| 3 | Жаңы билимди калыптандыруу этабы: Жаңы теманы үйрөнүүдө окуучуларды эки-экиден жана кичи топтордо иштөө ишмердүүлүгүн уюштуруу, материалды көрсөтүү, угуу, структуралык текстти окуу, жаңы түшүнүктөрдү бышыктоо жана машыктыруу , терминдер, лексикалык бирдик, изденип окуу жана алган маалыматты анализдөө, жаңы материалга тезис жазуу, сабакта жаңы материалды уйрөнүүдө жетишкендигинин кайтарым байланышы. | Окуучулар тɵмɵндɵгʏдɵй маалыматтарга ээ болушат: Файлдар жана папкалар Компьютердин эсиндеги жана дисктердеги бардык программалар файл тїрїндє сакталат, єз кезегинде файлдар папкаларга топтоштурулат. Файлдар жана папкалар – маанилїї компьютердик объекттер. Файл – бул аталышка ээ болгон жана бир бїтїн нерсе катары узак убакытка компьютердин эс-тутумунда сакталуучу информация. Эреже катары файлдын аты чекит менен ажыратылган эки бєлїктєн турат: файлдын єздїк аты жана узартылышы. Файлга єздїк атты колдонуучу берет. Колдонуучу файлга атты каалагандай бере алат. Бирок, кийин файлды мааниси боюнча издєєдє кыйынчылык жаралбашы керек. Ошондуктан аны тїшїнїктїї кылып, атына файлдын мазмунун чагылдыруу керек. Аттын узартылышы адатта файлды тїзгєн программа тарабынан автоматтуу ыйгарылат. Аттын узартылышы колдонуучуга файлда кандай типтеги (программа, текст, сїрєт ж. б.) маалыматтар сакталганын ачпай аныктоого мїмкїндїк берет. Заманбап операциялык системаларда файлдын аты 255 символго чейин, ал тургай улуттук алфавиттин тамгалары жана бош орундар (пробелдер) коюлушу мїмкїн. Файлдын атынын узартылышы чекиттен кийин жана адатта 3 символду камтыйт. Windows ОСто файлдын атын жазууда: «\», «/», «:», «*», «?», ««», «», «|» символдору колдонулбайт. Linux ОСто файлдын атында «/» символун колдонбойт. Windows ОСнан айырмаланып, Linux ОСто файлдын аттарын баш жана кичине тамгалар аркылуу жазуу єз-єзїнчє мааниге ээ болот. Мисалы, Linux ОСда – FILE.txt, file.txt жана FiLe.Txt – бул їч башка файлдар болуп саналат. Маалымат (сїрєттєр, тексттер) камтыган файлдарды документтер деп да аташат, колдонмо (прикладдык) программалар камтылган файлдарды тиркемефайлдар деп аташат. Документфайлдар тиркеме-файлдарда жаралат жана кайра иштетилет. Файл – тиби, єлчємї, тїзїлгєн датасы, акыркы єзгєрїлгєн датасы сыяктуу касиеттер менен мїнєздєлєт. Файлдардын кєптєгєн типтери бар. Алардын айрымдары тємєн кїлєр: аткарылуучу – аткарууга даяр программаларды камтыган файлдар; аларды com, exe узартылыштары боюнча билсе болот; тексттик документер – txt, doc, rtf узартылыштары бар; графикалык – сїрєт камтыган файлдар; алардын узартылыштары – bmp, jpg, gif ж. б.; добуштук – їн жана музыка камтыган файлдар; алардын узартылыштары – wav, mid. | НК1 | ПК1 |