СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Гул жана булбул

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Гул жана булбул»



Сабактын аты: Адабий окуу

Өтүлгөн күнү: _____________________

Класс: 3 а-класс

Сабактын темасы: Гүл жана булбул Бөлүм: Жаз мезгили керемет

Сабактын максаттары:

Күтүлүүчү натыйжалар:

Максаттын номери: 3.3.4

1.Билим берүүчүлүк:

Окуучулар Гүл менен Булбул жомогунун мазмунун менен таанышып, түшүнүк алышат.


Сабак максатына жетет, эгерде:

  • .Окуучулар Гүл менен Булбул жомогунун мазмунун түшүнүп, суроолорго далилдүү жооп бере алса;

2.Өнүктүрүүчүлүк:

Окуяга сынчыл ой жүгүртүп, талдай билүүгө, өз оюн эркин жеткиликтүү айтууга көнүгөт.

  • Окуяга сынчыл ой жүгүртүп, талдай билсе;

  • Өз оюн эркин жеткиликтүү айта алса;

3.Тарбия берүүчүлүк:

Калыс,боорукер болууга үйрөнүшөт.

  • Калыс, боорукер болууну үйрөнсө;



Сабактын жабдылышы: окуу китеби, слайд, сүрөттөр, видеоролик, ББКБ таблицасы Сабактын тиби: Аралаш сабак Сабакта колдонулган көнүгүүлөр: Окуганга чейин, окуу учурунда, окугандан кийин

стратегиялары, окуунун түрлөрү, шар окуу, окуганын

түшүнүү, сөз байлыгы боюнча көнүгүүлөр.

Баалоонун усулдары: Сөз менен баалоо, кол белгилери, сурамжылоо, эмоционалдуу

баалоо, өзүн –өзү баалоо


Сабактын жүрүшү:

Сабактын этаптары

Убагы

Мугалимдин иш-аракети

Окуучунун иш-аракети

Баалоо

Компе-лүк



I этап:

Уюштуруу учуру






2 мин

а) Саламдашауу

Ар дайым ачык кабагым, Дайым даяр сабагым.

Саламаттыкты тилеймин,

Саламатсыңарбы балдарым.

Азаматсыңар балдарым, Бар болгула, ар дайым!

Анда эмесе сабагыбызды баштайын



б) Жагымдуу маанай түзүү

Көңүлдүн азыгы болгон жылмаюуну бири-биринерге тартуулагыла.

Маанайыңар кандай?


в) Алтын эреже АЭМ дин элементи боюнча Ой көңүл графигине көңүл буруу


Саламатсызбы, эжеке!







Окуучулар бири-бирине жылмайышат.

Слайддан окушат

*Сабакка көңүл буруу

*Эске сактоо

*Ой жүгүртүп сүйлөө

*Кол көтөрүп жооп берүү *Мугулимди ээрчип сабактын максатына жетүү










сурамжы лоо










II этап:

Үй тапшырма сын суроо




5 мин


1.Өткөн сабакта эмне деген теманы өттүк?


2.Топторго тапшырма берет

1-топ: Чыгарманын картасы

2-топ: Сүйлөмдү толуктоо

3-топ: Сөздөрдүн маанисин жазып түшүндүрүү


1.Өткөн сабакта “Чарбактын жаралышы” деген аңгемени өткөнбүз.

2.Топторго тапшырма берет.

1-топ: Чыгарманын картасын толтурушат

2-топ: Данек ыры боюнча сөздөрдү толуктайт.

3-топ: Сөздүк менен иштешет.

саамга- бир азга

бурум-бурум сөз –бурмалап тамашалап айткан сөз.




суроо жооптор




К3


III этап:

Теманы жарыялоо









3 мин







Табышмак айтат.

Жай келгенде акырын, Жаят да кооз чатырын. Теребелге эрте-кеч, Тегиз чачат атырын.

(Гүл)

Жаз менен кошо бир келген, Бакта конуп мукам үн берген.

Керели -кечке тынбаган, Булбул сайрап кайрадан

Эмне жөнүндө ыр уктуңар?

Балдар, бүгүнкү адабий окуу сабагыбыздын темасы “Гүл менен Булбул” жомогу жөнүндө болмокчу.


Мугалим сабактын максаты, көрсөткүчтөрү, баалоонун критерийлери менен тааныштырат.

ББКБ таблицасы менен иштейт



Балдар табышмактын жоопторун табууга аракет жасашат.


Жаз мезгилинде Булбул келип мукам сайрайт.Булбул жөнүндө ыр уктук.


Балдар теманы слайддан окушат.



Балдар сабактын темасы, максаты, күтүлүүчү натыйжаларын,баалоонун критерийлерин түшүнүп, талкуулашат.


Билем

Билгим келет

Билдим

гүл м-н булубул тууралуу билгендерин айтышат

жомокто эмнени билгиси келгенин айтышат

сабактын аягында түшүнүп билгендерин айтышат









Сурамжылоо





















К 3, 4


IV этап

Текст менен иштөө.


25 мин



Китеп боюнча иштөө:

Текстти абзац боюнча көркөм окутуп, бөлүм боюнча суроо-жооптор жүргүзөт.


Топторго тапшырма берет.

Мугалим топтук иштерди уюштуруп, багыт берет.Ар бир топтун тапшырмасын призентациялоону эскертет.

Балдар китеп менен иштешет. Окуп түшүнүктөрүн айтышат.

1-топ: Хан кандай адам экен? Кластер түзүшөт.

2-топ: Ролдоштурат

3-топ: Окуянын картасын түзүшөт.

Ар бир топ өзүнүн ишин коргоп берет.




Бири-бирин баалоо





у


К 2


К 3


К 4




V этап

Жыйынтык тоо


5 мин



Жаңы тема боюнча алган билимдерин бышыктоо үчүн суроолор берилет.

1.Булбул кандай жигит эле? 2.Хандын максаты кандай эле? 3.Эмне үчүн Булбулга алтын аяктан аш ичирди да жакшы кийиндирди?

4.Гүлдана Булбулду эмне үчүн жакшы көрүп калды?

5.Эмне үчүн сыйкырчы Гүлдананы гүлгө, Булбулду канаттууга айландырып койду?


Балдар суроолорго жооп беришет.

1.Булбул абдан ырчы жигит болгон. Атагы алыска кетет.

2.Хандын максаты Булбулду ырчы кылып алсам менин да атагым алыска кетет деп ойлойт.

3.Хан мени Булбул мен жөнүндө ырдайт дед.

4.Хандын кызы Булбулду бир көргөндөн жактырып калат.

5.Хан кызына макул болбой сыйкырчыга кызын гүлгө, баланы канаттууга айландырууну суранып өтүндү.





Суроо жооптор





К 3, 5




Баалоо

3 мин


Окуучулардын билимдери көрсөткүчтөрдүн негизинде бааланат.



Көрсөткүчтөр аркылуу окуучулар өзүн-өзү баалашат.


өзүн-өзү баалайт.



Үйгө тапшырма



2 мин


Гүл менен Булбул жомогун окуп, түшүнүү



Окуучулар жомокту окуп, түшүнүгүн айтып беришет.



кол белгиси



Баалоонун критерийлери:

  1. Үй тапшырмасына активдүү жооп бергени үчүн 1 упай

  2. Гүл менен Булбул жомогунун мазмунун түшүнүп, далилдүү жооп бергени үчүн 1 упай

  3. Сабакта сынчыл ой жүгүртүп, талдай билгендиги үчүн 1 упай

  4. Каармандарга мүнөздөмө бергендиги үчүн 1 упай

  5. Топтордо активдүү катышкандыгы үчүн 1 упай












Баалоонун критерийлери


1.Үй тапшырмасына активдүү

жооп бергени үчүн

1 упай

2. Гүл менен Булбул жомогунун

мазмунун түшүнүп, далилдүү

жооп бергени үчүн

1 упай

3. Сабакта сынчыл ой жүгүртүп,

талдай билгендиги үчүн

1 упай

4. Каармандарга мүнөздөмө

бергендиги үчүн

1 упай

5. Топтордо активдүү

катышкандыгы үчүн

1 упай