пректор, ноутбук, кыргыз тили 11-класс, фразеологиялык сөздүк.
№ | Сабактын максаты | Күтүлүүчү натыйжалар |
1 | Билим берүүчүлүк: Окуучулар бул сабакта фразеологизмдердин өз ара бөлүнүшү туууралуу толук маалымат алышат жана фразеологизмдер боюнча мурунку алган билимдерин эске салышат. | Фразеологизмдердин бөлүнүшү тууралуу алган маалыматтарын практика жүзүндө көрсөтө алышса. |
2 | Өнүктүрүүчүлүк: Тексттерден, видеолордон фразеологизмдерди таап, аларды өз ара бөлүштүрө алышат, сөз байлыгын кеңейтишет | Тексттерден, сүйлөмдөрдөн фразеологизмдерди таап, аларды түрүнө жараша айырмалай алышса, кебинде пайдалана алса. |
3 | Тарбия берүүчүлүк: топто, жупта иштөөгө, бири-бирин сыйлоого, өзүнө болгон ишенимдерин арттырууга тарбиялайт. | Топто, жупта иштесе, бири-бирин сыйласа, өзүнө болгон ишеними артса. |
№ | Сабактын этабы (убактысы) | Мугалимдин ишмердүүлүгү | Окуучунун ишмердүүлүгү | Компетенттүүлүк | Баалоо |
Негизги | Предметтик |
1 | Уюштуруу Саламдашуу (2 мүнөт) | 1. Саламдашып, окуучулардын сабакка катышуусун тактоо, класстын тазалыгына көңүл буруу, топторго бөлүп алуу. “Чычканга кебек алдырбагандар”, “Чырм этип уйку талдырбагандар”, “Биттин ичегисине кан куйгандар” 2. Жагымдуу маанай түзөт. 3.Алтын эрежелерди кабыл алышат. 1) Сабакка активдүү катышабыз. 2) Бири-бирибиздин оюбузду угабыз. 3) Жаңы идея алабыз. (1-3-слайддар) Экранга баалоо критерийин түшүрүп, өзүн-өзү баалоо баракчаларын таркатат. (4-слайд) 1. Суроого туура, так жооп берүү 2. Топто активдүү болуу 3. Фразеологизмдердин маанисин чечмелей алуу 4. Кебинде пайдалана билүү 5. Фразеологизмдерди катыштырып текст түзө алуу | Саламдашышат. Өзүнө жаккан фразеологизмдерди тандап, отурушат Окуучулар бири-бирине каалоо айтышат. -Сабакка даяр турушат -Мугалимди угушат -Тема боюнча сүйлөшөт Баалоо критерийин түшүнүшүп, өзүн-өзү баалоо боюнча маалымат алышат, сабактын жүрүшүндө ар бир этапта өздөрүн баалап турушат | НК 2 НК 2 | ПК 1 ПК 1 | Бара-келде! Бали, эң сонун! (калып-танды-руучу) |
2 | Үй тапшырма-ны суроо (5 мүнөт) | Сүйлөмдөрдү толуктоо. 5 сүйлөм 1. Билимдүү болгону менен ___ ____ ____ мүнөзү бизди таң калдырды. А) ит менен мышыктай Б) жөн билги В) жең ичинен Г) ичине таруу айланбаган 2. ___ ___ ____ ____ жетип келиптир. А) Эки колун чөнтөгүнө салып Б) Эки колун мурдуна тыгып В) Эки көзүн алайтып Г) Эки бутун учкаштырып | Окуучулар жупта бири-бирин текшеришет | НК 3 | ПК 2 | Калып-танды-руучу баалоо |
3 | Актуалдаш-тыруу (3 мүнөт) | Диалог жүргүзөт, окуучунун эске тутуусун, көңүл буруусун активдештирет. Фразеологизмдер деген эмне? Эл казынасын кандай түшүнөсүнөр? Сөздүктөр менен кантип иштейбиз? (5-7-слайд) | Окуучулар диалогго катышышат, суроолорго жооп беришет. | НК 3 | ПК 1 | Туура! Аракет-тен! Жигер-дүү иштей-биз! |
4 | Жаңы теманы түшүндүрүү (10 мүнөт) | Сүрөттөрдөн эмнени көрүп тургандарын сурайт, теманы сүрөттөр аркылуу чыгарат. 1. Фразеологиялык ширешмеге сурөт мисалы менен. 2. Фразеологиялык бирдикке сүрөт мисалы менен. 3. Фразеологиялык тизмекке сүрөт мисалы менен. (8-10-слайд) | Окуучулар жооп беришет. Фразеологизмдерди сүрөт аркылуу табышат. Түрлөргө ажыратышат. Мурдунан жетелетип алуу. Чоң муштум. Колу ачык. | НК 1 | ПК 2 | Калып-танды-руучу баалоо |
5 | Практика-лык көнүгүүлөр (5 мүнөт) Интерактив-дүү көнүгүү (5 мүнөт) Ыкчам көнүгүү (5 мүнөт) | Окуу китебиндеги 94-беттеги 40-көнүгүүдөн фразеологизмдерди таап, түрүнө карай ажыратабыз. “Бирөө үйдө, экөө конокто” ролдук оюн. Окуучуларга топто ролдорду бөлүп алуусун айтат. Чоң ата, чоң эне, небере болуп аткарышы керек. Чоң ата, чоң эне, неберени ээрчитип кийинки топко конокко барат. Кыргыздын меймандостугун, сөз баккан эл экендигин кебинде фразеологизмдерди колдонуу менен даңазалашат. Синонимдерине дал келтирүү. 1-топ 1. Ак көрпө жайыл 2. Куурай башын сындырбоо 2-топ 1. Мурду менен бир тийүү 2. Үрүп чыгар ити жок 3-топ 1. Күн тийген жердин күкүгү 2. Ортосуна от жагуу (колу жука, колтугуна суу бүркүү, күн карама, жайыл дастаркон, жаны кашаюу, ак каптал, кырды бычак болуу) (11-15-слайд) | Окуу китептеги 41-көнүгүүнү аткарышат. (туура жообу). Топто ролдорду бөлүп алышат. Фразеологизм-дерди кебинде пайдалынып, диалог түзүшөт. Окуучулар топто иштеп, фразеологизмдер-ди сөздүктөн таап, синонимдери менен дал келтирет. | НК 3 | ПК 1 | Калып-танды-руучу баалоо |
6 | Бышыктоо (5 мүнөт) | KAHOOT тиркемеси аркылуу фразеологизмдердин түрлөрү боюнча тест берилет. Демек, фразеологизмдер, анын бөлүнүүсү боюнча толук маалымат берилет. https://create.kahoot.it/share/90077bbd-9425-4ee5-a55a-c7b17860bf41 | Окуучулар KAHOOT тиркемеси аркылуу тест аткарышат. Жеңүүчүлөр бааланат. | НК 3 | ПК 2 | Калып-танды-руучу баалоо |
7 | Рефлексия (кайтарым байланыш) (2 мүнөт) | Кайтарым байланыш Билем Билдим Билгим келет стратегиясы аркылуу жүргүзүлөт | Окуучулар фразеологизмдер жөнүндө кайтарым байланшты (рефлекция) “БББ” түрүндө жазышат. | НК 3 | ПК 3 | Калып-танды-руучу баалоо |
8 | Баалоо (2 мүнөт) | Окуучулардын өздөрүнө коюлган баалоосу менен жыйынтык чыгарат. “5” – 15-12 упай “4” – 11-8 упай “3” – 7-4 упай “2” – 3-0 упай | Өзүн-өзү баалоо баракчасындагы упайларды эсептеп, өз бааларын билишет | НК 3 | ПК 3 | Сумма-тивдик, калып-танды-руучу баалоо. |
9 | Үй тапшырма (1 мүнөт) | 1. Грамматикалык тапшырма: 41-көнүгүү Тексттен фрезеологиялык бирдикти бөлүп көрсөткүлө 2. Чыгармачылык тапшырма (17-слайд) Фразеологизмдерди катыштырып эссе жазуу “Кыргызстанды жаркын келечек күтүп турат” | Үй тапшырманы күндөлүгүнө жазышат. | НК 3 | ПК 2 | |