СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Фонетикалык талдоо.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Фонетикалык талдоо жүргүзүү.

Просмотр содержимого документа
«Фонетикалык талдоо.»

 Тилдеги    тыбыштардын    жасалышы,    тыбыштык    системасы, тыбыштык өзгөрүүлөрү жонүндөгү тил илиминин бир тармагы. Гректин рhonе - үн деген сөзүнөн алынган салыштыр: телефон, магнитофон, микрофон ж.б. 

2.1. АЛФАВИТ

 Белгилүү бир тартип боюнча кабыл алынган тамгалардын жыйындысы алфавит деп аталат.

Кыргыз алфавити орус алфавитинин негизинде түзүлүп, үч тамга ( ө, ү, ң) кошулган. Орус алфавитине 1941-жылдан баштап ѳттүк. Кыргыз тилинде 36 тамга бар.

Аа (а), Бб (бэ), Вв (вэ), Гг (гэ), Дд (да), Ее(е), Её (ё), Жж (жэ), Зз (зэ), Ии (и), Йй (ий), Кк (ка),
Лл (эл), Мм (эм), Нн (эн), ң (эң), Оо (о), Өө (ө), Пп(пэ), Рр (эр), Сс (эс), Тт (тэ), Уу (у), Үү (ү), Фф (эф),
Хх (ха), Цц (цэ), Чч (чэ), Шш (ша), Щщ (ща), ъ, Ыы (ы), ь, Ээ (э), Юю (ю), Яя (я).

2.2. ТЫБЫШ 

Сѳздѳгү айрым үндѳр тыбыш деп аталат. Кыргыз тилинде 39 тыбыш бар.

2.3. ТАМГА 

Тыбыштарды белгилѳѳ үчүн кабыл алынган шарттуу белгилер тамга деп аталат.

2.4. ҮНДҮҮ ТЫБЫШТАР 

Жалаң гана үн катышып айтылган тыбыштар үндүү тыбыштар деп аталат.

Алар: а, о, ѳ, э, и, ы, у, ү, аа, оо, ѳѳ, ээ, уу, үү - 14

Ундүү тамгалар -12.  Алар: а, о, ѳ, э, и, ы, у, ү, я, ю, е, е

Жоон үндүүлѳр: а, о, ы, у.

Ичке үндүүлѳр: э, и, ѳ, ү.

 







2.5. ҮНСҮЗ ТЫБЫШТАР 

Айтылганда жолтоолукка учурап , кѳбүнчѳ шыбыштын жардамы менен жасалган тыбыштар үнсүз тыбыштар деп аталат. Кыргыз тилинде үнсүз тыбыштар – 25.

Алар: б, в, г, д , ж, з, й, к, л, м, н, ң, п, р, с, т, ф, х, ц, ч, ш, щ.

 2.6. МУУН

 Сөздөгү бир ыргак менен айтылган бир же бир нече тыбыш муун деп аталат. Сөз бир же бир нече муундан турат. Сөздө канча үндүү болсо, ошончо муун болот.  Мисалы: ак, нан, эт, сөз, бир, ки-теп ж.б.

Сөздөгү я, ю, е, ё, ёо, юу тамгалары жана созулма үндүүлөр гана муунду түзөт. Сы-я, бо-ёк, чо-юн, тоо, суу ж.б.

Муун ачык, жабык жана туюк муун болуп, үчкө бөлүнөт

2.7. АЧЫК МУУН

 Үндүүлөр менен аяктаган сөздөр ачык муун деп аталат. М и с а л ы: ба-ла, ки-ши, тоо, э-не, а-та, э-же, кө-чө.

 

2.8. ЖАБЫК МУУН

 

Сөздүн аягы үнсүздөр менен бүткөн муун жабык муун деп аталат. Мисалы: үн-дүү-лөр, үн-сүз-дөр, ата-м, э-жем.

 

2.9. ТУЮК МУУН

 

Сөз үнсүздөр менен башталып, үнсүздөр менен аяктайт: мек-теп, ки-теп,бал-дар, деп-тер, сыз-гыч,  бак, те-рек, саз, ко-муз, ме-кен, ба-кыт, кос-мос ж.б.

 

 



2.10. СӨЗДӨРДҮ МУУНГА АЖЫРАТУУ

 1.  Бир муундуу сөздөр муунга ажырабайт. М и с а л ы: суу, ээн, топ, жар, склад, взнос. 2. Эки үндүүнүн ортосуна келген бир үнсүз тыбыш экинчи үндүүгө кошулуп,                    муунга ажырайт. М и с а л ы: кере-бет, те-мир, то-гуз, ба-ла. Эки үндүүнүн ортосуна эки үнсүз тыбыш келсе, эки жакка бөлүнүп ташылат. М и с а л ы: пар-та, кол-хоз-чу, кур-даш-тар, иш-мер.

  1. Эки үндүүнүн ортосуна үч үнсүз катар келсе, башкы эки үнсүз биринчи үндүүгө, кийинки үнсүз тыбыш экинчи үндүүгө кошулуп, муунга ажырайт. М и с а л ы: Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө үч үнсүз катар келсе, муунга бөлүүнүн бул эрежелерине баш ийбейт.

М и с а л ы: гал-стук, ком-плект, ком-му-нист-тик, пункт-тун.

2.11. ТАШЫМАЛ 

Сөздөрдү ташымалдоо төмөнкү тартипте болот:

  1. Бир муундуу сөздөр ташылбайт. М и с а л ы: даңк, төрт, өрт, журт, склад, спорт, Кремль.

  2. 2. Бир тамгадан турган муундарды жол аягына калтырып же жаңы жолго ташууга болбойт. М и с а л ы: сы-я, ө-мүр,  а-раба, а-кын, аа-лам.

  3. Сөздөгү созулма үндүүлөрдү эки бөлүп ташууга болбойт. М и с а л ы: бу-удай эмес, буу-дай, то-олуу эмес, тоо-луу.

  4. Башкы тамгаларынан алынып кыскартылган сөздөрдү ташууга болбойт. Мисалы: РТ-С, ТЭ-Ц, ЦУ-М.

  1. Эскертүү: кыскартылган сөздөргө айкашкан мүчөлөр жаңы жолго ташыла берет. Мисалы:ОРТ-нин, КДК-нын, КТР-динАдамдын аты, атасынын аты кыскартылып берилсе, аларды фамилиядан ажыратып ташууга болбойт.М и с а л ы: М. Элебаев, К. Тыныстанов, А. Токомбаев, Ч. Айтматов.Цифрадан кийин турган кыскартылган сөздөр ташылбайт. Мисалы: 50 - см эмес, 50 см; 10 - км эмес, 10 км ж.6.

  2. Ажыратуу (ъ) жана ичкертүү (ь) белгилерин анып алдындагы тыбыштан бөлүп ташууга болбойт. Мисалы: паль-то, разъ-езд, аль-бом, Иль-ич.



1