Иллюстрацияланган китептер аркылуу ар түрдүүлүктү талкуулоо стратегиясы Иллюстрацияланган балдар китептери же сүрөттөр менен китептер деп аталган башталгыч мектептин көп түрдүүлүк суроолорун окуп-үйрөнүү үчүн пайдалуу жана баалуу ресурс болуп эсептелет, анткени бул китептерде визуалдык сүрөттөр аркылуу, маданий, тилдик, биологиялык, социалдык, физикалык, расалык, этникалык жана коомдогу ар түрдүүлүктүн башка түрлөрү түшүнүктүү жана терең ачылып берилет. Сабакта бул китептерди пайдалануу инклюзивдүү маданиятты өнүктүрүүгө, окуучулардын ар түрдүүлүк (анын ичинде майыптуулук) жөнүндө маалымдуулугун жогорулатууга жана окуучуларда эмпатияны (сезимталдык, боорукердик) жана толеранттуулукту (ар түрдүүлүктү кабыл алуу) пайда кылууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ар түрдүүлүк темасын ачуу үчүн сүрөттөрү менен китептердин авторлору колдонуп жаткан көркөм ыкмаларынын көп түрдүүлүгү балдарга тигил же бул маданияттын өзгөчөлүктөрүн тереӊирээк билүүгө, ошондуктан аны түшүнүүгө жана кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет.
Дифференциация: мазмуну, процесс, окуу чөйрөсү.
Окутуу үчүн универсалдуу долбоорлоо: окуунун натыйжаларын көрсөтүү, окуучулардын окутуу процессине катышуусу/тартылуусу.
Окутуу максаттары
Окуганын түшүнүү жана визуалдык сабаттуулук көндүмдөрүн өнүктүрүү.
Ар түрдүүлүккө (майыптуулук, көп маданияттуулук, көп тилдүүлүк) позитивдүү (басмырланбаган) мамилени өнүктүрүү.
Күтүлүүчү натыйжалар
Окуучулар:
бири-бири жөнүндө көбүрөөк билишет жана класстагы ар бир окуучуну сыйлашат жана баалашат;
ар түрдүүлүктү түшүнүүнү жана маалымдуулукту жогорулатышат, аны кабыл алышат;
китепте окшоштуктарды жана айырмачылыктарды аныкташат жана келтирилген далилдердин негизинде өз ой-пикирлерин түзүшөт;
окугандары менен өзүлөрүнүн турмуштук тажрыйбасы ортосундагы байланышты табышат.
Окутуу класс (тар):1–4-класстар
Керектелүүчү метериалдар: көп түрдүүлүк, майыптуулук, басмырлоо, толеранттуулук, көп маданияттуулук ж.б. жөнүндө балдардын иллюстрациялык китептери (Мисалы, Дэвид Смоллдун «Имогенанын Бугу Мүйүздөрү», Джимми Лиаонун «Түстүн үнү», Джулия Дональдсондун «Сонун аюу», Сильвия Веккининин «Алло, балык сүйлөп жатат», Сандра Дикманндын «Керемет», Питер Рейнольдстун «Чекит», Шарон Драпердин «Салам, кел сүйлөшөлү», Кэндзиро Хайтанинин «Коёндун көз карашы», Линда Мэллэли Ханттын «Сырдуу Эллинин көзү менен укмуштуу дүйнө», Р.Ж. Паласионун «Керемет», Алтын Капалованын «Төрт бурчтук өлкө» ж.б., ар бир балага «Биз ар түрдүүбүз» баракчасы.
«Биз ар түрдүүбүз»
Кимди тапсаңыз … | Аты |
Мен Казакстанга бардым. | |
Өзбек тилинде бешке чейин эсептей алат. | |
Оштон келди. | |
Пиццанын төрт түрүн атайт. | |
Ысык-Көлдө туугандары бар. | |
Беш тилде «салам» айта алат. | |
Ал коңшу класстын (А, В же С класстары) он окуучусунун атын айтат. | |
Ал Англияда төрөлгөн популярдуу спорттук оюнду ойнойт. | |
Нарында чоң ата,чоң энесиникинде эс алышат. | |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын атын атай алат. | |
Беш түрдүү жыпар жыттуу заттарды атай алат. | |
Дунган ашканаларын абдан жакшы көрөт (ашлямфу, фунчёза, лагман). | |
Индиялык тамактарды сынап көрдү. | |
Кыргызстан менен коңшу болгон бардык өлкөлөрдү айта алат. | |
Үйдө эне тил болуп эсептелбеген окутуу тилин пайдаланат. | |
Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын борборлорун туура айтат. | |
Класста ишти уюштуруунун формасы: жалпы класс
Стратегияны колдонуу жол-жобосунун баяндалышы:
Стратегияны колдонгонго чейин
Мугалимге сунушталат:
теманы тандоо, окуп-үйрөнүп жаткан темага ылайык келген китеп тандоо.
окуучулардын кыймылын болжолдогон жалпы топтук иш үчүн мейкиндикти уюштуруу.
Стратегияны колдонуу учурунда
1-кадам. Окуучуларга сабактын максаты, милдеттери жана жүрүшү жөнүндө түшүндүрүӊүз. Окуучуларды окулган китепти активдүү талкуулоого, сабактын ар бир баскычына катышууга чакырыӊыз.
2-кадам. Окуучулардын окуп-үйрөнүлгөн тема боюнча алдын ала билимин актуалдаштыруу (чыгаруу). Мисалы, окуучулардан балдардын майыптуулугу жөнүндө кандай ойлору бар экендигин же жергиликтүү коомчулукта кайсы тилдер пайдаланарын алар билишеби деп сурасаӊыз болот.
3-кадам. Окуучуларды китеп менен тааныштырыӊыз: китептин аталышы талкууланат, мукабасындагы иллюстрация каралат, автор жана иллюстратор жөнүндө маалымат берилет. Окуучуларга китептин мазмуну жөнүндө өз божомолдоолорун айтууну сунуш кылыӊыз.
4-кадам. Үн чыгарып окуу техникасын, диалогдук («Багыттоо, баалоо, кеңейтүү, реакция кылуу» жана «Шыбырап айтуу» стратегияларын), интерактивдүү окуу, сүрөттөрдү көрсөтүү, окулган нерселерди талкуулоо үчүн тыным жасоону колдонуу менен окуучуларга китепти окуп бериӊиз.
5-кадам. Китепти окуп бүткөндөн кийин, окуучулардан башкы/башка каармандардын ортосундагы окшоштуктары жана айырмачылыктары жөнүндө сураӊыз, бир китепти экинчиси менен же окуган китепти жеке турмуштук тажрыйбасы менен салыштырып көрүүнү сунуштаӊыз. Төмөндө болжолдуу суроолордун айрымдары келтирилген:
Чыгарманын ушул эки каарманы эмнеси менен окшош? Китепте кандай далилдер келтирилген?
Чыгарманын ушул эки каарманы эмнеси менен айырмаланат? Китепте кандай далилдер келтирилген?
Чыгарманын башкы каарманы эмнени сезет? Сиздин оюӊуз боюнча, эмне үчүн?
Сюжеттин жүрүшүндө каарман же анын чөйрөсү менен кандайдыр бир өзгөрүүлөр болдубу?
Сиз анын ордунда болсоӊуз, анда сиз кандай сезимде болот элеңиз?
6-кадам. Окуучулар салыштырууга өз алдынча же жуп менен графикалык уюштуруучусун толтурса болот.
Чыгарманын башкы каарманы ким?
Чыгарманын башка каарманы (же каармандары) ким?
Алардын окшоштуктарын жана айырмачылыктарын аныктагыла.
Венндин диаграммасы
Айырмачылыктар Окшоштуктар Айырмачылыктар
2
7-кадам. Окуучуларга «Биз ар түрдүүбүз» баракчасын таратыӊыз, аны кантип толтуруу керек, эмне кылуу керектигин түшүндүрүӊүз.
Окуучулар классташтарына суроолорду берүү менен 10 мүнөттүн ичинде баракчаларын толтурушу керек. Окуучулар өзүлөрүнө керектүү маалыматты таба алышы үчүн класста эркин жүрүү демилгеленет. Мугалим бул «тапшырманы тезирээк аткара турган» жарыш эмес, керектүү маалыматты табуу үчүн классташтары менен баарлашууга мүмкүнчүлүк экендигине көңүл бурат.
Окуучулар ар бир суроого жооп алуу үчүн классташынын бирөөсүнөн гана эмес, бардык классташтарына сурамжылоо өткөрүшү керек.
8-кадам. Ар түрдүү окуучуларды сурамжылоо менен окуучулардын керектүү маалыматтарды кантип чогултуп жаткандыгына мониторинг жүргүзүӊүз.
9-кадам. Окуучулар бул тапшырманы аткарып бүткөндөн кийин, аларды алган маалыматы менен бөлүшүүсүн сунуштаӊыз, аларды көбүрөөк таң калтырган жоопторду белгилөөнү сураныӊыз.
10-кадам. Окуучулар менен бирге ар түрдүүлүктү кабыл алуунун маанилүүлүгүн таануу менен, окуп-үйрөнүлгөн теманын жыйынтыгын чыгарыӊыз.
Стратегияны колдонгондон кийин
Окуучуларды кызыктырган ар түрдүүлүктүн бардык темаларын толугураак окуп-үйрөнүү китепканага, реабилитациялык борборго, атайын мектепке же сүрөт китебинин темасы жана окуп-үйрөнүлгөн тема менен байланыштуу көркөм сүрөт көргөзмөсүнө баруу аркылуу улантылышы мүмкүн.
Үй тапшырмасы: Окуучуларга ар түрдүүлүк жөнүндө кызыктуу китепти табууга жана кийинки сабакка анын презентациясын даярдоо сунушталынат.
Баалоо: Китепти окугандан кийин, окуганды түшүнүүгө бир нече суроолорду берсе болот.
Баалоонун варианттары
Окуу көндүмдөрү калыптанбаганын көрсөткөн окуучулар: мугалим «Башкарып окуу» стратегиясын колдонуу менен кичи топто ушул окуучулар менен иштейт.
Окуу көндүмдөрү калыптанганын көрсөткөн окуучулар: мугалим ушул окуучуларга окуп-үйрөнүлгөн тема боюнча дил баян жазууну сунуштайт.
4