Маалыматты гипертекст түрүндө көрсөтүү. HTMLдин негизги түшүнүктөрү
HTML – документтердин гипертексттик разметка тили (HyperText Markup Language). HTMLдин жардамы менен Интернет глобалдык компьютердик тармагында жайгашуучу Web-баракчалар түзүлөт. HTML – бул традициялык маанисинде программалоо тили эмес, ал белгилер (разметки) тили болуп эсептелет. HTMLдин жардамы менен тексттик документти блокторго бөлүшөт (заголовоктор, параграфтар, таблицалар, сүрөттөр ж.б.у.с.).
Гипертексттик документ – бул башка документтерге өтүүлөрдү (гипершилтеме) камтыган документ. Гипершилтемелерди пайдаланган учурда Интернетте бир документтен экинчи документке өтүү процесси жүрөт (чынжырдагы сымал). HTML-документ гипертексттик документ болуп эсептелет.
HTML-документтин өзгөчөлүктөрү:
1. HTML-документ текстти, графиканы, видеону жана үндү камтышы мүмкүн.
2. Жалпы учурда HTML-документ – бул .htm же .html кеңейтилишиндеги (расширение) бир же бир нече тексттик файлдар.
3. HTML-документти атайын программалардын – HTML редакторлорунун (мисалы, FrontPage) жардамы менен, ошондой эле тексттик редакторлордун жардамы менен да түзүүгө болот (мисалы, Windowsтун блокноту).
4. HTML-документтерди карап көрүү үчүн атайын программалар – браузерлер бар. Алар HTML-документтерди интерпретациялайт, б.а. документтин текстин Web-баракчага которот, жана аны колдонуучунун экранында чагылдырат.
5. Эгерде HTML-документти интерпретациялоодо браузер кандайдыр-бир нерсени түшүнбөй калса, анда ал HTML-документтеги түшүнүксүз бөлүк жокко чыгарылат жана браузер тарабынан чагылдырылбайт.
HTML-документ HTMLдин элементтеринен турат. HTMLдин элементи – көбүнчө эки эки тег (ачылучу жана жабылуучу) жана алардын арасындагы документтин бөлүгү. Андан сырткары бир гана тегден турган HTMLдин элементи да жашайт (болот).
Тег – англисчеден которгондо – ярлык, этикетка. Тег экранга чыгарылуучу HTMLдин элементинин тибин аныктайт (мисалы, заголовок, таблица, сүрөт ж.б.у.с.). Тег өзү браузер тарабынан чагылдырылбайт.
Тег төмөнкү элементтердин удаалаштыгы болуп эсептелет:
сол бурчтук кашаа символу (дин башталышы;
слеш милдеттүү эмес символу (/) – символ жабылуучу тегди белгилөөгө пайдаланылат;
тегдин аты;
ачылуучу тегдеги милдеттүү эмес атрибуттар;
оң бурчтук кашаа символу ()
Атрибуттар – HTMLдин элементинин кошумча касиеттерин аныктоочу, милдеттүү эмес параметрлердин тобу (мисалы, түс жана өлчөм).
Атрибут төмөнкүлөрдөн турат:
HTMLдин элементинин мисалы:
H1 ALIGN= "CENTER"Глава 1H1
Бул мисалда:
H1 ALIGN= "CENTER" – ачылуучу тег
H1 – жабылуучу тег
H1 – тегдин аты
ALIGN= "CENTER" – атрибут
ALIGN – атрибуттун аты
"CENTER" – атрибуттун мааниси
HTML-документтерди түзүүнүн эрежеси
1. Тегдерди и атрибуттарды каалагандай регистрде жазууга болот, б.а. жана – бул экөө тең эле бир.
2. Катарынан бир нече бош кетирүү (пробел), табуляция жана кийинки сапка өтүү символдору браузер тарабынан интерпретациялоодо бир бош кетирүүгө (пробелге) алмаштырылат. Бул HTML файлдардын жакшы структуралаштырылган берилген текстин жазууга мүмкүндүк берет.
3. HTML файлдарга ат берүүдө англис тилиндеги кичине тамгаларды колдонуу сунушталат. Аттын узундугу – сегиз символго чейин. Принцибинде бул сунуштарды эске албай койсо да болот, бирок силердин HTML-документиңерди Windowsтон башка операциялык системаларда иштеген колдонуучулар пайдалана албай калат.
HTML-документтин структурасы
Ар бир HTML-документ теги менен башталат жана теги менен аякташы керек. Бул тегдер алардын арасындагы саптардын бирдиктүү HTML-документ экендигинн билдирет. Мындан тышкары HTML файл толугу менен HTML тилинин элементи болорун белгилөөгө болот.
Ошондой эле HTML-документте HEAD (документ жөнүндө маалымат) жана BODY (документтин денеси, телосу) элементтери катышуусу керек.
Документтин HEAD бөлүмү
Документтин HEAD бөлүмү анын бөркүн (заголовок) аныктайт, ошондой эле браузер үчүн ал документ жөнүндө кошумча маалыматты камтыйт. Бул бөлүм зарыл болуп эсептелбейт, бирок туура түзүлгөн бөрктүн (заголовоктун) пайдасы зор болгондуктан, өзүңөрдүн даярдаган HTML-документиңерде дайыма пайдалануу сунушталат.
Бөрктүн (заголовоктун) бөлүмү теги менен башталат жана тегинин артынан улай эле башталат. Между открывающим и закрывающим тегами элемента HEAD располагаются другие элементы заголовка.
Документтин аталышы (title) HTML-документк
е аталышты берүү үчүн теги кызмат кылат. Бул аталыш браузердин терезесинин бөркүнө (заголовок) чыгарылат. Аталыш жана тегдеринин арасына жазылат жана тексттик сап түрүндө болот. Ал саптын узундугу каалагандай болушу мүмкүн, бирок 60 символдон ашык эмес болуусу сунушталат. TITLE элементи HEAD бөлүмүндө гана жайгашуусу керек.
Документтин BODY бөлүмү
Документтин бул бөлүмүндө браузердин терезесинде чагылдырылучу маалымат жайгашат. BODY бөлүмү теги менен башталып теги менен аякташы керек жана алардын арасында документтин мазмунунан турган HTMLдин элементтери жайгашат.
BODY элементинин спецификациясы (өзгөчөлүгү)
тегинин документтин сырткы түрү (көрүнүшү) менен аныкталуучу бир катар атрибуттары бар болот.
BODY
TEXT=" тексттин түсү"
BGCOLOR=" фонунун түсү"
BACKGROUND="фондук сүрөттүн дареги"
LINK="биз кирбеген (не посещённой) гипершилтеменин түсү"
VLINK="биз кирген (посещённой) гипершилтеменин түсү"
ALINK="активдүү гипершилтеменин түсү"
TEXT атрибуту RGB форматындагы документтин бардык тексттери же символдук нотация үчүн шрифттин түсүн берет. Эч нерсе көрсөтүлбөгөндө (эгерде бул атрибут көрсөтүлбөсө) браузердин саздоосу (настройка) пайдаланылат.
BGCOLOR атрибуту RGB форматындагы документтин браузердеги терезенсинин же символдук нотация үчүн шрифттин түсүн берет. Эч нерсе көрсөтүлбөгөндө (по умолчанию) браузердин саздоосу (настройка) пайдаланылат.
BACKGROUND атрибуту фон катары пайдаланылуучу сүрөттүн дарегин жана аталышын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул сүрөт көбөйтүлгөн (размножен) жана документтин арткы планында бөлүштүрүлгөн (распределен) болот.
LINK, VLINK и ALINK атрибуттары RGB форматындагы гипершилтеменин же символдук нотация үчүн түстү берет. Эч нерсе көрсөтүлбөгөндө (по умолчанию) браузердин саздоосу (настройка) пайдаланылат.
Жөнөкөй html-документтин мисалы
Бул документ браузерде төмөнкүдөй чагылдырылат:
HTML
Приветствие
Добро пожаловать!