Просмотр содержимого документа
«Генетика (грек. Γενητως — туулуу) — организмдин тукум куугучтугу жана өзгөргүчтүгү жөнүндөгү илим.»
Генетика (грек. Γενητως — туулуу) — организмдин тукум куугучтугу жана өзгөргүчтүгү жөнүндөгү илим.
ДНК фрагменти
19-кылымдын башында ата-эне белгилеринин тукум куугучтугун түшүндүрүүгө көптөгөн аракеттер жасалган. 1865-ж. чех табият таануучусу И. Г. Мендель өзүнүн көп жылдык эмгегинин жыйынтыгын чыгарган. Ал ата-эненин тукум куума белгилеринин тукумуна берилишинин негизги мыйзамын чыгарган. Андан сырткары И. Г. Мендель клеткадагы тукум куума белгилерди алып жүрүүчү айрым дискреттүү бөлүкчөлөр бар экендигин айткан. Ар бир дене (сома) клеткаларында тукум куума жуп бөлүкчө, ал эми жыныс клеткаларындагы жуптун бирөөндө тукум куума белги болот. Уруктанганда жыныс клеткалары кошулуп, бул бөлүкчөлөр ар кандай комбинацияда биригет.камсыз кыларын аныктайт (Дезоксирибонуклеин кычкылдыгы).
1960-жылдан баштап мутациянын пайда болушу молекулалык негизде изилдене баштаган. Бирок, генет. Кодду изилдөөнүн көбү микроорганизмде жүргүзүлгөн. Бактерия жана вирустар үчүн кабыл алынган гендерди жөнгө салуу негизги ойу татаал түзүлүштүү организмдерге туура келер-келбесин тактоо керек болгон.
Совет окумуштуулар А. С. Спирин жана Г. П. Георгиев (1964—1965) жаныбар клеткасынын ДНК молекуласында генетика маалыматты алып жүрүүчү РНК жана белок комплекси (информосома деп аталган) түрүндө өзгөчө формалар бар экенин экспериментте далилдешкен. Генетика киши, жаныбар жана өсүмдүктүн дене клеткасын изилдөөдө чоң ийгиликтерге жетишти.
Ар бир организмдин өөрчүү жараянындагы генетика программанын жаңы организмдин касиеттери менен белгилеринде ишке ашуусу жашоо чөйрөсүнүн таасири астында жүрөт. Генетика программа организмдин өөрчүшүндө тектик белгилерин, түрдүк өзгөчөлүгүн камсыздайт, ал эми организмдин өөрчүү мезгилинде жашоо чөйрөнүн таасири жыныс клеткасындагы генетика аппаратты бузбай, организмдин тукум куубаган жеке өзгөрүшүн пайда кылат. Эгерде мутация сырткы чөйрөнүн өтө күчтүү таасир этүүчү факторунан пайда болсо, бул өзгөрүү тукум кууйт.
Азыркы генетикада изилдөөнүн конкреттүү объектиси, маселеси жана ыкмаларына жараша бир катар бөлүмү жана багыты пайда болду. Генетиканын
Генетиканын молекулалык генетика, биохимиялык генетика, өөрчүү генетикасы, цитогенетика, радиация генетикасы, популяция генетикасы, микроорганизм генетикасы жана башка өз алдынча илимий тармактары калыптанды. Азыркы учурда кишинин тукум куума ооруларын генет. Изилдөөгө чоң көңүл бурулууда. Аны генетиканын атайын бөлүмү — медициналык генетика изилдейт.
Азыркы генетиканын жетишкендиктери айыл чарба өсүмдүктөрүнүн (буудай, кызылча, жүгөрү, кара күрүч жана башка) түшүмүн жогорулатуу, малдын жакшы тукумун алууда мааниси чоң, ошондой эле микробиологиялык өнөр жайдын (антибиотиктерди жана башка алуу) өөрчүшүнө түрткү берет. Генетиканын ийгиликтери кишинин тукум куума аппаратын чөйрөнүн терс таасиринен сактоо чараларын иштеп чыгууга, ошондой эле тукум куума начар касиеттерди дары менен оңдоого жана келечекте кишинин генет. Аппаратына түздөн-түз таасир этип, «оорулуу» генди алып салууга же алмаштырууга мүмкүндүк берет.
Тукум куугучтук жана өзгөргүчтүктүн негизги түшүнүгү жана мыйзамы жөнүдө, Ген, Өзгөргүчтүк, Мутагенез, Тукум куугучтик.