Просмотр содержимого документа
«Франция жана Англия.Жуз жылдык согуш»
Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектеби
Предмет: Орто кылымдар тарыхы | 7-класс |
Текшерген ОББ: Ниматилла кызы Багдаг\л | К\н\: 14.02.20 |
Мугалим: Жусупова Айжамал | |
Сабактын темасы:Франция жана Англия (11-15-к).Ж\з жылдык.
Сабактын максаты: Франциянын биригишинин себептери,Англиядагы королдук бийлик жън\ндъ окуп билишет.
Сабактын милдеттери:
Таанып Француз элдеринин жерлерин,чарбасын окуп билишет. | Ишмерд\\л\к(ън\кт\р\\ч\) Карта менен иштъъ жъндъмд\\л\ктър\ артат,ъз оюн далилд\\ айта бил\\гъ машыгышат жана алган билимдерин практикада колдоно алышат. | Баалуулук(тарбиялык) Окуучулар бирин-бири укканга,топто,жупта иштъъгъ, кыргыз тилинде так с\йлъъгъ тарбияланышат. |
Негизги компетентт\\л\к:
Маалыматтык | Социалдык-коммуникативдик | Ъз алдынча уюштуруу жана къйгъйлърд\ чеч\\ |
Филипп 4 Сулуу жън\ндъ окуу китебинен жаёы маалымат алышат. | Интернет булактарынан ъз алдынча жаны маалыматтарды табууга кън\г\шът. | Окуучулар тарых боюнча ъз алдынча ырларды жазып,ой толгоп с\ръттърд\ тартышат. |
| | |
Предметтик компетентт\\л\к:
Тарыхый сабаттуулук компетенциясы | Этномаданий компетенциясы | Социалдык-инсандык компетенциясы |
Англия королунун бийлиги жън\ндъ билишет. | Алардын жашоо турмушун изилдъън\н зарылдыгы жън\ндъ ой ж\г\рт\шът. | Ж\з жылдык согуштун ж\р\ш\н байланыштырат. |
Сабактын тиби: Аралаш сабак.
Усулдар : Салттык
Ресурстар: Окуу китеби,с\ръттър,компьютер,интер.доска
Сабактын с\ръттъл\ш\:
Этап | Убакыт | Мугалимдин иш аракети | Окуучунун иш аракети |
Уюштуруу | 3 мин | Саламдашат. Жагымдуу маанай т\зът(логикалык суроо) Сабактын жабдылышын карайт. | Саламдашат.жагымдуу маанайда сабакка киришет.Окуу куралдарын толуктап сабакка киришет. |
Уй тапшырмасын текшеруу | 12 мин | /йгъ берилген тапшырманы тешер\\,окуучулардын дептерлерин текшер\\,суроолорду бер\\. | /й тапшырмасын кайталашат.Суроолорго жооп беришет.Тапшырманы аткаруу боюнча жоопкерчиликке ээ болушат. |
Жаны теманы тушундуруу | 20 мин | Франциянын бириктирилиши жана ж\з жылдык согуш тууралуу айтып берет. | Окуучулар ой ж\г\рт\п жооп беришет.Т\рд\\ жоопторду айтышат.Кайсы жооп туура экендигине ъздър\ ынанышат. |
Бышыктоо | 4 мин | Суроолор берилет.Проблемалар коюлат.Эки ълкъгъ жалпы м\нъздъмъ берет. | Жооп беришет.Талкуулашат,предмет аралык байланышытырышат.Суроолорду т\з\шът. |
Баалоо | 4 мин | Китептен тапшырма берет.Окуучуларды баалайт. | |
Жаёы тема: Жүз жылдык согуш (1337-1453) - Англия менен Франциянын ортосундагы согуш. Жүз жылдык согуштун башкы себеби: Англия (12-кылымдын орто чени) басып алган Франция жерлери жана бай Фландрия үчүн болгон күрөш. Согуштун 1-мезгилинде (1337-60) англиялыктар деңизде Слейсенин (1340), кургакта Кресинин (1346), Пуатьенин (1356) жанында жеңишке жетишип, Франциянын көп жерин басып алган. Франциянын абалы оордоп, экономикасынын начарлашы элдин кыжырлануусун күчөткөн да, Париж көтөрүлүшүнүн (1357-58) жана дыйкандар согушунун (к. Жакерия) чыгышына алып келген. Француз өкмөтү 1360-жылы Бретанда түзүлгөн келишимдиноор шарттарын аргасыз кабыл алган. Англия басып алган аймактарда улуттук-боштондук кыймыл күч алган. 14-кылымдын 70-жылдарында француздар англиялыктарды дээрлик бүт кууп чыккан, бирок бул ийгилик феодалдардын ич ара талаш-тартышынын кесепетинен андан ары бекемделген эмес. 15-кылымдын башында англиялыктар согушту кайра баштап, Азенкурдагы (1415-жылы 25октябрь) жеңиштен кийин Түндүк Франция менен Парижди ээлеген. Ошондо англиялык баскынчыларына каршы бүт француз эли көтөрүлгөн. 1429-жылы Жанна д’Арк баштаган француздар англиялыктарды кыйратып, Орлеанды курчоодон куткарган. 1436-жылы англиялыктар Парижден куулуп чыгарылып, Шампань (1441), Мен жана Нормандия (1450), Гиень (1453) жана башка шаарлар бошотулган. Жүз жылдык согуш Бордодо (19. 10. 1453) англиялыктардын жеңилиши менен аяктап, борборлошкон Франция мамлекетин түзүүдө маанилүү этап болгон.
Капетингдер (латынча Capetingi, французча Capetiens) – француз королдорунун династиясы (987–1328). Династиянын негиздөөчүсү Гуго Капет болгон. Анын учурунда королдук бийлик шайлануу жолу менен эмес, мурас түрүнө өткөн. 14-кылымдын башында Капетингдер Франциянын аймагын кеңейтип, борбордошкон мамлекет түзүүгө аракеттенген. Карл IV өлгөндөн кийин (уулдары болбогондуктан), француздук таажы Валуа династиясына өткөн. Капетингдер династиясынын өкүлдөрү: Гуго Капет (987– 996), Роберт II (996–1031), Генрих I (1031–60), Филипп I (1060–1108), Людовик VI Толстый (1108–37), Людовик VII (1137–80), Филипп II Август (1180–1223), Людовик VIII (1223–1226), Ыйык Людовик IX (1226–70), Эр жүрөк Филипп III (1270–85), Филипп IV Сулуу (1285–1314), Людовик X (1314–16), Филипп V (1316–22), Карл IV (1322–28).