Темасы:
- Дүйнөлүк океан – гидросферанын негизги бөлүгү
Максаты:
- Гидросфера жана дүйнөлүк океан жөнүндө маалымат алабыз.
- Дүйнөлүк океандын температурасы, океандагы суунун кыймылы менен таанышабыз .
- Бири-бирибизди угууга, тартип сактоого көнүгөбүз
- Гидросфера – биздин планетанын суу катмары, ѳзүнѳ химиялык байланышпаган, анын абалына карабастан (суюк, газ, катуу) бардык сууларды камтыйт. Гидросфера атмосфера менен литосферанын ортосунда жайгашкан геосфералардын бири болуп эсептелет. Бул үзгүлтүксүз катмар бардык океандарды, деңиздерди, континенталдык таза жана туздуу сууларды, муз массивдерин, атмосферадагы суу жана тирүү организмдердеги сууларды камтыйт.
- Жер бетинин 70%ын гидросфера камтыйт. Анын көлөмү 1400 млн. кубметр, планетанын бардык көлөмүнүн 1/800 түзөт. Гидросферанын 98% суулары – Дүйнөлүк океан, 1,6 % материктик муздарда топтолгон, гидросферанын калган бөлүгү кургактыктагы таза сууларга, көлдөргө, жер алдындагы сууларга туура келет.
Гидросферанын курамы
Кургактыктагы суулар
Дүйнөлүк океан
Суунун үстүнкү катмары
Дениздин бөлүкчөлөөрү
4 о кеан
Жер астындагы суулар
муздар
саздар
көлдөр
Дарыялар.
Океандар
Размерлери
терендиги
Суунун туздуулугу
Суунун температурасынан
Жаныбарлары жана
Өсүмдүктөү менен айрымаланышат.
ГИДРОСФЕРАНЫН КУРАМЫ
Биздин планетанын ¾ бетин океандар ээлейт. Суу – баалуу суюктук, биздин планетага жаратылыштын белеги. Жер планетасындагы санда ал Күн системасынын эч бир жеринде жок.Океан... Жер бетиндеги жашоодогу анын мааниси канчалык бийик экендигин элестетүү кыйын. Асмандагы булуттар, жаан-чачын, кар, дарыя, көл, булактар – мунун баары убактылуу гана андан бөлүнүп кеткен океандын бөлүктөрү.
Дүйнөлүк океан Жер шарынын жаратылышынын кѳптѳгѳн мүнөзүн аныктайт: атмосферага топтолгон жылуулукту берет, аны нымдуулук менен кандырат, калган бөлүгү кургактыка ѳтѳт. Ал климатка, топуракка, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнө чоң таасирин тийгизет.
Акыркы баалоолор боюнча дүйнѳлүк океандын орточо тереңдиги 3 550 ден 3 730 метрге чейин. Океандын таманынын 2% азыраагын 6 000 метрден ѳйдѳ тереңдик ээлейт. Болжол менен океандык тамандын 7% 200 метрден аз, эң максималдуу – 11 022 метр (Мариан кобулу) терендикке ээ.
Эмне үчүн океандагы суу туздуу?
Океандык суу - бул эритме, анда бардык химиялык заттар табылган. Анда туз, газ, организмдердин тиричилигинен пайда болгон органикалык заттар эриген. Сууда эрибеген бѳлүктѳр дагы бар. Океанда туздар мантиядан чыккан суулардын бѳлүп чыгышынан пайда болот, анда кээ бир туздар камтылган. Башка туздар Дүйнөлүк океанга материктерден агып келген суулар менен кошулат.Океандын туздуулугу бардык жеринде бирдей эмес. Негизги өзгөрүүлөр беттик катмарында байкалат. Бул катмардын туздуулугу атмосфералык жаан-чачындын жана буулануунун мамилелештигинен кѳз каранды, ал географиялык кеӊдикке жараша өзгөрүлөт. Жаан-чачындын саны буулануудан жогору, агын суулардын агышы кѳп, муздар эриген жерлерде туздуулугу аз. Дүйнөлүк океандын орточо туздуулугу 35 промилл (0 /00), б.а. суунун ар бир килограммында орточо 35 грамм туз болот. Эң туздуу – Кызыл деңиз 42 0/00
Суунун температурасы
Океандын суулары кургактык сыяктуу эле анын бетине күндөн келген жылуулук менен жылынат. Көп аянтты ээлѳѳ менен, океан кургактыкка караганда жылуулукту көбүрөөк алат. Үстүнкү беттеги суулардын температурасы бирдей эмес жана географиялык кеӊдикке жараша бѳлүштүрүлѳт. Океандын айрым райондорунда бул мыйзам ченемдүү бѳлүштүрүү океандык агымдар, туруктуу шамалдар, ал эми жээктердеги бѳлүктѳрдѳ - материктерден келген жылуу суулар менен бузулат.
Океандагы суунун температурасы тереңдиги менен өзгөрүлөт. Адегенде анын тѳмѳндѳшү абдан орчундуу, андан соң жайлайт. 3 - 4 миң метр тереңдикте адатта температура +2° тан 0° С чейин термелет.
Океандын туздуу суусу таза сууга салыштырмалуу 1 - 2° С температурада тоңот. Муздаганда тууздуу суунун тыгыздыгы жогорулап, анын жогорку катмары оорлоп жана төмөн түшө баштайт, ал эми океандын үстүңкү бетине суунун жылуураак катмарлары көтөрүлөт. Суунун мындай аралашуусу муздун пайда болушуна тоскоол болот. Муз арктикалык жана антарктикалык кеӊдиктерде, кыш узак жана суук болгон жерлерде гана пайда болот. Мелүүн алкактарда жайгашкан кээ бир терең эмес деңиздер дагы тоңот. Муз менен океандын аянтынын 15% капталат. Бир жылдык жана көп жылдык муздарды айырмалашат. Океандык муз эгерде ал кургактык менен байланышкан болсо, же болбосо сүзүп жүргөн дрейфтик болсо, кыймылсыз болушу мүмкүн. Океанда кургактыктагы мөңгүлөрдөн бөлүнгөн океанга түшкѳн муздар кездешет. Бул муздардын эң ирилери айсбергдер деп аталат. Гренландия аралы океанга тоо сыяктуу айсбергдерди «жиберет», ал эми Антарктиданын шельфтик мөңгүлөрү стол сыяктуу узундугу 100 кмге жеткен айсбергдерди калтырат. Бул ѳтѳ таза суунун байлыгы. Айсбергдер уюлдук кеӊдиктердин пейзажын кооздоо менен, кээде кемелер үчүн коркунуч туудурат. Муз катмары океандын ажырагыс бөлүгү катары биздин планетанын климатына орчундуу таасирин тийгизет.
Дүйнөлүк океандын сууларынын кыймылы
Дүйнөлүк океандын суусу эч качан тынч абалда болбойт. Суулардын кыймылы анын бетинде гана эмес тереӊдигинде дагы жүрөт. Океандагы суунун кыймылы толкундарда, агымдарда, суунун туруктуу тик аралашуусунда көрүнөт.
Толкун – бул кѳпчүлүгүндѳ суунун термелүү кыймылы, аны менен толкун, сейсмикалык толкун – цунами, көтөрүлүү жана тартылуу сыяктуу жаратылыштык кубулуштар байланышта.
Толкундардын пайда болуусунун башкы себеби болуп шамал эсептелет. Шамалдык толкундар көтөрүнкү жана тереӊдеген жердин салмактуу биригүүсү.
Толкундун негизги бөлүктөрү болуп: жалы — эң бийик бөлүгү; таманы – эң төмөн бөлүгү; капталы - толкундун «жалы» менен «тамандын» ортосундагы профиль болуп эсептелет. Жалдын жанындагы сызык толкундун фронту деп аталат.
Сейсмикалык толкундар - цунами суу астындагы жер титирөөлөрдүн жана жанар тоолордун атылуусунун таасири астында пайда болот. Алар пайда болгон жеринен бардык тарапка 700 – 800 км/с ылдамдыкта таралат. Ачык океанда 1 метрге жакын бийиктикте цунаминин узундугу 200 – 300 км болот. Ошондуктан, ачык океанда алар адатта кемелер үчүн сезилбейт. Жээктерде цунаминин ылдамдыгы азаят, ал эми бийиктиги 30 метрге чейин көбөйөт. Жээктерге тийишүү менен, бул толкундар миңдеген адамдардын өмүрүн алып, миллиондогон чыгымдарды алып келет.
Айдын жана Күндүн тартылуу күчүнүн таасири алдында Океандын деӊгээлинин мезгилдүү термелүүсү - океан сууларынын көтөрүлүү, тартылуу кыймылдары пайда болот.
Агымдар – бул көбүнчө алдыга жылган суунун кыймылы. Үстүӊкү агымдардын негизги себеби дагы шамал. Ал азыраак кыймылдуу суулардын арасында аккан суу агымдарын пайда кылат. Бул агымдардын кеңдиги бир нече миңдеген километрге жетиши мүмкүн, ал эми узундугу көптөгөн миӊ километрге созулат. Алар ийилишет, тармактанышат, бөлүнүшөт, биригишет. Агымдардын багыттарына Жердин өз огунда айланышы – Кориолистин күчү таасир этет.
Ар кандай тереӊдиктеги агымдардын пайда болушу суунун ар түрдүү тыгыздыгы менен түшүндүрүлөт, ал өйдөдөн суунун массасынын басымы, температура менен туздуулугунун өзгөрүлүшүнө жараша болот. Дүйнөлүк океандагы суунун дайыма вертикалдуу аралашышы дагы суунун тыгыздыгынын өзгөрүлгөндүгүнөн жүрөт: муздак (же туздуураак) суу төмөн түшөт, ал эми жылуу (анча туздуу эмес) жогору көтөрүлөт.
ҮЙГӨ ТАПШЫРМА:
- ДҮЙНӨЛҮК ОКЕАНДАР ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАРДЫ ТОПТОО.