СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Глобалдык экологиялык койгойлор

Категория: Экология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Глобалдык экологиялык койгойлор»



Глобалдык экологиялык көйгөйлөр

Глобалдык көйгөйлөр – эң курч, турмуштук маанилүү, дүйнөлүк жана жалпы адамзаттык маселелердин жыйындысы. Аларды чечүү бардык элдердин жана мамлекеттердин биргелешкен аракеттерин талап кылат. Глобалдык көйгөйлөрдүн комплекстүүлүгү, системалуулугу жана жалпылык мүнөзү, алардын айырмалануучу өзгөчөлүгү болуп саналат. Алар бүгүнкү күндөгү дүйнөнүн өсүп жаткан биримдиги, аны түзүүчү бөлүктөрдүн өз ара байланышы жана бирине-биринин көз карандылыгынын күрөш тенденциялары менен шартталган.

Глобалдык көйгөйлөр башкы, биринчи даражадагылардын катарына согуш жана тынчтык проблемалары кирет. Анын ичинде төмөнкү көйгөйлөр да бар: эл аралык коопсуздук, куралсыздандыруу жана конверсия, эл аралык мамилелерди демилитаризациялоо жана узак убакытка, бекем тынчтыкты орнотуу үчүн керек болгон гарантияларды түзүү. Элдердин ортосундагы ишенимди бекемдөө жана алардын ортосундагы түрдүү тармактардагы кызматташтыкты кеңейтүү. Курчап турган табигый чөйрөнүн абалынын абдан начарлап кетишине байланыштуу алдыңкы планга экологиялык көйгөй чыгууда. Себеби, бул начарлоо адамзатты ракеталык-ядролук катастрофанын натыйжалары менен тең келген экологиялык кыямат коркунучунун алдында калтырды. Эң ири глобалдык көйгөйлөрдүн бири – Азия, Африка жана Латын Америка өлкөлөрүндөгү кеңири эл массасынын жакырчылыгы, экономикалык жана маданий артта калуучулугу болуп саналат. «Үчүнчү дүйнөдө» калктын санынын өсүшүнүн жогорку темптери жана бул аймакта жүз миллиондогон адамдардын жашоо деңгээлинин мындан ары төмөндөшүнө алып келген өнөр жайлык жана айыл-чарбалык өндүрүш үчүн шарттардын начарлоосунун алардын ортосундагы бөлүнүүнүн тереңдеши менен пайда болгон демографиялык кырдаалды оптимизациялоо зарылчылыгы да ушул көйгөй менен байланышкан. Бир катар глобалдык көйгөйгө илимий-техникалык революциянын жана дүйнөлүк базардын өнүгүүсүнүн, дүйнөлүк дүң үнөмдүн натыйжалуу өндүрүүнү жана кайра өндүрүп чыгууну камсыз кылуу зарылчылыктарынан улам келип чыккан. Дүйнөлүк энергетикалык, чийки заттык, азык-түлүк кризистерин чечүүнүн. Тынчтык максаттарында жерге жакын мейкиндикти өздөштүрүү жана космостук мейкиндикти, дүйнөлүк океанды демилитаризациялоонун жаңы ыкмаларын, акыр-чикирден тазалоонун жолдорун издөө зарыл.

Глобалдык көйгөйлөр өз ара, регионалдык жана улуттук-мамлекеттик көйгөйлөр менен тыгыз байланышкан. Алардын негизинде – бүгүнкү күндөгү цивилизациянын жашоосунун негиздерин козгогон глобалдык масштабдагы карама-каршылыктар жатат. Жалпысынан бул социалдык, жаратылыш менен адамдын ортосундагы, анын ичиндеги карама-каршылыктар. Алардын кайсы бир тизмегинде курчушу глобалдык көйгөйлөрдүн бардык түтүмүндө деструктивдүү процесстерге алып барып жаңы оңой менен чечилбөөчү көйгөйлөрдү пайда кылат. Дүйнөлүк коомчулукта глобалдык көйгөйлөрдү чечүүнүн көптөгөн программаларын жана пландарын каржылоо үчүн каражаттардын, ошондой эле бул максатта пайдалануучу калыптанган механизмдин жоктугунан улам абал оорлоодо. Бул үчүн БУУ, башка эл аралык уюмдардын, демократтык кыймылдардын ишмердүүлүгүн активдештирүү. Дүйнөлүк согуштук чыгашаларды, конверсияларды кыскартуунун эсебинен ресурстарды көбөйтүп. Бардык мамлекеттердин тыгыз кызматташтыгын калыптандыруу. Жалпы адамзаттык кызыкчылыктар жана баалуулуктардын артыкчылыгын камсыз кылуу зарыл. Коомдук прогресс, глобалдык көйгөйлөрдү чечүүнүн негизинде адамзаттын жашоо стратегиясы элдерди цивилизациялык өнүгүүнүн жаңы чектерине алып баруусу мүмкүн.

Биосферадагы глобалдык проблемалар - жаратылыш чөйрөсүнүн, табигый-антропогендик жана накта антропогендик (экономикалык, социалдык ж. б.) кубулуштар менен байланышкан жана азыркы коомдун тарыхый өнүгүүсүндө пайда болуп, өзүнүн таасир этүү масштабы боюнча планеталык деңгээлге жеткен экономикалык, саясий, социалдык, биологиялык, техникалык, технологиялык системалардын, ошондой эле аларды чечүү үчүн бүткүл дүйнөлүк аракеттенүүнү талап кылган проблемалар жыйындысы. Азыркы учурда негизги глобалдык проблемаларга: ядролук коркунуч, экологиялык кризис, иммун жетишсиздик ооруусунун синдрому (ИЖОС «СПИД») эпидемиясы, саламаттык сактоо абалы, дүйнө калкынын санынын кескин өсүшү, сабатсыздык, экономикалык кризис, азык-түлүк, каадасалттарды жокко чыгаруу, конверсия жана терроризм проблемалары кирет. Бул глобалдык проблемалардан 20-кылымдын аягында экологиялык проблемалар айрыкча курч мүнөзгө ээ болду. Алар адамдын жаратылышка жана өзгөргөн табияттын кайра адамга таасир этиши менен байланышкан. Кескин антропогендик таасирге дуушар болгон чөйрө, белгилүү бир чекке жеткенде кайтарылгыс мүнөзгө жетип, өзүнүн калыбына келүү жөндөмүнөн ажырайт. Бул болсо тиричиликтин табигый шартын бузат. Азыркы учурдагы глобалдык экологиялык проблемаларга дүйнөлүк океандын булганышы, минералдык ресурстардын түгөнүшү, озон катмарынын жукарышы (озон тешиги), өсүмдүк менен жаныбарлар түрлөрүнүн жоголушу, климаттын глобалдык деңгээлде жылышы (парниктик эффект), эл аралык кырсык каптаган аймактардын (Арал, Чернобыль, Амазонка токойлору ж. б.) пайда болушу, кылым оорулары (ИЖОС, рак жана башкалар) кирет. Дүйнөлүк океандын булганышы биринчи кезекте антропогендик зыяндуу заттардын (нефть, көмүртектүү суутек бирикмелери, пестициддер, оор металлдар, детергенттер, радионуклиддер жана башкалар) океан акваториясына түшкөнү боюнча эсептелинет. Зыяндуу заттар деңизге жана океанга дарыя агымдары, атмосфералык аба (таштандыларды дениздерде жок кылууда), деңиз транспортунун жана танкерлердин авариясында келип түшөт. Атмосфера аркылуу айрыкча биогендик компоненттер, органика-синтетикалык бирикмелер (көмүртектүү суутек бирикмелери, дихлордифенилтрихлорэтон ДДТ, полихлордуубифенилдер ПХБ жана башкалар) океанга кошулат. Океанга жылына 30 миңдей ар түркүн химиялык бирикме (1,2 млрд т га жакын) түшөт. Сууларда болжолдуу 500 миң т ДДТ бар экендиги катталган. Хлорорганикалык бирикмелер жогорку биоаккумуляциялык жөндөмгө 15* жана кескин токсиндик эффектиге ээ болуп, глобалдык деңгээлде таралган. Орус окумуштуусу Ю. А. Израель жана башка билдиргендей, дүйнөлүк океандын булганышына антропогендик салым болжолдуу төмөнкүдөй: коргошун үчүн 92%, сымап 70%, кадмий 50%, нефть бирикмелери 88% жана ПХБ менен пестициддер 100%. Деңиз экосистемаларына айрыкча коркунучту 3,5 млн т нефть бирикмелеринин түшүшү туудурат. Булардын ичинен танкер флоту нефть көмүртектүү суутек бирикмелеринин көбүн берет. Анын ичинен 1,46 млн т нефть бирикмелеринин 10%и танкерлердин авариясына таандык. Океанда нефть бирикмелеринин концентрациясы түрдүү аймактарда түрдүүчө: Жер ортолук деңизде 0-950 мкг/л, Түндүк деңизде 0350 мкг/л, Атлантика океанында 0-160 мкг/л ж. б. Дүйнөлүк океанга дайыма жасалып туруучу басым деңиз экосистемаларынын деградациясына жана экологиялык оор кырдаалга алып келип отурат. Иликтөөлөр көрсөткөндөй, сууга түшкөн нефтинин кичине эле концентрациясы мидиялар менен кош капкалуу моллюскалардын өсүү ылдамдыгын басаңдатып, гидробионттордун көбөйүшүн азайтат. Ошондой эле планктондун түшүмдүүлүгүн кыскартып турат. Ал эми пестициддер (ДДТ) менен деңиз чөйрөсүн булгоо, деңиз сүт эмүүчүлөрүн ар түрдүү ооруларга чалдыктырып, морфологиялык терс натыйжага (балыктарда шишиктердин пайда болушу, омурткаларынын жана сүзгүчтөрүнүн өзгөрүшү, ошондой эле устрицалардын, креветкалардын вирустар аркылуу оорушу жана башкаларга) алып келет. Мунун бардыгы айланып отуруп адамдын денсоолугуна терс таасирин тийгизет. Озон катмарынын жукарышы негизинен антропогендик факторлордун фреондорду жана азот бирикмелеринин атмосферага бөлүнүшүнөн (үн ылдамдыгынан жогору болгон ылдамдыкка ээ болгон учуучу жана космос аппараттарынын органикалык отунду толук күйгүзбөшүнөн) пайда болгон (к. Озон тешиги). Парниктик эффект проблемасы болсо жербетиндеги климаттын жылый башташы менен байланышкан. Бул кубулуш антропогендик кошулмалар (СО2, СН4, О3, азот кычкылы, фреондор) көбөйүшүнүн негизинде болуп жатат. Ал эми кислоталуу жаан-чачын проблемасы антропогендик таасирлердин натыйжасында атмосферанын күкүрттүн диоксиди жана азоттун оксиди аркылуу булганышынан пайда болгон.

Биосферанын глобалдык экологиялык көйгөйлөрү

  • Кычкыл жаандарга, озон катмарынын бузулушуна, фотохимиялык смогко, климаттын глобалдык жылылануусуна ж.б. алып келүүчү атмосферанын химиялык курамынын өзгөрүшү;

  • Суу ресурстарынын дефицитинин өсүшү жана алардын сапатынын начарлашы;

  • Ар кыл токсиканттар менен деңиздердин жана океандардын кирдөөсүнүн жогорулашы;

  • Токой аянттарынын кыскарышы жана чөлдөшүү;

  • Планетанын биологиялык ар түрдүүлүгүнүн азайышы;

  • Коркунучтуу калдыктардын көйгөйү.

Тазалоонун керектигинин себептери

1. Табигый геохимиялык аномалиялар табигый заттардан турат да организмдер узак убакыттагы эволюциянын натыйжасында аларды “таанып билүүгө” жана коргонууга үйрөнүшкөн.

  • Ал эми техногендик аномалиялар болсо ксенобиотиктерден турат, биосферага таандыгы жок.

  • Ошондуктан концентрацияланган түрдө алар экосистемалар үчүн өтө зыяндуу.

2. Токсикалык заттарды сууга, топуракка көмүп салуу зарыл чара эмес аргасыз чара болуп эсептелет.

  • Бул көйгөйдүү чечүү эмес, жөн гана аны чечүүнү белгисиз убакытка чою.

  • Мында кирдөөчү заттар ликвидация болбойт: бир орундан (көбүнчө контролдонуп турган жеринен) контролдонбоочу жайларга ташылып салынуу.

  • Көмүп салуунун альнернативасы болуп таштандылардын технологиялык кайра иштетүүсү гана боло алат.

  • Өндүрүштүн таштандылары (стоктор, түйүндөр, шламдар, отвалдар, отстойниктер ж.б.) бул кемчиликтүү технологиялардын натыйжасы. Аларды алмаштыруу көптөгөн финансылык каражаттарды талап кылат.