№1 Тыбыш менен тамга деген эмне? Экөөнүн кандай айырмачылыгы бар?

№2 Эмне үчүн тыбыштарды үндүү, үнсүз деп бөлөбүз?

№3 Үнсүздөргө кайсы тыбыштар кирет? Эмне үчүн алар үнсүз тыбыш деп аталат?

№4 Үндүүлөр жаакка карай кандай бөлүнөт?

№5 Кең үндүүлөр кандайча жасалат? Алар кайсылар?

№6 Кууш үндүүлөр деп кайсы тыбыштарды айтабыз? Эмне үчүн?

№7 Кең жана кууш үндүүнүн окшоштугу эмнеде?

№8 Эмне үчүн үнсүздөрдү жумшак жана каткалаң деп экиге бөлөбүз?

№9 Жумшак үнсүздөр кайсылар? Алар эмне үчүн жумшак?

№10 Уяң үнсүздөр кайсылар? Алар эмне үчүн уяң?

№11 Каткалаң үнсүздөр кандай жасалат? Ага кайсы тыбыштар кирет?

№12 Түгөйлүү үнсүздөр кайсылар?

№13 Каткалаң үнсүздөргө кайсылар кирет? Эмне үчүн алар каткалаң үнсүз деп аталат?

№14 Орфография деген эмне?

№15 Үндүүлөрдү эмне үчүн жоон, ичке деп бөлүп карайбыз?

№16 Эринчил үндүүлөргө кайсыл тыбыштар кирет?

Жыйынтыктоо: Балатыны жандырып, жооп берген окуучуларды белек менен (таттуу) баалап, окуучуларга калоо-тилек айтып, тилди сүйүп, жакшы окуп, жакшы ийгиликтерге жетишүү керек экендигине үгүттөө.