СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Инфляция, анын себептери жана түрлөрү. Кыргызстандын экономикасына инфляциянын тийг.изген таасири

Нажмите, чтобы узнать подробности

Инфляция, анын себептери жана түрлөрү. Кыргызстандын экономикасына инфляциянын тийг.изген таасири

Просмотр содержимого документа
«Инфляция, анын себептери жана түрлөрү. Кыргызстандын экономикасына инфляциянын тийг.изген таасири»



Инфляция

Инфляция (англ. inflation)- акчанын элдин реалдуу керектөөсүнөн ашыкча кагаз менен толтуруу жана анын баасыздануусу. Инфляция акча жүгүртүү мыйзамынын иштешинин бузулушун түшүндүрөт, ал баанын ачык жана жашыруун өсүшүнөн байкалат. Инфляциянын таралуу чөйрөсү экиге бөлүнөт:

  1. Жергиликтүү ( бир мамлекеттин ичинде)

  2. Глобалдык ( дүйнөлүк)

Инфляция ички жана тышкы себептерден улам пайда болот.

Ички себептер:

1) өкмөттүк чыгымдардын өсүшүнө байланышкан мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы;

2) мамлекеттин өндүрүштүк эмес (өзгөчө аскердик) чыгымдарынын жогорку деңгээли;

3) экономиканы өнүктүрүүнүн циклдик мүнөзүнүн белгиси болуу менен макро жана микро деңгээлдердеги диспропорция (к. Экономикалык цикл). Тышкы себептер:

1) өз өлкөсүнүн чек арасын кесип өтүп, башка өлкөлөргө экспорттолуучу товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө монополиялар тарабынан баанын кескин көтөрүлүшүнө түрткү болгон сырьёну, нефтини импорттоого баанын көп эсе өсүшү менен коштолгон дүйнөлүк структуралык кризистер (сырьёлук, энергетикалык жана башкалар);

2) улуттук валютаны чет өлкөлүк валютага банктардын алмаштыруусу кагаз акчанын кошумча эмиссиясына керектөөнү пайда кылып, акча жүгүртүү каналын толтурушу.

Инфляциянын себептеринин  төмөндөгүдөй шарттары бар:

  1. Өндүруштүк чыгымдардын сырьёго, эл аралык товарларга баалардын өсүшү, финансылык чыгымдардын көбөйүшү. Мындай мезгилде ишкерлер пайда алуу үчүн продукциясынын баасын жогорулатат.

  2. Суроо-талаптын көптүгү.

  3. Монополиялык баа түзүү ( монополиялар пайда алуу максатында жогорку бааны койушат).

  4. Акча массасын түзүүдөгү ашыкчалык.



Акчанын сандык теориясы боюнча:

М*V=P*Y

M%+V,%=P,%+Y,%

M-акча массасы

V-акчаларды жүгүртүү ылдамдыгы

P*Y-улуттун кирешесинин көрсөткүчү

M,%-акча сунушунун өсүшү

V,%-акча жугүртүү ылдамдыгынын өсүшү

%-процент менен

P.%-баалардын өсүшү

Y,%-өндүруш көлөмүнүн өсүшү

%-процент менен

Теория боюнча акчалардын массасы товарларды чыгаруунун өсүшүнүн даражасындай көбөйүшү керек, андай болбосо, артык баш акча эмиссиясы суроо-талапка, “P” көрсөткүчтүн өсүшүнө, б.а. инфляцияга лаыып келет.

Ошентип, акча сунушунунөсүшүнө акча жүгуртүүнүн ылдамдыгынын өсүшүн кошкондо, баалардын өсүшү өндүрүш көлөмүнүн өсүшүнө барабар болуш керек.

Инфляция мүнөзүнө жараша төмөндөгүдөй болуп бөлүнөт:

  1. Гиперинфляция ( айына 40%тен жогору);

  2. Таскактаган ( ыкчам жана секириктүү);

  3. Жылма( жай темпте);

  4. Баскычтуу ( бир кылка эмес);

  5. Импорттолгон ( сырттан келген);

1994-2012-жылдар ичинде табылган инфляция менен экономикалык өсүш арымынын терс көз карандылыгы байкалган. Мурдагы союздук республикалар ортосунда советтик экономика курамынын жана экономикалык байланыштын кулашы, Кыргызстан экономикасынын импорттон, анын ичинде керектөөнүн жана инвестициялардын жогору көз карандылыгын шарттаган. Мындан тышкары, Кыргызстандын Дүйнөлүк соода уюмуна кириши жана ЕврАзЭСке мүчө болушу менен соода чөйрөсү кескин өнүгүп, Кытайдан ЕврАзЭС өлкөлөрүнө товарларды реэкспорттоонун эсебинен түптөлгөн экспорт өсүшү да импорттун эсебинен калыптанган. Башкача айтканда, бардык экономикалык өсүш булактары (керектөө, инвестициялар жана экспорт) негизинен импорттун эсебинен түзүлөт.

Бирок акыркы мезгилдерде эмгек мигранттарынын акча которууларынын өсүшүнүн эсебинен түптөлгөн экономика кирешесинин өсүшү, экономикалык өсүш менен инфляция байланышына айрым бир корректировкалоолорду киргизген. Алсак, 2007-2012- жылдар ичинде түптөлгөн экономикалык өсүш менен инфляциянын алгылыктуу байланышы, Кыргызстанда инфляция менен экономикалык өсүш себептеринен, негизги соода өнөктөш өлкөлөрдө (Кыргызстандан эмгек миграциясынын негизги реципиентөлкөлөрү) экономикалык жигердүүлүктүн өсүшү болгон. Алсак, акча которуулардын өсүшүнө түрткү берген соодалык өнөктөш өлкөлөрдөгү экономикалык өсүш негизинен, дүйнөлүк товардык-сырьелук рыноктордо баанын өсүшүнүн эсебинен түптөлгөн, бул өз кезегинде керектөө баа деңгээлинин өсүшүнө түрткү берген.

Улуттук эсептерге тиешелүү экономикалык өсүш менен инфляциянын алгылыктуу байланышы төмөнкүчө белгиленген: эмгек миграциясынын башка өлкөлөрдөгү экономикалык өсүштөн улам Кыргызстанга акча которуулар көлөмүнүн өсүшү, дүйнөлүк товардык-сырьелук рыноктордо баанын өсүшү менен кыргыз импорту наркынын өсүшү толугу менен компенсацияланган. Ошентип, акча которуулардын өсүшү күндөлүк керектөө деңгээлин жана инвестицияларды сактап калууну гана эмес, алардын көлөмүн көбөйтүүгө да мүмкүнчүлүк берет, бул өз кезегинде экономикалык өсүшкө таасирин тийгизет. Биздин көз карашыбызча, экономикалык өсүш менен инфляциянын байланышы, акча которуулардан түшкөн киреше Кыргызстан экономикасындагы кирешенин дүң көлөмүнө олуттуу таасир тийгизгенге чейин алгылыктуу болот. Бүгүнкү күндө акча которуулар үлүшү Кыргызстан экономикасындагы дүң кирешенин 25 пайызына жакынын ээлеп турат.

Экономикалык өсүш менен инфляция ортосундагы байланыш маселеси тууралуу айтылгандарды жыйынтыктоо менен бул көрсөткүчтөр ортосунда белгилүү бир өзгөчө байланыш жок экендигин ишенимдүү айтса болот. Инфляция экономикалык өсүшкө алгылыктуу сыяктуу эле, терс таасирин да тийгизиши мүмкүн, муну теория да, ошондой эле жүргүзүлгөн эмпирикалык изилдөөлөр да тастыктайт жана буга чейин белгиленгендей алар ортосундагы байланышка изилдөө жүргүзүү зарыл, бирок натыйжалуу экономикалык саясатты иштеп чыгуу үчүн ал жетишсиз.

2