СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ички Тянь-Шань провинциясы

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

География предмети боюнча 8-класстар учун

Просмотр содержимого документа
«Ички Тянь-Шань провинциясы»


10.5. Ички Тянь-Шань

Ички Теңир –Тоо  провинциясы - Теңир –Тоо  тоо системасынын ичкери жагында жайгашкан.  Түндүгүнөн Талас, Кыргыз, Тескей Ала-Тоолору, батышынан  Фергана кырка тоосу, түштүгүнөн  Какшаал-Тоонун кыркалары менен өтөт. Чыгыш чек арасы Нарын менен Сары-Жаз дарыяларынын суу бөлгүчү менен өтөт.

Ички Теңир –Тоо  республиканын аянтынын 34%тен ашык аймагын ээлейт, (69,7 миң км2) жеринин бетинин орточо бийиктиги 3000 жден жогору. Орографиялык тузүлүшү  татаал кырка тоолордон жана  тоо аралык өрөөндөрдөн турат. Бул аймакта орун алган кырка тоолор   кеңдик боюнча улам батышка барган сайын бири биринен алыстайт.  Түндүгүндөгү кырка тоолор (Талас жана Кыргыз Ала-Тоолору) Түндүк Теңир–Тоо  системасына, ички кырка тоолор (Тескей Ала-Too, Жетим, Жетим-Бел, Нарын-Тоо ж.б.) Ортоңку Теңир –Тоо  системасына, ал эми эң түштүгүндөгү  Какшаал-Тоо Түштүк Тянь-Шандын системасына кирет.

Түндүк Теңир –Тоо  тоо системасына кирген кырка тоолор, алдынкы палеозой заманында жүргөн каледон орогендик катталышынын натыйжасында калыптанган. Ортоңку системадагы  кырка тоолордун калыптанышы жарым жартылай каледонго таандык болсо, жарым-жартылай үстүңкү палеозойдогу герцин орогендик катталышка таандык. Ал эми түштүк системага кирген Какшаал-Тоо толугу менен герцин орогендик катталыштын натыйжасында калыптанган. Түндүк тарабындагы өрөөндөр; Суусамыр, Жумгал жана Кочкор; Ортонку Теңир –Тоо  системасына ыктаган өрөөндөр: Кетмен-Төбө, Тогуз-Торо жана Ортонку Нарын; Түштүк жагына ыкталган өрөөндөр: Арпа, Ат-Башы, Кара-Коюн, Ак-Сай, Мүдүрүм.

 Провинциянын чыгыш жана түштүк жагында байыркы палеозойлук денудациянын,
кийинки альпы катталышында бийик көтөрүлгөн фрагменттери бар. Алар «сырттар» деген термин менен географиялык илимге кирген. Айтсак Ара-Бел, Кум-Төр, Ак-Сай жана Арпа өрөөндөрүндө жакшы сакталган.

Геологиясы. Кырка тоолор негизинен палеозой заманына
жана ага чейинки замандарда пайда болгон чөкмө, метаморфизмделген жана тектерди жиреп келип катып калган интрузиялык тектерден турат. Алар акиташ, кристаллдык сланец, кумдук бирикме, гранит, грано-диорит ж. б.

Климаты. Ички Теңир-Тоонун климаты кескин континенталдуу кургакчыл жана жеринин бетинин татаалдыгына байланыштуу нымдын жана жылуулуктун таралышы да ар кандай. Климат калыптандыруучу негизги факторлордун бири анын бардык жагынан бийик тоолор менен курчалган ички абалы

Провинциянын жалпы гипсометриялык деңгээли улам чыгышты карай бийиктегендиктен, ар бир кырка тоонун батыш жана түндүк-батыш капталдарына жергиликтүү жаан-чачын алып келүүчү атмосфералык фронттордун көтөрүлүшү жаан-ча- чындын санын көбөйтүүгө алып келет.

Күн тийген мезгилдин узактыгы мүмкүн болгон узактыктын 55-60% ин түзөт. Жай мезгилинде өрөөндөрдө, кыш мезгилинде бийик тоолордо алардын үлүшү жогорулайт. Мисалы, Нарында максималдуу узактык (71-74%) август-сентябрь айында болсо, Кум-Төрдө максималдуу узактык (69%) январь-февраль айларына туура келет.

Абанын температурасынын мейкиндик боюнча таралышы жер бетинин абсолюттук бийиктигине, рельефтин тилмеленишине байланыштуу. Абсолюттук  бийиктиктин таасири өзгөчө жылдын жылуу мезгилинде байкалат. Ар бир 100 мге жогорулоо 0,6 Сге температуранын төмөндөшүнө алып келет. Кыш күндөрүндө температуралык  айырмачылыктар  бийиктик боюнча эмес, рельефтин формасына жараша өзгөрөт.

Ички Теңир-Тоонун  жапыз гипсометриялык абалды ээлеген Кетмен-Төбө өрөөнүндө (800-1800 м) июлдун орточо температурасы 23,6—24оС, январдыкы -14—15оС. Андан бийигирээк жайгашкан Тогуз-Торо өрөөнүндө (1200—1800 м) июлдун температурасы 21оС, январдыкы -18,7оС. Өрөөндөрдүн гипсометриялык абалы жогорулаган сайын жайкы орточо температура төмөндөйт, ал эми кышкы температура ал закон ченемдүүлүккө баш ийбеши мүмкүн. Мисалы, Казарманда кышында Нарынга          (-17,1оС) Караганда бир аз суугураак, ал эми Кочкорго (-10оС) Караганда январдын температурасы дээрлик эки эсе темен. Эң төмөнкү температуралар Ак-Сай өрөөнүндө байка­лат (-53оС). Ак-Сайда январдын орточо температурасы -27,7оС. Гипсометриялык деңгээли андан бир аз жогору турган Кум-Төрдө -21,2°С. Ал эми июлдуку болсо Ак-Сайда +9,8о С, Кум-Төрдө +4,3о С. Кышында эн жылуу өрөөн Кетмен-Төбө өрөөнү. Жайкысын эң суук Ара-Бел жана Кум-Төр сырттары. Кышкы температура Суусамырда (2090 м) Кум-Төргө (3616 м) караганда төмөнүрөөк.

Ички Теңир –Тоо  боюнча жаан-чачын аз түшөт. Өзгөчө ички чуңкур өрөөндөрдө Кочкор, Ат-Башы, Ортоңку Нарын өрөөндөрүндө 200-300 мм., Суусамыр, Жумгал, Кетмен-Тебе, Тогуз-Торо өрөөндөрүндө 300—350 мм, ал эми бийик тоолуу, батыш жагы жапыз, чыгышы бийик өрөөндөрдө 400-450 ммте чейин жаан-чачын түшөт. Эң бийик жайгашкан Ак-Шыйрак тоо түйүнүнүн батыш капталдарында жаан-чачындын жылдык саны 500-600 ммте чейин жетет. Бийик тоолор менен курчалган, гипсометриялык абалы да 3000—3500 м бийиктиктеги Ак-Сай өрөөнүндө жана Чатыр-Көлдүн ойдуңунда жылдык жаан-чачындын саны 200 ммден араң ашат. Жаан-чачындын көпчүлүк бөлүгү жаз айларына жана жайдын биринчи бөлүгүнө туура келет.

Бардык эле өрөөндөрдө жана тоо капталдарында кышында туруктуу кар катмары жатат. Кочкор өрөөнүндө гана туруктуу кар катмары байкалбайт.

Суулары. Ички Теңир-Тоонун дарыя системалары үчкө бөлүнөт. Көпчүлүк бөлүгү Нарын дарыясынын алабына кирет (52,1 млн км2). Ак-Сай, Мүдүрүм, Үзөңгү-Кууш Таримдин  ала­бына, ал эми Кочкор, Кара-Кужур, Төлөк өрөөндөрүнүн суула­ры Чүйдүн алабына карайт Жалаң  гана кардын эриген сууларынан жана жаан-чачындан куралган  агын суулар да бар. М: бир гана Кажырты суусу көлдүн суусунан куралат (Соң-Көл).

Нарын дарыясы Кичи жана Чоң. Нарындын кошулушунан башталат. Эки суу кошулгандан кийинки Нарындын орточо жылдык чыгымы — 90 м3/сек. Кетмен-Төбө өрөөнүнө чыкканда 382 м3/секта чейин көбөйөт.

Нарындын ири куймалары Ат-Башы, Алабуга, Көкөмерен, Көк-Ирим, Узун-Акмат ж. б. Чүй суусунун алабына караштуу Ички Теңир-Тоонун бөлүгү 6080 км2 аянтты ээлейт жана Кара-Кужурдан баштап Кочкор өрөөнүн бүт камтыйт.

Кардын эриген суулары анын негизги куралуу булагы болуп эсептелет. Алабында мөңгүлөрдүн аянты анча чоң эмес, ошондуктан режими боюнча алтай тибиндеги дарыяларга жакын. Көп жыл­дык орточо чыгымы Орто-Токой суу сактагычына кире бериште 28,8 м3/сек, агымынын модулу 4,8 л/сек км2.

Таримдин алабына  Ички Теңир-Тоодон эки агын суу чыгат - Ак-Сай жана Үзөңгү-Кууш. Жалпы аянты 10320 км2. Ак-Сай суусу Какшаал дарыясынын негизги түзүүчүсү, Чоң Үзөңгү-Кууш анын сол куймасы. Негизги куралуу булактары мөңгү суулары жана кардын суулары. Алаптарына мөңгүлөрдүн жалпы аянты 688,5 км2. Ак-Сайдын чек арадагы жылдык ор­точо чыгымы - 32 м3/сек. Чоң-Үзөңгү-Кууштуку 25,9 м3/сек, агымдарынын модулу 4,1 л/сек км2 жана 8,9 л/сек км2.

Ички Теңир-Тоонун аймагында суу агып чыкпаган туюк ай­мак Чатыр-Көлдүн алабы 1050 км2. Майда агын суулар Чатыр- Көлгө куят, бирок ал көлдөн суу агып чыкпайт. Көлгө куйган суулардын эн, ириси Көк-Айгыр. Андан башка дагы жети майда суу куят.

Провинциядагы эң чоң көл - Соң-Көл, Нарындын алабына кирет. Ага 18 майда суу куят жана андан бир гана Кажырты суусу агып чыгат (5,1 м2/сек). Суусу таза, минералдуулугу 0,3-0,4‰ т.а. ар бир литр суусунда 300-400 мг эриген туздар. Соң-Көлдүн абсолюттук бийиктиги 3000 м жогору болгондуктан суусу муздак, кышында дээрлик б ай бою тонуп жатат. Ошондуктан жергиликтүү суу жаныбарлары майда капталдан сүзгүчтөр  ж. б. гана болгон. Сибирдин муздак сууларынын балыктары байырлаштырылган. Пеляд - балыгын байырлаштыруу эң жакшы натыйжа берип, чарбалык маанидеги деңгээлге жетип калды.

Чатыр-Көлдүн деңгээли 3520 м. жеткендиктен анын суусу Соң-Көлдүкүнөн да муздак. Агын суулар куят. Жайкысын келгин куштар жайлашат. Кал­ган көлдөр майда, мөңгүлөрдүн этегинде мореналардын арасындагы бөгөлмө көлдөрдүн тибине киришет.

Топурагы, өсүмдүктөрү жана ландшафттары. Ички Теңир-Тоонун  татаал орографиялык түзүлүшү ар кайсы гипсометриялык денгээлдеги тоо аралык өрөөндөгү ландшафттык  бөлүнүштөрдүн да ар түрдүүлүгүнө алып келген. Негизинен бардык эле өрөөндөрдө, тоо капталдарында бийиктик алкактуулук закон ченемдүүлүгү байкалат. Жапыз жана орто бийиктиктеги ойдуңдар менен өрөөндөрдө ачык күрөң түстөгү топурактардын үстүндө чөл жана жарым чөл ландшафттары тараган. Күнөстүү капталдарда чөлгө мүнөздүү ландшафттар 2500-2600 м бийиктикке чейин тараган. Чөл жана жарым чөл тилкесинен жогору (1800- 2200 м) кургак талаа тилкеси жатат.

 Ландшафт түзүүчүлөр - шыбактуу-бетегелүү түркүн чөптүү талаа өсүмдүктөрү. Ал тилке акырындап коюу чөптүү шалбаалуу-талаага жана шалбааларга отөт. Кээ бир кырка тоолордун түндүк жана батыш беттеринде шалбаалуу-талаа тилкесине токой тилкеси да кирип кетет. Бирок токойдун үлүшү анча көп эмес (2,7%). Негизги ландшафт түзүүчү дарак - Теңир–Тоо  карагайы, 1800 жден 3000 мге чейин бийиктиктерде кездешет. Провинциянын эң батыш жагында (Ат- Ойнок, Узун-Акмат тоолорунда) шалбаалуу-токой тилкесинде Теңир –Тоо  карагайы менен кошо Семёновдун кок карагайы, арча дарактары кездешет. Ички Теңир-Тоонун токойлуу-шалбаа же шалбаалуу-токой тилкесинде бадалдар менен түркстан жапалак арчасы кеңири тараган. Жапалак арчалар жана майда бадалдар кийинки бийиктикте жайгашкан субальпы тилке­синде да тараган. Субальпы тилкесинен кийинки бийиктикте кыска жана түркүн чөптүу альпы тилкеси орун алган. Альпы алкагынан жогору аска, корум куюлма шагылдар, тепши сымал мөңгүлүү жана мөңгүсүз төрлөр ж. б. гляциалдык-нивалдык алкакка мүнөздүү ландшафттар кездешет. Катаал климаттык шартта бул алкактын этегиндеги ыңгайлуу аянттарда доңуз сырттуу, мамык чөптүү эңилчектүү тoo тундурасы кездешет.

Деңиз деңгээлинен 3000-3100 м бийиктиктерден жогору жайгашкан салыштырмалуу түздүктөрдө-сырттарда чөлдуү талаа, күрөң топурактуу, такыр сымал топурактуу суук чөлдөр тараган (Ак-Сай, Арпа, Чатыр-Көл, Ара-Бел, Кум-Төр, Кара- Сай, Көк-Ала-Чап,ж.б.). 3500—3600 м бийиктиктеги өсүмдүктөрдүн бойлору 5-10сжден ашпайт.

Гипсометриялык абалы төмөн жаткан (1000-2200 м) ички өрөөндөрдүн жылуулук балансы айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө ыңгайлуу шарттарды түзөт. Мисалы, Кетмен-Төбө өрөөнүндө пахтанын быша турган мүмкүнчүлүктөрү бар. Ал эми Тогуз-Торо өрөөнүндө коон-дарбыз бышат. Улам жогорулаган сайын ички өрөөндөрдөгү жылуулук азайып, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн көп жылуулукту талап кылгандары бышпайт.

 Мисалы, Суусамыр өрөөнүндө арпа да толук бышпай ал тоют болуу деңгээлине гана жетет. Кээ бир бийик өрөөндөрдө айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүш үчүн керектүү термикалык ресурстар чектелүү. Алар жайыт катары пайдаланылат.

Ички Теңир –Тоо  провинциясы 9 физика-географиялык округдарга бөлүнөт: Кетмен-Төбө, Суусамыр, Ортоңку Нарын, Кочкор - Жумгал, Соң-Көл - Кичи Нарын, Ат-Башы - Кара-Коюн, Жогорку Нарын, Ак-Сай – Арп ажана Үзөңгү-Кууш.

Кочкор — Жумгал  физика-географиялык округуна аталган тоо арасындагы өрөөндөр кирет.

Кочкор өрөөнү. Түндүгүнөн Кыргыз Ала-Тоосу, батышынан Кызарт жана Жумгал тоолору, түштүгүнөн Кара-Кокту, Бабаш-Ата, Үкөк тоолору, чыгышынан Кара-Коо тоо менен чектелет. Өрөөндүн узундугу 80 км, туурасы 20 км. Кеңдик боюнча созулуп, таманы деңиз деңгээлинен 1800-2500 м. бийиктикте. Өрөөндүн таманы жана тегереги негизинен палеоген-неогендик чала камдашкан жана төртүнчүлүк мезгилинин борпон тек- теринен турат. Климаты континенталдык, жазы жана күзү суугураак, кышы карсыз, жайы анча ысык эмес. Топурактары чөлдүү-талаа жана талаа тибиндеги бозомтук күрөң, ачык- күрөң, коңур топурактар. Субальпы жана альпы алкагында шалбаалуу талаа, талаа чала чымдуу-шалбаа топурактары тараган. Бийиктик алкактуулукта токой тилкеси жок. Түз жерлеринин бардыгы өздөштүрүлгөн, дан, тоют өсүмдүктөрү  айдалат.

Жумгал өрөөнү да ушул округдун ичинде. Ал Кабак-Тоо менен Соң-Көл-Тоонун түндүгүндөгү жана Жумгал-Тоонун туштүгүндөгү  тoo  арасындагы өрөөн. Кызарт ашуусунун белинен Кекемерен суусунун чатына чейин 80 км, туурасы эң кенен жеринде 25 км. Жеринин бети тилмеленген, түзөң жерлер сууларды бойлогон тектирлер. Таманы дениз деңгээлинен 1500-2600 м бийиктикте, батышты карай эңкейиш. Өрөөн па­леоген-неогендин чала камдашкан тектери менен төртүнчүлүк мезгилинин борпон тектеринен турат. Климаты кескин кон­тиненталдык, жайы ысык (30-32°С), кышы суук (-30-35°С чейин). Өрөөн аркылуу Жумгал суусу агат, батышында ал Кекемерен суусуна куят. Өрөөндүн түзөң жерлеринде ачык- күрөн, коңур-күрөң, конур топурактар тараган. Өсүмдүктөрү бийиктик алкактуулук закон ченемдүүлүккө баш ийип жайгашкан. Өрөөндүн таманында, өзгөчө Кекемерен өрөөнүнө жакын боз шыбактуу жарым чөл тараган. Кургак талаа жана талаа алкактары 1700—2700 л бийиктиктеги тоо капталдарында орун алган. 3200—3300 жге чейин субальпы, андан жогору альпы шалбаалары жайгашкан. Ыңгайлуу жерлери өздөштүрүлгөн, дан, тоют өсүмдүктөрү эгилет

Суусамыр өрөөнү өзүнчө физика-географиялык округ. Өрөөн Кыргыз Ала-Тоосу менен Суусамыр, Жумгал тоолорунун аралыгында, деңиз деңгээлинен 2000-3200 м бийиктикте жайгашкан. Узундугу 150 км ге жакын, туурасы кеңири жеринде 45 км. Батышы Өтмөктүн Суусамыр суусуна куйган жеринен чыгыштагы Сокулук суусунун чатына чейин кенен жайык келет. Сырткы көрүнүшү үч бурчтук сымал, майда адырлуу, дөңсөөлүү түздүк. Чыгыштагы Батыш Каракол өрөөнү улам кууштап, абсолюттук бийиктиги да жогорулайт. Климаты кескин континенттик. Жайында абанын температурасы 30оСга чейин жетсе, кышында - 40-45°Сга чейин суук болот. Январдын орточо температурасы -2оС, июлдуку + 14°С. Жаан-чачын 300-370 мм. Кышы узак (5-6 ай), кар калын түшөт. Суусамыр суусу Батыш Каракол суусу менен кошулуп Көкөмерен суусун түзөт. Топурагы жана өсүмдүктөру бийиктик алкактуулук закон ченемдүүлүккө баш ийип тараган. Өрөөндүн таманында бозомтук-күрөң, күрөң топурактын үстүндө бетегелүү-шыбак талаалар жайгашкан. Too этектеринде коңур жана тоонун кара топурактарынын үстүндө ак кылкан, бетеге аралашкан түркүн чөптөр өсөт. Субальпы жана альпы шалбаалары 3000-3100жге чейин түркүн чөптүү. Суу бойлорунда тал, терек, кайыңдан турган токойлор өсөт. Суусамыр өрөөнү негизинен жайкы жайыт. Чүй, Талас, Кетмен-Төбө өрөөндөрүнөн келген мал жайлайт. Борбордук бөлүгүндө тоют осүмдүктөрү айдалат.

Кетмен-Төбо өрөөнү. Ички Теңир-Тоонун батышындагы тоо аралык ойдуң. Түндүгүнөн Талас Ала-Тоосу менен Сууса­мыр тоосу, батыш жана түштүк батышынан Узун-Акмат, Ат-Ойнок тоолору, түштүгүнөн Фергана кырка тоосу, чыгышынан Көк-Ирим-Тоо курчап турушат. Таманынын абсолюттук бийиктиги 800-1200 ж, батышты карай энкейиш, узундугу 50 км.ге, туурасы кенен жеринде 22 км. Өрөөндү Нарнын дарыясы кесип өтөт. Кетмен-Төбө өрөөнү геологиялык жагынан палеоген-неогендин чала камдашкан тоо тектери менен төртүнчүлүк мезгилинин борпон тектерине толгон. Палеозойлук фундамент 2 км дей терендикте. Климаты континенталдык, январдын ор­точо температурасы -14о С, июлдуку +24°С, жылдык жаан-чачындын саны 300-370 мм. Ири суулары: Кара-Суу, Чычкан, Узун-Акмат, Торкен ж. б. Өрөөндүн таманында Токтогул суу сактагычы курулган (1974-ж.), анын аянты 284,3 км2, толгон кездеги суунун көлөмү 19,5 млрд м3. Кубаттуулугу1,2 млн кВт болгон ГЭС иштейт.

Кетмен-Төбө өрөөнү Ички Теңир-Тоонун эң жылуу региону. Азыркы суу сактагычтын суусу каптап жаткан аянттарда боз топурактуу жарым чол болгон. Коңур топурактуу шыбактуудан өсүмдүктүү кургак талаа 1300-2000 м бийиктикке чейин тара­ган. Кара-коңур топурактуу, кылкандуу түркүн чөптүү шалбаалар 2000-2800 м бийиктикте жайгашкан. Суу бойлорунда майда жалбырактуу токойлор тараган (тал, терек, кайың). 3200-3500 м бийиктиктерде кара топурактуу альпы жана субальпы тилкелери жайгашкан.

Ортоңку Нарын өрөөнү. Ички Теңир-Тоодогу Эки Нарындан баштап Ак-Шыйрак (Чаар-Таш) кырка тоосуна чейин созулуп жатат. Узундугу 150кмге. Түндүгүнөн Нура, Корго, Ача-Таш, Молдо-Тоо, түштүгүнөн Нарын-Too, Ала-Мышык, Кара-Тоо, Байбиче-Тоо, Жаман-Тоо курчап турат. Таманы кууш, 2-5 км- ден 13 кмге чейин кеңейет (Куланак ченде). Таманынын абсолюттук бийиктиги 1500 мден 2300 мге чейин.

Түзөң тектирлер тоо капталдарында чаптуу рельефке өтүп кетишет. Жалпы түзүлүшү боюнча тоо арасындагы ири синклиналдык ойдуң.

Климаты кескин континенталдык, кургакчыл. Жайы ысык, кышы суук. Январдын орточо температурасы Нарын шаарында -17°С, Долондо -13,7о С. Июлдуку +17°С жана +9,2°С. Жаан-чачын батышында 200 мм, чыгышка карай көбөйүп 300-400 ммге чейин жетет. Өрөөндүн чегинде Нарындын ири куймалары: Ат- Башы, Алабуга, Он-Арча, Кажырты, Жерге-Тал агып өтөт.

Климатка жараша өрөөндө чөл, жарым чөл жана талаа ландшафттары кеңири тараган. Өрөөндүн таманында шыбак, эфемерлер агыш күрөң жана бозомтук күрөң топурактардын үстүндө өсөт. Чаптарда сейрек ескөн шордуу топурактын өсүмдүктерү (баялыш, көкпек, адырашман, терескен, чекенде) өсөт. 2500-2600 жден жогору бетегелүү, шыбактуу талаа тилкеси, андан жогору тескей беттерде. карагай токойлуу шалбаа, жана шалбаалуу талаа ландшафттары тараган. 3100-3200 жден жогору бетеге, доңуз сырт, өлөңдүү түркүн чөп шалбаалары кездешет. Түркүн чөптүү субальпы альпы шалбаалары алкактардын гляциалдык-нивалдык зонасына чейин тараган.

Тогуз-Торо өрөөнү. Ортонку Нарын физика-географиялык округунун батыш бөлүгү. Түндүгүнөн Молдо-Тоо, Кабак-Тоо, Көк-Ирим-Тоо, батышында Фергана кырка тоосу, түштүк- чыгышынан Ак-Шыйрак кырка тоосу менен курчалган тоо арасындагы Нарын суусунун боюндагы ойдуң. Өрөөндүн узун­дугу 66 км, таманынын жазылыгы 30 км, деңиз деңгээлинен бийиктиги 1200—2000 м, курчап жаткан тоолордун капталдары терең капчыгайлар менен тилмеленген. Улам абсолюттук бийиктик өскөн сайын рельефи татаалданат. Тектоникалык түзүлүшү боюнча асимметриялуу гребень-мегосинклиналь. Таманы неоген жана төртүнчүлүк мезгилинин борпон чала камдашкан чөкмөлөрүнө толгон. Климаты континенталдык, январдын орточо температурасы -17 ... -19о Сга чейин, июлдуку 22-25°С. Жылдык жаан-чачындын саны 320-350 мм ойдуң аркылуу Нарын суусу агат, өрөөндүн чегиндеги куймалары: Көк- Ирим, Көгарт, Атай, Табылгыты ж.б. Топурагы өсүмдүктөрү жана ландшафты бийиктик алкактуулук закон ченемдүүлүккө жараша тараган. Too капталдарынын тескей жак беттериндеги 2500-3100 ж бийиктиктерде карагай токоюна аралаш четин, табылгы, арча ж.б. жыгач өсүмдүктөрү өсөт. Суу жээктеринде тал, терек, кайын, чычырканак бөрү карагат ж.б. кездешет.

Жогорку Нарын өрөөнү негизинен Чоң Нарын суусунун алабын камтыйт. Түндүгүнөн Жетим кырка тоосу менен Тескей Ала-Too, чыгышынан Ак-Шыйрак тоо түйүнү, түштүгүнөн жана түштүк-чыгышынан Нарын-Тоо, Улан, Чакыр-Корум, Борколдой курчап турушат. Өрөөндүн батыш жагынан чыгышка ка­рай абсолюттук бийиктик 2600 жден 3600 жге чейин көтөрүлөт.

Бийик көтөрүлгөн денудациялык түздүктөр-сырттар 3600- 4000 м бийиктикте көп кездешет. Мисалы, эң чыгышындагы Ара-Бел - Кум-Төр сырттары 3600—3800 м бийиктикте, суулары жай кеңири түздүктөр боюнча агат. Кээ бир гана жерлеринде анча бийик эмес морена дөбөлөрү кездешет. Ара-Бел суусу менен Кум-Төр суусу кошулуп Тарагайды түзүшөт. Тарагай менен Кара-Сай кошулгандан кийин да өрөөн кеңири. Чоң Нарындын сол куймасы Каракол куйгандан кийин гана өрөөн кууштап капчыгайга айланат. Өрөөндүн таманы жука төртүнчүлүк мезгилинин борной тектери менен капталган. Капталдарында палеозойдун кристаллдык тектери аска-зоо болуп жайгашкан. Климаты континенталдуу, январдын орточо температурасы -19оС, июлдуку +9°С. Жылдык жаан-чачындын саны 300 мм. Өрөөндүн таманында талаа, шалбаалуу талаа тараган. Капталдарда субальпы жана альпы шалбаалары мүнездүү.

Соң-Кол — Кичи Нарын физика-географиялык округу. Соң- Кол менен Кичи Нарын өрөөнүн бир округга бириктирилтен себеби рельефинин окшоштугу. Соң-Көлдөн чыгышты карай кеткен аймактын кескин тилмеленгенине карабастан, Кичи Нарын өрөөнүнө чейин байыркы денудациялык түздүктөрдүн фрагменттери сакталган. Ошондуктан үстүнөн Караганда окшоштуктун белгиси бар.

Соң-Көл өрөөнү Ички Теңир-Тоонун Борбордук бөлүгүндөгү бийик көтөрүлгөн, Соң-Көл тоо, Молдо-Тоо, Боор-Албас тоо кыркалары менен курчалган, борборун карай бир аз эңкейиштиги бар ойдуң. Ойдунда суунун бети 3016 м, орточо терендиги 9 м кол орун алган. Өрөөн кендик боюнча 50 кмте созулат. Туурасы 25 км.

Климаты континенталдык, январдын орточо температурасы -20о С, июлдуку +1оС. Жылдык жаан- чачын 350-400 мм, көлгө майда суулар куят, колдон Кажырты суусу агып чыгат. Тоолуу шалбаа топурагынын үстүнө субаль­пы жана альпы өсүмдүктөрү өсөт.

Соң-Көл-Кичи Нарын физикалык-географиялык округуна Солтон-Сары өрөөнү да кирет. Солтон-Сары өрөөнү Кара-Жорго жана Байдулу тоолорунун арасындагы кеңдик боюнча созулган бийик тоолуу сырт тибиндеги жайык өрөөн. Узундугу 24 км, орточо жазылыгы 6 км. Таманы деңиз деңгээлинен 2800- 3000 м бийиктикте жатат. Курчаган тоолордун кыры өрөөндүн таманынан 500—800 мге бийик. Климаты континенталдык, январдын орточо температурасы -18°С, июлдуку +14°С. Жылдык жаан чачыны 400 мм. Солтон-Сары суусу Он-Арчанын бир түзүүчүсү. Таманы доңуз сырттуу шалбаа, тоо капталдары альпы шалбаалуу-талаа жана шалбаа.

Кичи Нарын өрөөнү - Капка-Таш, Нура, Жетим тоолору менен курчалган башталышы жайык, батышка карай улам кууштап кеткен өрөөн. Таманынын эң жазы жери 1,5-2,0 км, абсолюттук бийиктиги 2350 мден 2500 мге чейин. Капталдары тилмеленген, агын суулардын өрөөндөрү, башында Бурхан суу­су батышка агып, Үч-Эмчек суусу менен кошулгандан кийин Балгарт аталып, кийин сол куймасы Жылаңачтын чатынан Кичи Нарын деген ат менен Чоң Нарынга кошулат. Клима­ты кескин континенталдык, январдын орточо температурасы 19о С, июлдуку 10о С, жылдык жаан-чачындын саны 350 мм, талаа (2500 м бийиктикке чейин). Шалбаалуу бадал аралашкан талаа, андан жогору субальпы жана альпы тилкелери жайгашкан.

 Кара-Коюн өрөөнү Ички Теңир-Тоонун түштүк жагында жайгашкан тоо аралык өрөөн. Түндүгүнөн Нарын-Тоо, Ала-Мышык, Кара-Too, Байбиче-Тоо, түштүгүнөн Жаңы-Жер, Ат-Башы кырка тоолору менен курчалып, кеңдикке жакын багытта дээрлик 230 кмге созулган. Негизги өрөөн Ат-Башы түндүк-чыгыштан түштүк-батышка 160 кмге созулат. Ат-Башынын ири куймасы Кара-Коюн түштүк чыгыштан түндүк батышты карай 65 кмге созулуп, негизги өрөөндүн уландысы катары бирдиктүү геоморфологиялык форманы түзүшөт. Эки өрөөн тең кошулган жагын карай эңкейиш. Кара-Коюн Ат-Башы суусуна куйган жерден баштап түндүккө кескин бурулуп Ала-Мышыктын тоосун кесип өтүп, Нарын өрөөнүнө чыгат. Өрөөндүн туурасы эң кеңири жеринде 27 км. Таманынын абсолюттук бийиктиги 2000 мден 3200 мге чейин көтөрүлөт

 Геологиялык жагынан байыркы герцин бүктөлүүсүндө из салынып, кийинки альпы тоо пайда болуу процессинде азыркы турпатын алган узатасынан созулган синклиналь. Өрөөндө палеоген жана неоген мезгилдеринин кызыл түстөгү чөкмөлөрү тараган. Алардын үстүндө төртүнчүлүк мезгилинин жука чөкмөлөрү жатат.

Климаты кескин континенталдык, кургакчыл. Кышы суук, ян- вардын орточо айлык температурасы - 17,2°С, июлдуку +17о С. Жаан-чачындын саны Кара-Коюн  жагында  250 мм, Ат-Башынын чыгыш жагында 400 мм чейин жетет. Өрөөндү курчаган тоолордо жалпы аянты 112 км2 келген 255 мөңгү бар. Суулары: Ат-Башынын куймалары: Ача-Кайыңды, Баш-Кайыңды, Богошту, Үйүрмө, Балык-Суу, Улан, Жаңы-Жер ж. б. Кара-Коюндун системасында Чет-Келтебек, Баш-Келтебек, Шырыкты. Too этектериндеги түзөң -жерлерде ачык-коңур жана коңур-күрөң топурактардын үстүндө талаа өсүмдүктөрү та­раган. Таманы өздөштүрүлүп маданий өсүмдүктөр эгилет. Ат-Башы кырка тоосунун түндүк капталдары узун чөптүү шалбаалуу карагай токою менен капталган. Суу жээктерин бойлоп тал, терек, чычырканак, ж. б. бадалдуу токойлору өсөт. Токойдон өйдө субальпы жана альпы ландшафттары тараган.

Бийик тоолуу сырттар: Ички Теңир-Тоонун бир бөлүгү деп карадык. Буларга: Арпа, Ак-Сай жана Үзөңгү-Кууш өрөөндөрү кирет. Кырка тоолор жана өрөөндөр кеңдик багытта созулуп жатат. Ал өрөөндөрдүн тамандары салыштырмалуу тегиз жана деңиз деңгээлинен 3000-3500 м бийиктикте жайгашкан сырт мүнөздүү. Түштүк жагынан бийик тоолор курчап (Какшаал-Тоо, Торугарт-Тоо) турат. Ал тоолордун кыры менен мамлекеттик чек ара өтөт. Түндүк жагынан Жаман-Тоо, Ат-Башы жана Жаңы-Жер кырка тоолору чектеп турушат. Эң бийик жери Какшаал-Тоонун кырындагы Данков чокусу (5982 м).

Климаты кескин континенталдык. Кышы суук, жайы салкын. Январдын орточо температурасы -15о Сдан -28о Сга чейин, июлдуку 0о С дан 5оС га чейин. Жаан-чачындын жылдык өлчөмү 200 ммден 400 ммге чейин

1953-жылы январь айында бул жерде -53,6о С температура байкалган. Ак-Сайдын сол куймасы Мүдүрүм менен Чоң Үзөңгү-Кууштун алаптарында.

Какшаал-Тоонун Данков чокусу жайгашкан эң бийик бөлүгүндө туташ жаткан кар, мөңгүлөрдүн аянты 443 км2 жана узундугу 9-10 км келген өрөөн мөңгүлөрү Мүдүрүм өрөөнүнүн таманына чыгышат.

Бардык жери деңиз деңгээлинен 3000-3500 жден бийик жайгашкандыктан, сырттын ландшафтты мүнөздүү. Өрөөндөрдүн тамандарында (Арпа, Ак-Сай, Чатыр-Көл, Мүдүрүм жана Үзөңгү-Кууш) муздак чөлдүү ландшафт таралган. Күрөң топу- рактуу бетегелүү кургак талаадан такыр сымал тоо топурактуу муздак чөлдөргө чейин тараган.Жайкы жайыт катары пайдаланылат.


Суроолор жана тапшырмалар:

1.Кыргызстандын контур картасынан Ички Тянь-Шандын чек араларын таап,тегерете сызып чыккыла.

2.Ички Тянь-Шандын аймагындагы агын суулар кайсы дарыя алаптарына кире тургандыгын аныктагыла.

3.Ички Тянь-Шандын Борбордук Тянь-Шандан кандай айырмачылыктары бар?

4.Ички Тянь-Шандын климаты кандай факторлордун негизинде калыптанат?

5.Ички Тянь-Шандын кайсы өрөөндөрүндө Кыргызстандагы эӊ төмөнкү температура байкалган?

6.Ландшафтты түзүүчү факторлордун ички өрөөндөр боюнча айырмачылыктары кандай?

7.Ички Тянь-Шанга кирген эл отурукташкан өрөөндөрдү санагыла.

8.Эгерде мектебиӊер Ички Тянь-Шандын аймагында болсо,анын тегерегиндеги ландшафтты мүнөздөп көргүлө.