ИЧИ ТАРДЫК, КѲРѲ АЛБАСТЫК, КАРА НИЕТТИК
Сабактын максаты:
Окуучулар ичи тардык, көрөалбастык, кара ниеттик сапаттар жөнүндө билишет.
Мындай сапаттардан алыс болууга аракеттенишет.
Сабактын жабдылышы:
Мугалимдин баяндамасы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.
Сабактын жүрүшү:
1-кадам: Мугалимдин баяндамасы.
Окуучум, ичи тардык, кѳрѳалбастык, кара ниеттик адам дилине, ыйманына туура келбеген терс сапат экендиги сага маалым. Биздин ата-бабаларыбыз дагы бул сапаттардын инсан тагдырына коогалаң түшүрѳѳрү жѳнүндѳ оозеки чыгармачылыгында баса белгилеп кетишкен. “Ичине кара таруу айланбаган” деген далилдүү сѳз аркылуу ичи тардык менен кѳрѳ албастык сапаттын табиятын ачып беришкен. Ичи тар адам эч качан бирѳѳнүн жакшылыгына кубанбайт, кубанычына ортоктош болбойт. Тескерисинче ошол нерселер ѳзүндѳ болбогонуна ичи тарып, жанын коерго жер таппайт. Бул –жийиркеничтүү, эң жаман сапат.
Кара ниет адамдын дилинде бирѳѳгѳ жакшылык кылуу, боорукерлик, айкѳлдүк сапаттардын бири да жок. Дилинде башкаларга болгон жаман ой гана уялап калган. Адамдар мындай сапаттарды жек кѳрүшѳт. Окуучум, сен да мындай жамандалган сапаттардан оолак бол. Эч качан бирѳѳнүн ийгилигине ичиңди тарытпа, кайра кошо сүйүн. Байлыгына кѳз артып, кара ниеттикке жол койбо. Ошондо гана сен таза дилдүү инсан болуп жетилесиң.
2-кадам: Окуучулар текст менен таанышышат. Класста талкуулашат.
Кара ниеттиктин жазасы
Бир жолоочу алыс сапарда жүрдү. Анын жанында он миң сом алтын акча салынган баштыгы бар эле. Бир күнү ал жолоочу күн батып, караңгы түшѳ баштаган чакта бир кыштакка келип түштү. Кеч кирип кеткендиктен аны орто жаштыгы бир адам үйүнѳ таклип кылды. Үйүнѳ алып барып, колдо бар тамагын жайнатты. Жатаар маалда:
-Урматтуу мейман, сиз түндү ушул үйдѳ ѳткѳрѳсүз. Эгер жаныңызда алтын же башка буюмдарыңыз болсо мага берип коюңуз, кокусунан уурулар сизде алтын бар экендигин сезип калышса, капилет зыян кылып коюшпасын,- дейт. Жолоочу баштыгын ага берет.
Бир оокумда баштыгын берип коюп кыжаалат болгон жолоочу:
-Урматтуу жолдош, мен ѳтѳ эртелеп жолго чыгам! Сиздерди ойготуп, тынчыңызды алгым келбейт, баштыгымды ѳзүмѳ эле алып келип берсеңиз, - деп ѳтүнѳт. Ал адам ошол замат баштыгын алып келип берет.
Баштыктын буугучу чечилбептир, мѳѳрү да жайында экен. Ошентсе да баштыктагы акчаларын бир сыйра санап чыкты, баары түгѳл экен. Ал адамдын ак ниеттүү, адал жүрѳк, аманатка кыянаттык кылбай турган бир жан экендигине ишенди.
Бир аз убакыт ѳткѳндѳн кийин эрди-кандын ортосундагы жаңжалды угуп, тыңшап калды. Аялы күйѳѳсүнѳ опурула мындай деп жатыптыр:
-Кызык мүнѳз, наадан адам экенсиң. Ѳзү келип турган байлыкты колдон чыгарып олтурасың. Мунун кѳзүн тазалап, ошончо алтынды алып калалы.Алардын сѳздѳрүн угуп, коркуп, тезинен баштыгын алып бѳлмѳнүн тушунда жайгашкан чоң дарактын башына чыгып жашынып калат. Алардын 20 жаштагы уулу аракты кѳп ичет экен. Ошол күнү да аябай мас болуп келип, жолоочу жаткан орунга кулады.
Күйѳѳсү уктагандан кийин аялы акырын ордунан турду. Бир чоң ташты кѳтѳрүп алып, баягы үйгѳ кирди. Үй караңгы болчу. Аял акырын басып баягы жолоочунун ордунда жаткан уулунун жанына келип, аны жолоочу деп ойлоп таш менен уруп калды. Уулу тил тартпай жан берди. Аял анын баштыгын издеп таба албай, күйѳѳсүн ойготту.
-Мусаапырды ѳлтүрдүм, таң ата электе аны жок кыл. Анан кийин баштыгын издеп табалы, - деди.
Күйѳѳсү ордунан ыргып турду да аялын каттуу урушуп, аны менен кошо уулу жаткан бѳлмѳгѳ киришти. Чырак жандырып карашты. Ал жолоочу эмес эле ѳзүнүн уулу экендигин кѳрүп аял чачын жулуп ыйлай баштады.
Бул кайгылуу мүшкүлдү кѳргѳн күйѳѳсү:
-Кара ниеттиктин жазасы ушул болот. Күнѳѳсүз бир адам үчүн дар курдуң эле, ѳзүң асылдың, эми кокуйлаганың менен эч пайда бербейт, - деди.
Аял ѳзүн тыткылап ыйлады, акырында кайгысына чыдай албай кѳз жумду.Үй ээси жолоочуну издей баштады. Ал дарактан түшүп анын жанына басып келди.
-Урматтуу мейман, - деди ал,- ушундай мүшкүл окуянын кесепетинен сениналыңдан кабар алабадым, кечирип койгун. Түндѳ башка жерге жашырынып жакшы кылган экенсиң. Болбосо кара ниет аялым же уулум сени мертинтип коймок.
Суроолор:
Ичи тардык, кѳрѳ албастык дегенди кандайча түшүндүң, мындай сапаттардан арылуунун жолу барбы?
Кара ниеттиктин акыры эмне менен бүтѳт?
Жолоочу кара ниеттикти кантип байкап калды?
Үй ээси кандай абалда калды?
3-кадам: Залкар ойлорду талкуулашат.
Залкар ойлор
Ичи тардан ийне атпайт.
Ичи тардын иши тар.
Кара ниеттин карды тойбойт,Кара ѳзгѳйдүн иши оңолбойт.
Ийгилик үстүндѳ пейилиңди тарытпа,Иш үстүндѳ кѳңүлүңдү иритпе.
Эл оозунан
Үйгө тапшырмалар:
Ичи тардык, кѳрѳ албастык, кара ниеттик жѳнүндѳгү кѳркѳм чыгармаларды таап окугула.
Залкар ойлорду класста талкуулагыла.