СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Формулалар редактору

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

MS Word до математикалык формулаларды жазуу жана оңдоп-түзөө көнүмүштөрүнө (навыктарына) ээ болуу

Просмотр содержимого документа
«Формулалар редактору»

Формулалар редактору

Максаты: MS Word до математикалык формулаларды жазуу жана оңдоп-түзөө көнүмүштөрүнө (навыктарына) ээ болуу

Өз алдынча иш үчүн тапшырма: Ушул документтин көчүрмөсүн даярдагыла.


Формулаларды жазууда Вставка менюсунун Формулы бөлүгү колдонулат.

Формулы бөлүгүнүн жардамы менен өзгөрмөлөрдү жана сандарды кийирип, ачылган инструменттер панелинен символдорду тандап алып, татаал формулаларды түзүүгө болот. Зарыл болгон учурларда Справка \ Вызов справки F1 маршруту аркылуу формулалар тууралуу сурап-билүү системасынан пайдаланууга болот. Формулалар инструменттер панелиндеги шаблондорду жана символдорду тандап алуу жана сандарды, өзгөрмөлөрдү кийирүү (клавиатурадан) аркылуу түзүлөт:

Төмөнкү формулаларды кийиргиле:

1)

2)

Microsoft Office 2003 пакетинде формуланын форматын, стилин же өлчөмүн өзгөртүүгө болот. Мисал катары математикалык статистикадагы формуланы жазабыз:

Ушул эле формуланын жазылуу стилин өзгөртүү үчүн Стиль \ Определить командасын колдонобуз:

Размер \ Определить командасын формуланын өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн пайдаланууга болот. Ал команданы колдонгон учурда Размеры окносу ачылат. Тийиштүү оңдоолорду киргизип, формулада биз каалаган өзгөртүүнү алууга болот.

Формат \ Интервал командасын колдонуп, жазылган формуланын форматын (саптар арасындагы интервалды, саптар жана мамычалар арасындагы аралыкты, жогорку индекстин бийиктигин, төмөнкү индекстин тереңдигин, чектер боюнча түздөөнү) өзгөртүүгө болот.

1-эскертүү. Жазылган формулага оңдоо киргизүү үчүн мыштын сол кнопкасын формула жазылган талаага эки жолу басуу керек.

2-эскертүү. Формуланы жазууну же оңдоону аяктоо үчүн мыштын сол кнопкасын формула жазылган рамкадан сыртка басуу же клавиатурадан Esc клавишасын басууга болот.

3-эскертүү. Формула редактору менен иштөөнү ыңгайлаштыруу (настройка) максатында инструменттердин Стандартная панелине Вид \ Панели инструментов \ Настройка \ Команды \ Вставка \ түрүндөгү белгиси бар кнопканы инструментер панелине мыштын сол кнопкасы менен кармап алып чыгабыз \ Закрыть командасын колдонобуз.