Тема: Графика менен иштөө
Сабактын максаты:
Чакмак кагазда жалпак жана тик тилкени табышат
Графикалык көндүмдөрдү талкуулашат
Лабиринт түзүшөт
Аткарылуучу тапшырмалар:
Чакмак кагазда жалпак жана тик тилкени табуу
Графикалык көндүмдөрдү талкуулоо
Лабиринт түзүү
Баалоо үчүн критерийлер:
Чакмак кагаз менен иштей алса;
Графикалык көндүмдөрдү атаса жана талдаса;
Лабиринт түзсө жана түшүндүрсө.
Классикалык педагогикада графикалык көндүмдөр деп - балдардын сүрөт тартуучу жана
жазуучу, ошондой эле белгилерди бириктирип сүрөттөгөн кыймылдуу колдорун айтабыз. Графикалык көндүмдөр сенсордук өнүгүүгө кирет. Бирок графикалык көндүмдөр окуу ишмердүүлүгү менен тыгыз байланышкан.
Мындай көндүмдөр төмөндөгүлөрдөн пайда болот:
Түрдүү мазмундагы обьектилерди (жөнөкөй предметтердин сүрөттөлүшү, ийри, спираль, сынык сызыктар) эч кандай кыйынчылыгы жок сүрөт тартуу шыгы;
Жазуучу инструментти туура кармайт жана анын жантыктыгын туура көзөмөлдөйт;
Түрдүү графикалык кыймылдарды кызыгуу жана берилүү менен аткарат.
Мындай графикалык көндүмдөргө ээ болуу бир нече татаал көнүгүүлөрдү аткаруудан кийин
пайда болот. Өнүктүрүүчү көнүгүүлөргө көбүрөөк көңүл буруу, о.э. балдардын майда моторикаларын кыймылдатып, тренировка кылдыруудан төмөндөгүдөй маселелер чечилет: балдарды жазууга жана мектепте окууга даярдайт
3-4 жаштагы балдар үчүн графикалык көндүмдөрдү сүйлөө эртерээк болот. Кол менен так кыймылдоо жогорку тайпага жакын башталат. Балдар менен төмөндөгүдөй кыймылдуу көнүгүүлөрдү аткарса болот:
Түрдүү мончок, топчу, крупалар менен ойнотуу керек (сөзсүз чоң адамдын байкоосунда).
Коопсуз материалдардан жасалган конструкторлорду аткаруу керек.
Пластилин менен иштетүу керек.
Шнур оюндарын ойнотуу керек.
Түстүу карандаш, гуаш, краска, бот, фломастерлер менен сүрөттөрдү боётуу крек.
Манжа оюндарын ойнотуу креек.
4-5 жаштагы балдар
Бул жаштагы балдарга көнүгүүлөрдү татаалдатуу керек. Мисалы, жамгырды, чөптү, күлүп турган күндү, түстүү үйлөнгөн шарларды, кооз эшикти, үйдү тартыруу керек. О.э. төмөнкү көнүгүүлөрдү колдонуу керек:
Үлгүлөрдү кесүү.
Сүрөттөрдү штрихтөө,
Узорлорду жана татаал орнаменттерди тарттыруу,
Сүрөттөрдү кооздоо ж.б.
Бул көнүгүүлөрдү балдар өтө кызыккандык жана берилгендик менен аткарышат
5-6 жаштагы балдар
Бул жашта балдар мектепке чейинки окутуунун эң жеткен чегинде болушат, ошондуктан ата-энелер жана тарбиячылар балдарды мектептеги көндүмдөргө даярдоо керек, күндө бала менен иштөө керек. Мында графикалык көндүмдөр жөнүндө сөз болуп жатат.
Графикалык көндүмдөр боюнча көнүгүүлөрдү аткартуунун максаты - даярдоо тайпапсындапгы балдарды, мүмкүн болсо:
Чоң чакмактуу дептер менен тааныштыруу,
Чакмак боюнча ориентировка алууну үйрөтүү (солго, оңго, өйдө, төмөн ж.б.),
Ийри жана толкундуу сызыктарды сызганды үйрөтүү,
Жогорудан төмөнгө жана оңдон солго багыты боюнча түздөрдү чийдирүу шыктарын калыптандыруу,
Чакмактын бурчтарын диоганал боюнча бириктирүүгө үйрөтүү,
Графикалык диктанттарды өткөрүү ж.б.
Мындай ишмердүүлүктөрдү колдонуу балдарды төмөнкүлөргө жөндөмдөйт:
Графикалык көндүмдөрдүн туура өнүгүшүнө,
Майда моторикалардын тез кыймылдашына,
Ойлонуу процесстеринин өнүгүшүнө,
Мейкиндикте багыт алуусуна жана ой жүгүртүүнүн өнүгүшүнө түрткү берет. Эгерде бала бала-бакчада тарбияланса, ата-эне анын мектепке даярдыгынан кам санабоосу керек. Эгерде бала бала-бакчага барбаса, анда ата-эне өзү өз алдынча балага көнүгүүлөрдү
аткартуу керек.
Графикалык диктант деген эмне?
Алдыңарда баракты элестеткиле, анда чакмак болуп сызыктар сызылган. Маселеде багыттар жана сандар көрсөтүлгөн. Эгерде көрсөткүч менен туура аткарса, анда биз сүрөттөлүштү - сүрөттү көрөбүз. Башка сөз менен айтканда графикалык диктант - бул маселедеги көрсөтүлгөн багыт боюнча чакмакта сүрөт тартуу.
Мындай көнүгүүлөр бир гана мектепке чейинки жаштагы балдар үчүн гана эмес 12 жашка чейинки балдарга да берилет. Себеби, тактык, кыймылдын туура координациялары чон жашта да керек.
Графикалык диктантты 4 жаштан баштоо керек. Мындай өнүктүрүүчү оюндарды ар кайсыл жерде: үйдө, кошумча сабакта, эс алууда, көлдө, дачада, жайкы лагерде колдонсо болот.
Графикалык диктант менен иштөөго атайын убакыт туура бөлүнүшү крек:
5 жаштагы балдарга - 15 мүнөт,
6 жашка чейин - максималдуу 20 мүнөт, минималдуу 15 мүнөт,
6-7 жаштагы балдарга - макс. 30 мүнөт, мин. 20 мүнот.
Чакмак боюнча сүрөт тартуу - баланы карандаш жана ручка кармаганды үйрөтүүнүн эң жакшы жолу. Ручканы манжалары талып кетпегендей кылып, туура карматуу керек. Ошондой эле туура эсептөөнү да үйрөтөт, себеби чийүүдөн мурун клеткаларды туура саноо керек.
Графикалык диктантты баштарда балага сол, оң, жогору, төмөн деген сызыктарды түшүндүрүу керек. Чакмак сызылган барак менен карандаш берип, эмне кылышты айтып туруу керек. Мүмкүн болсо тапшырманы сыр сактоо керек.
Лабиринт
Лабиринт - баланын логикалык жана мейкиндик ой-жүгүртүүсүн, коюлган максатка жетүү шыгын өнүктүрөт. Бул оюн жөнөкөй болгону менен баланы чыдамкайлуулукка жана тырышчаактыкка тарбиялайт. Бул көрүнүштөрдү бала ойноп жаткан учурда (процессте) да көрүүгө болот. Эгерде бала лабиринттен чыгуунун жолун таппай калса, ал тез эле капаланып баштайт, же тез эле багынат. Эгерде бала ойноп жатканда канчалык чыдамсыз болуп жатса, анда бул оюнду ошончолук көбүрөөк ойнотуш керек. Ал ар бир кадам сайын чыдамдуулукту иштеп жана мындай ситуацияларды тынч абалада кабыл ала баштайт. Ошентип, лабиринт каалагандай өнүктүрүүчү сабакты толуктап турат.
Оюн - бул көңүл ачуу деп, чон адамдар эң чон адашууга туш болушат. Чындыгында, каалагандай оюн - бул баланы жашоодо ар кандай турмуштук ситуацияларга туруштук бере ала тургандай машыктырат. Куурчак, машина, лабиринт, танграм - бул балдардын кубанычтуу, кайгылуу, жеңиштүү, утушсуз, татаал жашоосу болуп эсептелет. Балдардын оюнун баалашыбыз жана сыйлашыбыз керек, себеби, ушул оюндар баланы турмушка даярдайт.