Сулайман Рысбаев,
КББАнын лаборатория башчысы,
профессор
ЭЛЕТТИК ИЛИМПОЗ ГАПЫР МАДАМИНОВДУН ЛАБОРАТОРИЯСЫНДА
(Чыгармачыл портрет)
Алгы сөз
Жүрөгү замандын ыргагы менен бирге согуп, анын үнүн жалпы элге жеткирип, кайра элди ага жараша тарбиялай турган бирден бир кесип ээси - бул, мугалим болуп саналат. Мугалим баланы кандай тарбияласа - улуттун уул-кызы ошондой болот. Ошондуктан мугалимдин эмгеги ар бир өлкө жана улут алдында эбегейсиз чон.
Бүгүн да эгемен өлкөбүздүн заманга жараша өнүгүп-өсүүсүндө мугалимдерибиздин эмгеги баа жеткис экенин баса айткым келет жана мына ошол мугалимдердин башкы сабында дал ушул биз сөз кыла турган илимпоз - мугалим Гапыр Маламинов болуп саналат.
Гапырдын ысмын мен гана эмес, кыргыздын педагогикалык коомчулугу өткөн кылымдын токсонунчу жылдардын башынан бери билет. Ал кезде мезгил-мезгили менен өткөрүлүп туруучу республикалык педагогикалык окуулар мыкты мугалимдин маанилүү трибунасы да, аны коомчулукка таанытуунун бирден-бир каражаты да болгон. Мен дагы Гапырды алгач ирет токсон экинчи жылы болуп өткөн педагогикалык окууда көрүп таанышкам. Ошол жылдардан бери жолуккан сайын пикирдешип, идеялаш болуп келатабыз.
Албетте, Гапыр ошол жылдардан бери алыскы мектебинде жүрүп теориялык жактан кыйла өстү, практикалык жактан такшалды. Өзү иштеген мектебин педагогикалык лабораторияга айландырды. Карапайым мектеп республикага таанымал гимназия деңгээлине жетти. Дүйнөлүк улуу педагогдор баштаган мыкты демилгелерди улантып, кыргыздын алыскы айылдарында эксперименттерди жасады. Ал ушундай эмгектери менен «элдик мугалим» атагына ээ болду.
Гапырды мен «элеттик илимпоз» деп таасын баалаймын. Ал дүйнөнүн жана кыргыздын улуу педагогдорунун теориялык эмгектерин казып окуп, кайра өз тажрыйбасынын негизинде келип чыккан теориялык бүтүмдөрү менен практикалык жыйынтыктарынан улам өзүнүн жекече педагогикалык системасын түздү. Ал системасы-«Акыл эмгегинин маданияты» деп аталат. Бир нече эмгектеринде өз идеяларын тайсалдадай жарыялап, бүгүнкү күндүн мыкты педагогу да, чебер методисти да, мугалим-илимпозу да болууга жетти.
Тарыхчы катары өз чөлкөмүнүн тарыхый тегин изилдеп чыгышы да анын чоң патриоттук азаматтыгы. Анын калеминен жаралган «Лейлек жана лейлекликтер» аттуу эмгеги жеке эле Лейлектин тарыхын изилдөө менен чектелбейт, ал Кыргызстандын тарыхынын тереңдеп изилденишин да толуктап тургандыгы менен баалуу экендиги талашсыз.
Гапырды- нагыз экспериментатор мугалим деп да баалайм.Анткени ал бүткүл педагогикалык идеяларын, иштеп чыккан өз ситемасын, бүтүндөй методикалык ыкмаларын эксперименттен өткөрүү менен далилдеп көрсөттү. Айрыкча, окуучунун сабактагы бирден-бир эмгеги- акыл эмгеги, ага окуучу ошол акыл эмгегинин маданияты менен гана жетишүүгө болорун далилдеди.Гапырдын бүткүл эксперименти окуу маданиятына окуучу кантип жетишүүсүнүн жолун таап берди. Ошондон улам жыл сайын ондогон окуучу республикалык олимпиадаларда жеңүүчү болуп, мыкты ЖОЖдордун алдыңкы студенттери болушууда.
Гапырдын дагы бир мыкты сыпаты-бул, анын күндүн алдыңкы идеялары менен куралдангандыгы. Буга анын республикада биринчилерден болуп «проблемалуу гимназияны» негиздегендиги күбө. Баса, ал эмне деген проблемалуу гимназия? Ал- гимназияга калген ар бир баланын жекече проблемасын чечүү менен гана натыйжалуу билим берүүгө жетишүүнү көздөө идеясын түшүндүрөт. Муну менен Гапыр ушундай технология аркылуу ар бир гимназисттин канааттанып билим алуусуна жетише алды демекчимин.
Окуучуларынын натыйжалуу жана бекем билим алуусуна Гапыр ар бир гимназисттин ата-энелерин мектепке тыкыс байланышка тартуу менен да жетише алганын айтуу-акыйкаттуу болор. Ал «Энелер мектебин» түзүп, айылдын ар бир энесин өзү баш болуп окутуп чыккан. Энелердин тарыхый, педагогикалык жана психологиялык билим деңгээлин көтөрүп алып, ошондон улам гана аларды мугалим менен бирге баланын натыйжалуу билим алуусуна ойлонтууга жетише алган. Албетте, бул- дүйнөлүк тажрыйба, бирок бардык эле жерде Гапырдын мындай ийгиликтери кайталанып жатпагандыгы өкүнүчтүү.
Ал эми, анын «Инсантаануу» деп аталган тарбиялык сабактары окуучуларын замандын мыкты инсандарынын үлгүсүндө тарбиялоого чоң салып кошорун өзүнчө изилдеп бааласа болорун баса белгилегим келет.
Гапыр - нагыз усулчу, мыкты устат. Буга көптөгөн мисалдарды келтирсе болот. Анын ар бир лекциясы баалуу, данектүү, баланын сезимине гүл уругун сепкендей, жаңы идеяларды жаратып, жаңы ачылыштарга алып барат, билим алууну ыракатка айлантат. Ошондон улам окуучулары аны «улуу устатым» деп эсептешет.
Г.Мадаминов учурда жалпы республикабыздын мугалимдери менен окумуштуу-педагогдордун назарына илинип, өзүнүн педагогикалык жаңы табылгалары аркылуу таанылып калды. Ал алыскы Лейлек районунун бир бурчундагы катардагы гимназияда иштеп жүрүп, өзүнүн жаңылыктарын өз практикасында таап, жалпы республикабызга китептери менен жайылтууда. Анын «Акыл эмгегинин маданияты», «Ата-энелер сиздер үчүн» ж.б. китептери азыр мугалимдердин текчесинде өз ордун тапты.
Борбордон миң чакырым алыстагы гимназияда
Бишкектен миң чакырым алыстыктагы, тээ Баткендин Лейлек районунун Жаштык айылындагы №3 эксперименталдык гимназиясына барып босогосун аттаганымда эле ажайып бир сезимдер мени тосуп алган өндөндү. Бишкектин «менменсинген» гимназия, лицейлерине барганыңда келген-кеткен адамдар менен түк жумушу жок, ары жак, бери жагыңдан жөөлөп өтүп жаткан окуучулардан терикпей деле калбадыкпы… А бул жерде борбордон келгениң менен иши канча, улуу адам катары окуучулардын урмат менен таазим кылып, өтүп кеткенче жолдон четтей, колун бооруна кармай күтө турушуна жүрөгүң жылып, ыраазы болбой койбойсуң. Окуучу менен мугалим гана эмес, улуу менен кичүү катары астейдил учурашасың.
Айтмакчы, бул аталган Жаштык айылы Тажикстан менен коңшулаш, бери жагы өзүбүздүн Кулунду, ары жагы – Кыргызстандын соңку чекити Арканын ортосундагы жүзүмзар менен өрүкзар курчаган алакандай айыл сыяктанды.
Биз барган январь күндөрү экенине карабастан, мугалимдер гимназиясынан кетпей, окуучулар короосунда ойноп, «Энелер мектебинин» сүйкүмдүү энелери да ошол жерде экен.
Бизди тосуп алышкан мугалимдер, ата-энелер жана окуучулар жолугушуу сабагына, директор Гапырдын сөзү менен айтканда, «Инсан таануу» сабагына, жолугушуу кечесине келишиптир.
Бул кече тууралуу өзүнчө сөз болор, андай болсо, сөз оролун гимназия, анын алдындагы проблемалык-чыгармачылык лаборатория жагдайында улайлы.
Гимназия жөнүндө жалпы маалымат
(Лейлек районундагы №3 гимназиядагы инновациялык прецесстер, андагы жаңылык, өзгөчөлүк жана проблемалар)
Гимназия 3БМИС – эксперименттик модель боюнча иштейт. Ал 1991-92-окуу жылынан баштап жүргүзүлүп, 1994-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү министирлигинин (№8/7 26.10.1994-ж.) атайын лицензиясы берилген.
Ошолордун негизинде №3 гимназия 1996-жылы расмий ачылган, табигый-математикалык жана гуманитардык багыттагы класстар бар.
Алгач ачылганда 4 класста 60-70 окуучу болсо, бүгүнкү күндө 8 класста 175 окуучу билим алууда.
Жалпы 26 мугалим билим, тарбия берүүдө. Алардын төртөөсүнүн илимий даражасы бар (Исманкулов К. физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент, Жоробаев Т. доцент ж.б.)
1998-99-окуу жылында 11-классты 16 окуучу бүтүрүп (алгачкы бүтүүрүчүлөр), алардын бардыгы жогорку окуу жайларына өткөн. Анын ичинен: Мурадова Насиба алтын медаль менен аяктап, бүгүнкү күндө Кыргызстандагы Америкалык университетке эң жогорку балл менен өтүп, окуп жатат.
Гимназияга окуучулар экзамен сыноо менен алынат. Тереңдетип окуткан класстар бар. Окуучулардын кызыгуусу боюнча түрдүү ийримдер иштейт. Башка мектептерде өтүлбөгөн жаңы сабактар киргизилген. Мисалы:
1. Акыл эмгегинин маданияты (Г.Мадаминов)
2. Психология (Г.Мадаминов)
3. Риторика (Д.Кадырова)
7-класстан баштап ЭВМ сабагы (Жороев Ж.) окутулат. Бир топ традициялуу эмес сабактар ийрим формасында өтүлөт. Мисалы:
1. «Инсан таануу» (Өмүрү өрнөк инсандар) (Г.Мадаминов)
2. «Даанышман» (Б.Абдухамидова)
3. «Билим-Инсан» (Г.Мадаминов)
4. «Лейлек эли сыймыктанган уул-кыздар» (Г.Мадаминов)
5. «Акыл эмгегинин маданияты» (практика) (Г.Мадаминов)
6. «Граждановедение» (К.Эржигитов)
7. «Лидерлер мектеби» (Г.Мадаминов)
8. « Лейлек күрөшү» ж.б. (И.Камалов)
Гимназия базасында окуучулардын билим-тарбия алуусундагы орчундуу проблемаларды иликтеп-үйрөнүү жана чечүү боюнча КББИ (Кыргыз билим берүү институту), профессор И.Бекбоевдин жетекчилиги менен атайын райондук мааниси бар Илимий проблемалык лаборатория уюштурулган. Лабораторияда, мындан тышкары, райондо, айыл-көчөдө, үй-бүлөдө, мектепте окуучулардын билим-тарбия алуусуна таасир эткен түрдүү тоскоолдуктар, проблемалар практикалык негизде изилдеп-үйрөнүлүп, чечүү боюнча иш-чаралар иштелип чыгып, сынактан өткөрүлөт. Жалпысынан, мында азыр 37 багыт боюнча изилдөө иштери алып барылууда.
Учурда 9 үй-бүлөнүн, 14 эненин, 15 окуучунун тажыйрбасы сынактан өткөрүлүп, үйрөнүлүп, жайылтылган.
Жыйынтыгында, лаборотория Кыргыз билим берүү академиясынын алдында өркүндөтүлүп кайра түзүлүүдө.
Окуучулук метод совет кантип иштейт?
Бул Советте окутуунун, тарбиялоонун жаңы технологиялары сынактан өткөрүлөт. Мисалы: Эркиндик аркылуу билим берүү, группалык окутуу, иштиктүү оюн, диспут, дебат кызматташтык педагогикасы жана окутуунун маданияты, сынчыл ойлом ж.б.
Окуучулардын билими акырындап модулдук система, зачет менен бааланат. Окуучулардын өз алдынча билим алуусуна, кругозорун өстүрүүгө өзгөчө маани берилет. Ата мекендин жана дүйнөлүк илимий-педагогикалык жаңылыктар үйрөнүлүп, сынактан өткөрүлөт. Илимий жетекчи, репетиторлук, «окуучу-аспирант» системасы практикада пайдаланылат. ЖОЖ, илим изилдөө институттары, чыгармачыл уюмдар менен байланышта иш алып барылат. Олимпиадалык группалар түзүлүп, жыл бою даярдыктар көрүлөт. Жайкы олимпиадалык группа ырааттуу иштейт. Окуучуларды, ата-энелерди илим-билимге кызыктыруу максатында атайын («Мыкты окуучу», «Эң көп билген окурман», «Мыкты үй-бүлө», «Мыкты изилдөөчү», «Мыкты сабак даярдоочу бөлмө» аттуу эксперементалдык конкурстарды уюштуруу салтка айланган.
Окуунун отличниктерине, олимпиада, конкурстардын жеңүүчүлөрүнө атайын стипендия, гранттар ыйгарылат. Мисалы: И.Раззаков, А.Эркебаев, К.Ташбалтаев, М.Баетов, А.Абдуллаев, А.Абдрахманов ж.б. атындагы стипендия, сыйлыктар окуунун алдыңкыларына берилип турат.
Ошол максатта эксперимент рамкасынада «Билим» фонду уюштурулган. Ал спонсорлордун, ыктыярдуу ата-энелердин, көмөкчү чарбанын эсебинен толукталып турат. Мындан тышкары, окуучулары Президенттин, губернатордун жана акимчиликтин стипендияларына ээ болушууда.
Гимназиянын баалуулуктары
Гимназиядагы бардык окуу-тарбия иштери «Гимназия баалуулуктарынын» негизинде жөнгө салынып турат. Алар кайсылар?
Мисалы:
1. Гимназияда билим, адамгерчилик, акыйкат үстөмдүк кылат.
2. Өз ара жоопкерчилик күчтүү болот.
3. Билбегенди уялбай суроо, сураганга айтып берүү бааланат.
4. Мамиле өз ара урмат көрсөтүүгө негизделет.
5. Жалкоолук, жалганчылык, убакытты бош өткөрүү айыпталат.
6. Өзүн- өзү башкаруу.
7. Өз алдынча билим алуу.
8. Өз алдынча даярдануу.
9. Өзүн - өзү тарбиялоо.
10. Өзүн - өзү өстүрүү.
11. Өзүн -өзү контролдоо.
12. Өзүн - өзү сыноо.
13. Өзүн - өзү сыйлоо.
14. Өзүн - өзү баалоо үстөмдүк кылат.
15. Тартип, тазалык, тактык, тынчтык сакталат.
16. Ар ким өз иши, билими үчүн жооп берет, бааланат, баркталат.
17. Идея, сунуш, демилге баркталат, бааланат.
18. Ар бир иштин жеке автору болот.
19. Жалпы коллективдүүлүк-авторлук болот.
20. Гимназиянын кадыр-баркы үчүн ар бири жана бардыгы кам көрөт жана үлүш кошот.
21. Сөз кадыры сакталат, алтындай сөз баркталат.
22. Изденүүгө, билүүгө, тарбия алууга дилгирлик, чаңкоолук болот.
23. Билим баалуулугу сакталып, үлгү көрсөтүлөт.
24. Мугалим жана окуучу – бир максатта кызматташкан адамдар болуп саналат;
25. Улуттук аң-сезим сакталат, өстүрүлөт.
26. Жалпы адамзаттык баалуулуктар баркталат, үстөмдүк кылат.
27. Улуу максат коюп жашоого.
28. Доор, келечек талабына даяр болууга.
29. Дүйнөлүк, Ата мекендик билим, маданият деңгээлинде окуп, билим, тарбия алууга аракеттенет.
Бул принциптер менен, Баалуулуктарды билүү, колдонуу, сактоо ар бир мугалим менен окуучунун жана да ата-эненин ыйык милдети болуп саналат.
Окуучунун акыл эмгегинин маданияты – ал эмне?
Биз анын Лаборатория деп аталган кабинетинде отурдук. Гапыр анын багыттарын, атап айтканда, гимназиянын уставынан тарта, Билим-тарбия баалууктары, Окуучулардын совети, Ата-энелер совети, Энелер мектеби, Окуучулардын илимий ишкердигинин багыттары, Мугалимдердин ишкердүүлүктөрүнүн илимий багыттары, түрдүү конкурстар, алардын максаттары жана жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды берди. Илимий китепканасы менен тааныштырды.
- Бардыгынын башаты – окуучу менен мугалимдин «акыл эмгегинин маданияты» деп эсептейм, - деди директор-илимпоз. Андай болсо ал эмне? Ага ээ болуу, анын белгилери кандай? Акыл эмгегинин маданиятына ээ болуу бул – ошол эле: угуу, окуу, жазуу, айтуу, ойлоо, жасоо ж.б. жумуштарды башкаларга салыштырмалуу бир кыйла жогору, так, тез өркүндөтүп, көркөм-эстетикалык, жемиштүү жасай билүү, - дейт ал. Акыл эмгегинин маданияты мына бул компоненттерден турат:
Сезүү
Кабылдоо (угуп, көрүп, окуп)
Түшүнүү
Көңүл бөлүү
Эстеп калуу, эске түшүрүү
Ойлоо (анализ, синтез чыгаруу, конкреттештирүү, жалпылоо ж.б.)
Күзөтүү, салыштыруу
Корутунду чыгаруу
Оюн жыйынтыктап сүйлөө, кагазга жазуу, билдирүү
Угуп билүү
Түшүндүрө, ынандара билүү
Эсептөө, жазуу, схема, сүрөт, диаграмма, макет жана башкаларды туура жасай билүү
Түшүнүү менен ойлоонун негизинде туура кортундуга келүү, чечим кабыл алуу, ал чечимди аткарууга өзүнүн ишмердүүлүгүн уюштура билүү жана зарыл болсо башкаларды да тарта билүү
Булардын ар бирине, турмушка илимий көз караш менен кароо
Информацияны түрдүү булактардан издеп, таба жана пайдалана билүү. (Телерадио, МБСК (гезит), энциклопедия, сөздүк ж.б. сурама адабияттар, компьютер, ЭЭМ ж.б. техникалык каражаттар менен иштей билүү). Акыл эмгегинин маданияты ар бир адамга жаш кезинде эле ар дайым, бардык жерде керек болот. Бир өкүнүчтүүсү, мына ушуларга маани берип, акыл эмгегин туура, терең өздөштүрүүгө көңүл бөлбөй, турмушта (окууда, иштөөдө) көп кыйналабыз, - дейт, оюн жыйынтыктап.
АЭМге тарбиялоону эмнелерден баштоо керек?
Бала кезден (2-3 жаштан) сүйлөө маданиятын өстүрүү керек. Сүйлөө маданияты жогору болсо, ойлоо ошончо өнүгөт;
зиректик, сезгичтикке тарбиялоо;
көрүү, салыштыруу, талдоону үйрөтүү;
өз оюн билдирүү, далилдөө, ынандырууга;
суроо берип, жооп алып, жооп бере билүүгө;
башкалар менен акылдуу сөз аркылуу талаша билүүгө;
ойлогонун оозеки жана жазуу түрүндө берүүгө;
ойлоно билүүгө (анализ-синтез);
максат, милдет коюп, ошого жетүүнүн жолдорунун издеп, план түзүүгө;
түзүлгөн планды аткарууга, аткарылышын анализдөөгө;
башкаларга үйрөтүүгө жана үйрөнүүгө;
өз алдынча ой жүгүртүп, чечим кабыл ала билүүгө;
ар кайсы шартта өзүн-өзү, башкара алууга үйрөтүү.
Сүйлөөдө – сөзү так, даана, мазмундуу, образдуу, жеткиликтүү, түшүнүктүү, уккулуктуу, логикалуу, таасирдүү болуусу керек.
Окууда – жөнөкөй окуу эмес, тез түшүнүп, ойлоп, эстеп калып, кортунду чыгарып, зарыл болсо образдуу, таасирлүү окуу ишке ашырылат.
Ойлоодо – жөнөкөй, чектелген ойлоо эмес – синтез аркылуу ойлоо, андан кортунду чыгаруу, көп варианттуу, динамикалуу, терең, кеңири, стандарттуу эмес ойлоо максатка ылайык келет.
Демек, бул иш-аракеттер мугалимдин илимий жетекчилиги, ал өз ишин илимий түрдө уюштуруусу менен ишке ашат. Андан болсо, мугалимдин ар бир сабагы, ар күнкү иши – эксперимент, эксперимент жана да эксперимент!!! Бул ар күнкү девиз болуп калат.
Окуучунун илимий-иликтөө клубу деген эмне?
АЭМ – бул, баарыдан мурда, окуучунун илимий-иликтөө ишине багыт берүү экен. Ансыз, окуучулар сабакка келип кетүүчү, журналда жазылган тизме болуп калат.
Окуучунун бул илимий-иликтөө клубу да бир нече жылдан бери үзүрлүү иштеп келатыптыр. Анын максаты, иштөөсү жөнүндө директор-илимпоз мына буларды айтып берди:
Клубдун максаты:
Таанып-билүүгө кызыгуусу жана жөндөмү бар окуучуларды өз алдынча иликтеп-үйрөнүү методуна көнүктүрүү.
Айлана-чөйрө, дүйнө, турмуш ж.б.нын закон ченемдүүлүктөрүн өз алдынча «жаңыдан» ачууга үйрөтүү.
Өздөрү иликтеп үйрөнгөн тема боюнча ой-пикир, сунуштарын кагазга түшүрүүгө машыктыруу.
Билимдин түрдүү булактары, адабияттар менен иштөөнүн көндүм-ыкмаларына үйрөтүү.
Өзү иликтеген тема боюнча жазган реферат, докладдын негизинде окуучуларды эл алдында билдирүү жасоого үйрөтүү. Жаш иликтөөчүлөрдүн келечекте илим-иликтөөгө шыгын жана кызыгуусун ойготуу.
Клубдун иштөөсү кандай?
Клубдун мүчөлөрүнө максат жана милдеттери жөнүндө маалымат берилет.
Белгилүү тема жөнүндө иликтөөнүн жол-жоболору, методдору жөнүндө лекция-сабактар өтүлөт.
Иликтөөнүн алгоритми тааныштырылат.
Бир темада изилдеп, реферат, доклад жазуунун методу үйрөтүлөт.
Адабияттарды пайдалануу жолдоруна машыктырылат.
Бир ойду далилдөө үчүн бир нече адабияттан, сурама адабияттардан цифра, статьядан пайдалануу көнүктүрүлөт.
Өз ой-пикир, сунуштарын улуу окумуштуунун, башка адабияттын көз карашы, ой-пикири менен далилдөөгө багыт алышат.
Кичине бир мисал, тажрыйба, көрүнүштөн чоң ойду, корутунду чыгарууга үйрөтүлөт.
Бир тема боюнча ар тараптуу иликтеп, анализдеп, корутунду чыгарып, сунуш айтуу үйрөтүлөт.
Клубдун мындай иштеринин жыйынтыгы тууралуу Лаборатория кабинетиндеги көргөзмөлөр, андагы окуучулардын реферат, доклад, пикир, рецензия, дил баяндары, кол жазма китептери, эссе-этюддар толук маалымат берип турат.
Тактап айтканда, гимназиянын мурдагы кыргыз тили, адабияты мугалими, «Жыл мугалими»-2003 конкурсунун жеңүүчүсү, Эл агартуунун отличниги Абдухамидова Батманын окуткан окуучуларынын 50дөй «Кол жазма китептери» көңүлдү бурду. Барактап, үңүлүп окуган адамга – булар өзүнчө эле көркөм дүйнө, Лейлектин дүйнөсү, лейлектердин эч качан чогултула элек элдик жомоктору, элдик кошоктору, уламыштары, макал-лакаптары, эсселер, элдик бата, ырым-жырым, тыюу-буйруу сөздөрү…
«Демек, бул – илимпоз-мугалимден – илимпоз-окуучуга» кеткен жолдон табылган табылгалар, илимий-иликтөө иштеринин мөмөлөрү эмеспи. Айтмакчы, бул оюмду окуучулардын өзүлөрүнүн сөздөрү да далилдейт.
«Мыкты окуучу» конкурсунун жобосу, анын максаттары
Илимге, билимге кызыккан, ага жетүүгө ынтызар, акыл эмгегин уюштура билген, бекем билими, ыймандуу тарбиясы, ар тараптуу өнүүгүсү менен өзгөчөлөгөн окуучуларды табуу, дем берүү.
Окуучуларда илим-билимдин, маданияттын баалуулугун сактап калуу, тарбиялоо. Конкурска 1-класстан 11-класска чейинки окуучулар катыша алышат. Жыйынтыгы башталгыч, орто, жогорку класстарда чыгарылат. Конкурсту өткөрүү үчүн атайын уюштуруу комитети, калыстар тобу түзүлөт. Конкурстун жеңүүчүлөрүн тактоо үчүн башкы критерийлер катары булар эсептелинет:
Билими (тереңдиги, системалуулугу, тараптуулугу)
Окуу предметтеринен жетишүүсү
Маданиятынын деңгээли
Тарбиясынын жогорулугу
Мектептеги коомдук иштерге катышуусу
Күндөлүк сабактарды калтырбоосу
Акыл эмгегин уюштура билиши.
Китепкана менен байланышы
Спорттук секцияларга катышуусу
Окуучулук эрежени, мектеп уставын так аткарышы жана сакташы
Окуу каражаттарына, мектептик мүлккө этият, сарамжалдуулук менен мамилеси.
Конкурстун жыйынтыгы ар бир окуу жылынын жыйынтыгында ушул критерий-талапттарга жараша чыгарылып турат да, анын жеңүүчүлөрүнө баалуу сыйлыктар, стипендиялар ыйгарылат, «Мыкты окуучу» наамы берилет.
Чыгармачылык менен окуунун жана иштөөнүн
модели туурасында
Г.Мадаминовдун эксперименттерринин негизги таянычы катары эсептелинген нерсе – бул анын «Окуучунун чыгармачыл иш-аракетинин модели», окуунун, иштөөнүн баскычтары жана окуучунун ийгиликтери эмнеге көз каранды экендигин аныктоонун так критерийлерин аныктап, аны жалпыга сунуш кылып отурганы.
Адегенде, мына буга көңүл бөлөлү.
Иштөө, окуу түрлөрү:
Дилгирленип алдыга, келечекке, максатка умтулуп иштөө
Кыялданып иштөө
Изденип, чыгармачылык менен иштөө
Кыйынчылыктарды жеңип иштөө
Чымырканып, чыңалып, тиштенип иштөө
Аракеттенип, тырышып иштөө, окуу
Жакшы иштөө, окуу
Ыргактуу, бир калыпта иштөө
Мактануу үчүн иштөө, окуу
Жалкоолук менен иштөө, окуу
Иштин көзүн билбей иштөө, окуу (сокур аракет)
Уялып, тартынып, этияттанып, өзүнө ишенбей иштөө
Басынып иштөө
Бирөөгө таянып, көз каранды болуп иштөө, окуу
Бирөөнүн айтуусу, көрсөтүүсү менен иштөө
Кадыресе иштөө
Кайдыгер иштөө, окуу (эптеп)
Өзүн зордуктап иштөө, окуу
Каалабай иштөө, окуу.
Байкалып тургандай, бул схема төмөндөн жогору карай багытта орун алган баскычтар, окуу менен иштөөнү өнүктүрүүнүн модели катары көрүнөт. Мындан окуучу өзүнүн кемчиликтери кайсылар экендигин көрүп алып эле өзүнүн кайсы иш-аракеттен аксай турганын туят, аны жоюуга аракет кылат.
Ал эми, төмөндөгү талаптар болсо, окуучу ошол кемчиликтерин жоюу эмнеге көз каранды экендигин өзү эле иликтеп билип алат:
Окуучу, сенин жакшы окууң ушулардан көз каранды:
Кызыгуу
Көңүл бөлүү
Түшүнүү
Эстеп калуу
Ойлоо, эрктүүлүк
Мугалимди угуу
Сабакта активдүүлүк
Китеп менен иштей билүү
ОАД билүү
Өз алдынча билим алуу
Изденүү менен иштөө
Үй тапшырмасын аткаруу
Илимий жетекчиң менен иштөө
Убакытты пайдалана билүү
Өз ишмердүүлүгүңдү уюштуруу
АЭМди билүү
Билим алууну билип алуу
Китепканада иштөө
Тырышчаактык. Эмгекчилдик
Максаттуу окуп, жашоо.
Жогорудагы талаптарга карата методикалык кыскача эскертүү:
Ушулардын ар бири эмне? Сен аны жасап, пайдалана аласыңбы? Мына ошону такта.
Билбегендерди психологиядан, АЭМден үйрөн. Билим алууну билип ал! ж.б. усулдук сунуштардан окуп үйрөн. Мугалимден сура.
Билгениңден кийин билим алууда аларды пайдаланып көр.
Билүү башка, пайдалануу башка! Пайдалана албасаң, билгениң бекер!
Ушул 20 багытты билим алууда пайдаланууда толук жетишкенде, сен жакшы окуп, максатыңа жетесиң.
Окуучунун өзүн-өзү тарбиялоосу тууралуу
«Мындай чыгармачыл иш-аракеттердин өтөөсүнө чыгуунун жалгыз гана жолу бар, - дейт илимпоз-директор маегинде, - ал өз кемчиликтеринен арылуусу, алар эмне экендигин билүүсү, акырында, окуучунун өзүн-өзү тарбиялай билүүсү. Гимназияда анын бардык жол-жобосу ар бир окуучуга маалым. Директор да, предметтик мугалим да, класс жетекчи да жана «Энелер мектеби» да – баары ушул ишке өзгөчө көңүл бөлөт. Адегенде, биздин өсүүбүзгө болуп жаткан тоскоолдуктарды талдап алалы. Алар кайсылар? Миаслы:
1.Жалкоолук
2. Каалабастык
3. Иштин көзүн (АЭМ) билбестик
4. Алагды болуу
5. Бошоңдук
6. Зеригүү
7. Тажоо
8. Наадандык
9. Бекерлик
10. Текеберлик
11. Артыкча оюн
12. Уялчаактык
13. Тартынчаактык
14. Кыйынчылыктан коркуу
15. Билимдин жетишпөөсү
16. Тажыйрбанын жетишпөөсү
17. Жолун билбөө
18. Акыл-эстин жалкоолугу
19. Ашыкча этият болуу
20. Алсыздык
21. Пассивдүүлүк
22. Сөздүн үстүнөн чыкпоо ж.б.
Булар өзүн-өзү тарбиялоого тоскоолдуктар болсо, андан арылып, өзүн-өзү тарбиялоого эмне жардам берет?
Адабий китеп окуу
Музыка угуу
Телерадиодон зарыл маалыматтарды алуу
Саякат
Сүрөт көрүү
Кызыктуу адамдар менен жолугушуу
ЖЗЛ окуу, (улуу инсандардын өмүрүн, ишмердүүлүгүн үйрөнүү)
Жаңыкка кызыгуу
Илим-техникага кызыгуу, үйрөнүү
Маданиятка кызыгуу, айрым багытын терең өздөштүрүү жөндөмүн өстүрүү
«Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» (макал). Өнөр үйрнүү
Кызыгып, кумарланып эмгектене билүү. Эмгектен ырахат алуу
Өзүн-өзү кызыктыра билүү, токтоо болуу, алдындагы ишин аткарууга умтулуу
Жигиттик зарыл сапаттарды өздөштүрүү (чечкиндүүлүк, тайманбастык, эмгекчилдик, эрктүүлүк ж.б.)
Кыз балаага зарыл сапаттарды өздөштүрүү (назиктик, мээримдүүлүк, сулуулук, аруулук)
Ымала маданиятын өздөштүрүү
Акыл эмгегинин маданиятын (АЭМ) өздөштүрүү
Максатка ылайык системалуу машыга билүү
Уялып, тартынбай аракеттенип өзүн-өзү тарбиялоо, өстүрүү
Ийгиликтерине мактанып кетип, өзүн жоготуп койбоо
Максат, план, режим менен жашап, иштөө
Эртеңки күндү, 1-10, 20-50 жылды, 100 жылды, келечекти ойлоп, кам көрүп иш кылуу, өзүн-өзү ушуларга тарбиялоо
Келечек муундарга татыктуу мурас калтырып, жашоону ойлоо
Аталарынын салтына, абийирине татыктуу болууну ойлоп, өзүн-өзү эмитен тарбиялоо.
Өзүн-өзү тарбиялоону уюштуруу жолдору (формалары) катары булар эсептелинет:
Окуп, өзүн-өзү тарбиялоо
Көрүп, өзүн-өзү тарбиялоо
Үйрөнүп, өзүн-өзү тарбиялоо
Ойлонуп, өзүн-өзү тарбиялоо
Турмушту күзөтүп, өзүн-өзү тарбиялоо
Сурап, өзүн-өзү тарбиялоо
Жасап, өзүн-өзү тарбиялоо
Машыгып, өзүн-өзү тарбиялоо
Сүйлөп, өзүн-өзү тарбиялоо
Иштеп, өзүн-өзү тарбиялоо
Кызыгып, өзүн-өзү тарбиялоо
Мажбур кылып, өзүн-өзү тарбиялоо
Уялып, өзүн-өзү тарбиялоо
Сүйлөшүп, өзүн-өзү тарбиялоо
Изденип, өзүн-өзү тарбиялоо
Пландуу, максаттуу өзүн-өзү тарбиялоо
Системалуу түрдө өзүн-өзү тарбиялоо
Кыйынчылыктарды жеңип, өзүн-өзү тарбиялоо
Чыгармачылык менен иштеп, өзүн-өзү тарбиялоо
Чымырканып, өзүн-өзү тарбиялоо
Өжөрлөнүп, өзүн-өзү тарбиялоо
Сындап, өзүн-өзү тарбиялоо
Башкаларга салыштырып, өзүн-өзү тарбиялоо
Өзүн-өзү анализдеп, баалап, өзүн-өзү тарбиялоо
Максат, милдет коюп, өзүн-өзү тарбиялоо
Сабаттуу өзүн-өзү тарбиялоо
Билгичтик менен өзүн-өзү тарбиялоо
«Энелер мектеби» же «Мыкты эне» конкурсу
Конкурстун максаты катары мына булар эсептелинет:
үй-бүлөдө баланы тарбиялоого, билим берүүгө кол кабыш кылуу;
жетишпегендиктерин жоюуга көмөктөш болуу;
алдыңкы үй-бүлөлөрдүн тажрыйбаларын жалпыга жайылтуу;
энелик ыйык милдетти сезе билүү, балдарынын билим-тарбиясы үчүн жоопкерчилиги туюу, татыктуу эне болууга умтулуу;
энелердин педагогикалык билимин – маданиятын өстүрүү… ж.б.
Конкурс жыл сайын өткөрүлүү менен, «Энелер мектебинин» туруктуу мүчөлөрү аныкталган, атайын лекцияларды угушкан, сыноолордон өтүшкөн.
Төмөндө ошол конкурс жагдайына сөз тизгинин буралы:
«Мыкты эне» конкурсунун жеңүүчүсүн аныктоо критерийлери булар экен:
балдарынын жакшы билим, тарбиясы
сабактарга катышуусу
мектеп менен байланышы
эне тарбиясы жөнүндө өз көз карашына, же ой-пикир, сунуштарына ээлиги
үй-бүлөдө эне тарбиясынын өзгөчөлүгү жана анын натыйжасы
үлгүлүү энелердин (дүйнөлүк, кыргызстандык, айылдык) тарбия системасын билүүсү жана пайдалануусу
эненин милдетин билүүсү, аткаруусу
тарбия жөнүндө окуп чыккан китептери
элдик педагогиканы билүүсү, пайдалануусу
тазалык, сарамжалдуулук, чебердик ж.б. энелик (аялдык) зарыл сапаттардын болуусу
насаат айтуу, кызыктыруу, түшүндүрүү, ынандыруу жөндөмү
эксперименттин үй-бүлө жөнүндөгү программасына катышуусу
«Мыкты үй-бүлө», «Маданияттуу үй-бүлө», «Ата-энелер, сиздер үчүн» аттуу усулдук сунуштарды билүүсү, турмушта пайдалануусу
класстын, гимназиянын коомдук турмушуна активдүү катышуусу.
«Мыкты эне» конкурсунун жыйынтыгын чыгарууда мына бул критерийлер боюнча суроо, тапшырмалар берилет:
Тест алынат.
Көргөзмө уюштурулат.
Роль аткарышат.
«Менин бала тарбиялоодогу тажрыйбам» аттуу билдирүү жасашат.
Көркөм номер аткарышат.
Суроо-жоопко катышышат.
Өзүн-өзү презентациялоо (бирөө жасаса да болот).
Пратикалык иш аткарышат.
Конкурстун катышуучусунун балдарынын тапшырмасын балоо.
Жыйынтыгын чыгаруу, сыйлоо.
Жеңүүчүлөргө «Билим» фондунан сыйлыктар, ардак грамоталар тапшырылат.
Соңку сөз
Ушул жылдын 6-январында биз сөз кылган гимназия, анын директору, аны менен бирге иштешкен мугалимдер, энелер мектебинин мүчөлөрү үчүн чоң окуя болду. Анткени, ушул күнү, гимназиянын көп жылдан берки ишинин ийгилигин жогору баалап, анын жетекчиси Мадаминов Гапырдын илимий-методикалык ишмердүүлүгүнүн үзүрүн чыгарып, Баткен облустук билим берүү башкармалыгынын башчысы Ч.М.Ахмедованын атайын буйругу менен, Лейлек районундагы №3 гимназияга облустук педагогикалык проблемалык лаборатория статусу ыйгарылды. Бул буйрукка ылайык мугалимдердин чыгармачылык иштөөсүнө шарт түзүү, 15% кошумча эмгек акы төлөө, материалдык-моралдык жактан колдоо, гимназиянын инновациялык табылгаларын, автордукпрограммаларды («Акыл эмгегинин маданияты» сабагы, «Энелер мектеби», «Инсан таануу» сабагы, эксперименталдык конкурстар ж.б.) КББА (бөлүм башчылары С.Рысбаев, А.Аттокуров) менен бирдикте ар тараптуу үйрөнүлүп, облустун мектеп-гимназияларына чыгармачылык менен жайылтуу колго алынсын деп чечилди.
Кантсе да, биз жогоруда Г.Мадаминовдун гимназиясында болуп кайткан эки күндө анын коллективинин ишкердүүлүктөрүнүн бир эле өңүтүн көрүүгө үлгүрдүк.
Тайманбай эле айтайын, «Элеттик илимпоз» деп айтууга эмгеги бар бул инсан менен бир ай жүрүп, анын чыгармачыл лабораториясынын миң кырын көрүп изилдөөгө болор эле.
Ошентсе да, аты сыймыктуу аталган бул проблемалык лабораториянын жетекчиси, карапайым директор,өз тажрыйбасы боюнча «Ата-энелер үчүн» («-Б., Сабыр», 2001) «Билимге сапар» («-Б.,Сабыр», 2000) «Акыл эмгегинин маданияты» («-Б.,Сабыр», 2000) «Лейлек жана лейлектиктер» «Исхак Раззаков» ж.б. деген онго жакын эмгектерин автору жалпыга билинбей, тээ алыскы бир чакан айылга ээн-эркин «батып», унчукпай иштеп келатканына бир эсе ыраазы болуп, бир эссе таң калдым.
Моюнга алалы, акыркы эки-үч жылдан бери Гапырдын аталган гимназиясынын жамааты ийгиликтерди жаратуунун гана үстүндө. Окуучулары республикалык жогору окуу жайлардын бюджеттик бөлүмдөрүнө ийгиликтүү өтүп, студент болушууда. Мугалимдеринин ичинен суурулуп чыгып, республикалык «Жыл мугалим» конкурсунда байгелүү орунду ээлеп жатат. Олимпиадаларда жеңүүчү болгон окуучулары канча! Мунун баарында Гапырдын жеке салымы жок деп ким айтат?
Ошентсе да, ал эмгегине жараша сый көрөр учуру келди. Облустук, республикалык билим берүү органдарынын жетекчилеринен татыктуу баасын ала элек. «Ал эчак эле «Эмгек сиңирген мугалим» наамын алышы керек эле, тажрыйбаларын жайылтсак жакшы болмок деген райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, анын эмгегин терең баалаган, түшүнгөн кесиптеши Б.Осмоновдун, облонун башчысы, сезимтал жетекчи Ч.М.Ахмедованын жылуу пикирлерине жооп кылып, ушул макаланы жазбай коө албадым. Эмесе, сөзүмдү элеттик бул илимпоз-директор Гапыр Мадаминовго, анын эмгек жамаатына мындан аркы чыгармачыл ийгиликтерди каалап аяктай турайын.
«Кутбилим» гезити,
9-апрель, 7-май, 2004-жыл