Просмотр содержимого документа
«Гендерное насилие»
С.ТЕМАСЫ: Гендердик зордук зомбулук.
Үйдөгү зордук-зомбулуктун кандай түрлөрү бар?
Зордук-зомбулуктун төрт түрү айырмаланып жүрөт – физикалык, психологиялык, экономикалык жана сексуалдык
Физикалык зордук-зомбулук катары төмөнкү учурлар саналат: уруп-соксо же түртсө; үйдөн чыгарбаса же үйгө киргизбесе; өлтүрөм деп коркутса, ден соолукка, коопсуздукка же өмүргө коркунуч туудурган кырдаалдарды атайылап түзсө; алкоголь ичүүгө же баңгизаттарды пайдаланууга мажбурласа; тамак ичирбесе, эс алууга же уктоого жолтоо кылса; күч колдонуу, коркутуу, алдоо аркылуу өлкө ичинде жүрүүгө же чет өлкөгө чыгууга мажбурласа.
Экономикалык зордук-зомбулук катары төмөнкүлөр эсептелет:
сиз ээ болгон турак-жайдан, кийим-кечеден, башка мүлктөрдөн же акчадан атайылап ажыратуу;
акчага жетүү мүмкүнчүлүгүн чектөө;
кайырчылык-тилемчилик кылууга мажбур кылуу;
иштегенге же окуганга уруксат бербөө;
акча же мүлк менен опузалоо.
Сексуалдык зордук-зомбулуктун учурлары:
зордуктоо;
дененин интимдик бөлүктөрүнө эркке каршы тийүү, кармалоо;
бойдон алдырууга же кош бойлуу болууга мажбур кылуу;
сойкулук менен алектенүүгө мажбурлоо;
башка адамдар менен секске мажбурлоо;
зордукчулдун жыныстык актысын карап турууга мажбурлоо.