СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Информатика аалам терезеси

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Окуучулардын арасында билимин бышыктоо менен информатиканын Ааламдагы ордун көрсөтүү.

Просмотр содержимого документа
«Информатика аалам терезеси»

Информатика аалам терезеси

Сагынган жүрөк менен

Эң жакшы тилек менен

Жаркырап күлүп турган

Жайнаган көздөр менен

Жолуксак кандай жакшы.

Саламатсыздарбы урматтуу коноктор, улуу журтубуздун учугун улап, илим үчүн таалык пай эмгектенип келе жаткан агай-эжейлер, бизди көптөн үмүттөндүргөн келечек ээлери болгон окуучулар сиздерди бүгүнкү 7-класстарынын “Информатика аалам терезеси” аттуу конкурсуна кош келиниздер демекчибиз.

Сиздерге бугун кызыктуу маалыматтар таратып,шаңдуу маанай тартуулап, чың ден соолук каалап кетмекчибиз!

Ушул жылы ийгиликтер жылы болсун

Ушул жылы кут-береке элге орносун

Арабызда ынтымагыбыз бекемделип

Кырманыбыз данга толуп, нанга толсун.

Биздин, дыйкан бабаларыбыздын эң жакшы коргон “Оп майда” ырына Тургунова Зулайка бийлеп бермекчи.

Быйылкы жылды эл башчысы Сооранбай Жээнбеков “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо ” жылы деп жарыялаганы белгилүү. Албетте санариптештирүүгө жолду информатика ачат. Анда эмесе информатика ыр саптарында келгиле кыздар.

Азаматсыңар эң туура кептер болду.

Эми конкурсанттарыбызды сахнага чакырып алсак. Кол чабууңуздардын астында 7 А класстарынын окуучулары. Ошондой эле 7 Б классынын окуучулары. 7В классынын окуучулары. 7Г классынын окуучулары. 7Дклассынын окуучулары .7Е классынын окуучулары.

Эми кезек кара кылды как жарган калыстар менен тааныштырсак:

Өз өмурун мектеп учун арнаган ,

Адал эмгек ,ак сөзунөн танбаган.

Аруулукту журогуно туу тутуп,

Акылынан тарбиялык бал тамган. Мектеп директору:Көлбаева Саламат Арзыгуловна


Тактап кундө окутуунун планын

Так-так иштеп келатат деп угамын

Сабактардын сапаттарын текшерип

Жыйынтыгын чыгарат деп жуманын Окуу бөлүмүнүн башчысы Касымалиева Таттыбу эжебиз



Мектеп ,сабак,окуучу деп жанасын

Өйдө көруп өзгөлөрдун баласын

Арттырам деп сабактардын сапатын

Мыкты-мыкты усулдарды табасын

Бугунку таймаштын максаты:

Алган билимдерибизди бышыктап, кызыктуу маалыматтар менен таанышып , билимибизди тереңдетүү. Информатика сабагына кызыгуубузду арттыруу.


Таймаштын шарттары

1.Макал табуу эки баскычтан турат

2.Үй тапшырма

3.Суроо жооп

4.Компьютердин негизги жана кошумча болукторун атоо


1.Биринчи шартыбыздын биринчи бөлүмү смайликтердин артына жашыруун кыргыз кинолорун табабыз.Экранга коңул бурабыз (2минута убакыт)

Балдар тапканча көрармандарга суроо узаткым келип турат. Байкаган болсоңуздар залга коп маалымат илип койдук. Белегибиз бар телефондун биз билбеген сырлары кайсылар экен?


1.Ааламды жакындаткан интернет.
2.Компьютерге жетимиш программа аздык кылат.
3.Биттен байт куралат.

4.Интернет бутун дуйнолук желе , ал баарына бирдей жетет.


Балдар макалдарды тапканча сиздер менен компьютерде туура отуруунун эрежесин көрсөк.

2.Ал эми экинчи шартыбызда балдарга уй тапшырма берилген “Менин элесимде келечектеги техника” деген тема боюнча,окуучуларыбыз азыр жактап беришет.

3. Суроо жооп:

1Информатциянын (маалыматтын) мааниси кандай?

2.Компьютер менен үндүк маалыматты киргизүүчү түзүлүш эмне?

3.Алгачкы компьютердин структурасын ким ойлоп тапкан?

4.Эң биринчи програмист аял ким?

5.Алгоритимдин касиеттерин атагыла


Балдар суроолорго жооп жазганча сиздер менен кызыктуу маалыматты бөлүшүп кетмечибиз. Андыктан экранга көңүл буруп отуруңуздар.

«Дүйнө кызыктары» китеп окуу боюнча.


4. Эң акыркы шартыбыз компьютердин негизги жана кошумча техникалык каражаттарын атоо.


Балдар баракка жазып бергенче сиздер менен Санариптештируунун негизинде кандай келечек техникалык шарттары күтүлүүдө

Келечекке баш багалы.

Конкурсубуз аягына келип калды сөз калыстарда.

Жеңуучулөрубузду куттуктап, катышуучуларга алкыш айтабыз да, ийгилик каалап.

Кайра амандашып көрүшкөнчө саламатта болунңуздар.