СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Глоссарий боюнча

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Глоссарий боюнча»

ГЛОССАРИЙ

Термин

Аныктама

Алгоритм

Милдеттерди чечүүнүн натыйжаларына жетишүү үчүн аткаруучунун иш-аракеттеринин тартибин баяндоочу нускамалардын так тандалышы. 

Базистикокуу планы

Милдеттүү предметтердин тизмегин, алардын көлөмүн, сааттарын, тиешелүү класстарда аларды окуп үйрөнүүнүн ырааттуулугун белгилөөчү документ.

Базалык билим берүү


Базалык окуу керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган, ар түрдүү алкактарда (формалдуу, формалдуу эмес билим берүү) жүзөгө ашырылуучу билим берүү иш-чараларынын бүткүл чөйрөсү.

Базалык жалпы билим берүү документтери

Окутуунун бардык баскычтарында жана окутуунун бардык тармактарында бардык окуучулар үчүн милдеттүү болуп саналган предметтер.

Өз ара мамилелер

Окуучулар биргелешкен ишти же бири биринин иштерин талдашат жана баа беришет.

Критерийдинырааттулугу

Бул күтүлгөн натыйжага жетүүнүн ар түрдүү деңгээлин баяндоо.

Диагностикалыкбаа берүү

ББКлардын (ЗУН) жана окуучунун компетенцияларынын башталгыч деңгээлин аныктоочу баа берүү.

Окуучулардын жетишкендиктери

Окуучулардын интеллектуалдык зээндүүлүгүнүн же эмгекти сүйгөндүгүнүн натыйжасы болуп саналган окуунун ийгиликтүүлүгүнүн стандарттык деңгээлинен жогору турган көрүнүктүү жетишкендиктердин оң көрсөткүчтөрү.

Турмуштук тажрыйба

Биздин жеке турмушубуз аркылуу өткөн бардык окуяларды биздин түшүнүүбүз жана эмоционалдык кабыл алуубуз

Окутууга жекече мамиле жасоо

Мугалимдер окуучулардын жеке керектөөлөрүнө ылайык келген жетиштүү ийкемдүү программа боюнча иштешет.

Индикатор

Латынчадан. indicator – көрсөткүч – байкоо жүргүзүү процессинин жана абалынын жүрүшүнүн сапаттык же болбосо сандык мүнөздөмөсү.

Куррикулум

Латын тилинен алынган сөз жана «окуу планы» дегенди билдирет.Окуу процессин уюштурууга багытталган жана коомдун социалдык заказы менен макулдашылган документтердин регламенттөөчү жана багыт берүүчү системасы.

Интерактивдүү

(«Inter» - бул өз ара, «act» - аракеттенүү) – кимдир бирөө менен өз ара аракеттенүү, пикир алышуу режиминде болуу дегенди билдирет. Интерактивдүү усулдар окуучулардын окутуучулар менен гана эмес жана бири-бири менен болгон кыйла кеңири өз ара аракеттенүүсүнө жана окутуу процессинде окуучулардын активдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Окутуучунун интерактивдүү сабактардагы орду окуучулардын ишин сабактын максаттарына жетүүгө багыттоого барып такалат.

Билим берүүнүн сапаты

Билим берүүнүн натыйжасынын ар түрдүү билим берүү субъекттеринин (окуучулардын, педагогдордун, ата-энелердин, иш берүүчүлөрдүн, бүтүндөйүнөн коомдун) күтүүлөрүнө же алар тарабынан коюлган билим берүү максаттарына жана милдеттерине ылайык келүү баскычы. Билим берүүнүн сапаты анын билим берүү стандарттарына жана керектөөчүлөрдүн суроо-талаптарына ылайыктуулугун көрсөтөт.

Критерийлер


Анын негизинде бир нерсеге баа берүү, аныктоо же классификациялоо жүргүзүү белгиси. Талкуулоо предметинин так иштелип чыккан мүнөздөмөсү.

Критикалык ой жүгүртүү

Ой жүгүртүү, мында биз өзүбүздүн билимибизге же логикалык көз караштарыбызга негизденүү менен жасалган бекемдөөлөрдүн логикасын шектенүүнүн алдында калтырабыз.

Инсанга багытталган билим берүү (ИББ)

И.С. Якиманский боюнча жеке багытталган педагогиканын маңызын “окуучунун бүткүл билим берүү процессинин аракеттеги башкы фигурасын таануу түзөт”.Андан кийин бүткүл окуу процесси бул башкы жобонун негизинде курулат. Окуучунун субъектүүлүгүнүн алгачкылыгынан алганда окуу процессинин мазмуну да жана усулу да (ыкмалар жана ыктар) жана эң башкысы – окутуучу менен окуучунун өз ара мамилелери аныкталат. Окуучу окуу ишинде окутуучу менен өнөктөш, тең укукта болот. Мында окутуучу окуучуну милдеттүү материалды үйрөнүүгө мажбурлабайт, ал эми окуучунун өз алдынча өнүгүүсү үчүн эң жакшы (оптималдуу) шарттарды түзөт.

Усул

Педагог менен окуучунун окутуу милдеттерин чечүүгө багытталган биргелешкен ишинин ыкмасы.

Шыктандыруу

Бул адамдын жүрүм-турумун түшүндүрүүчү керектөөлөрдүн жана муктаждыктардын жыйындысын, анын башталышын, багытталгандыгын жана активдүүлүгүн аныктоочу факторлордун системасы.

Билим берүү процесси

Педагогдордун жана окуучулардын өз алдынча окууларынын түздөн түз катышуусу менен ар түрдүү окутуулар, ошондой эле окуучулардын жана бүтүрүүчүлөрдүн экзамендер, зачеттор жана аттестациялоонун башка түрлөрү формасында билим берүүнүн жана окутуунун уюштурулган процесси. Билим берүү процессин уюштуруу аркылуу билим берүү программаларын ишке ашыруу жүзөгө ашырылат.

Билим берүү стандарты

Негизги билим берүү программаларынын мазмунунун билим берүү минимумун аныктоочу ченемдердин жана эрежелердин жыйындысы, окуучуну даярдоого чектүү жол берилүүчү жүккө карата базалык талаптар.

Окутуучу чөйрө

Бул окуучулар тарабынан белгилүү бир билимдерди, үйрөнүүчүлүктү жана көндүмдөрдү алуусуна багытталган атайын уюштурулган чөйрө, анда окутуу формасы өзгөртүүлөр үчүн ийкемдүү жана жеткиликтүү болот.

Кайтарым байланыш


Окутуу процессинде алынган маалымат, бул окутуучуга окуучунун жетишкендигине формалдуу эмес баа берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Кайтарым байланыш окуучуга билим алууда өз өксүктөрүн көрүүгө жана аларды оңдоого да мүмкүнчүлүк түзөт.

Баалоо

Окуучулардын окуу жана таануу ишине байкоо жүргүзүү, ошондой эле билим берүү сапатын жакшыртуу максаты менен окуучу жөнүндө маалыматтарды баяндап жазуу, жыйноо, каттоо жана интерпретациялоо процесси.

Баа берүү


Баалоо боюнча ишти же иш-аракетти баалоо процессинин натыйжасы, кайтарым байланыштын сапаттуу маалыматы.

Белгилөө

Окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин баалоонун цифраларда, тамгаларда же башка түрлөрдө көрүнгөн шарттуу-формалдуу, сандык көрүнүшүнүн символу.

Портфолио


Бул окуучулар иштерди аткарууда окуучунун күч-аракетин, бир же бир нече предметтер боюнча анын прогрессин жана жетишкендиктерин көрсөтүүчү окуучулардын иштерин максаттуу багытта жыйноо.Жетишкендиктердин папкасы.

Парадигма

Илимий коомдоштук тарабынан кабыл алынуучу жана бөлүштүрүлүүчү жанаанын мүчөлөрүнүн көпчүлүгүн бириктирүүчү фундаменталдык илимий белгилөөлөрдүн, көрсөтүүлөрдүн жана терминдердин жыйындысы.Илимдин жана илимий чыгармачылыктын улантуучулугун камсыз кылат.

Мазмунду өздөштүрүүгө багытталган план

Башкы максаты мазмунду үйрөнүү билимдерин алуу болуп саналган окутуу планы.

Педагогикалык технология

Окутуунун конкреттүү натыйжасын жүзөгө ашырууга артыкчылыктуу билим берүү максаттары жана багыттары менен бириккен ыкмалардын жана усулдардын татаал жана ачык системасы.

Оң жүйөлөштүрүү

Окуучулар тапшырманы аткарууга багытталган таасир көрсөтүүнүн усулдары.

Ыкмалар

Белгилүү бир усулду колдонууда болуучу таануу ишинде окутуучунун жана окуучулардын конкреттүү иш-аракеттери.

Предметтикстандарт


Окуучулардын билим алуу натыйжаларын, аларга жетүүнүн жана предметтин алкагында өлчөөнүн ыкмаларынжөнгө салуучу документ.

Педагогикалык рефлексия

Жүзөгө ашырылган ишти аткарууда өзүнүн эмоционалдык абалын, ийгиликтерин жана кыйынчылыктарын, бул иште пайдаланылуучу каражаттарды жана инструменттерди, проблемалуу кырдаалдарды чечүүнүн кыйынчылыктарын жана ыкмаларын аңдап билүү.

Өз алдынча баа берүү, өз алдынча талдоо

Аткарылган иштердин белгилүү бир критерийлерге, ченемдерге, талаптарга ылайыктуулугу жөнүндө окуучунун өзү тарабынан чечимкабыл алышы.Өзүн, өз мүмкүнчүлүктөрүн, сапатын жана адамдардын арасында өз ордун баалоо.

Окутуу стили

Ар түрдүү окуучулар тен-тайлаш окууну баарынан жогору коет. Окутуунун жүрүшүндө биз мунун эске алышыбыз керек, ошондо окутуу усулу алардын окуу стилине жакын болгондуктан айрым окуучулар мурдагыдан да көпкө жетишишет.

Жыйынтыктоочу (суммативдик) баа берүү

Теманы убакыттын белгилүү бир мезгилине (чейректин, жылдын акырында) үйрөнүүнү аяктоодогу билимдердин, билгичтиктердин жана көндүмдөрдүн калыптангандыгынын деңгээлин аныктоочу баа берүү.

Окуучулардын окуудагы жетишкендиктери (натыйжалары)

Таануу процессинде окуучу тарабынан жетишилген (окуучу билүүгө, түшүнүүгө жана колдонууга тийиш болгон) түпкү натыйжа.

Окуу планы

Предметтердин комплексин иштелип чыккан жана алардын ортосундагы ички байланыштарды аныктаган документ.

Блумдунтаксономиясы

Америкалык психолог Бенджамин Блумтарабынан түзүлгөн ой жүгүртүүчүлүк көндүмдөрдүн иерархиясы.

Формативдикбаалоо

Баалоо, мында окутуу жана таануу процессин жакшыртуу максаты менен ар бир окуучу жөнүндө маалыматтарды жыйноо жана жалпылоо жүрөт.

Максаты

Акыркы натыйжа.

Үйрөтүүнүн максаттары

Бул окуучулар сабактын акырында биле же жасай ала турганды бекемдөө. Биз окуучуларга баа бергенде биз аларды критерий катары пайдаланууга тийишпиз.

Окутуунун максаттары

Бул окутуучу эмнеге үйрөтүүгө ниеттенгендиги.