География 1-курс
Сабактын темасы: Киришуу сабагы.Азыркы кездеги өлкөлөрдун көп турдуулугу.
Сабактын максаты: а) Учурдагы дуйнөнун ар турдуулугу,өлкөлөрдун башкаруу формасы жөнундө
маалымат алышат.
б) Өз оюн,тушунугун айтуу менен логикалык ой жугуртуусун калыптандырат.
в) Алган билимин турмушта колдоно билууну уйрөнушөт.
Корсоткучтор: Окуучулар максатка жетет деп билсек болот эгерде алар:
а) Учурдагы дуйнөнун ар турдуулугу,өлкөлөрдун башкаруу формасы жөнундө
маалымат алышса.
б) Өз оюн,тушунугун айтуу менен логикалык ой жугуртуусун калыптандырса.
в) Алган билимин турмушта колдоно билууну уйрөнушө алса.
Сабактын жабдылышы:Окуу китептер,карточкалар,карта,интернет булактары.
Сабактын ыкмасы: Тушундуруп айтып беруу,ангемелешуу,суроо-жооп.ж.б.
Сабактын тиби: Жаны билим.
Сабактын журушу: 1) Уюштуруу 2)Өтулгөн теманы кайталоо 3) Жаны тема
Мугалимдин иш аракети: Сабактын темасын,максатын айтат жана тушундурөт.
Окуучунун иш аракети: Окуучулар сабактын темасын,максатын угат жана тушунушөт.
Өтулгөн темаларды кайталоо:Мугалим окуучуларга суроо беруу менен кыскача ангеме жургузөт окуучулар берилген суроолорго жооп беруу менен өздөру билгендерин ортого салышат.
Жаны теманы тушундуруу:Мугалим окуучулардын билимин текшерип алуу максатында география илими жана өлкөлөр жөнундө сурап окуучулардын оюн угат.
География эң байыркы илимдердин бири болуп,грек тилинен “гео”-жер, “графо”-жазам,чием дегенди билдирет.Бул илим пайда болгондон бери эле Жердин устуңку бетин изилдеп уйрөнуу менен алектенген.Ал учун көп жылдар бою Жер шарынын булуң бурчтарына экспедициялар,деңизге сузуулөр уюштурулган.Бардык материк жана океандар ачылганча миндеген жылдар өткөн.Бул убакыт аралыгында география илими-Жер бетинин жаратылышы,анда жашаган калк жана анын чарбасын изилдей турган илим катары өнуккөн.География илим катары байыркы Грецияда калыптанып,б.з.ч.3-кылымда жашаган грекокумуштуусу Эратосфен география ткрминин илимге алгачкы болуп киргизген.Ал өзунун “Географиялык жазуулар” аттуу эмгегине өзу жашаган доорго чейинки Жер жөнундө топтолгон бардык маалыматты киргизген.
Азыркы учурда география илими 2 чон тармактан турат:
1)Физикалык география 2) Экономикалык георафия
Физикалык георафия-жердин жаратылышын ,анын катмарларынын өз ара байланышын,өнугуусун изилдөөчу илимдер системасынан турат.
Экономикалык география- жердин калкы жана анын чарбачылыгын,жайгашуусун жана анын өсуп-өнугуу өзгөчөлугун изилдейт.
География илимин уйрөөнунун милдети:жер шарынын өзгөруусун,калктын иш-аракетинин натыйжасында жаратылыштагы өзгөруулөрду байкоо менен ,табигый ресурстарды абайлап сактап,келечек муунга өткөруу болуп саналат.
География илимин уйрөнуунун булактары: географиялык энциклопедиялар,карталар,атластар,географиялык газета-журналдар,интернет булактары.
Биз силер менен дуйнөнун экономикалык жана социалдык географиясын окуйбуз.
Өлкө(мамлекет)-дуйнөнун саясий картасынын негизин тузөт.Биринчиден,экинчи дуйнөлук согуштан натыйжасында империализмдин колониялык системасынын кыйрашынан 1945-1993-жылдары 102 өлкө саясий көз карандылыктан бошоду.Экинчиден,1990-жылдардын башында Советтер Союзунун,Югославиянын,Чехословакиянын тарашынын натыйжасында ондогон мамлекеттер пайда болуп,өлкөлөрдун жалпы саны өсту.Ошондуктан,20-кылымдын аягында жана 21-кылымдын башында дуйнөнун саясий картасында өлкөлөрдун жана аймактардын саны 231 ге жетти,анын ичинен эгемендуу мамалекеттердин саны194 (2008ж).Бул сандын өсушунөн дуйнөдө маанилуу сапаттык жылыштар да болду.Эгерде 1900-жылы дуйнөдө 57 гана эгемендуу мамлекет болсо,экинчи дуйнөлук согуштун алдында 71 ге ,ал эми 2000-жылы 231 ге жетти.Калагн айиактар-Улуу британиянын,Франциянын,Нидерландиянын,АКШнын өзун-өзу башкаруу укугуна ээ бол элек мурдагы колонияларынын калдыктары.Мамлекеттер көп болгондугуна байланыштуу,аларды сандык критерийлердин негизинде топтоштурууга туура келди.Топтоштуруунун эң негизги критерийи катары-өлкөлөрдун аймагынын чоңдугу жана калкынын саны алынды.
Дуйнөдө аянты 3млн км2 ден ашкан 7 өлкө бар.Алар: Россия,Канада,Кытай,АКШ,Бразилия,Австралия жана Индия.
Дуйнөдө калкынын саны 100 млн дон ашкан 11 мамлекет бар алар:
Кытай,Индия,АКШ,Индонезия,Бразилия,Пакистан,Россия,Нигерия,Бангладеш,Япония,Мексика.Булардын калкынын жалпы саны биригип дуйнө калкынын 3/5 бөлгун тузөт.
Сабакты бышыктоо: Суроолор берилет,карточкалар,эки бөлуктуу кундөлуктөр таркатылат.
География эмнени окутат жана география тармагында ачылыш жасаган кандай илимпоздорду билесиңер?
Учурдагы дуйнөнун ар турдуулугу эмнеде?
АКШ,ГФР,Франция,Улуу Британия,Япония өлкөлөрунун окшоштугу эмнеде?
Уйго тапшырма: Өтулгөн теманы боюнча маалымат топтоп окуп келуу
Баалоо: “4”, “5”, “3” ж.б.
Текшерилди________________________________________________________________________
География 1-курс
Сабактын темасы: Өлкөлөрду типтештируу.
Сабактын максаты: а) Өлкөлөрду типтештируу жөнундө маалымат алышат.
б) Өз оюн,тушунугун айтуу менен логикалык ой жугуртуусун калыптандырат.
в) Алган билимин турмушта колдоно билууну уйрөнушөт.
Корсоткучтор: Окуучулар максатка жетет деп билсек болот эгерде алар:
а) Өлкөлөрду типтештируу жөнундө маалымат алышса.
б) Өз оюн,тушунугун айтуу менен логикалык ой жугуртуусун калыптандырса.
в) Алган билимин турмушта колдоно билууну уйрөнушө алса.
Сабактын жабдылышы:Окуу китептер,карточкалар,карта,интернет булактары.
Сабактын ыкмасы: Тушундуруп айтып беруу,ангемелешуу,суроо-жооп.ж.б.
Сабактын тиби: Жаны билим.
Сабактын журушу: 1) Уюштуруу 2)Өтулгөн теманы кайталоо 3) Жаны тема
Мугалимдин иш аракети: Сабактын темасын,максатын айтат жана тушундурөт.
Окуучунун иш аракети: Окуучулар сабактын темасын,максатын угат жана тушунушөт.
Өтулгөн темаларды кайталоо:Мугалим окуучуларга суроо беруу менен кыскача ангеме жургузөт окуучулар берилген суроолорго жооп беруу менен өздөру билгендерин ортого салышат.
Жаны теманы тушундуруу:Мугалим окуучулардын билимин текшерип алуу максатында өлкөлөрду типтештируу жөнундө сурап окуучулардын оюн угат.
Өлкөлөрду топтоштуруу сандык көрсөткучтөргө гана таянса,типтештируу башка сапаттык жагына,өлкөнун саясий жана экономикалык картадагы ордун аныктай турган көрсөткучтөргө таянат.1990-жылдардын башталышына чейин дуйнө өлкөлөрун негизги 3 топко бөлуу кабыл алынган:
Социалисттик
Капиталисттик
Өнугуп келе жаткан өлкөлөр
Дуйнөлук социалисттик система тарагандан кийин ал типтештируунун ордуна жаңы типтештируу пайда болду.Бул типтештируугө ылайык дуйнөнун өлкөлөру 3 бөлуккө:
Экономикалык жактан өнуккөн өлкөлөр
Өнугуп келе жаткан өлкөлөр
Экономикасы өтмө жолундагы өлкөлөр
1.Экономикасы өнуккөн өлкөлөр: БУУ азыркы кезде экономикасы өнуккөн өлкөлөргө Европанын ,Азиянын,Африканын,Тундук Американын,Австралиянын жана Океаниянын 60 ка жакын өлкөлөрун киргизет.Бул типтеги өлкөлөрдун ичинде да айырмачылыктар болот.Алар өз ичинен 4 кө бөлунөт:
Топтун “Батыштын чоң жети өлкөсу”-АКШ,Япония,Германия,Франция,Улуу Британия,Италия жана Канада тузөт.Бул өлкөлөр экономика жана саят жаатында дуйнөлук өлкөлөрдун лидерлери.
Экинчи топту Батыш Европанын чакан өлкөлөру тузөт.Саясий жана экономикалык жагынан анча кучтуу болбогону менен,дуйнөлук масштабда алар чоң роль ойнойт.
Учунчу топту Европалык эмес өлкөлөр- Израиль жана Австралия,Жаңы Зеландия жана Туштук Африка Республикасы.
Төртунчу топтун өлкөлөру жаңы гана калыптанып келе жатат.Алар 1997-жылдан кийин экономикалык өнуккөн өлкөлөрдун катарына кирген Азиядагы Корей Республикасы,Сингапур,Тайвань.
2.Өнугуп келе жаткан өлкөлөр- аларга 150 дөй өлкө жана аймактар кирип,кургактыктын теңинен көбун ээлеп жана дуйнөнун калкынын 3/5 бөлугун камтыйт.Алар көбунчө дуйнөнун саясий картасында Азия,Африка,Латын Америкасында жана Океаниянын экваторго жакын аймактарында жайгашкан.
Өнугуп келе жаткан өлкөлөрду 6 топко бөлушөт:
Биринчи топ-эң зор жаратылыш байлыгы бар Индия,Бразилия,Мексика.Булар калкынын саны,экономикалык потенциалы боюнча өнугуп келе жаткан өлкөлөрдун лидерлери болуп саналат.БУл 3 өлкө өнөр жай продукциясын өндуруу боюнчач 147-өлкө чыгарганга барабар продукция өндурөт.
Экинчи топко-социалдык-экономикалык өнугуусу салыштырмалуу жогорку деңгээлдеги жана ИДПнын киши кишиге бөлунгөн улушу 1 миң доллардан туура келген.
Учунчу топко-жаңы индустриялык өлкөлөрду киргизсе болот.Малайзия,Тайланд,Индонезия.
Төртунчу топко нефтини экспорттоочу өлкөлөр кирет.Перс булуңунун тегерегиндеги өлкөлөр Сауд Аравиясы,Кувейт,Катар,Бириккен Араб Эмирликтери,Бахрейн,о.э. Ливия,Бруней ж.б. айрым өлкөлөр.
Бешинчи топко өнугуп келе жаткан көп өлкө кирет.Буларга Африкада,Азияда жана Латын Америкасында жайгашкан өлкөлөр кирет.
Алтынчы топту болжол менен 40 өлкө (калкынын саны 600 миллиондон ашкан) тузөт.
3.Экономикасы өтмө жолундагы өлкөлөр-бул типтеги өлкөлөргө мурдагы социалисттик жол менен өнугуп келген өлкөлөр кирет.
Сабакты бышыктоо: Суроолор берилет,карточкалар,эки бөлуктуу кундөлуктөр таркатылат.
Типтештируугө ылайык дуйнө өлкөлөру канча топко бөлунөт?
Экономикасы өтмө жолундагы өлкөлөр дегенди кандай тушунөсуңөр?
Өнугуп келе жаткан өлкөлөргө болжол менен канча өлкө кирет?
Уйго тапшырма: Өтулгөн теманы боюнча маалымат топтоп окуп келуу
Баалоо: “4”, “5”, “3” ж.б.
Текшерилди________________________________________________________________________
География 1-курс
Сабактын темасы: Эл аралык мамилелердин дуйнөнун саясий картасына тийгизген таасири.
Сабактын максаты: а)Эл аралык мамилелер жөнундө маалымат алышат.
б) Өз оюн,тушунугун айтуу менен логикалык ой жугуртуусун калыптандырат.
в) Алган билимин турмушта колдоно билууну уйрөнушөт.
Корсоткучтор: Окуучулар максатка жетет деп билсек болот эгерде алар:
а) Эл аралык мамилелер жөнундө жөнундө маалымат алышса.
б) Өз оюн,тушунугун айтуу менен логикалык ой жугуртуусун калыптандырса.
в) Алган билимин турмушта колдоно билууну уйрөнушө алса.
Сабактын жабдылышы:Окуу китептер,карточкалар,карта,интернет булактары.
Сабактын ыкмасы: Тушундуруп айтып беруу,ангемелешуу,суроо-жооп.ж.б.
Сабактын тиби: Жаны билим.
Сабактын журушу: 1) Уюштуруу 2)Өтулгөн теманы кайталоо 3) Жаны тема
Мугалимдин иш аракети: Сабактын темасын,максатын айтат жана тушундурөт.
Окуучунун иш аракети: Окуучулар сабактын темасын,максатын угат жана тушунушөт.
Өтулгөн темаларды кайталоо:Мугалим окуучуларга суроо беруу менен кыскача ангеме жургузөт окуучулар берилген суроолорго жооп беруу менен өздөру билгендерин ортого салышат.
Жаны теманы тушундуруу:Мугалим окуучулардын билимин текшерип алуу максатында эл аралык мамилелер,эл аралык уюмдар жөнундө сурап окуучулардын оюн угат.
Экинчи дуйнөлук согуш аяктагандан кийин дуйнөнун саясий картасында бир канча социалисттик өлкөлөрдун тузулушу,колониялык системанын кыйрашы жана өз алдынчалыктардын өсушу сыяктуу маанилуу окуялар болуп өтту.Жер шарынын ар кайсы бөлугундө согуштук базалар курулуп,чакан согуштар болуп жатты.Дуйнөнун саясий картасынын бетинде көптөгөн эл аралык чыңалуулардын очоктору пайда болуп,региондук чыр-чатактар чыкты.Өткөн кылымдын 80-жылдарынын орто ченинен баштап,эл аралык мамиле-тирешуудөн бири-бирин тушунуугө жана кызматташууга өтуудө.Мурдагы ишенбөөчулук,шектуулук жана душмандык мамиле жакшы коңшулукка алмашылды.Азыр мындай мамиле Россияда,КМШ менен АКШнын ортосунда,Европалык өлкөлөр менен Азия-Тынч океандык жана башка өлкөлөр менен тузулду.Дуйнөнун саясий картасында Германиянын биригиши,КМШнын тузулушу,Варшава келишиминин тарашы чагылдырылды.Көпчулук региондук чатактарды саясий каражаттар менен чечуугө мумкун болду.Суйлөшуулөр аркылуу Борбордук Америкадагы,Африканын туштугундөгу,Тушту-Чыгыш Азиядагы чыр-чатактар басылды.Чыгыштагы араб-израиль чатактары да бир аз басыла баштады.Натыйжада эл аралык кыйынчылыктар азайды.Дуйнөдө жашоо коопсуз жана тынч болууда.Кыйынчылыктарды жоюуда штаб-квартирасы Нью-Йоркто орун алган Бириккен Улуттар Уюмунун(БУУ) мааниси зор.1999-жылы ага мучө болуп,185-өлкө кирсе,2008-жылы 194 кө жеткен.Бул жетишкендиктерге карабай дуйнөнун саясий картасында дагы эле чечилбеген маселелер арбын.
Биринчи кезекте,региондук жана жергиликтуу чыр-чатактар жана алардын негизинде кээде кан төгулуугө чейин барган чек ара же диний этностук карама-каршылыктар пайда болууда.
Экинчиден,ядролук куралды жайылтпоо курөшу 1970-жылы БУУ кабыл алынган келишимге ылайык,ядролук куралдуу өлкөлөрдун “клубуна” кируугө беш гана өлкө-АКШ,СССР,Улуу Британия,Франция жана Кытай укук алаган.Бирок,ядролук куралды чыгаруу учун жашыруун иштерди Индия,Пакистан,Иран,Ирак,Израиль,Тундук Корея ж.б.айрым өлкөлөр уланта берген.
Учунчудөн,ТАСБ(НАТО) блогунун кеңейиши.НАТО-тундук атлантика келишими уюму.1949-жылы уюшулган саясий аскердик блок.Башында АКШ баш болгон 16-мамлекет кирген.1999-жылы 3-мамлекет,2004-жылы дагы 7-мамлекет,анын ичинде мурдагы СССрдин курамындагы Балтия өлкөлөру да кирди.
Сабакты бышыктоо: Суроолор берилет,карточкалар,эки бөлуктуу кундөлуктөр таркатылат.
Эл аралык мамиле дегенди кандай тушуносуңөр?
НАТО деген эмне?
НАТО блогунун курамына канча өлкө кирет?
Уйго тапшырма: Өтулгөн теманы боюнча маалымат топтоп окуп келуу
Баалоо: “4”, “5”, “3” ж.б.
Текшерилди________________________________________________________________________