СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Футболдун пайда болушу.

Категория: Физкультура

Нажмите, чтобы узнать подробности

Футболду ким жана кайда пайда болгон?

Просмотр содержимого документа
«Футболдун пайда болушу.»

ФУТБОЛ КАЧАН ПАЙДА БОЛГОН?! 1840-жылдары Англиянын жеке мектептин бири азыркы заманбап футбол оюнуна окшогон оюн ойлоп табышат. 1863-жылы дүйнөдөгү эң алгачкы футбол ассоциациясы түзүлөт. Ошондон тартып -топту колго кармабо, сызыктан чыгарбо ж.б эрежелерин ойлоп табышат. Биринчи футбол чемпионаты Англияда өткөн

Англис тилинен которгондо Фут – бут, бол – топ дегенди билдирет. Англичандар бул топ оюнун «Бут менен гана ойнолуучу оюн» деп аташкан. 1863-жылы октябрда Лондон шаарында бул оюнду сүйүүчүлөрдүн бирикмеси түзүлгөн. Азыркы футболдун тарыхы ушундайча башталган. Футбол төрт (тик бурчтуу) бурчтуу аянтта ойнолот. Аянттын эки туура жагынан ортосуна бири-бирине карама-каршы дарбаза орнотулат.

Оюндун максаты атаандашынын дарбазасына топту киргизүү. Футбол коллективдүү оюн. Ар бир командада 11ден оюнчу болот, Футболчулар футболка, шорты, гетра жана бутс (атайы тиш тамандуу бут кийим) кийип ойношот. Оюн 90 минутага созулуп, 45 минутадан эки таймга бөлүнөт. Алардын ортосунда 10-15 минута дем алыш болот. Оюндун узактыгы 13 жашка чейинки футболчулар үчүн 30, ал эми 13-15 жаштагылар үчүн – 40 минута. Жаш футболчулар кичирээк аянтта ойношот. Дарбазачыдан башка оюнчуга кол менен ойноого уруксат берилбейт.

Ошондой эле атаандашын тээп же чалууга, колу менен түртүп же кармап калууга жол берилбейт. Бул эрежелер бузулса штрафтык топ тебүү берилет, эгерде дарбазасын коргоп жаткан оюнчу штрафтык аянтчада эрежени бузса, 11 метрден штрафтык топ тебүү – пенальти белгиленет. Эрежени бузгандыгы үчүн оюнчуга судья тарабынан эскертүү берилип же оюн талаасынан чыгарып жибериши да мүмкүн. Алдыда экиден кем эмес (дарбазачыны кошкондо) атаандаш оюнчу болсо гана чабуулчу шеригинен топ алып, дарбазага чабуул коё алат. Эгерде андай болбосо, чабуулчу оюн сыртында калган болуп эсептелип, оюн токтотулат.

Футболчу баарынан мурда чаалыкпас болуусу керек, себеби алар чабуулга өтүү үчүн оңтойлуу учурду издеп, же атаандашынын жолун торош үчүн футбол талаасында тынымсыз ары-бери чуркайт, оюн мезгилинде ар бир оюнчу 15 чакырымга чейин аралыкты чуркап өтүшү мүмкүн. Чыдамкайлыкка, талыкпастыкка машыгуу менен гана жеңишке жетишүүгө болот.

Оюн эрежеси: Пенальтинин келип чыгышы

1891 -жылы футбол эрежелери боюнча ирландиялык эксперт Жон Пенальти айып аянтчасында оюнчу топту колу менен кармаса же одоно ойносо 11 метрлик айып тобун тебүү эрежесин киргизүү керктигин сунуштаган.Мындай сунуш алгач Ирландиянын футбол лигасында колдонулган. Азыр андай айып тобун тебүү баардык жерде Жон Пенельтинин ысымынан “пенальти” деп аталат.

Футболдогу коррупциялар

Англия 1905-жыл

Футболдун мекени айрым Европа мамлекеттеринде профессионалдуу клубдар пайда боло электе эле паракорчулуктун жогорку дивизионуна кирген.  

Жүз жылдар мурда Манчестерде «Манчестер Сити» жана «Астон Вилланын» матчынын сатылуусу жөнүндө ызы-чуу чыккан. Ошол кездеги «Ситинин» башкы жылдызы Билли Мередит «Астон Вилланын» капитаны Алекс Ликке Лондон командасынын жеңилип берүүсү үчүн (10 фунт) пара сунуштаган. Бирок, Лик акчаны албай, болгон окуя тууралуу журналисттерге айтып берген.     

Бул инциденттен кийин Мередит «Манчестер Юнайтеддин» аукционунда принципиалдуу атаандашы «Сити» тарабынан сатылып алынган.   

 Муну  менен чыр-чатак бүтүп калган эмес. Мередит өзүнүн клубу анын тарабын талашпаганынан улам, алардан өч алууну чечет. Ал «Ситиде» футболчуларга карата айлык маянанын көптүгүн журналисттерге айтып берген (ал убакта айына төрт фунт).  

Иликтөөлөрдүн жыйынтыгында, «Манчестер ситиде» көптөгөн паракорчулуктардын бети ачылган. Клубдун башкы машыктыруучусу жана президенти Англиянын аймагында футболдон четтетилип, беш директор кызматтан алынып, ал эми команданын 17 оюнчусуна «шаардыктар» үчүн ойноого өмүр бою тыюу салынган.   

Ал эми иштин негизги фигуранты Билли Мередит «Манчестер Юнайтедде» кийинки 15 жыл ойногон.  

 Жоао Авеланж, Рикардо Тейшейра жана пара

ФИФАнын мурдагы президенти (1974-1998) Жоао Авеланж жана анын күйөө баласы, Бразилия футбол федерациясынын президенти Рикардо Тейшейра 2012-жылы ISL маркетинг компаниясынан миллиондогон пара алгандыгы үчүн айыпталган.

Авеланж жана Тейшейра 1992-жылдан 2000-жылга чейин ISL маркетинг компаниясынан дүйнөлүк футбол чемпионаттарын алып көрсөтүүдө жардам берип, 15 миллион швейцария франк алышкан.

Авеланж жана Тейшейра 2010-жылы, 5,5 миллион компенсация төлөп, швейцария прокуратурасынын тергөө иштерин токтотуп, бул иш боюнча маалымат таратпоосун өтүнгөн.  

Бирок, 2012-жылы бул ызы-чуу боюнча доклад жарыяланган. Андан соң, Авеланж эл аралык Олимпиадалык комитеттин мүчөлүгүнөн баш тарткан, ал эми Тейшейра Бразилия футбол клубунун президенттигинен жана эл аралык футбол федерациясынын аткаруу комитетинен чыгып кеткен.

Ушул эле жылдын август айында, жүз жашында Жоао Авеланж көз жумган.

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА)

Паракорчулукка байланышкан эбегейсиз чыр-чатактын тизмесине Эл аралык футбол федерациясы да илешкен.

Эл аралык футбол федерациясынын Цюрихтеги шайлоосунан эки күн мурда, 2015-жылдын май айында паракорчулукта айыпталып жети мансаптуу футбол чиновниктери кармалган.  

Эл аралык футбол федерациясынын президенттигине тандалып алынган Йозеф Блаттер 2-июнь күнү шайлоо алдындагы ызы-чууга байланыштуу отставкага кеткен.

Ушул эле жылдын октябрь айында Блаттер жана УЕФАнын президенти Мишель Платини кызматынан 90 күнгө четтетилген.

Иштин фигуранттарына жана Эл аралык футбол федерациясынын 14 чоң мансаптуу мүчөлөрүнө, акчалардын изин жашыруу, кетенчиктөө жана 2018 жана 2020-жылдарда дүйнөлүк чемпионаттар өткөрүлүүчү өлкөлөрдү тандоодо бурмалоолорго жол бергендиги үчүн расмий айыптоолор коюлган. Алардын 150 миллион доллар алгандыгы болжолдонгон.  

Үч жыл аралыгында, тергөө иштерин АКШнын федералдык укук коргоо органдары жана швейцариялык прокуратура жүргүзгөн.

Йозеф Блаттер 2010-жылдагы дүйнөлүк чемпионатка чейин да паракорчулукта айыпталган. Эл аралык футбол федерациясынын президенти өзүнүн жээнинин компаниясына дүйнөлүк чемпионатка билет сатууда жарыяланган тендерде утуп алууга жардам берген. Компаниянын билет сатуудан тапкан кирешеси 342 миллион фунт стерлингди түзгөн.

Бул жолу ал чыр-чатакты өз убагында басканы менен Блаттердин репутациясына терс таасирин тийгизген.

УЕФАнын башкы катчысы кызматын ээлеп турган Жанни Инфантино 2016-жылдын 26-февралында Эл аралык футбол федерациясынын президенттигине тандалып алынган. Ал добуш берүүнүн экинчи баскычында 207ден 115 добуш алган.  

Футбол жаатындагы сиз билбеген маалыматтар

 

1- Футболду Лондондогу Ньюгейт түрмөсүндө олтурган кылмышкерлер ойлоп табышкан.Түрмөгө түшкөндөрдүн колун аёсуз кесип коюшкандыктан бут менен гана ойнолуучу спорттун түрүн ойлоп табууга мажбур болушкан.

2- Фудболдун тарыхындагы эң тез “кызыл карточка” алган фудболчу Ли Тодд 2 секундада алган.

3- Футбол тобу алгач кагаздан жасалган.Жамгыр жааса кагаздан жасалган топ керексиз абалга келээрин түшүнгөндө гана топтун материалын алмаштырышкан. 

4- Футболдун тарыхындагы эң чоң айырма менен аяктаган оюн Адема менен Стад Олимпик командаларынын ортосунда болуп,оюн 149-0 эсебинде аяктаган.

5- Футбол жылдыздарынын бири Рональдино алгачкы жолу 13 жашында өзүнүн командасы менен атаандаштарын 23-0 эсебинде жеңип элдин назарына илинген.

6- Бразилиядан бир да жолу жеңилбеген жалгыз гана команда-Норвегиянын курама командасы.4 жолу ойноп 2 жолу Бразилиянын жеңилүүсү менен,2 жолу тең чыгуу менен аяктаган.

7- 1998-жылы Конгодо оюн учурунда чагылган түшүп бир командадагы 11 оюнчу каза болуп,экинчи командадан эч ким эч нерсе болгон эмес.