Просмотр содержимого документа
«"Глобус шоу" акыл таймашы»
Глобус шоу
- Саламдашуу (географиялык тилде)
- Жагымдуу маанай
- Дүйнөдөгү эң…эң…эң…
- Табышмактар
- Макал айтышуу (географиялык )
- Викториналык суроолор
- Географиялык кубулуштарды эсептөө
- Сахналык көрүнүш
- Жыйынтыктоо
Саламдашуу
Жагымдуу маанай
Дүйнөдөгү эң...эң...эң...
Кимдин ою күлүк деп, Табышмак айтып көрөлү. Тапкан туура жообуна, Бирден упай берели.
Денесинин бүт баарын Деңиздер курчап турса да, Ичейин десе адамзат, Суу жетишпейт ал жакта.
Жаз айы, күз, баары кыш
Кароого кара жери жок
Денесинин баары муз.
Антарктида
Жер ортолук деңиздин Түндүк Жээгин карагын Ошол жерден табасың Өтүгүңдүн бир пайын
Көлдөрү бар суусу жок. Чөлдөрү бар куму жок Шаарлары бар калкы жок
Геометриялык фигурадай Үч бурчтуктан турат ал Анын батыш тарабында Узун кеткен тоосу бар
Шарга окшош топтоголок формасы Ага баткан жер шарынын бүт баары
Байлыкты бөлүшсөң , кемейет. Билимди бөлүшсөң көбөйөт.
- Глобусту эң алгач ким ойлоп тапкан?
- (Мартин Бехайм)
- «География» терминин илимге ким киргизген?
- Жерди тең ортосунан кесип өтүп меридиан сызыктарга перпендикуляр болгон сызыктар?
- Кыргызстанда бир облус бар. Анын атын тескерисинен окуганда тамак-ашты билдирет?
- Африка материгин Азиядан кайсы деңиз бөлүп турат?
- Абанын горизонталдык каймылы эмне деп аталат?
- Горизонттун жактарын аныктоочу курал?
- Бүтүндөй бир материкти ээлеген мамлекет?
- Египет өлкөсүнүн борбор шаары?
- Океан, деңиз, көл же айланасы суу менен курчалган анча чоң эмес кургактык?
- Салыштырмалуу бийиктикти аныктоочу курал?
- Жер бетинин кичирейтилип, жалпыланып, математикалык жактан аныкталып,кагаз бетине түшүрүлүшү?
- Европа менен Австралияны бөлүп турган кысык?
- Жер шарын 3 жолу айланып чыккан саякатчы?
Географиялык кубулуштарды эсептөө Христофор Колумб менен Фернан Магелландын саякаты
Ф.Магеллан менен Х.Колумб жер кыдырып, саякатка чыгышты.Экөө баратышса алдынан бийик тоолор кезикти, ал жерди айланып өтүшсө,эбегейсиз эң чоң сууга туш болушту, Магеллан суу ичейин десе суусу шор экен, иче албады.Андан сүзүп өтүп баратышса, бир учурда суунун катуу толкуну аларды жээкти көздөй чыгарып салды.Алар кургактыкка чыгып, айланага көз чаптырса эч нерсе жок, ичээрге суу жок кургак жерде экен. Алар суу издеп жөнөштү, баратышса учу-кыйры көрүнбөгөн ийри-буйру аккан сууну көрүштү. Суу ичишип, сапарын улантышты. Жолдо баратышса, Магелландын шляпасы учуп кетти. Аны издеп баратышып бийик шаркыратманын кооздугун көрүп суктанышат. Ошентип, алар саякат мезгилинде көргөндөрдүн баарын кагаз бетине чиймелеп түшүрүшөт.
Жыйынтыктоо